Жеңижок акындар поэзиясындагы классикалык үлгү

Мурда чыгармалары реакциячыл деп саналган Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Арстанбек сыяктуу залкарлардын эмгектери өз баасын жоготпой, жумурай журтка жетип, чыныгы калыс баасын алды. “Көздүү шакек жерде калбайт” деген сыяктуу бул залкарларыбыздын көркөм мурастары канча убакыт өтсө дагы мазмунун жоготпой, өздөрүнүн окурмандарын тапты десек жаңылышпайбыз. Гезитибиздин бул чыгарылышында актаңдай акын Жеңижок тууралуу кеп кылмакчыбыз

Мүлдө кыргыз-казакка өзүнүн философиялык, турмуштук ырлары менен таанымал акындар поэзиясынын өз заманындагы көрүнүктүү өкүлү ак таңдай акын Жеңижок болгон. Бул чыгармачыл инсандын көркөм мурасы совет учурунда бааланбай, көп убакыттар бою эски буюмдай болуп көмүлүп калган. Кайра куруунун шарапаты менен кыргыз жергесинде эгемендүүлүктүн жакшы жышааны сезиле баштады.

 

Карыпчылыктан атактуулукка…

“Жел жетпеген Жеңижок, ак калпактуу кыргыздан айтышарга теңи жок”- деген сыпаттоого татыктуу болгон айтыш өнөрүнүн классиги Жеңижок (Өтө) Көкө уулу 1860-жылы Таластын Сарыкөбөн деген жеринде кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энесинен боконо сөөгү ката элек кезинде айрылып, көрбөгөн азап-тозогу калбайт. Үч бир туугандын улуусу болгон. Жетимчилик, жетишпеген турмуш бала курактагы Жеңижоктун чыгармачылык потенциалын, анын дүйнө таануудагы көз карашын калыптандырган. Жугуштуу ала оорусунун кесепетинен киндик каны тамган жеринен куулуп, жер которуп кетүүгө аргасыз болот. Аксыдан жакшы адамдарга туш болуп, оорусунан таза айыгып кетет. Таякелери камкордукка алышып, Жеңижокту Намангандагы медреседен окутушат. Дээринде бар зээндүү жигит окууну ийгиликтүү бүтүрүп, калк кызматына аралаша баштаган. Орустардын кыргыз жергесиндеги аймактарды административдик башкаруусун жөнгө салуудагы саясий компанияларга активдүү катышкан. Саясатта Сулайманкул датканын жандоочусу болгон. Өтө жаш курагынан баштап, өмүрүнүн акырына – 1918-жылга чейин Аксы районундагы азыркы Кызыл-Туу айылында жашаган.

Замандаштары Эшманбет, Токтогулдардын айтымында, “Жеңижок орто бойлуу, ак жүздүү, тегерек кыркма сакалдуу, толмочунан келген сулуу, колу ачык март, үйүнөн мейман үзүлбөгөн меймандос, ырдардын алдында бир күрсүнүп алып ырдаган адам болгон экен” деп эскеришкен.

 

Жеңижок аталып калышы

Өтөнүн Жеңижок аталып калышы жөнүндө эл ичинде ар кандай аңыз кептер айтылып калган. Кеч күздө Өтө жоро-жолдоштору менен Намангандын базарын аралап келе жатып, Кербендин базарына кайрылат. Айтылуу Нурмолдо акын калың элдин ортосунда дин, шарият, “тигил дүйнө” тууралуу төгүп ырдап жаткан болот. Жеңижок Нурмолдонун ырын ынтаа коюп, акырына чейин угат. Нурмолдо ырдап бүткөндө эки карысынан кемсел кийген жаш акын Нурмолдону урматтап, ыр менен салам айтып учурашат. Нурмолдого суроо артынан суроо узатат. Ошондо Өтөнү биринчи көрүп, ырын уккан калың эл: “Атаңдын көрү-ээй, бу Жеңижок кыйын ырчы экен!” – деп дуу дей түшөт. Ушул окуядан кийин Өтө аты калып, Жеңижок деген ысымга ээ болот. Бул ат менен Жеңижок кыргыз-казакка таанымал болгон. Бирок айрымдар айткандай, Жеңижок Нурмолдону жер менен жер кылып салган эмес. Ал Нурмолдону өмүрү өткөнчө устатым деп баалап жүрүп өткөн дешет. Себеби Нурмолдо дагы өз заманындагы билимдүү, нускоочу акын болгон.

