Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чынгыз хан кыргыз болгон

(жаңыланган акыркы варианты)

Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери расмий тарыхы эч өзгөрбөй турганы менен айрым окумуштуулар, тарыхка кызыккан адамдар тарабынан көптөгөн маалыматтар табылса дагы иретке салынып, дале толук иштелип чыкпай турат.

Айрыкча, “Монгол доорундагы” тарыхта чаташуулар көп болгондуктан, Чынгыз хан тууралуу тарыхый булактарды өтө тыкан карап чыгууга туура келди.

 

ЧЫНГЫЗ ХАН ЖӨНҮНДӨГҮ ТАРЫХЫЙ БУЛАКТАР

Оригиналын жазган автору белгисиз, кытайча котормосу Пекин шаарынан табылган чоң бир кундуу эмгек Европа окумуштууларына аалым Палладий (Кафаров Петр Иванович, 1817-1878-жылдарда жашап өткөн) аркылуу белгилүү болгон. Ал орус православдык миссиясын Кытайга бир нече жолу жетектеп барып жүрүп, Пекинден бул китепти 1866-жылы колуна алып, “Старинное монгольское сказание о Чингизхана” деген ат менен которуп чыккан. Андан кийин ушул күнгө чейин англис, орус, француз, немец, испан, чех, болгар жана азыркы монгол тилдерине которулганы белгилүү. “Сказание” Чынгыз хандын буйругу менен башталып, Угедей хандын тушунда 1240-жылы жазылып бүткөн деп айтылат. Бирок бул дагы биротоло так дата эмес, 1264-жылды белгилеген маалымат да бар. Канткен менен ушул баалуу эмгек Чынгыз хан жана анын бабалары, урпактары жөнүндөгү биринчи тарыхый булак катары дүйнө окумуштуулары тарабынан илимий эмгектерин жазууда колдонулуп келе жатат. Иликтөө үчүн С.А. Козин тарабынан которулган “Чингизхан. Сокровенное сказание монголов. Великая яса” деген китепти (2009-жылы чыккан) орусча кароого туура келди.

Андан башка дагы ири тарыхый булак катары эсептелген Рашид ад-Диндин 10 жылда жазылган “Летопистер жыйнагын” (1301-1311-ж.ж.) орусча, Амир Темирдин небереси Мырза Улукбектин “Турт улус тарихи” (1431-ж.ж.) деген китебин өзбекче, Хива ханы Абул Газы бахадыр хандын (1605-ж. төрөлүп, 1664-жылы өлгөн) “Түрк санжырысынын” кыргызча котормолору каралды. Жогорудагылардан сырткары, китепти жазууда Мухаммед Хайдардын белгилүү эмгегин жана чет элдик, орус жана кыргыз окумуштууларынын көптөгөн эмгектерин окууга туура келди.

 

ЭЛГЕ ЖЕТКЕН МААЛЫМАТТАР

Ошентип, “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чынгыз хан кыргыз болгон” деген китепче 2015-жылы “Турар” басмаканасынан 1000 нускада чыгып, элге тарады. Бул келечекте жазылуучу көлөмдүү эмгектин башталышы гана. Аталган китеп макала иретинде алгач республикалык “Жаңы Ордо” жана “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезиттерине, ошондой эле “Жетиген” журналына кыргызча, соңунда “Деньги и Власть” гезитине орусча которулуп басылып чыккан. Кыргызча-орусча сайттарга салынды. Эки жолу кыргыз телевидениесинен (УТРКдан) талкуу катары көрсөтүлдү. 2016-жылдын февраль айында КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдин жетекчилигинде, Кыргызстанга белгилүү аттуу-баштуу окумуштуулардын катышуусу менен (25 адам катышты) аталган темада тарых таануучу жана коомдук ишмер Бегиш Ааматов доклад жасады. Талкуу кызуу жана курч мүнөздө өтүп, бул эмгек КР УИА тарабынан коомдук башталыштагы эл үчүн жазылган макала деп табылды. Ошентип, тарыхка кызыккан окурмандарга маалыматтар шартка жараша жеткирилип жатат.

 

КЫРГЫЗ ЭЛИ – БАЙЫРКЫ ЭЛ

Кыргыздар Борбордук Азиядагы түрк элдеринин ичинен эң байыркысы экенин илимпоздор да бир ооздон баса белгилеп келишет. Муну Хунндардын доорунда (б.з.ч. 201-жылдар) Кытай булактарына кыргыздардын “Гяньгунь” деп түшүшү да ачык далилдейт.

Андан бери адамзаттын тарыхында не деген орошон окуялар өтпөдү. Кыскача айтсак,840-жылы кыргыздар Улуу Кыргыз Каганаттыгын курган. Орто Азияда болсо 950-жылдары Караханиддер бийликке келди. 1200-жылдардын башталышынан баштап тарых аренасына Чынгыз хан чыккан.

 

ТАЛАШКА ТҮШКӨН ЧЫНГЫЗ ХАН…

Азыркы учурда Чынгыз ханды талашпаган эл аз. Себеби, ар бир эл өзүнүн тарыхын бийик көтөргүсү келет. Бирок, аны илим жолунда тарыхый булактар менен далилдөө зарыл. Ушул багытта Чынгыз хандын түпкү тегине байланыштырып, кыргыз экенин орус окумуштуусу Евгений Кычанов ж.б. дүйнөлүк аалымдар айтып чыгышкан. Анткен менен Чынгыз хан, анын бабалары жана балдары кыргыз болсо, анда алар кыргыздын кайсы урууларына таандык экенин жазышкан эмес. Негизи, ар бир адам өзүнүн кайсы элге таандык экенин ата-бабаларынын генеалогиялык санжырасы менен аныктайт эмеспи. Ошону менен мен ушул элденмин дейт. Дал ушундай ыңгайда Чынгыз хан кыргыз экенин тарыхый булактарды колдонуу менен далилдөөгө аракет жасалды. Эмесе сөз ирети менен болсун.

 

ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН АТА-БАБАЛАРЫНЫН УРУУСУ – ХОРИЛАР (ХОРИ-ТУМАТТАР) БОЛГОН

Чынгыз хандын атасынан жогору эсептегенде, анын “11-биологиялык жашыруун атасы” орус окумуштуусу Е. Кычановдо “Маалих Баяудец” деп берилген (автордун“Жизнь Темучжина, думавшего покорить мир” китеби, 40-бет). Аны Кычанов “чачы сары, көзү көк – Енисей кыргыздарынан” деп айткан. Бирок, Маалих кыргыздын кайсы уруусунан экенин аныктай алган эмес. Мунун таржымалы Чынгызхандын 11-энеси Алан гоанын окуясынан чыгат. Т.а. “Сокровенное сказаниеде” Алан гоа өзүнүн күйөөсү Добун мерген өлгөндөн кийин “3 эм эгиз уулдарды ушул Маликтен төрөгөнү” алардан улуу 2 агалары тарабынан айтылат. Евгений Кычанов ушул маалыматка таянган.

