1916-жыл: Баатыркан – көтөрүлүштөгү кол башчы

Жакында менин колума 1916-жылдагы Ысык-Көлдөгү элдик боштондук көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири болгон, көтөрүлүштүн жүрүшүндө хан деп жарыяланган Баатыркан Райымбек уулунун чөбөрөсү Баатырканов Аманидиндин «Батыркан бабамдын баяны» аттуу эскерүүсү тийди. Анын эскерүүсүн эч өзгөртүүсүз толугу менен жарыялоодон мурда тарыхчы – изилдөөчү катары Баатыркан Райымбек уулуна байланыштуу тарыхый маалымат берүүнү туура таптым.

Кыргыз элинин тарыхында 1916-жыл – элдик боштондук көтөрүлүш жана анын натыйжасы болгон Үркүн менен белгилүү. Ошол жылы кыргыз эли эч тайманбай, эркиндикти, азаттыкты көздөшүп Россия империясынын колониалдык эзүүсүнө каршы күрөшкө аттанган. 1916-жылкы элдик көтөрүлүштү уюштурууда жана ага жетекчилик кылууда кыргыз элинин арасынан чыккан белгилүү манаптардын, болуштардын, бийлердин ролу зор болгондугу бул талашсыз чындык. Элге таанымал, эл арасында кадыр баркы бар инсандарды – көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчү болгон эл массасы ээрчиген. Совет доорунда көтөрүлүшкө жетекчилик кылган андай инсандарды эзүүчүлөр, бай-манаптар, колониалдык бийлик менен кызматташкандар ж.б. деп күнөөлөп, алардын тарыхтагы алган ордуна жана ролуна объективдүү баа берилбей келди. Ал тургай андай инсандардын бала-бакырасын, тукумдарын Совет бийлиги куугунтукка да алгандыгы жакшы белгилүү.

1916-жылкы Ысык-Көлдөгү көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири, Алагөз-Каба элинин саяк уруусунан чыккан белгилүү манап Баатыркан Райымбек уулу болгондугун архивдик материалдар, илимий эмгектер, эскерүүлөр далилдеп турат.

Баатыркан Райымбек уулунун көтөрүлүштү уюштуруу боюнча жыйындарга катышкандыгын, көтөрүлүш башталган мезгилде Барскоондогу өткөн жыйынга Шабдан уулу Мөкүштүн катын алып келип, жыйынга катышкандарга тааныштыргандыгы тарыхый булактарда көрсөтүлгөн. «…1916-жылдын 9-августунда Баатыркан Райымбек уулу Барскоондогу белгилүү манап Кендирбай Солтоноевге келип Шабдандын уулу Мөкүштүн каты менен тааныштырып ал жерде жыйын өткөргөн. Жыйынга 100гө жакын адам катышкан.

Жыйынга катышкандардын арасында Кендирбай Солтоноев, Үсөн Шамыров, Мамбет Молдосанов, Бакачы болуштугунан Талканбай, Түптөн Батыркан Ногоев ж.б. болушкан. Жыйындагы кабыл алынган чечим боюнча 10-августта көтөрүлүшчүлөр Барскоон кыштагындагы жашаган келгин орустарга кол салышкан». [1. КР БМА.ф.и-75.оп.1.иш.6.-17-18 бб; Т. Шейшеканов. Көлдөгү көтөрүлүш. Бишкек, 2003. 28-бет.]

Ал эми көтөрүлүш күч алып, уезддин борбору Караколду басып алууга багытталган чабуулдун башында тургандардын бири Баатыркан Райымбек уулу болгондугу жөнүндө Б. Солтоноев төмөндөгүчө белгилеген.

