Сакадай бою сары алтын, улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө кызыктуу 15 факты

Көкүрөгүнө ааламды, болгондо да кылымдар менен байыркы тарыхты, кыргыздардын руханий дүйнөсүн, миллиондогон саптарды батырган адам. Чүкөдөй болгон бул абышкага кыргыздар эле эмес, тили буруулар, башка элдин, башка маданияттын өкүлдөрү таң беришип, жогору баалашкан.

Бул адамдын айтканын дини, тили башкалар тилмечсиз түшүнүшкөн. Ал — атактуу манасчы, бүркүтчү — Саякбай Каралаев.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан окурмандарга сакадай бою сары алтын, “ХХ кылымдын Гомери” Каралаев туурасында 15 фактыны сунуштайт.

Улуу, эпик манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылы Ысык-Көлдүн Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Ал эми чыгармачылыгы түшүндө аян берүү, арбак дааруу аркылуу башталган деп айтып келишет.

1925-жылдан тарта калың эл уга баштаган. Ал “Манасты” эл алдында толук түрүндө 1925-жылдан тартып айта баштаган, 1935–54-жылдары филармонияда артист болуп иштеген. Саякбайдан жазылып алынган “Манас” бөлүгүнүн тексти 83 миң 830 ыр сабын түзгөн. Мындан башка да “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрү, алардын уландысы катары Кенендин, анын уулдары Алымсарык, Кулансарыктын окуялары да кагазга түшүрүлгөн. Саякбайдан жазылып алынган эпостун текстинин бардыгы 500 миң 553 сап ырдан турат да, колдо бар варианттардын эң көлөмдүүсү. “Манас” дүйнөдөгү белгилүү эпостордон эң көлөмдүүсү болсо, Саякбайдын варианты ошол “Манастын” эң көлөмдүүсү. Бул маалыматтар Кыргыз адабияты боюнча энциклопедияга киргизилген.

“Манасты” 23 күнгө чейин айткан. Бул туурасында депутат жана акын Каныбек Иманалиев төмөнкүчө эскерген:

“Спортто эң алыска деген олимпиадалык марафондо күлүктөр 2 саат 42 мүнөт чуркап, маарага көл-шал болуп тердеп араң жетип, эстери ооп жыгылышат. Дүйнөлүк эң мыкты деген дөө-шаалар, маселен Лучана Паворотти же Уитни Хьюстон ашып кетсе 6-8 саат тынбай үн созо алышат экен. А Сакең адам баласынан бир башкача жаралган жан… Каралаев үч күн, үч түн бою бир тынбай, демек 72 саат Манас айтып, 72 саат бою колу, денеси, башы кыймылдап, тили сайрап атпайбы. Ошончо күч-кубатты, энергияны кайдан алып жатат? Бул жараткандан жалганган талант, тиги Көкө Теңир Көктөн жиберилген бир башка көөнө касиет го!

Саякбай бир берген маегинде “өмүрүмдө бир жолу ырахат алдым. Манасты толук айтып, 23 күн Солтон-Сарыда жүрдүм” деген. Тамагын эртең менен сары май менен майлап алып, чарчаганда эс алып, 23 күн Манас айткан. 500 миң 553 сап деген да туура эмес. Эң узак айтканы 1,5 миллион сап.

Бул же дин эмес, же искусство эмес, же оору эмес, же илим эмес, укмуш дүйнө. Бул нерсени жөн гана акыл менен, жүрөк менен сезиш керек”.

Окумуштуулардын айтымында, адамдын мээсине 70 миңге чукул маалымат сакталса, ал эми Саякбай алп 1,5 миллион сапты жатка айткан.

Үч жыл жазылган “Манас”. 1958-жылдын аягынан баштап, 1961-жылдын кеч күзүндө чейин 45 миң метр тасма толгон “Манас” (Семетей, Сейтекти кошуп) жазылган.

Чубак менен Сыргак. Ой-туюмунан тарта канына чейин Манасты сиңирген Саякбай уулдарына да өзүнө жакын болгон эпостогу ээрчишкен баатырлар Чубак менен Сыргактын ысымын ыйгарган. Каралаевдин эки уулу жана төрт кызы болгон.

Залкарлар залкар жөнүндө. “Эгер менден өз элиңдин улуу адамдарынан кимди билесиң деп сураса, биринчи кылып Саякбай Каралаевди айтар элем”, — деген Чыңгыз Айтматов.