Эми ушул жерден Алан гоа (гоо) жөнүндө баянды академик С.А.Козиндин котормосундагы “Чингизхан. Сокровенное сказание монголов. Великая яса” деген китебин кароо менен баштайлы (12-бет):

Обратившись к брату Дува сохор сказал: «Средь тех кочующих к реке людей в кибитке на высоком передке сидит прекрасная девице. И коли она, давай сосватаем её тебе, брат Добун мэргэн».

И, сказав сии слова, послал он Добун мэргэна взглянуть на девушку. Показалась она Довун мэргэну: и лицам красна, и телом ладна, да рода знатного, да ещё не сватана. А зовут – Алан гоо.

Отец Алан гоо – хорь тумедский ноён Хорилардай мэргэн, а мать – Баргужин гоо;

родилась Алан гоо в уделе хорь тумэдов в местности, называемый Ариг ус (усун).

Её мать Баргужин гоо – доч Баргудай мэргэна, вождя племени Хул (Улуу) Баргужин тухумов, чьи земли лежат в дальний дали.

А люди, с которыми кочевала Алан гоо, стала быть племя её отца – Хорилардай мэргэна”.

Бул жерде туматтар “Тумед” деп берилгени көрүнүп турат. Негизи, ал Тумат деп аталат. Ал эми Алан гоанын апасы кыргыздын Баргы уруусунан экени так айтылып турат. Эмесе тарыхый булакты дагы улантып карайлы (Рашид ад-Диндин “Летопистер жыйнагы”, 122-бет):

“Место перобывание этого племени (Тумат) было поблизости вышепоименнованный местности Баргуджин-Токум. Оно также ответвилось от родственников и ветви Баргутов”.

Көрүнүп тургандай, туматтар Баргы уруусунун бир бутагы болуп саналат. Демек,туматтар да Баргы. Муну кыргыз санжырасы дагы далилдейт. Кыргыз элине белгилүү санжырачы жана тарых таануучу Жапар Кенчиевдин 2004-жылы чыккан “Алымбек хан” деген китебинин 200-бетинде мындай маалымат бар:

“Адигинеден Баргы хан, андан Сатыке, андан Мырзаке, андан Бөкөй хан, андан Бакал баатыр менен Бай Бөөчөн, Бай Бөөчөндөн Олжоке, Тилеке, Көкчө, Жамгырчы деген 4 уул, Көкчөдөн Тууматай (Туматай) тарайт”. Мында Туматай Баргы болуп жатат, Туматай (Тумат-ай) болуп саналат.

Маселен, Туматтар Кыргызстандын Ош областына караштуу Алай районунда азыр дагы бар. Ал турсун, алардын аты менен жердин аты да бар. Аталышы Туматай (Тумат-ай) деп турат.

Жогоруда айтылгандай, ХориларТуматтарга кирет, Хори-туматтар деп да аталат.

 

“ПЛЕМЯ КИРГИЗ”

Ушул жерден дагы бир маалыматты бере кетпесек болбойт. Маселен, Рашид ад-ДиндинЛетопистер жыйнагы” эмгегинин “Племя киргиз” деген темасында кыргыз катары 4уруунун аты даана берилген (ушул эмгек, 150-бет). Алар: Баргу (Баргы), Тумат, Кори (Хорилар), Баяут (Коңурат).

Ошол мезгилди өтө тыкан изилдеген орус элинин көрүнүктүү окумуштуусу Е.Г.Грум-Грижмайло өзүнүн эмгегинде Баргы уруусунун кыргыз экенин мынтип так жазган:

“Все же остается несомненным, что некогда буруты (так называли джунгары западных кыргызов) жили соседстве с бурятами в области, носившей название Барга, Баргуджин-токум. С ними соседили и ойрати, в союз коих входили киргизы (кергут) … это доказывает имя Барга, которые носит один из основных кара-киргизсских родов”.

Хунндардын чачырашы…

Ушул жерден тарыхтагы өтө бир урунттуу окуяны келтирели:

“93 г., коалиция Китая, сянби, динлинов и чешсцев (жителей оазиса Турфана) разбили Хуннов в битве Их-Баяне, а в 155 г. сяньбийский вожд Тяншихуай разгромил хуннов, что привело к расколу хуннского этноса на четыре ветви, из которых одна слилась в победоносными сяньбийцами; другая – мигрировала в Китай; третья остались в горных лесах и ущелях Тарбагатая и Черного Иртыша; четвертая с боями отступила на запад (Гунны) и к 158 году достигли Волги и Нижнего Дона. В ходе отхода на запад четвертая часть так называаемых малосильных Хунну остается на территориях Семиречья и Западной Сибири с образованием государство Юэбань (160-490)”.

Бул түрк тилдүү Хуннулар үчүн өтө чоң кайгылуу окуя болгон. Материал Википедиянын эркин энциклопедиясынан алынды. Ал трагедияны тарыхчы окумуштуулар билет. Мында талдай турган көп нерселер бар. Тарыхта көрсөтүлгөндөй, кийин юэбаньдар Хунндардын үчүнчү бөлүгү жагына барып кошулган. Анан ушул Баргуджин-токум жерин негиздешкендей. Тарых илими Хунндардын падышасы Модеменен Угуз ханды бир адам деп кароодо. Ал эми Рашид ад-Дин өзүнүн эмгегиндеЧынгыз хандын элинин түпкү тегин Угуз хандан чыгарат. Демек, Моде – Угуз ханболсо, анда Хунну (Гунны) элинин жогорудагы окуясы кыргыздардын (баргылардын) тарыхына да тиешелүү болот. Чынгыз хандын байыркы бабаларынын да тарыхта өтө катуу кырылууга дуушар болуп, андан эки үй-бүлө Эргене-Куньга кире качып кутулган окуясы жазылган. 400-жылдан кийин ал жерге батпай калышканда, ошол элди Чынгыз хандын 22-түпкү атасы Бортэ чоно баштап чыгат.