“1916-ж. 15-августунда Тоңду жердешкен саяк, кыдык, Жети-Өгүздү жердешкен бапа, желдең урууларынан куралган 5000 көтөрүлүшчү Караколго кире бериштеги Ырдык деп аталган жерде Баатыркан Райымбек уулун, ата-бабалардын эзелтен колдонуп келген салтын эске алып, хан көтөргөн. Бирок, көтөрүлүшчүлөр Караколду басып ала алышкан эмес. Баатыркан башында турган көтөрүлүшчүлөр Шалбаны көздөй артка чегинүүгө аргасыз болушкан”. [2. Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы Бишкек, 2-китеп, 1993. 121-бет;Т.Шейшеканов Көлдөгү көтөрүлүш. Бишкек 2003, 52-б. ]

1916-жылкы «Туркестанские ведомости» аттуу газетанын № 217 санында: Тоң өрөөнүндөгү Улахолго жакын жерде көтөрүлүшчүлөр менен старшина Бычковдун отрядынын ортосунда чоң салгылашуу болду. Кармашта көтөрүлүшчүлөр 1000ге жакын адамын жоготту. 50гө жакын орус туткундары бошотулду деген маалымат жарыялаган. [3. Туркестанские ведомости, 8 октябрь, 1916. № 217; РУз БМА.ф.и.461.оп.1.иш.1887. 46-б.]

Ал эми 2-октябрдагы Тоңдун Алабаш өрөөнүндөгү жазалоочу аскерлерге каршы чыккан кармаштарда көтөрүлүшчүлөр оор жоготууларга дуушар болушкан. Полковник Слинконун отряды көтөрүлүшчүлөрдү канга боёгон. Мына ошол жоготуулардан кийин Баатыркан башында турган көтөрүлүшчүлөр ашуу тарапка чегинишип, Кытайга жер которууга аргасыз болушкан. [4. РУз БМА. ф.и. 461. оп.1.иш.1887. 165-б.]

Мына ошол Улахолдогу жана Алабаш өрөөнүндөгү болгон катуу салгылашууларда Баатыркан Райымбек уулу көтөрүлүшчүлөрдү жетектеп турган. Себеби Баатыркан Райымбек уулу өз учурунда ушул аймактан болуш болуп шайланган. Бул аймак анын киндик каны тамган кичи мекени болуп эсептелет.

1916-жылкы көтөрүлүш аёосуз басылгандан кийин колониалдык бийлик тарабынан көтөрүлүштүн башында турган жетекчилерге издөө жарыялап тизме түзгөн. Колониалдык бийлик көтөрүлүштүн жетекчилерин колго түшүрүп жазалоону көздөгөн. Андай түзүлгөн тизменин катарында Баатыркан Райымбек уулу да бар.

Пржевальск уезддиндеги кыргыздардын көтөрүлүшүнүн башчылары:

  1. Сагалы Алматаев, Тоң болуштугу
  2. Сагын Ниязбеков, Семиз-Бел болуштугу
  3. Максүт Солтобаев, Куртка-Мерген болуштугу
  4. Кадыр Байсаронов, Түргөш болуштугу
  5. Баатыркан Райымбеков жана Мамыткан Жантаев, Улахол болуштугу
  6. Баатыркан Ногоев, Түп болуштугу ж.б. (тизмеде баардыгы 32 адамТ.Ш.)

[5. РУз. БМА. ф.и.461.оп.1.иш.1888. 63-бет.]

Пржевальск уездинин начальниги полковник Иванов түзгөн дагы бир тизмеде төмөндөгү инсандар аталат:

Улахол болуштугу боюнча:

  1. Чыныбек Абукин
  2. Байзак Ишимов.
  3. Итибай Кенжетаев
  4. Шигай Акмолдин
  5. Баатыркан Ниякин
  6. Баатыркан Райымбеков.

(тизмеде 14 болуштуктан 90 адамдын аты-жөнү аталган. Т.Ш.) [6. КР БМА ф. 34.оп.2.иш.5.165-167 бб.]

Жарыялана турган бул эскерүүнүн автору Баатырканов Аманидин Ысык-Көлдөн чыккан дагы бир белгилүү манап, ажы Баатыркан Ногой уулу жөнүндө маалымат берип кеткен. Туура, Баатыркан Ногой уулу Түп өрөөнүндөгү бугу элинен чыккан белгилүү инсан. Ал жөнүндө тарыхый булактарда төмөндөгүдөй эскерилет. 1916-жылдын 12-августунда Аралдагы болгон жыйында көтөрүлүшчүлөр тарабынан Батыркан Ногой уулу хан деп жарыяланган.

