Жусуп кыргыз поэзиясына жаңы форма берген

Жусуп Турусбековдун чыгармаларынан анын чыгарма жаратуудагы чеберчилиги, сөздү ыктуу пайдаланган, жаңы формаларды издеген жаңычылдыгы, адабият теориясын мыкты өздөштүргөн окумал адам болгондугу байкалып турат.

Бир үйдөн жалгыз калуу

Кыргыз адабиятынын көч башында турган үлкөндөрүнүн бири – Жусуп Турусбеков 1910-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк –Сай айылында туулган. 6 жаш курагында орус колонисттеринин жазалоочу отряддарынан качып, үрккөн эл менен бирге Кытай жергесине кетет. Падышачылык Орусиядагы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин өлгөндөн калгандар Үч-Турпандан касиеттүү көлгө кайрадан келип конушат. Ата журтка кайтып келгенде эле Жусуптун турмушу оңолуп кеткен эмес. Бир үй-бүлөдөн жалгыз, томолой жетим калат. Жалгыз карындашы менен энеси оо дүйнөгө аттанат. Ошентип, анын балалыгын жокчулук менен жетимчилик коштоп, ар кайсы туугандын колунда чоңойгон. 1921-жылы таякеси Чортонбай Жусупту Каракол шаарындагы жетим балдар үйүнө өткөргөн. Ал жерде бир жыл окугандан кийин Түп районундагы айыл чарба техникумуна кабыл алынып, окуусун уланткан. Жусуп кыргыз жаштарынын ичинен алгачкылардан болуп билим алууга умтулган. Бул жерден ал казак, татар, орус адабияты менен таанышкан. Замандаштарынан өзгөчө адамкерчилиги, мээнеткечтиги менен айырмаланган.

 

Түгөлбайдын эскерүүсү

Ал тууралуу Түгөлбай Сыдыкбековдун мындай эскерүүсү бар. “Жыйырма эки жашында аны көрүнбөс касиет ээрчиген сүйкүмдүү кебетеси менден көп улуу өңдөндү. Бирок, ал болгону эки гана жаш улуу экенин билгенимде ага теңтуш, курбу болоюн десем да, анын таланты, адамгерчилик сапаты дайым менден улуу бойдон калды. Себеби, Жусукем көп окуган, көптү көргөн, көптү билген, элинин турмушунун кайгы-муңун кылдат сезген, тили бай, ички дүйнөсү кенен, өтө ак пейил адам экендигин мага бат эле байкатты. Мен Жусукемди таланттуу гана акын эмес, адамдык жакшы сапаттарга бай, жүрөгүндө назик сезимдин күүсү бар экендигин байкаганымда Жусукемди бир тууганымдай сүйүп кеттим”, – дейт.

 

Чыгармачыл чыйырдан даңгыр жолго

Жусуп 1928-жылы “Эркин-Тоо” гезитине орношуп, алгачкы ыры 1929-жылы жарыяланган.1929-жылы “Кызыл Кыргызстан” гезитинин редакциясында корректор болуп иштеген. 1929-1930-жылдары Тверь шаарындагы советтик-партиялык мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, “Кызыл Кыргызстан” гезитинин редакциясында бөлүм башчы, кыргыз театрынын директору, “Ленинчил жаш” гезитинин редактору, Жазуучулар союзунун консультанты болуп иштеген. 1932-жылы “Жусуптун ырлары” деген тандалган ырлар жыйнагы чыккан. 1934-жылы жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1934-жылы Жусуптун “Ажал ордуна” музыкалык драмасы коюлган. Бул драма кыргыз театр өнөрүндөгү классикалык чыгарма деп таанылган. 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун биринчи декадасында жогорку баага татыктуу болгон. Орус элинин белгилүу режиссеру Константин Станиславский: “Бул музыкалык драманын автору ким?” – деп сураганда “Вот, молодой драмтург”, – деп Жусупту көрсөтүшкөн. Ошондой эле ал Ж.Бөкөмбаев, К.Маликовдор менен биргеликте Айчүрөк операсынын либреттосун жазган. Бул опера да кыргыз искусствосунун биринчи декадасында ийгиликке жетишкен. “Ажал ордуна” жана “Айчүрөк” операсы бүгүнкү күндөрдө да театр сахнасында коюлуп жүрөт. Жусуптун чыгармачылык потенциалы Тверь шаарына окугандыгына байланыштуу жогору болгон. Бул жерден ал М. Горький, А.Маяковский, К.Станиславский, Н.Данченколордон таалим-тарбия алып, драматургиянын терең сырларын үйрөнгөн.

 

Смар Шмеев Жусуп тууралуу

Адабиятчы Смар Шмеев: “Жусуптун ырларынын түзүлүшүнө көңүл бурсак, мында орус элинин таланттуу акындарынын, алардын ичинен Маяковскийдин таасири күчтүү. Маяковскийден үйрөнүү, андан үлгү алуу аркылуу гана кыргыз ырларынын түзүлүшү боюнча бир топ жаңылыктарды киргизүү мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. 1935-жылы “Тандалган ырлар” жыйнагы, 1937-жылы “Беш мойноктогу окуя” дармасы, 1938-жылы “Мекен” ырлар жыйнагы, 1941-жылы “Каракчынын трагедиясы” аттуу поэмасы жарыкка чыккан. Акындын кыргыз поэзиясына кошкон жаңылыктары жалаң гана мазмун жагынан эмес, түр жагынан да айкын көрүнөт. Башкача айтканда, Жусуп ыр түзүлүшүнө, ыр уйкаштыктарына көп жаңылык кошту. Ал көркөмдүк жаңылыктарды ачкан – новатор акын”, – деген.