 

ХОРИЛАР – ГОРЛОС

Эми кайра Алан гоага келели. Анын атасы Хорилардай мерген Баргылардын бир бутагы болгон туматтардын аскер башчысы болуп жатат. Кийин ошол Хорилардай мергенге баш ийген эл Хорилар уруусу аталышыптыр (“Сказаниени” улантып окуйлу, 12-бет):

“Хорилардай мэргэн отошел от пределов хорь тумедских по причине раздоров, вспыхнувших меж близживущих родов, кои желали отвоевать друг у друга уделы, обильные зверем – соболем и белкой.

Хорилардай мэргэн и люди обособились, и прозвались они племенам Хорилар по имени ноёна своего” (Бул биздин замандын 940-950-жылдары болуп жаткан окуялар).

Ошентип, Алан гоанын уруусу каяктан чыкканы да аныкталды. Ал атасынын эли –Хорилардан, түбү Баргы уруусунун бир бутагы болгон туматтарга кирери айтылды.

Ушул Хорилар уруусун Рашид ад-Дин өзүнүн китебинин 1-томунун 2-бөлүмүндөмындай деп берген ( А.Мелехиндин котормосундагы “Сказание”, 2013-жылы чыккан, 309-бет, топтом катары берилген Рашид ад-Диндин “Летопистер жыйнагынан” үзүндүдө):

“Алан гоо была из племени Горлос” деп турат.

Жогоруда Алан гоанын атасы Хорилардай мерген туматтардын аскер башчысы болуп жатпайбы. Кийин ошол Хорилардайдын эли Хорилар уруусу болуп калууда.

Ушул А. Мелехин которуп чыгарган “Чингисхан. Сокровенное сказание монголов.Великая яса” китебинде Абул Газы бахадыр хандын “Түрк санжырасы” да топтом катары басылган экен, ошого көңүл буралы (Москвадан 2013-жылы чыккан,жогорудагы китептин 308-бети):

“Бортэ чоно из рода Хианово, из племени Горлос”-деп турат.

Мында Бортэ чоно Чынгыз хандын 22-түпкү атасы болору “Сказаниеде” жазылып турат. Болгондо да ал кыяндарды башкарган адам. Айтып тургандай, Кыян уругу Горлос (Хорилар) уруусунан экени так жазылууда.

Жогоруда Хорилар менен Горлос бир эле урууну түшүндүрүп жатат. Мында Добун мерген (Чынгыз хандын 11-атасы) менен Алан гоа экөө тең “Горлос уруусунан болот”деп турат. Горлос – Хориларды түшүндүрөт. Себеби, “Сказаниеде” Алан гоа Хорилар экени так жазылып турбайбы.

Негизи, “Сокровенное сказаниедеги” (түп нускадагы) Хориларды кыйла кийин Рашид ад-Дин фарс тили менен “Горлос” деп жазган, аны Абул Газы бахадыр хан колдонгону көрүнүп турат. Бирок, Хорилардын башындагы “Хор” сөзү – “Гор” бойдон өзгөргөн эмес.

“Сокровенное сказаниедеги” Чынгыз хандын ата-тектери тизмектелген линияда Добун мерген анын 11-атасы, ал эми Бортэ чоно 22-түпкү атасы жана эл башчылары катары жазылганын дагы бир жолу эскерте кетели. Алардын аралыгындагы да аталары так жазылган. Булар Улуу Баргынын бутагы Туматтардан чыккан Хориларды (Кыяттарды) башкарышкан.

 Жогорудагы тарыхый булакта Туматтар Баргылар менен – Баргуджин-Токумда бир турганы айтылган жана алардын бир бутагы болот деген. Хорилар болсо Туматтардан чыкты. Ушул эл Чынгыз хандын ата-бабаларынын уруусу экенин “Сказание” айтып жатат. Ошондуктан, Чынгыз хандын өз эли Хорилар түбүндө Улуу Баргы – кыргыз болгон.

 

“ЖЕЛТЫЙ ПЕС, ВИЛЯЮЩИЙ ХВОСТОМ…”

Эми Алан гоанын “Сказаниеде” айтылып жаткан окуясын кайрадан улантып окуйлу:

“У Алан гоо и Добун мэргэна родились два сынаБугунудей и Белгунудей. По прошествии времени как-то раз Добун мэргэна взошел на сопку Тогоцог поохотиться; в лесу он наехал на одного урианхайца, убившего оленя – трехлетку и теперь поджарившего его ребрышки. Приступив к нему, Добун мэрген сказал: «Истинно говорю тебе: спознаешь друга, когда с тобою он поделится добычей!» (Бул жерде шыралга сурап жатканы түшүнүктүү болуп турат).

Охотник – урианхаец отсек голову с сердцем и легким взял себе, а остальное мясо отдал Добун мэргэну. Когда, нагрузив на коня тушу оленя, Добун мэргэн возвращался домой, по дороге он наехал на изможденного, оборванного человека, ведшего за руку отрока.

“Какого рода – племени ты будешь?”- спросил у него Добун мэргэн. На это бедняга отвечал:

“Сам я из племени Малиг баягудай. Я голоден и выбился из сил. Прошу, дай мясо мне для пропитанья. Тогда отдам тебе я в услужанье сына своего”.

Добун мэргэн согласился и отдал голодному бедняге ляжку оленя, а сына его увел с собою. С тех пор отрок прислуживал ему” (Козиндин котормосундагы китептин 13-бети).

Мына, “Малик баягудай” (Маалих Баяудец) атындагы баланын тарыхта калган окуясы ушул жерден башталган. Ал Добун мергенге бир эликтин этине алмашылып, малай болуп калган. “Чаташуунун баары ушул жерде” экенин эскерте кетели. Эми дагы бир өтө кундуу маалыматты карайлы (Рашид ад-Диндин китебинин 162-бети):

“Баяудай-Харбатан принадлежит к ним (Конуратам) и пришел оттуда. Баяудай из племени Олкунут, которое является ветвью Кунгиратов”.

Жогоруда Малиг дагы, Харбатан дагы Баягудай – Баяудай уруктарына таандык болуп жатат. Ошол Баяудай (Баяут) уругу Олкунут уруусуна кирип жатат. Ал эми Олкунут уруусу Коңураттардын бир бутагы болууда.

Демек, жогорудагыларга негизденип, Евгений Кычанов айткан Маалих Баяудецти (Малиг баягудай, Малик баягыдай-баяудай) Коңураттарга таандык деп айтсак болот.

Добун мергендин эки уулу эмне деген?

“Сокровенное сказаниени” дагы улантып окуйлу:

“По проишествии многих дней Добун мэргэн скончался. По смерти Добун мэргэн вдова его, Алан гоо, родила трех сыновей и дала имени – Бугу хатаги, Бугуту салжи и Бодончар мунхаг (акыркысы 970-жылы туулган), что значит Бодончар – простофиля.