“Көйрөңкара”, “Боз жигит”, “Күлдүбадам”. Бүркүтчү Саякбай Каралаев. Улуу манасчынын жан дилин берген дагы бир сүйүктүү иши – бүркүтчүлүгү болуптур. Ал бүркүтүн шаарда кармай албагандыктан, көлдөгү туугандарына бактырганын айтышат. Ал Манас айтып, шаардагы иштерин аяктап калганда, дароо кушуна жөнөп, бир нече күндөп тоо аралап ууга чыгып кетчү экен.

“Ал бүркүттөрүнө “Көйрөңкара”, “Боз жигит”, “Күлдүбадам” деген аттарды коюп, аларга өзгөчө мамиле кылган, ар бирин он чакты жылдай колунан түшүргөн эмес. “Күлдүбадамды” он эки жыл кармаган. Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бүркүт таптап, “Карачолок” деген бүркүтү менен кинофильмге тартылып, түбөлүккө эстелик болуп калган”, — деп эскерет адабиятчы Бактыбек Максүтов.

“Түндө Бүркүтүм түшүмө кирди, мени сагынып жатса керек, кырааным десе” деп бир айлап Тоңго кетип калчу экен.

Кийин алп манасчы дүйнөдөн кайтканда ошо акыркы бүркүтү Карачолок көктө учуп, “Киллак-Киллак” деп жетимсиреп, бир канча жолу айылдын үстүн айланып ээсин издеп, анан кайдадыр кайып болуп кеткенин окумуштуу Азиз Салиев эскерген экен.

Котормосуз арбаган касиет. 1983-жылы Чыңгыз Айтматовго Лениндик сыйлык тапшырылат. Саякбай Каралаев адаттагыдай төгүп жаткан учурда белгилүү музыка изилдөөчү Орлов да катышып отурат. Ал “Кандай сонун инструментовка! Укмуш!”, — дейт тамшана. Жанында отурган окумуштуу Азиз Салиев басыңкы үн менен орус тилине которуп баштайт. Анда музыка адиси “Кечиресиз, андан көрө бул укмуш инструментовканы угайынчы”, — деген экен.

Иосиф Сталин таасирленген. “Кызыл Кыргызстан” гезити 1945-жылы 30-октябрдагы санына декада учурунда буркан-шаркан түшүп айтылган “Манасты” уккан Сталин Каралаевдин талантына таң бергенин жазган.

Ауэзовду ыйлатканда. Эпосту жаздырып жаткан учурда Саякбай Каралаев Каныкейдин жомогун жүрөк титирете айтат. Муну уккан казактын улуу жазуучусу Ауэзов көз жашын токтото албай, кадимкидей ыйлап “Сен бул дүйнөдөн көчсөң, адамзат теңдешсиз реликвиясын жоготот” деген экен. Кийинчерээк ал “ХХ кылымдын Гомери”, “могикандардын акыркысы” деп атайт. Азыр бул сөз жүрөгүндө Манастын духу бар ар бир кыргыз баласынын жанында сакталып жүрөт.

Чүкөдөй болгон абышка кантип алп Саякбайга айланган. Скульптор Тургунбай Садыков манасчынын элесин түшүрүү максатында, эптеп көндүрүп келип, маңдайына отургузуп алып, иштей баштайт.

sayakbay1

“Бул 1962-жылдар эле. Менин көз алдымда чүкөдөй болгон абышканын образы туруп алды. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, андан “Манас” айтууну сурандым эле… Күн сайын иштейбиз. Кээде унчукпай отура берет, мен тарта берем. Манас айткан учурларын магнитофонго жаздырып алчумун. Бир күнү өзү эле, айттырбай эле “манасты” төгүп кирди. Узакка айтты. Магнитофонумдун пленкасы да бүттү. Араң токтоду. Менин алдымда бир алп пайда болгондой сезим калтырды. Айтып бүттү да, өнөркананын короосуна чыгып кетти. Бир нече убакыттан кийин эшиктен кирсе, мен бир аз мурда көз албай тиктеген алп манасчы эмес, баягы эле жөнөкөй абышкага айланды. Бул деген улуу дух экенин ошондо сезип, таң бердим”, — деп эскерген скульптор Садыков.

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели 2015-жылы 4-декабрда Бишкектеги “Манас айылы” этнографиялык комплексинде орнотулду.