Ал ошол аймактагы көтөрүлүштү жетектеп, Преображенское кыштагын алууга көп аракет жасаган жана Пржевальск шаарын камалоо учурунда көтөрүлүшчүлөрдүн башында турган. [7. К. У. Усенбаев. Восстания 1916-года в Киргизии. Ф.1967. 271-б.Т. Шейшеканов. Көлдөгү көтөрүлүш. Б. 2003. 36-бет; 1916-жылдагы көтөрүлүш. Жыйнак. Б.1996. 346-б.].

Баатыркан Ногой уулу 1916-жылкы көтөрүлүшкө чейин эле эл оозуна алынып, ажылыка барып келген. Эл арасында кадыр-баркы чоң болгон. Ал Шабдандын ашына чакырылган сыйлуу меймандардын катарында болгон. Бул окуя жөнүндө Осмонаалы Сыдык уулу «Тарых кыргыз шадмания аттуу эмгегинде:

“… Көл башында бугудан,
Келе берди ар журттан.
Жийдебай ажы, Баатыркан,
Пиржувалга караган.
Ысакаалы, Баракан,
Калк бийлеген жаштардан.
Кыдыр ага, Сарыбай,
Аксакалы бугунун.
Жаштары келди бир далай”,
– деп белгилеген. [8. О. Сыдыков. Мухтасар тарих кыргызыя. Тарых кыргыз шадмания. Б. 2014. 123-б. ]

Демек, 1916-жылкы Ысык-Көлдөгү элдик көтөрүлүштүн башында жетекчилик ролду эки Баатыркан – Баатыркан Райымбек уулу жана Баатыркан Ногой уулу аткарышкан. Экөө тең хан даражасына ээ болгон инсандар болуп эсептелет.

Ошентип, 1916-жылкы Ысык-Көлдөгү элдик-боштондук көтөрүлүштүн жүрүшүндө хан даражасына көтөрүлүп, көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири – бабабыз Баатыркан Райымбек уулу болгондугу бул тарыхый чындык. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн жетекчилерин эскерип, алардын мисалында өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялап өстүрүү биздин милдетибиз болуп эсептелет. Тилекке каршы, бул эскерүүнүн ээси Аманидин мырза дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кеткен. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун!

Анда эмесе Аманидиндин “Баатыркан бабамдын баяны” эскерүүсүнө көңүлүңүздөрдү бурайын.

 

Шейшеканов Т.Б., Ж.Баласагын атындагы КУУнун кафедра башчысы, профессор,

Баатыркан бабамдын баяны

Совет доорундагы тоталитардык башкаруу мезгилинде тарыхыбыз бирөөнүн кол алдында, бирөөгө көз каранды болуп келди. Ата Журту үчүн, анын келечек тагдырынын таламын талашып келишкен кыргыздын уулдарын “Берк ал десе, баш алгандар” басып, аттарын өчүрүүгө чейинки акыбалга алып келишти. Кыргыз элинин тарыхта белгилүү болгон көпчүлүк инсандарын, эр-азаматтарын өз элине, журтуна жаман көрсөтүп, кысымга алышып, түрмөлөргө камашып, Украина, Урал жана Магадан жерлерине, башкача айтканда, өзүнүн туулуп өскөн Ата Журтунан алысыраак жерге айдашып, көз көрүнөө түбүнө жетишкен. Көптөгөн эл оозунда айтылып калган инсандарыбыздын касиети өзүнө гана таандык, аны көрүп-билип калган карылардын көзү дээрлик өтүп кеткендиктен, урпактарга чейин жеткирүүчү бир таасирдүү аңыздан таш жалак калганыбыз өкүнүчтүү. Эгемендүүлүккө жеткен жылдын аралыгында көптөн көксөгөн Эркиндик, Теңдикке, көөдөндөгүнү көтөрө чаап айтууга ээ болдук. Касиеттүү бабаларыбыз Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылычтын эмгектерин окуй баштадык, Шабдан баатыр, Курманжан датка, Байтик баатыр, көлдөн чыккан акыл-дөөлөттүү Тилекмат аке, Садыр аке, Кыдыр акелер жана башка эр азаматтар жөнүндөгү ооздон-оозго айтылган көп сөздөрдү, жасаган эмгектери элибизге, урпактарга белгилүү боло баштады. Айрымдарынын мааракелери өткөрүлүп, эли, журту тарабынан бабаларынын арбагы дагы бир эскерилди. Жогорудагы өз заманындагы уюткулуу журттун урматталган уулдары өзгө да, жатка да бирдей мамиледе болуп, кара кылды как жарган калыстыгы, жүйөлүү сүйлөшкөн чечендиктери менен айырмаланышып, калктын кадыр- баркына ээ болушкан. Демек, ата-бабаларыбыздын тарыхына кызыгып, көзү өткөндөрдүн төрт тарабын төп келиштире иликтеп, жакшы жактарынан үлгү алууга аракет кылып, тарыхыбыздын арбышына кол кабыш кылсак жаман болбос.