Родившиеся во дня здравия отца своего Белгунудей и Бугунудей в тайне от матери Алан гоо говорили такие слова:

“Мать наша, ни родичей отца, ни прочих мужей не имея, троих нам братьев родила. Но в доме нашем все же есть один чужой мужчина:

Слуга из племени Малиг баягудай. Должно быть, дети от него”.

Бул жерде Алан гоа Малиг баягудайдан (Малик Баяудецтен) дагы 3 эм уулдардыэгиздерди төрөгөнүн Добун мергенден туулган 2 баласы айтууда. Алан гоа күйөөсү Добун мерген өлгөндөн кийин мураскерлер жаш болгондуктан, ошол элди башкарып калган. Ал эки баласынын нааразылыгын төмөндөгүдөй жөнгө салган:

“Прознав, что в тайне от нее старшие сыновья ведут такие речи, Алан гоо однажды по весне сварила вяленое мясо, накормила им сыновей своих – Белгунудея, Бугунудея, Бугу хатаги, Бугуту салжи и Бодончар мунхаг, посадила их в ряд перед собой и, дав каждому из них по стреле, сказал: “Переломите!” Что те легко и сделали. Когда же Алан гоо, связав пять стрел вместе, дала каждому из них со словами: “Переломи!” – никто из них не смог сломать связку.

Тогда она сказала: “Бэлгунудэй, Бугунудэй, сыны мои! У вас явились недоуменья, как это ваша мать троих вам братьев народила и чьими будет эти сыновья? В своих сомнениях сыновьих вы правы. Но вам неведомо одно лишь только. И истинно вам это говорю: к нам в юрту каждой ночью через орхо (это фортух, прикрывающий тоно-дымовое отверстия в крыше юрти) посланец Небо нисходил, вокруг сияние его в меня входило…

Когда ж луна должна сойтись и разминуться с солнцем, он, словно желтый пес, виляющий хвостом, поспешно уходил; и яркий свет за ним струился. Ужели нужно что-то молвит боле. Ведь ваши братья – неба сыновья”.

“Так они жили, до коле матери их, Алан гоо, не стало”

Ошентип, Алан гоа да дүйнөдөн өтөт. Кантсе да ал ошол мезгилдеги диндерди, санжыра-тарыхты мыкты билген аял экени көрүнүп турат. Өзүнүн урпактарына (малай Маликтен таркаган тукумдарына), “асман уулдары” деп эң мыкты идеология калтырып кеткен. Эки баласы айтып жатса деле, Алан гоо: “3 эм асмандан түшкөн нурдан жаралды”- деп койгон.

Бул жерде “түндүктөн түшкөн нур” менен “итте” чоң маани бар. “Нур” дегени – күндүн нуру. Ал Хунндардын диний ишенимине карата айтылууда. Ал эми “ит” – “бөрү”тотеми. Көк түрктөрдүн тотеми – “Көк бөрү”болгон. Ошондо, Алан гоа өзүнүн күйөсүз төрөгөн 3 эм балдарын Хунну жана Көк түрк империяларынын башкаруучу тукумдарынан чыгарганы көрүнүп турат.

Ал эми “орто жолдон чыга калган” Малик Баяудецке кийин, албетте, аял алып беришкен. Андан тараган тукумдары да өзүндөй болуп, Чынгыз хандын тушунда жана андан кийин деле чынгызиддерге кул болуп кала беришкени тарыхый булакта турат.

 

ТӨРТ УЛУС ТАРЫХЫ

Жогорудагы “Когда ж луна должна сойтись и разминуться с солнцем, он словно желтый пес, виляющий хвостом, поспешно уходил”- деп Алан гоанын балдарына айтып берген окуясы Мырза Улукбектин “Төрт улус тарыхында” мындайча бир аз өзгөргөн (41-бет):

“Аланкува караса, ал нурлуу мусавар (сымбаттуу) жигит раңсыз бир бөдөнө сүрөтүнө (кейпине) кирип, тышкары чыгып кетти…”

Улукбек улуу эмир Тамерландын (Аксак Темирдин) небереси, чоң атасынан калган тактын ээси, падыша болгон. Амир Темирдин да түбү Алан гоадан чыгат, ал дагы кыргыз. Айта кетсек, Аксак Темир Түмөн хандын Качуулунан ( “кач, уул!”), ал эми Чынгыз хан Түмөн хандын Кувул хан (“Куу, уул!”) уулунан тарашат. Качуул менен Кувул эгиз болушкан, Качуул – бул чоңу.

Негизи, падыша Улукбек өзүнүн китебине түпкү тегин “виляющий хвостом” болуп эшикке чыгып кеткен “итке” байланыштыра берүүнү туура көрбөгөндөй, намыстангандай туюлат. Анын үстүнө бөдөнө куш тибине кирген сүйкүмдүү канаттуу эмеспи. Ошондуктан, “эшикке ит эмес, бөдөнө – куш чыгып учуп кеткендей”жаздырган.

Эми бир кызык мисал келтирели. Кечээ жакынга чейин өзбектер (бул жерде сарттар жөнүндө сөз болуп жатат) кыргыздарды “ит кыргыз!” деп келишкен. Анткени, Чынгыз хан – кыргыз болгон, ошондуктан анын 11-атасынын убагында болгон окуяга байланыштырып, сарттар кыргыздарды “ит кыргыз” деп жатат. Ушул кыргыз эли Улуу хандын балдары, урпактарына кошулуп, жардамдаша ири империяны башкарышкан.

 

КЫРГЫЗДАР ЧОҢ КЫЗМАТТЫ ЭЭЛЕГЕН

Эми кыргыз эли чынгызиддер менен империяны “үзөнгүлөш, жардамдаша башкарышкан” дегенге да мисал келтирели, сөз кургак болбосун. Чынгыз хан өлөрүндө өзү түзгөн империяны 4 уулуна энчилеп берген. Ал ири өлкөлөр: Алтын Ордо, Ильханият, Могулстан жана Улуу Журт. Акыркысы Хубулайдын убагында Пекин борбору боло Хубулай мамлекети аталып, кийин кытайча Юань деген атка которулган.

Маселен, Рашид ад-Дин Ильханият ханынын Баш вазири (азыркыча Премьер-министр) болуп иштеген, көптөгөн тилдерди билген аалым болгон. Анын китебинин“Племена: Баргут, Кори и Тулас; племя Тумат также ответвилось от них” деген темасында мындай маалымат бар:

“Из племени Баргут (Баргы) в этом государстве (т.е. Иране), был Джурджаган, атабек (аталык) Аргун-Хана; его женой (была) Булаган, а сыновьями: Таутай и Буралги-Кукелташ. Сын Буралги, Саталмыш, был старшим и уважаемым эмиром во времена государя ислама”.

