Темирбек Токтогазиев: “Сиань шаарындагы чоподон жасалган (терракот) аскерди жерге Бакай бабабыз көмдүргөн”

Бүгүн Кытайдын байыркы борбору болгон Сиань шаарына төрт чакырым жакын жерде жайгашкан Терракот аскерлер музейин билбеген адам чанда кезигет, жер жүзүндө. Бул терракот аскерлери менен Кытай мамлекети аябай сыймыктанат. Муну байыркы мезгилде жашап өткөн Цинь (Чин) Шихуан императорунун мүрзө-музейи дешет кытайлыктар. Тактай кете турган болсок, бул терракот аскердин жайгашкан жери Цинь Шихуанди императордун мүрзө комплексинен 1.5 (бир жарым!) км аралыкта.

Бул терракот аскердин табылыш тарыхы мындай: бир дыйкан уулу экөө 1974-жылы жашылча сактаганга жер-төлө казып атышып терракот аскердин башын таап алышат да, жергиликтүү өкмөткө алып барышат. Кытай өкмөтү атайын экспедиция уюштуруп, бул жерден 8 000 аскердин тулкусун казып чыгышат. Баарынан кызыгы, бул сегиз миң аскер бири-бирине таптакыр окшобойт. Демек, бул аскерди жасаган усталар калыпка куйбаганы анык. Убакыт өз ишин жасаган экен, көпчүлүгүнүн боёктору өчүп калса да, жакшы сакталганы байкалат. 1979-жылы бул аскер табылган жерди жасалгалап, Кытай мамлекети дүйнөдө башка аналогу жок музей катары жарыялашат. Кызыгы, кытай окумуштууларынын айтымында, аскердин кийими менен бети-колунун боёктору аларды казуу учурунда абага (жарыкка) чыккандан кийин өчө баштаган. Айрым сынгандарын изилдешсе, ичи көңдөй, калыңдыгы болгону үч сантиметр экен. Мындай «жука чопону кантип иштетип, бул аскердин тулкусун кандай усталар жасады экен? Мында кандайдыр сыйкыр колдонулса керек» деген тыянак чыгарышат. Бул терракот армиясынын командалык жайында 45 генералдын баштары кесилип, бир канчасы талкаланып, өрттөлгөнүн, бул аскердин баары күн батышка бет алып турганын белгилешет. Булардын башын кесип, өрттөгөн «варварлар» деп айтышат экен. Дагы казылып алына элек көп аскердин тулкусу бардыгын, келечекте аларды казууда зыянга учуратпай (боёкторун өчүрбөй) сактап калууга жетише ала турган ыкма табылганда казышарын айтышат.

Эми сенсациялык маалымат катары манасчылар Саякбай, Сагымбай, Жүсүп Мамайда кезиккен окуяларды карап көрөлү:

Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак чалгынга бараткан жолдо бир кырдан ашып жашыл тулаңы көйкөлгөн кууш капчыгайга киришет. Бет алдыларынан душмандын дабыш-шыбышы жок калкылдаган аскерине туш келишет. Аяк-башы көрүнбөйт. Аскердин желектери желбиреп, баштарында туулгалары, колдорундагы найзаларынын учтары күнгө жалтылдайт. Аскердин дымып турганы баатырларды чочутту. Абайлап, басыктарын басаңдатышты. Ошондо Сыргак (шыбырап):

Аяк-башы күнчүлүк,
Аскер басып калыптыр.
Ай талаага кол толуп,
Аңдап туруп алыптыр.
Аргасы канча болуучу? – дейт да, урушка даярданып найзасын сундура кармаса, аскердин баары найзаларын сунушат. Чубак кылычын кындан сууруса, тигилер да үн-сөзсүз кылычтарын суурушат. Сыргак добулбасты «каңк» дедире бир койсо, жер жайнаган аскер да кулак тундура добулбас какты. Муну көрүп Манас каткырып ийсе, жооп катары жер жайнаган каткырык үн угулду, баатырларга. Чубак ураан чакыра «Манас» деп кыйкырса, «Манас. Манас. Манас» — деген жаңырык чыгат. Анда Алмамбет (шыбырап):

Арып менен жасалган,
Өрөөн толгон көп колдон.
Катылбай туруп кетели,
Найза сунбай, жаа тартпай,
Черүүнү кечип өтөлү, – дешип, учу-кыйыры билинбеген кылкылдаган аскерди аралап өтүп кетишет. Алдыда Кытайдын шаарлары бар эле.