 

Үч доорду көргөн бабам

Менин айтайын дегеним: өзүмдүн Баатыркан бабам тууралуу. Баатыркан бабабыз жөнүндөгү айтылып келген, көрүнүктүү Эрнис Турсуновдун ” Ата Журт” тарыхый романындагы баш каарман Баатыркан ойдон чыгарылган көркөм образдагы каарман эмес, көлдүн тескейиндеги Алагөз, Каба элинин эр азаматы болгон.

Баатыркан бабамдын өмүрү үч заманга туш келген көп окуяларды өзүнө камтыган. Алар: Кокон хандыгынын учуру, орус падышачылыгынын оторчулук учуру, Сталиндик репрессиянын учуру.

Бул кишинин айылы Кокон хандыгынын убагында Нарын тарапта жайгашкан экен, айыл башчысы Кетиркей деген киши болгон. Кокон бийлиги элге оор салык салып, жер-жерлерге чеп орнотуп, акча, мал, айыл башынан ордого бирден кыз алып турган. Кетиркей Кокон бийлигине салык төлөбөй, салык жыйноочуларды сабап, кубалап жиберген. Кийинчерээк кокондуктар келип, айылды чабат. Айыл башында Баатыркандын чоң аталары Ажыбек, аягында Алыбек баатыр турган. Кокондук аскер башчысынын бири Ажыбектин айылын чапканда: “Туу кандаганга бир бала алып келгиле”-деп аскерине буюруганда аскер бир баланы сүйрөп келиптир, ошондо: ” Ой, бул баланын көзүнөн от жанып турат бир балээге кабылбайлы” – деп башчы баланы бошотуп жибериптир. Ошол бала Баатыркан экен. Ушундай катаал, жоокерчилиги катуу, көчмөн турмушта жашагандыктан бала абдан чыйрак өсөт.

Баатыркан Райымбек уулу болжол менен 1850-55-жылдары азыркы Көлдүн Тоң районуна караштуу Ак-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында жарык дүйнөгө келген. Уруусу Алагөз-Каба саягынын ичинен Ботугур. Баатыркан бала кезинен эле тирикарак өсүп, 10-12 жашында ата-энеси өлүп жетим калат. Атасы Райымбек малы жок адам экен, жетим, калган бала ошондон баштап уурулукка өтүп «Көк ууру» атка конот. Бир жактан уурдап келген малын башка жакка жөнөтүп «өнөрү» күндөн-күнгө күчөйт. Аталаш агасы Байбек Баатыркандын жоругун көрүп-билип турса да баланы жайына коет. Жашы отуздар чамасына келип калган Баатыркан бир жолу Кашкардан келе жаткан соодагерлердин кербенине Боом капчыгайынын ичинен кол салып, кокусунан колго түшүп калат. Колго түшкөн ууруну сарттар байлап-матап, бир чоң сандыкка салып төөгө артып келе жатышса жолдон Шабдан баатыр соодагерлерге жолугуп, ал-жайды сурашып учурашкандан кийин: – Силер көп жер басып соода кылып келе жатыпсьңар, ошо жердеги эл аман-эсен бекен,-деп сурайт кербен башыдан.

– Эл-журт аман эле, бирок элге тынчтык бербеген бир ууру кыргызды кармап келе жатабыз, баатыр, – дешет.

-Ууруну көрсөк болобу, – деп Шабдан баатыр соодагерлерден сыпайы өтүнөт.

Кербенчилер төөнү чөгөрүп, Баатырканды бошотуп Шабдан баатырга көргөзүшөт. Баатыр Баатырканды айланта карап: «Келечекте элге-журтка тутка болчудай көзү тирүү неме экен» деп ичинен ойлоп, кербен башыдан сурап Баатырканды бошотуп алат.