Бул жерде ашыкча сөздүн кереги жок. Дүйнөнү кыргыз эли чынгызиддер менен кошо жардамдашып, башкарышканы көрүнүп турат.

КАЗАКТАР ДЕЛЕ КУРУ КАЛБАПТЫР

Башталган сөздү дагы уланта түшсөк, “ит кыргызды” казак туугандар деле айтуудан куру калбаптыр. Кыргыз элинин алгачкы тарых окумуштуусу Белек Солтоноевдин 1993-жылы басмадан чыккан “Кызыл кыргыз тарыхы” китебинин 89-бетиндемындай деп жазылып турат: “Казактын айтуусунда кыргызды кулдан, күндөн, иттен таралды”- дейт. Маселен, казак ичине сиңип кеткен (кыргыз) Чөжө акын казак акыны Кемпирбай менен 1880-жылы чамасында айтышкан (Чөжөгө Кемпирбайдын жооп кылып айтып турганы):

“Бул кул, бир күндөн пайда болгон,
Жаралган кызыл иттен сен эмеспи”.

Бул жерде Алан гоа айтып турган “желтый пес, виляющим хвостом” “кызыл ит”болуп калып жатат. Негизи, ушундай түстөгү иттер саргыч-кызыл болуп көрүнөт эмеспи. Анын үстүнө казак акыны Кемпирбай “бул кул, бир күндөн (нурдан), кызыл иттен жаралган” деп кыргыз Чөжө акынын баса айтып жатпайбы. Ал сөздөр Чынгыз хандын 10-атасы Бодончар мунхаг менен анын эгиз бир туугандары Бугу хатаги, Бугуту салжиге карата айтылууда.

Бул айтылыш чынгызиддерге эле эмес, бүтүндөй кыргыздарга да “тагылып” жатканынан улам деле Чынгыз ханды ата-баба жана укум-тукуму менен кыргыз болгон деп айтсак болот.

 

БОРДЖИГИН МУНХАГДЫН ӨЗГӨЧӨ ОКУЯЛАРЫ

“Сокровенное сказание” боюнча Добун мерген менен Алан гоанын 2 уулунан: Белгунудейден – Белгунуд уруусу, Бугунудейден – Бугунуд (Бугу) уруусу тарайт.

Азыркы учурда Бугу уруусун кыргызга кирбейт деп эч ким айта албаса керек.

Ал эми үй кызматкери Малик Баяудецтен туулган 3 эмдин чоңу Бугу хатагиден – Хатагин (Катаган) уруусу, ортончусу Бугуту салжиден – Салжуд уруусу, эң кичүүсү – Бодончар мунхагдан – Кыят Борджигин Муңгуч уруусу тарайт.

Кыят – кыргызча “кыян-сел” дегенди түшүндүрөт.

Демек, Салжут, Катаган, Муңгуч уруулары “Сказание” боюнча кыргыздын бир тууган уруулары болуп чыгууда. Тарыхый булак боюнча үчөөнүн тең түбү – Баргы болот. Анткени, тарыхый булакта көрсөтүлгөндөй, Улуу Баргыдан Тумат бөлүнгөн, андан Хорилар, андан Борджигин Мунгуч чыгат.

Чынгызиддер Бодончар мунхагдан (мунгучтан) тарап жатпайбы. Ушул 3 бир тууган уруулардын биринчиси – Салжуттар Чынгыз хандын убагында ага каршы чыгып, кырылып калышкан. Ал эми Катаган уруусунун кыргыз экенин аалым Хусеин Карасаев өзүнүн “Камус Наама” деген эмгегинде “Манас” эпосунан мисал келтирүү менен мындайча далилдеген (401-бет):

“Катаган кыргыздардын чоң уруусунун аты. Афганистандын түндүк бөлүгүндө жашаган. 19-кылымдын 30-40-жылдары Катаган уруусунан чыккан Муратбек деген Кундузда туруп, бүткүл мамлекетти башкарган. Анын карамагына Аму-дарыянын эки жагы тең кирген. Азыр да Афганистандын кээ бир аймагы Катаган деп аталат имиш. Бул маалымат В.Бартольддун эмгегинде айтылат. Катаган уруусу өзбектерде да, казактарда да бар.

Күн батыш жаккы четинде,
Катаган деген бирөө бар,
Дагы турар асылып.
Кундуз, Талкан жери бар,
Бет алып кирсе соо койбос,
Беш уруу кыргыз эли бар.”

Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” эпосу

Эми Бугу хатаги – Катаган кыргыз болсо, анын ата-энелеш бир тууганы Бодончар Мунхаг (Мунгуч) кыргыз болбой “монгол” болуп калабы?! Албетте, Мунгуч кыргыз болот.

 

“МОНГОЛ” – МУНГУШ ЭКЕНИН ЧЕЧМЕЛЕЙЛИ

“Сокровенное сказаниеде” Бодончар мунхаг деп айтылууда. Мындагы “мунхаг” деген сөз кыргыздын “муң-как, муң-гак” деген эле сөзү. Ошондо, “Муңгак – Муңгуч” деген эле сөз экени көрүнүп турат. Ал эми Мунгуш уруусу – Мунгуч деп деле айтылып, жазылып келүүдө.

Негизи, Могол, Монгол, Мунгуш (Моңол, Моңгол, Муңгуч, Муңгуш) сөздөрүнүн баары эле бир маанини түшүндүрөт. Мында “Мон” менен “Мун” бир эле маани.

Ошол “Мун” кыргызча “муң – кайгы” дегенди билдирет. Калгандары: “Мон-Мун” негизги сөзүнө “хаг”, “гол”, “гуч”, “гуш” деп уланган мүчөлөр. Алтай жакта “уулду” азыр деле “оол” деп айтышат. Мисалы, Мунгуш уруусун Монгуш деп аташат. Мындан “Муңуул” – “Моңоол” болуп калган да, андан “Моңол, Могол, Моңгол” чыккан. Орустарда “ң” тамгасы жок болгондуктан, баары биригип келип “Монгол” аты келип чыкканы көрүнүп турат. Бул каяктан чыккан десек, ал да тарыхый булакта бар экен.