“Манастагы” бул окуя жөн гана айтылып калганбы? Жөн эле окшоштукпу? Менимче, бул Айкөл атабыздын тарыхтагы издеринин дагы бир айкын далили го дейм. Эми, андан ары дагы талдап көрөлү, ушул терракот аскерди.

Көрбөгөн адам өтпөдү,
Баары сүрөт, жан эмес.
Бакбурчун арзан шаар эмес,
Шер сүрөтү дагы бар,
Аскер болуп, жер жайнап,
Эсеп жетпей, курт кайнап,
Эл сүрөтү дагы бар.
Барган адам соо болбос,
Асты баткак, үстү суу.
Аңгемеси мына бу,
Айдың талаа түз болуп,
Жол сүрөтү дагы бар,
Жол – деп, кадам койгондо,
Кандай жандар болсо да,
Кайра чыкпас чагы бар.
Барса келбес жолу бар,
Баары сүрөт колу бар,
Каалагандын баары бар.
Каңкуш аттуу шаары бар,
Кадам койсо тутанып,
Өрттөп кетме дары бар.
Андан өтө бергенде,
Аркан бою коо көрдү,
Коону бийик зоо көрдү.
Коого салган көпүрө,
Чоюндан куйган түркүгү,
Чоң короодой түндүгү,
Темирден салган устуну,
Душман үчүн кытайлар
Кылат экен ушуну.
Көпүрөгө баруучу
Даңгыл таза жол турат.
Мылтыктары октолуу,
Милтелери чоктолуу,
Өйүз менен бөйүздө
Аскер турат токтолуу.
Ал ишти көрүп алганы,
Секирип түшмө жалгыз жол,
Алмамбет жолго салганы.
Көпүрөнү бет алып
Көсөл Чубак барганы,
Көсөл Манас батыры
Алмамбеттин артынан
Кошо кирди акыры.
Көпүрөдөн өтүүгө
Көк жал Чубак акылы.
Көрүп Алмаң акырды:
“Көмүлгүр, түпкө жеттиң, — деп,
Кайта тарт!” – деп, бакырды.
Көктекенин бир колу
Көпүрөгө тийгенде
Топ замбирек туш-туштан
Токсон мылтык атылды,
Чагаалалап кытайлар
Тогуз жүзү бакырды,
Шайманын жаман кетирди
Тоготпостон тоң барган
Баякы Чубак баатырды.
Коркуп Чубак шашыптыр,
Коого кире качыптыр.
Коодон аман чыкканы,
Коркуп Чубак ыктады.
Кашында Сыргак кеп сурайт,
«Кандай жумуш? – деп сурайт.
Туңшага кирер жол көрдүк,
Туш-туштан калың кол көрдүк,
Ажыдаар көрдүк, шер көрдүк.
Титинип кирген адамды
Тирүү койбос жер көрдүк.
Карап туруп биздерди,
Катылбады биздерге,
Кандай душманды издеди?
Көктеке минип эр Чубак
Абыдан шашып болду, — деп,
Айтып бергин муну» — деп,
Анда Сыргак турады,
Алмамбеттен сурады.
Анда Алмамбет кеп айтат,
Арсаңдап күлүп бек айтат:
«Чын Шу жердин өзүнө
Сырын билген келбесе,
Сырын мурун билбесе,
Сыңар адам келе албайт.
Так шу жердин өзүнө
Жайын мурун билбесе,
Дааналап жолго кирбесе,
Жалгыз адам келе албайт,
Тике кирсе көпүрө
Тирүү коё бере албайт.

(Уландысы бар)

Темирбек Токтогазиев, «Манас» изилдөөчү,
«Эркин тоо», 12.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.