Эл ичинде Баатыркан бабабыздын атын угушканы менен, анын элге кылган эмгеги жөнүндө билгендер сейрек кездешет. Айрым учурда ал кишини Ысык-Көлдүн чыгышындагы бугу элинин тумак уулунан чыккан Батыркан ажы менен да чаташтырып жүргөндөр кездешет. Мен Батыркан ажынын арбагына шек келтиргим келбейт, анткени ал киши да өз доорунун мезгилинде эли-журтуна эмгеги сиңген инсандардын бири. Ал эми биз сөз козгоп жаткан Баатыркан бабабыз эл оозунда Саяк Баатыркан деп аталып келген. Бирок, эл басып өткөн жол ошол элдин тарыхы болгондон кийин Баатыркан бабабыздын тарыхтагы орду биздин тарыхчыларыбыз тарабынан такталып берилсе. Ал киши турмуштун татаал кыйынчылыктарынын мезгилинде эл башкарып, элин баккан адамдардан болгон.

Үркүндө Кытай жерине барып, ал жактан көптөгөн оорчулукту, жаманчылыкты баштан кечирип, тыңдыгынан, элге-журтка кадырынын барынан, ары сөз билги жана иш билги акылынын аркасы менен элин аман-эсен алып келген деп карыялар кеп кылышар эле. Баатыркан бабабыз жөнүндө, анын кара кылды как жарган калыстыгы, кара букаралардын таламын коргой билгендиги, улуу жана кичүүнүн акыл-оюн уга билгендиги өтө эле көп айтылат.

 

Болуштуктагы иштери

Баатыркан бабабыз карапайым букарадан чыккан, дыйканчылыкты эриш-аркак ала жүргөн болуштардан болгон экен. Ал кишиге учурунда Шабдан баатырдын батасы тийип, дөөлөтү артып, тескейлик саяктардын ээси болуп калганын карыялар эскеришер эле. Ал болуш кезинде да букаралык жосун менен жүргөн, ыйманын ыйык туткан инсан болгон. Болуштук бийликти колго алгандан эле чыр-чатакты, доо-чырды өз төрүндө олтуруп алып чечпептир. Андай кырдаалда калың элди чогултуп, ар кимдин оюндагысын угуп, андан кийин гана бүтүм чыгарган. Ошондо да: “Ушундай жасасак ылайык болор бекен?” – деп көпчүлүк менен кеңешкен. Мындайда кимде ич күптү калат?

Баатыркан бабабыз эл-журтка алынып, болуп-толуп турган мезгилде да болуштун бийлиги менен дыйканчылыкты тизгиндеш алып жүргөн. Өз элинин башка элдерден жалдырап эгин сурап туруусун каалабаптыр. Жер жылыры менен элди чогултуп, арык чаап, суу жайып, буурсун менен жер айдап, ар бир түтүн ээсин эгин экчү жерге ээлик кылыптыр. Ал киши Ак-Терек айлынын тушунан тоо этектей батышты карай 25 чакырымдай аралыкка чейин арык (канал) чаптырып, ошол арыктан эгин талааларына элди пайдаланып, дан менен камсыз болушуна шарт түзгөн. Бул арык менен колхоз, совхоздор пайдаланышкан. Ал арыктан азыр да суу агып 2000 гектар жерге суу жүгүртүп, эки чарба сугат өнөктүгүнө пайдаланып келишүүдө. Ошол кездеги ата-бабалардын таман акы, маңдай теринен жаралган мурастарынан ошол арык баа жеткис байлык болгон. Ал мезгилде арык чабууда пайдаланылган эмгек куралдары өтө эле жөнөкөй: кетмен, чоттор менен казып, жыгач күрөктөр менен тазалоого туура келген. Мына ошого карабастан, арыкты салууда эч бир билими жок туруп тоонун этектери менен чаптырып кеткен арыкты көргөнүңдө өзүндөн-өзүң бабалардын эмгегине баа берип, ичинден ыраазы болосун, Арыкты чаптыруу мезгилинде Сарыбаш аксакалды атка мингизип, ошол кишинин төбөсү көрүнбөй калгычакты тереңдикте чаптырышкан. Баатыркан бабабыз арык чапкандардын башында такай болуп, аларды тамак-аш, суусундук менен камсыз кылып турган экен. Ошол чаптырган арык бүгүнкү кундө “Баатыркан арык” деп аталат. Ал эми эгиндерди Ак-Теректин чатында, Бар-Булак, Шор-Булактын жогору жагындагы Ажыбектин сайынын жанында, Четиндинин ойдуңуна айдаткан. Мына ушул жерди бүгүнкү күндө да дыйканчылык үчүн пайдаланып келе жатышат. Жыл сайын жаз чыгары менен айыл эли түп көтөрө чыгышып “Баатыркан арыгын” тазалап турушат.