Тактап айтканда, Алан гоанын Маликтен туулган 3 эм эгиздеринин кичүүсү Бодончар мунхагдын (Мунгучтун) бала кезиндеги окуясы Мырза Улукбектин “Төрт улус тарыхында” төмөнкүдөй айтылат:

Ошол Бодончар төрөлгөндө моюнунан бир омурткасы кем болуп, кыймылдаса эле катуу ооруп, боздоп-ыйлап жүрүп чоңоёт. Андыктан, ага “мунхаг” деген кошумча ат жабышкан. “Мунхаг – муңгак, муңкак, муңгуч, муңгуш” экенин жогоруда түшүндүрүп бердик. Демек, Бодончар мунхаг – Бодончар муңгуч болууда.

Ошол Бодончар муңгуш өтө эстүү, баатыр жигит болуп чоңоёт да, 15 жашында Алан гоадан калган элге хан болот. Бодончар Мунгучтун 15 жашында хан болушу Мырза Улукбектин “Төрт улус тарыхы” китебинде бар (67-бет).

Орус элинин улуу окумуштуусу Лев Николаевич Гумилов: “Монголдордун доорутарыхый аренага дал ушул Бодончардын келиши менен башталаган”,- деп жазган.

Буга монголдордун тарыхка түшө башташы да дал келет. Эми Мунгучтан кантип“Монгол” деген ат келип чыкканы түшүндүрөлү. Анда окумуштуу Е.И.Кычановдун“Жизнь Темучжина думавшего покорить мир” китебинин 8-бетин карайлы:

“Создав свое государство Хамаг (все) монгол улус в середине 11-в., монголы называли его Мунгу”. Айрым жерлерде “Мэнгу” деп да жазылып жүрөт.

“Сокровенное сказаниедеги” окумуштуулардын комментарийлеринде (208-бет):“Монголдор 12-кылымда “Мангуцы” аталышкан”,- деп турат.

Монголдор Кытай булактарына (“Цзю Тан шу”) алгач, 10-кылымдын аяк жагында “Мэн-у ши” же “Мэнгуши” деп түшкөндүгүн окумуштуулар өздөрү жазып жатат. Мындагы “Мэнгу, “Мунгу”, “Мангуц”, “Мэнгуш” деген сөздөр – кыргыздын “Мунгуш”деген эле сөзү экенин оңой байкоого болот.

 

ГҮЙҮК ХАНДЫН КАТЫ

Чынгыз хандын небереси, Өгөдөйдүн урпагы Гүйүк хан (1206-1248) Рим папасы Иннокентий төртүнчүгө саякатчы Плано Карпини аркылуу фарсы тилинде кат жөнөткөн экен. Окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегиндин ушул боюнча кыргызча котормосунан үзүндү келтирели:

“Түбөлүктүү Теңирдин күчү менен Улуу Монгол (түпкү катта бул сөздөр Yeke Mongyol деп жазылган) улусунун Мухит сындуу ханынын жарлыгы”.

Мындагы Yeke сөзү “Улуу” деп туура эле которулган. Ал эми Mongyol түз эле “Монгол”болуп которулуп кетип, туура болбой калган. Мында түпкү текстеги Mongyol сөзүн өзүндөй Монгуол деп которуш керек эле. Ошондо, Монгуол Алтай түрк тили боюнчаМонгу-оол (Монгу оол) болуп калат. Бул кыргызча Монгу уул (Монгуш уул) деген эле сөзүбүз.

Көрүнүп тургандай, бул жерде да Чынгыз хандын небереси Үгедей хан “Монгол” эмес,“Монгу уул” (Mongyol) деп кат жаздырган. Мында Монгу сөзү Монгуш сөзүнө дал келүүдө. Кыргыз Мунгуш уруусу Алтайда Монгуш деп аталарын элдин баары билет.

 

АБУЛ ГАЗЫ ХАНДЫН “МОНГОЛ” СӨЗҮНӨ БЕРГЕН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Маселен, А. Мелехиндин котормосундагы “Чингизхан. Сокровенное сказание монголов. Великая яса” китебинин 306-бетинде Абул Газы бахадыр хан “монгол”деген сөзгө мындайча так жана таамай түшүндүрмө бергени жазылган:

“Кроень слово “монгол” есть “мунг-ул” (муң-уул). Народ уклоняясь от точного выговора, со временем стал произносить “монгол”. Слово “мун”, известное всем тюркам, значит “печальный”, значит “угрюмый”, потому “монгол” значит: “печальный, угрюмый” (муңгуч – муңгак).

Бардыгы туура, жогоруда айтылгандарга төп келип турат: “Монгол” – Муңуул!

Демек, Монгол — Мунгуч экени далилденди. Бул Алан гоанын Бодончар Мунгучунан келип чыккан. Демек, Мунгуш кийин “Монгол” болуп өзгөргөн да, тарых илиминде да ушул бойдон кала берди. Ошондуктан, Бодончардан бери, өзгөчө Чынгыз хандан берки “Монгол” делгендерди Мунгуш деп түшүнүшүбүз керек.

 

ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН АТА-БАБАЛАРЫ

Эми Мырза Улукбектин китеби боюнча Алан гоанын Малик Баяудайдан төрөгөн 3 уулунан тараган тукумдарды карайлы.

Чоңу Бурхундан: Кабакай жана Катаган. Ортончу уулу Бусунгурдан: Сабахи, Салжиут. Ал эми кичүүсү Бодончар мунгучтан: Бука хан, андан Дутумун хан, андан Кайды хан, андан Байсункар (Байшумкар) хан, андан Түмөн хан, андан Кувул хан, андан Кубилай хан, андан Бартан баатыр хан, андан Есугей баатыр хан, андан Чынгыз хан.

Мына ошентип, жогоруда Чынгыз хандын ата-бабаларын Добун мергенден же “генетикалык жашыруун 11-атасы Малик Баяудецтен” ылдый тизмектедик. Евгений Кычановдон башка да окумуштуулар Маликти кыргыз дешкен. Мисалы, орус окумуштуусу Березин “Алан гоанын 3 уулу кыргыздан туулган” десе, анын пикирин аалым П.Рачневский да колдогон.

Мындан да так фактыны т.а. Чынгыз хандын убагындагы монголдордун (мунгучтардын) түбү түрк тилиндеги урууга таандык экенин Рашид ад-Дин өзүнүн эмгегинин 99-бетинде мындайча так жана ачык кашкайта жазган:

“Древнее время монголы были народом, принадлежащим к тюркским племенам”.

Бул аздык кылса, 103-бетин дагы окуйлу:

“Древности монголы были (лишь) одним племенем из всей совокупности тюркских степных племен”.