“Манас” баш болгон элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн мыкты билген, ошондой эле төкмөлүк өнөрдүн туу чокусуна чыккан Өтө айтыш өнөрүнүн өкүлдөрүнөн айырмаланып, сабаты жоюлган жана араб арибинде кат тааныган окумал адам болгон. Бул ошол кездеги жалпы массанын караңгы фонунда булуттан чыккан күндүн шооласы сыяктуу көрүнүш эле. Дүйнө, аалам жаратылыштын кубулуштары, метафизикалык кубулуштар тууралуу анын дүйнө таанымы чыгармачылыгындагы түгөнбөс мухит сыңар эле. Айтыш өнөрүндө сөзсүз түрдө алган билимине таянган. Турмуштук жана диний дүйнө тааным акынга түгөнбөс чыгармачыл багаж болгон. Жеңижок өзүнүн дастандарын, ырларын кагаз бетине түшүргөн. Анын:

“Арманга толо муң калды,
Аз кыргызым окууга,
Ак куржун толо ыр калды.
Арманым айтсам жаманбы,
Аз кыргызым кат билбейт,
Ай, кантейин а
ңкоо кылган заманды”, – деп өмүрүнүн акырында кейигени бар экен. Уфага Ак куржундун көзү толо ырларын китеп кылып чыгартам деп паравоздо кетип бара жаткан жеринен буржуазиялык февраль революциясы башталып кеткен. Мунун кесепетинен эл арасындагы чоң чуудан куржун толо ырларын жоготуп жиберген дешет. Жеңижок акын чыгармачылыгында төкмөлүк менен жазмачылыкты бирдей өнүктүргөн акын болгон. Анын жоголгон ак куржунунда кыргыз эли үчүн баа жеткис канча мурас жоголду деп бармагыңды тиштеп тынасың.

 

Арстанбектин батасы

Жеңижок акынга өз учурунда олуя акын Арстанбек мындай баа берген экен:

“Ырчы балам Жеңижок,
Сенде ырчылыктын кеми жок.
Ырдаса
ң сөзүң нар экен,
Т
үбү терең ор экен.
Сени менен беттешкен,
Ырчылардын шору экен.
Айтышкан адам к
өр экен”, – деп акындыгын жогору баалап, учурашканы келген Жеңижокко ак батасын берген экен. Арстанбектин батасы Жеңижокко чыгармачылыктагы эң маанилүү жолдомо болгон сыяктуу. Себеби Арстанбек төкмө өнөрүндө жана комузчулукта да алдына адам салбаган өз заманынын титандарынан эле.

 

Корголдун Жеңижок тууралуу айтканы

Кийин Жеңижокко учурашууга барган Коргол Досуев:

“Аксыдан чыккан Жеңижок,
Ак калпактуу кыргыздан,
Айтышарга тени жок…
Эки жаактуу пендеден,
Эрегишер те
ңи жок.
Элдин анык булбулу,
Элеп т
өккөн чени жок”, – деп Жеңижоктун акындык дареметине башын ийген.

Жеңижоктун чыгармаларындагы түбөлүктүү темалар бүгүнкү күндө дагы өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келет. Анын “Дүнүйө”, “Аккан суу”, “Санат”, “Насыйкат”, “Терме”, “Замана” аттуу ырлары, Нурмолдо, Эсенаман менен болгон айтыштары акындар поэзиясынын классикалык үлгүсү бойдон калат. Анткени 20-21-кылымда бир дагы акын Жеңижок жеткен бийиктикке жете алган жок.

 

Жеңижоктун ырларынын китеп болуп басылышы

Жеңижоктун ырлары алгач 1981-жылы Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун кол жазмаларды жарыялоо бөлүмүндө даярдалып, Сулайман Кайыпов агай түзгөн “Эл ырчылары” жыйнагында жарык көргөн. Кийинчерээк 1982-жылы Жеңижоктун ырлары Айтматов жазган баш сөз менен өз алдынча китеп болуп, биринчи жолу жарыкка чыккан. Учурда көптөгөн илим адамдары анын чыгармаларын изилдөөгө алып, анын философиясына, турмуштук, адамдык позициясына баа берип жатышат. Бирок өткөөл кырдаалда реабилитацияга туш болгон Жеңижоктун чыгармалары атайын изилдөөлөргө татыктуу. Себеби соцреализмдин учурунда адабий сын, адабий процесс, адабият тарыхы мамлекеттик цензуранын көз алдында эле. Жетимиш жылдык тарыхта Жеңижоктун чыгармачылыгына чынында кайдыгер мамиле кылынган. Урматтуу окурмандар, Жеңижок атабыздын чыгармаларын окуп-түшүнүп, жан дүйнөбүздү байыталы. Анткени анын чыгармаларында биз азыктана турган руханий байлык бар.

Талгат Деркембаев, «Саресеп», 09.10.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.