 

Эл кураган адам болгон

Баатыркан бабабыздын дагы бир касиети – эл кураганында. Кыргыз санжыраларында уруулардын оң же солго жана ичкилик болуп бөлүнүшү айтылат эмеспи. Азыркы күндө да солдон тараган айрым уруулар Көл кылаасында жашашат. Ошондой уруулардын бири – мундуз уруусу. Көл кылаасында жашагандардын көпчүлүгү Жети-Өгүз районундагы Шалбаа жана Мундуз айылдарында турушат. Ал эми биз сөз козгоп жаткан Кара-Коо, Кызыл-Туу айылдарында болсо бир нече ондогон түтүн мундуздар жашашат. Булар учурда кандай себептер менен келип, жогоруда айтылган жерде жашап калганы белгисиз. Бирок ошол айылда жашап тургандардын ата-бабалары Баатыркан бабабыздын болуштук кылып турган учурунда келишип, жер алышып, өзүнчө түтүн булатышып, тескейлик саяктардан болгон Алагөз-Каба эли менен эриш- аркак, бир туугандай жашап келишкендиги жөнүндө карыялар айтышат. Маселен, Ак-Теректин чатында Баатыркан бабабыз мундуз Боронбайга өзүнчө жер бөлүп берип, ошол жерге мечит салышына жардам берген, ал мечит Боронбайдын мечити деп аталып турган. Мундуз Жаркынбай ажыга Бар-Булак менен Кара-Коонун чатынан көлдүн жээгинен 20 гектар жер берип жайгаштырган экен. Азыркы күндө ажынын турган жеринде “Ажынын тумшугу” деп аталган жер бар. Мындан тышкары айылдын ичинде Катаган уруусунан ушул тапта 150гө жакын түтүн жашайт. Баатыркан бабабыздын тушунда жергиликтүү Ботугур уруусунан чыккан “тентектердин” айынан Катаган уруусунун башында турган Боронбай, туугандарын башка жакка (Жумгал тарапка) көчүрүп кетип бараткан жеринен Баатыркан бабабыз көчтү кайрытып келип, Бар-Булактын үстү жагындагы Келин-Коргон деген жерден 10 гектардай жер берип, элинде алып калып, бооруна тарткан экен.

Баатыркан бабабыз Көл боорунда калыс болуштардын бири болгондугун уккан Шабдан баатыр өзүнүн бир кездеги өтүнүчү менен берген батасынын аткарылгандыгына кубанган экен. Бир жылы Кемин тарапта тамчы тамбай, жер куйкалаган аптаптан улам эгин алынбай калат. Ошол күздө Шабдан баатырдын эсине өзү ак батасын берген Баатыркан бабабыз түшөт. Шабдан баатырга эгин жокпу, кайсы болуштукка жибербесин, эч кимиси кур кетирбей эгин бермек. Бирок Шабдан баатыр Баатырканды унута албайт. Анын ал-жайын сынактан өткөргүсү келет. Эки жигитине төрт төө айдатып, Көл боорундагы Баатыркан бабабызга эгинге жөнөтөт. Бабабыз эки жигитин кучак жайып урмат менен тосуп алып, атайын өргөө көтөрөт да, эли-журтун чогултуп акылдашат. Ошол жылы эгиндин түшүмүн арбын алгандыктан, Шабдан баатырдан аянбайлы деген бүтүмгө келишет да, ондогон өрмөктөрдү согуп, алтымыш төөгө тең болчу каптарды даярдатат. Анын бардыгына чымчып буума эгин салдырып, төөлөргө жүктөтүп, төрт-беш ылоолорду айдашып жеткирүүгө кошуп берет. Канча эгин келгенин төрүндө олтуруп уккан Шабдан күлүмсүрөй сакалын сылап: “Анын ушундай адам болорун сездим эле”, – деген экен.