Ушинтип тарыхый булактар жана аны изилдеген дүйнөлүк окумуштуулар өтө так жазып жатса, биз Чынгыз хан кыргыз эмес деп кантип айтабыз. Себеби, бул жерде “талаа түрк уруулары” деп кыргыздар айтылып жатат. “Бирөө” дегени – Мунгуштар (азыркы монголдор эмес!) булар да кыргыздар.

Бирок, чынгызиддер өздөрүнүн малай Маликтен жаралганын жашырышкан. Себеби, кайсыл династия өздөрүн “кулдан жаралганбыз” десин. Алар Алан гоанын айтканы боюнча “нурдан жаралганбыз” дешкен.

Ал эми Чынгыз хандын империясын дүйнөлүк аренага алып чыккан элдин ядросу – бул кыргыз элинин чоң уруусу Баргынын бир бутагы болгон, Туматтардан чыккан Хорилар (андан Кыяндар) экенин тарыхый булактар айтып жатат. Кийин Бодончар мунхагдын (мунгучтун) аты менен “Монгол” аталып кеткенин жогоруда далилдеп көрсөттүк. Тактап айтканда, кыргыздын Мунгуш уруусунан ( Могол, Моңол, Монгол) эли пайда болгон.

Демек, Чынгыз хандын “монголдору” (азыркы монголдор эмес) – Мунгучтар болуп саналат.

Азыркы учурда “Чынгыз хандын сөөгү Алтайдагы Монгуштардын жерине жашырылган” деген маалыматтардын айтылып жүргөнү бекеринен эмес.

 

ЧЫНГЫЗ ХАН – КЫРГЫЗ, АЗЫРКЫ МОНГОЛДОР – ОЙРОТ (КАЛМАК) БОЛГОН

Негизи, Чынгыз хан көтөргөн “Монгол” деген атты кийин көптөгөн көз каранды элдер алып калганы өзүнчө сөз кылууга арзыган чоң тема. Маселен, азыркы монголдор (Монголия) кантип пайда болуп калганын окумуштуу Д.Покатилов өзүнүн“История восточных монголов в период династии Мин (1368-1634)” деген эмгегинде мындай деп так жазган (“Руниверс” сайты):

“Эсэн (монг. Эсэн тайш, 1407-1454) – ойратский тайши, старший сын и наследник Тогон-тайши, самопровозглашенный великий хан Монголский империи (1453-1454). Не принадлежал к чингисидам, являлся представителем рода Чорос.

Еще при жизни Эсэн вел войну против Могулстана. В этой войне он одержал множество побед над Султан-Увайс-ханом и даже дважды захватил его в плен. В 1439 году после смерти своего отца Тогона Эсен-тайша стал лидером ойратского племенного союза. В 1440-х годах Эсэн обрушился с опустошительными набегами на токмоксих кыргызов; многие их роды в страхе покинули свою страну и откочевали во владения ханов Могилстана, на Тянь-Шань. Тогда же Эсэн вернул Хами, освободившийся в 1425 году. В 1445 году три урянхайских округа в Маньчжурии, отложившиеся к Минам в 1389 году, признали верховную власть Эсэна.

Летом 1449 года двацатитысячнаго монгола-ойратская армия под командованием Эсэна вторгалась на територию Китая и, разделившись на три группы, двинулась по направлению к Пекину. 4 августа неподготовленная и плохо организованная 500-тысячная китайская армия выступила в поход под командованием минского императора Чжу Цичжэня. Главный евнух Ведомства ритуалов Ван Чжэнь, ставший фактически вторым лицом после императора, уговорил молодого монарха соверщить победний марш-бросок на север и разгромить Эсэна на территории Монголии. Генеральное сражение произошло 1-сентября 1449 году в месности Туму, к юго-западу от гору Хуайлай в современной провинции Хубей. Окружив китайскую армию, ойраты нанесли ей сокрушительное поражение. Осенью 1450 года Эсэн, заключил мирный договор с империей Мин и освободил из плена китайского императора Чжу Цичжэня, с которым расставался уже как с другом.

В 1453 году умертвив монгольского Тайсун-хана и его младшего брата Агбарджина, Эсэн объявил себя великим ханом Монгольский империи и заключил мир с империей Мин.

В начале 1454 года против Эсэна выступили ойратские тайши Алаг-Тэмур-чинсан, правитель правого крыла, и Хатана-Тэмур-чинсан, правитель левого крыла, и потребовали от ставшего ханом Эсэна, чтобы он уступил им почетный титул тайши-чулы. Однако Эсэн-хан передал титул тайши-чулы своему старшему сыну Амансанджи-тайше. В ответ ойратские тайши подняли востание, собрали войска и напали на Эсэна, который потерпел поражение и вскоре был убит.”

Кыргыз элинин “Манас” эпосундагы калмак ханы Эсен хандын чыныгы тарыхка түшүп калган окуясы ушундай. Азыркы Монголиянын түзүлүшүнө себеп болгон ойрот-калмактардын тарыхын кыргыз окумуштуусу Хусеин Карасаев “Камус Наама”эмгегинде кыскача так мындай берген (593-бет):

“Ойрот деген ат 13-кылымдан бери белгилүү. Монгол тукумуна кирүүчү уруулардын бириккен аты. 15-кылымдын орто ченинен тартып: Балкаш, Тияншан, Алтай аралыгына мамлекет түздү. Муну түзгөн Чорос деген адам. 17-кылымдан тартып Жунгария деп аталды. Каракул, Контаажы деген кандары болгон. 1758-жылы бул мамлекет кулады.”

Жунгария кулагандан кийин т.а. Кытай армиясынан калмактардын 1 миллион эли кырылып, 40 миң үй-бүлөсүн орустар алып барып азыркы Калмыкияга жайгаштыргандан калган калдыктары – соңунда Монголия мамлекетин түзүп калды.Ал жерде кыргыздар болгон эмес же өтө аз санда калган. Азыркы монголдор менен кыргыздардын айрымасы чоң экени ушундан чыгат.

 

МОГОЛИСТАНДЫН АРСТАНДАРЫ

Тарыхта белгилүү болгондой, кыргыздардын турган жери “Моголистан” деп аталган. Бекеринен Мухаммед Хайдар өз эмгегинде кыргыздарды “Моголистандын арстандары!” деп айтпаса керек. Анткени, Моголистан кыргыздардын өлкөсү болгон.

Жогоруда Чынгыз хандын кыргыз экенин тарыхый булактардан алып чыктык. Жетиштүү эле айтылгандай, Чынгыз хандын түпкү “жашыруун биологиялык ата”тарабы гана – кыргыздардын Коңурат уруусунан болот. Ал эми түпкү эне (апа) тарабы –Баргы уруусунан болгон (бул генетикасы). А чынында чынгызиддердин чыккан уруусу– Хорилар булар Тумат, түбү Улуу Баргы болот.