Буга анын “Ук жер жүзү!” аттуу ырын мисал келтирсек болот:

Ук жер жүзү,
Далай гигант салынды!
Өлкө бети,
Өзгөрүлдү, жаңырды.
Кечээ к
үнкү,
К
үрпүлдөгөн
Долу суу,
Эпке келип,
Б
үгүн бизге багынды.
Кечээ к
үнкү муң каптаган,
Фергана
Б
үгүн көрсөң,
Өзгөрүлгөн башкача.
Дыйкандардын,
Өстүрүшкөн пахтасы.
Кем калышпайт
Египетти баспаса!
Ты
ңша аалам!
Ты
ңша Шань-Хай!
Ты
ңша Париж!
Кулак сал!
Ук жер ж
үзү,
Ты
ңшагычты колуңа ал!
Угуп биздин
5 жылдык же
ңишти ,
Ук жер ж
үзү!
Уккун д
үйнө!
Та
ңыркан!

Күчтүү пафостогу мындай ырды жазуу үчүн Турусбековдун канчалык деңгээлде изденгенин ойлонуп көрүңүз.

 

Салижан Жигитов “Энем поэмасынын тегерегинде”

Белгилүү сынчы Салижан Жигитов Жусуптун чыгармачылыгына белгилүү денгээлде изилдөө жүргүзгөн. “Энем поэмасынын тегерегинде” деген макаласында: “Чынында да накта турмуштук фактылардын салыштырмалуу бийик билимдин, оригиналдуу акындык ыктын негизинде жазылгандыктан гана ал поэма өзүнө тең чамалаш жаралган башка поэмалардан өз мезгилинин идеялык духун жана жана эмоциялык атмосферасын таасын чагылдыргандыгы менен аттын кашкасындай бөлүнүп турат. Анда 30-жылдардагы республикабыздагы коомдук турмуштун прозасы жана поэзиясы, жалындуу илеби жана күүсү, кыргыз жаштарынын жалпыланган образы жана романтикасынын дымагы бар. Акын бул поэмасында аны менен мезгилдеш айрым поэмаларга мүнөздүү карандай прозаизмге түшүп кетүүчүлүктөн, фабулалык санап чыгуучулуктан, натуралисттик сүрөттөөлөрдөн, штампка айланган фольклордук көркөм ыкмалардан качып, сюжеттик коллизияларды чечүүнүн жана образ куруунун жаңы жолун тапкан”, – деп жогорку баасын берген.

 

Алыкулдун күйгөнү

Ал эми Жусуптун замандашы улуу акын Алыкулдун мындай ыр саптары бар:

“Күүлдөгөн кош канаты бороондоп,
Байкаганга кыраан б
үркүт өзү окшоп.
Бул отурган к
өп курдаштын ичинде,
Кайран гана Жусубумдун орду жок.

Анын ыры шекер-шербет бал эле,
Бул замандын бактылуу бир жаны эле.
К
үлүктүгүн салыштыра келгенде,
К
үлүктүгү Көкаладай бар эле”, – деп Жусупту катуу жоктогон.

 

Жусуптун ырлары карыбайт

Ыр жазуу, драмалык чыгармаларды жазуу менен бирге котормочулукта да өзүнүн калемин сынаган. Жусуп Пушкиндин “Таш коногун”, Гейненин жана башка дүйнөлүк адабияттын өкүлдөрүнүн чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Жусуп Турусбековдун чыгармаларынан анын чыгарма жаратуудугы чеберчилигин, сөздү ыктуу пайдаланган, жаңы формаларды издеген жаңычылдыгы, адабият теориясын мыкты өздөштүргөн окумал адам болгондугу байкалып турат. Маяковскийдин стилин чыгармаларында ыктуу колдонуп, социалисттик мамлекеттин идеяларына бийик пафос берип, эмоционалдуу-экспрессивдүү боёк берүү аркылуу чыныгы советтик мамлекеттин атуулу экендигин далилдеген. Жок болуп кете турган күндө жуунтуп-тарантып, курсагын тойгузуп, билимин берип, адам кылып койгон совет өкмөтүнө ал чексиз ыраазы эле. Муну анын бардык чыгармаларынан байкасак болот. Өзгөчө, “Ленин жолу”, “Энем” поэмасында социалисттик түзүлүштү куруучулардын катарын толуктаганы көрүнүп турат. Белгилүү комузчу, обончу Атай Огомбаевдин Жусуптун лирикалык маанайда жазылган “Эсимде” аттуу ырына чыгарган обону ушул кундөрдө да Ала-Тоонун койнун аралап, шаңшып келет. Дале да болсо уккан кулактын кужурун кандырган, кыргыз мүнөзүнүн кереметин даңазалап жаткан сыяктуу.

Улуу Ата Мекендик согушка өз ыктыяры менен кетип, 1943-жылы кан күйгөн согушта Калинин облусунун аймагында баатырларча курман болгон. Жусуп атабыздын ысмын республикабыздын көчөлөрү, мектептери татыктуу алып жүрүшөт. Кан күйгөн согуштан кайтпай калса да, артындагы эли үчүн, келечек муунду патриоттуулукка, эрдикке, достукту баалай билүүгө шыктандырган керемет көркөм мурас калтырып кеткен атабызды ар дайым сыймык менен эскеребиз.

Талгат Деркембаев, «Саресеп», 09.12.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.