Кыргыз журтчулугунда эзелтеден бери эле, каны бир туушкандыкты ыйык сактоого аракеттер болуп, көбүрөөк маани берип келген. Өзгөчө жети атаны билүү. Эгерде кимде-ким жети атасынын кайдан келип чыгарын билбесе аны “кулдун тукуму” деп аташкан. Ошондон улам жети атаны билүү салты бекем сакталган. Баатыркан бабабыз да ушул жети атаны билүү жана эң башкысы укум-тукумдун, келечектеги урпактардын тазалыгына анын акыл-эстүү болуп өсүшүнө көбүрөөк маани берип, өз элинде жети атадан таралгандардын арасынан үйлөнбөөгө катуу тыюу салган экен. Демек Баатыркан бабабыздын илимий түшүнүгү болбогону менен өзүнүн тубаса баамчылдыгы аркылуу өз урпактарынын таза жана акыл-эстүү өмүр сүрүшүнө кам көрүп келгендиги, жети атанын тукумдарынын ичинде кыз алып, кыз беришпегендикти бекем сактатууга далалаты эл-журтунун алдында ата салтын буздурбай ыйык парзын аткаруу эмей эмне. Бүгүнкү күндө деле тоталитардык бийликтин таасиринин астында тарбияланган көптөгөн адамдарыбыздын арасында жети атасы эмес, чоң атасын билбеген жаштар да, жашап калган адамдар да кездешпей койбойт. Ошондуктан жети атаны билүү, алардын кандык тазалыгын сактоо салтын Баатыркан бабабыздын ыйык тутуп келгендиги, бүгүнкү күндөгү турмуштук мааниси зор болгон генетика илимине ылайыктуу. Урпактарынын келечегине кам көрүүнүн мындай аракетин баары эле жасай бербейт.

 

Үркүн

Байыртадан кайсы гана эл болбосун өз жерин көз карегиндей сактап, туулган жердин топурагы алтын деп, Ата Журт конушун түптөп келишкен. Айрымдары ээлигин башка элдердин эсебинен көбөйтүү үчүн улам бир жерде согуш отун тутантып турушкан. 19-кылымдын акыры 20-кылымдын башында биринчи дүйнөлүк согушка катышкан орус падышачылыгы кыргыз элине жарытылуу жылыш алып бере албады. Орус падышачылыгынын алысты көздөгөн саясаты менен көчүрүлүп келген жана кийин өз бет алдынча эле жер которуп отрукташа баштаган келгиндер менен кыргыздардын ортосундагы мамилелер улам оорлошо берген. Жеринен айрылган чыдамы кеткен элге бөтөндүн баары душман көрүнүп турган учурда 1916-жылдын 25-июнунда “бөтөн” калктын 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерин аскер-оорук жумуштарына алуу тууралуу жарлыгы түздөн-түз элдин көтөрүлүшкө чыгышына себеп болду. Чындыгында аскерге эмес, майдандын кара жумушуна алына тургандарга түзүлүүчү шарт, коюлуучу талап, алуучу маянасы жөнүндө жөндүү маалымат укпаган карапайым эл “карайлаган там сүзөт” дегендей деңгээлге жетип, өзүнүкүн да, өзгөнүкүн да талкалоого кайыл болуп турган. 1916-жылы июль айында бүтүн Жети-Суу облусу көтөрүлүштүн кучагында калган. Көл аймагында көтөрүлүш август айында башталган. 9-августа Боом капчыгайынын күн чыгышында Балыкчыдан анча алыс эмес жерде Ибраим Телеев баштаган көтөрүлүшчүлөрдүн бир бөлүгү 178 мылтык жана 30 миңден ашуун патрон жүктөлгөн алты арабаны Караколго алып бараткан жерден колго түшүрүшөт. Мына ошол колго түшүрүлгөн мылтыктан Баатыркан бабабыз Шабдан баатырдын уулу Мөкүшкө киши жиберип суратып алган, кийин Кытай жерине качканда ошол мылтыктардын жардамы менен кубалаган падыша аскерлеринен эли-журтун коргоп жүрүп олтурган деп Баатыркан бабабыздын кичүү байбичеси Зуура энебиз кеп кылар эле. Баатыркан бабабыз тескейлик элдин башында туруп көтөрүлүшкө жетекчилик кылган. Кийин көтөрүлүш күч ала баштаган мезгилде жалпы журт Баатыркан бабабызды хан шайлап, улуттук-көтөрүлүштүн жетекчиси катары тааныган. Ушул жерден айта кетүүчү нерсе, Баатыркан бабабызга тоталитардык бийликтин мезгилинде туура баа берилбей келгендигинде. Баатыркан бабабыз өз учурунда карапайым эле букарадан чыккан, акылынын зиректигинен эчен жыл болуш болуп, элинин тагдырын чечип, карапайым букаралардын кызыкчылыгын сактап, ошолордун келечеги үчүн күрөшкөн. Кытай жерине үрккөн мезгилде эли-журтун аман-эсен алып барып, кайрадан киндик каны тамган журтуна алып келген. Ушулардын бардыгын кары адамдарыбыздан угуп, билип Баатыркан бабабыз ” Журт атасы” делип аталганы бекеринен болбосо керек деп ойлойм.