Экранда чагылдырылган өмүр. Режиссер Болот Шамшиев улуу манасчы Саякбай Каралаевге арнап “Манасчы” даректүү тасмасын тарткан. Ал кезегинде Германияда өткөн 80ге жакын өлкөнүн тасмаларынын ичинен баш байге — Алтын медаль алган. Дагы бир көрөңгөлүү режиссёр Мэлис Убукеев үч бөлүктөн турган “Саякбай Каралаев” (1962) аттуу атайын тасма жараткан. Бул линияны 1988-жылдагы тарткан “Улуу манасчы” аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу тасмасында уланткан. Учурда дагы бир режиссер Эрнест Абдыжапаров “ХХ кылымдын Гомери” туурасында кино жаратууга белсенип турат.

 sayakbay2

Полотнодо. Залкар манасчынын образы кыл калем чебери, актер Сүймөнкул Чокморов тарабынан бир эмес, эки ирет жаратылган. Сүймөнкул өз өмүрүнүн жети жылын Саякбай Каралаевдин сүрөтүнө арнаптыр. Андан сырткары сүрөтчү Эмил Токталиев жарадар болуп жаткан Манастын Саякбайдын колунда жатканын тарткан.

Кыргыз акчасында. 2000-жылы 28-августта Улуттук Банк 500 сом өлчөмүндөгү кагаз акча чыгарып, ага алп манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн түшүргөн.

Акыркы дем — “Манас”. 1971-жылдын май айында Саякбай ооруканага түшөт. Оорусу катуу болуп, эч кимди тааныбайт. Бирок, күңгүрөнүп “Манас” айтып жаткан болот. Доктурлар, абалы бүгүнтөн баштап өтө оордогонун, бирок оордогон сайын куюлтуп “Манас” айтып киргенин айтышат. Коңшу палатада буту ооруп жаткан жазуучу Николай Удалов да манасчы түн бою Манас айтып чыкканын кийин эскерген жайы бар экен. Демек, жалгандан узап акыркы демин тартаарда да “Манасы” менен болуптур. Ошентип, кыргыздын дагы бир тоосу урап, Каралаев эки жети коштолгон, 77 жашында бул дүйнөдөн көчүптүр.

Саякбай албарсты кармап алганда. Ал абдан тамашакөй киши болгон дешет. Материалдын аягында кылымдар арасында бир жаралчу бул улуу адамдын өз оозунан жазылып алынган окуясын окурмандарга тартуулоону эп көрдүк.

Текст акын Каныбек Иманалиев “Гений жөнүндө баллада” китебинен алынды.

“Бул окуяларды досторуна айтып, көбүнүн боорун эзээр эле… Аскерден келип, бир күнү ооруп калдым. Этим от менен жалын. Ысыгым көтөрүлүп, жеңемдин үйүндө жатам. Жеңем байкуш: “Манасчы уул, бетиң албырып турат. Тынч жатчы. Түн кирип келе жатат. Кашкарчага суу куюп, көңдүн чогуна ороп койдум. Оозуң какшыса ууртап коюп тур. Мына бул таяк менен талаага чык” деп бир жоон союлча берип койду. Мен уктап калыпмын. “Бурп-бурп” эткен дабыштан ойгонуп кеттим. Көзүмдү ачсам, өчүп-таамп жаткан кызгылт коломтодо бир шайтан албарсты отурат. Маңдай тиши кетик экен. Мени карап чемичке чагып, түкүрүп коюп, анда-санда мага көзүн кысат. Ээй, тигини, жайбаракат олтуруп чаккан чемичкенин кабыгын коломтого түкүрүп жатканын көр. Ойго баттым. Ии, бу болду-болбоду баягы эле айтып жүргөн сасык албарсты турбайбы деп ойлодум. “Тиги шайтанды жыга чаап, апсыйган чачынан кармап алып, таңдайындагы карала кагазын алып, куучу болуп, кара баскан катындарды туудурайын” деген ой менен, мээлеп туруп төбө талаштыра долоно союлум менен тартып жибердим. Албарсты күрр этип кулап түшүп, тыбырап, жанталашып аткандай болду. Бур-рр эле дей түштү. Ысык кор түтөдү. Үйдүн ичи туман. “Оо, жеңе! Тез! Албарсты-ны өлтүрдүм. Шамшар бычак кайда?” деп көчүгү күйгөн аюудай бакырдым. Уктап аткан жеңем ордунан ыргып туруп: “О манасчы уул! Делбеленип атасыңбы?” деп үн салды. Бир кезде жеңем алаканын шак коюп: “Алда кокуй аай, сага суу кайнатып жаткан чөгүнүмдүн чоргосун ыргыта чаап салган турбайсыңбы”, — деди. Көрсө, коломтодогу кашкарчанын чоргосунан ысык суу кичинеден ыргып аткан экен. Ал маа чемичке чагып жаткан албарсты болуп көрүнгөн тура. Мен соккондо кайран кумгандын капкагы жалпайып, оозу кабыша түшүптүр. Ошентип албарсты менен алышкан жайым бар”, —деп айтып берген экен улуу манасчы.

Табылды Кадырбеков, Sputnik Кыргызстан, 03.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.