 

Кытайдан келгенден кийин

Кытайдан өз Ата Журтуна кайтып келгенден кийин өлкөдө орногон Совет өкмөтү деле мурунку журт башчыларын жайына тынч койгон эмес. Тескерисинче, ошол журт ээлерин куугунтукка алышып, түрмөлөргө камап, Украинага, Магаданга айдап, айрымдарын атып салышкан. Көтөрүлүштүн жеңилип калышын атабыз, элдин билимсиздигинен жана курал-жарактын начардыгынан көргөн. Баатыркан ата өзүнүн аталаш иниси Акмат менен кеңешип, кыйынчылыкка карабастан бир билимдүү адамды таап келүүнү сунуш кылат. Акмат бир кишини жанына алып, Казанга барып, Аре Молдо деген кишини көчүрүп келет. Анын өз аты Фатхулин экен. Фатхулин балдарга төрт амалды, жазганды, окуганды үйрөтөт. 1940-жылдан баштап география, дүйнөлүк тарыхтан сабак окуткан. Ал кишиден Алагөз, Кабанын жүздөгөн жаштары билим, таалим-тарбия алган. Баатыркан ата окуп билим албаса да, тубаса акылдуу киши болуптур. Себеби, бир уруудан тараган Кетиркей балдарын “кыз алышпагыла, тукумуңар бузулат” дечү экен.

Кийин Советтик доордон Баатыркан ата бейкуттукту, көп жакшылыкты күткөн. Бирок андай болбой “эл душманы” аталып мал, жерин тартып алып, өзүн кайра-кайра суракка алып айласын кетирген. Баатыркан бабабыз 1927-жылы каза болгон. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсү Украинага айдалган. Украина жеринде Баатыркан бабабыздын улуу баласы Абдилазиз байбичелери кошо каза болуп, сөөктөрү ошол жерге коюлган. Кичүү уулу Канат, неберелери Отор, Алымкул Улуу Ата Мекендик согушта Украина жерин коргоодо курман болушкан. Согуш аяктагандан кийин кичүү байбичеси Зуура, небереси Керим Кыргызстана кайтып келишкен. Баатыркан бабабыздын элине жана журтуна жасаган эмгеги элинде алигиче чейин унутулбай айтылып, эскерилип келе жатат. 1991-жылы Тоң, районундагы Кара-Коо айылынын башкы көчөсү Баатыркан бабабыздын ысымы менен аталып, Бар-Булак менен Кара-Коо айылдарынын ортосунда бабабыздын чоң эстелиги коюлган. 1994-жылы Баатыркан бабабыздын 150 жылдык мааракесин Тоң эли түп көтөрүлө салтанат менен өткөрүштү. Демек, Баатыркан бабамдын элине жасаган эмгеги изилденүүгө тийиш. Анткени бабабыздын Улуу үркүндөгү көтөрүлүшкө жетекчилик кылып, өз элинин боштондугу үчүн күрөшкөнү жана башка эл үчүн жасаган эмгеги урпактардын эсинде сакталып тарых барактарынан орун алышы керек.

Аманидин Батырканов, «Азаттык», 17.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.