Ал эми Чынгыз хандын генетикалык гана “11-атасы Малик Баяудец өтө жашыруун болуп”, билинген эмес. Аны “Сказаниеде” Добун мергендин эки уулу – Белгунудей менен Бугунудей айтып салып жатышпайбы: ”Апабыз 3 эмди үйдөгү малай Маликтен тууду деп”.

А негизи, “Сокровенное” санжырасында, т.а. Чынгыз хандын аталары боюнча тизмесинде анын 11-атасы болуп Добун мерген аталып турат. Добун мерген болсо, Горлос (Хорилар) – Туматтан чыккан Баргы болсо, Алан гоа туматтардын ноёону Хорилардай мергендин кызы. Туматтар болсо Улуу Баргынын бир бутагы экенин жогоруда айттык.

Ошондо, Добун мерген Алан гоа экөө тең кыргыздын Баргы уруусунан болгондон кийин Чынгыз хан өзү да Баргы болот.

Ал эми Малик болсо, анын кокусунан болгон 11-жашыруун биолгиялык атасы гана, ошону менен “коңураттарга тиешелүүлүк” бүтөт . Муну тарых илими тастыктоодо.

“Сказаниеде” Чынгыз хандын аталары катары – Есугейден баштап, Добун мергенге (11-атасы), андан ары Бортэ чоного (22-атасы) чейинки санжырасы саналып турат. Ал эми Малик Баяудайды Добун мергендин өз балдары Белгунудей менен Бугунудей айтып салып жатпайбы.

Бул маалымат таптакыр унутулуп калгандан кийин, аны орус окумуштуусу Евгений Кычанов “Монголдордун жашыруун тарыхынан” Маалих Баяудец деп таап чыккан. Болгону ошол, Маликтин “тарыхы” Чынгыз ханга кокусунан “11-биологиялык ата болуу” менен гана бүтөт.

 

ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН ЧОҢ ЭНЕСИ – БАРГЫ КЫЗЫ

Ал эми Чынгыз хандын апасы Оулен жана аялы Борте коңураттардын Олкунут уруусунан экени тарыхтан белгилүү. Бул коңураттар ошол кезде Буйур нур жана Кулун көлү (Далай нур көлү) жакта татарлар менен коңшу турганын тарыхый булактар так көрсөтүп турат. Ал эми чоң атасы Бартан баатыр хандын аялы Баргы кызы болот (ал Чынгыз хандын чоң энеси). Бул жөнүндө “Сокровенное сказаниенин” 334-бетинде мындай жазылып турат:

“Бартан-батор был дедом Чингисхана. По-монгольских деда называют эбуге. Он имел старшую жену по имени Сунигил – фужен, из племени Баргуд: от нее он имел четырех сыновей”.

Мында “Сунигил” деген сөз – кыргызча Соногүл дегенди түшүндүрөт. Ушул 4 уулдун бири Есугей баатыр – Чынгыз хандын атасы. Демек, Соногүл кыргыздын Баргы уруусунун кызы, андан туулган балдардын көздөрү көк, чачтары сары болушуп, Алан гоа айткан ”асман уулдарынын” белгиси кайра келген.

Чынгыз хандын уруусу дал ушул Есугейден баштап, Кыят Борджигин (“көк көздүүлөр” деп) аталышкан. Т.а. Кабыл хандын убагында аталган “Борджигин”деген ат кайрадан актуалдуу болгон.

Ушул жерден айтып кете турган нерсе: кыргыздардын (баргылардын да) көздөрү көк, чачтары сары, буудай ыраң болгон. Мунун Кытай тарыхынан белгилүүлүгү 9-кылымда жазылып калган. Мында Соногүлдүн көзү көк болгону үчүн Есугей жана анын балдары: Чынгыз хан, Хасарлардын көздөрү көгүлжүм болууда. Ошондой эле дал кыргыздардай, алардын да бойлору узун жана келбеттүү жана ак жүздүү болушканын тарых тастыктап турат.

 

БАРГЫ МЕНЕН КОҢУРАТТЫН ЖАКЫНДЫГЫ

Негизи, кыргыздардын Баргы менен Коңурат урууларынын жакындыгын Абул Газы бахадыр хан бин Араб Мухаммед өзүнүн “Түрк санжырасы” деген эмгегинин экинчи бабында мындай деп баса белгилеп кетиптир (“Кыргыздар” китебинин 1-тому, 35-бет):

“Курлейит (Хорилар) – Баргут уругу. Буларга Коңурат жакын болор. Алардын каадим журту да дайым бир болор”.

 Ал эми кыргыз элинин санжырасында Нухтан Яфес, андан Түрк, андан Түтөк хан, андан Элчи хан, андан Баку хан, андан Күйүк хан, андан Аленче хан, андан Татар жана Могол хандар тарайт. Могол хандан Карахан, андан Угуз хан, андан 6 уул тарайт: Күнхан, Айхан, Жылдызхан, Көкхан, Тоохан, Деңизхан. Көкхандан Жете, андан Коңурат тарайт. Ал эми Тоохандын уулу Кыргызхан.

Демек, санжырада да Кыргыздар менен Коңураттар түбү бир эл болуп жатат. Аталары Тоохан менен Көкхан бир туугандар. Бирок, Кыргызхандын жолу улук. Биринчиден, ал хан болгон делет, экинчиден Кыргызхан Коңураттын атасы Жете менен тең, авасы болот. Коңурат Көкхандын небереси. Санжырада Коңурат хан болгон деп айтылбайт. Коңураттар кыргыз элинин катарына кирет деп айтылганы да ушундан келип чыгат.

 

ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН УРМАТТООСУ

Негизи, Чынгыз хан коңураттар менен баргыларга аябай урматтоо менен мамиле жасаган. Ага “Сокровенное сказаниедеги” тексттер далил болот:

“Чингисхан узаконил в качестве брачных партнеров императорского рода. “Когда в роде хунгиратов рождаются девочки, они из поколения в поколение становится императрицами; когда рождаются мальчики, они из поколения в поколение женятся на принцессах. Пусть, непрерывно из поколения в поколение женятся, объявляют этот жалуемый указ впервую луну четырех времени каждого года”.

Мына, Чынгыз хан коңураттарга карата кандайча кадырлуу Жарлык чыгарганы. Мунуапасы Оулендин жана аялы Бортенин урматына карай чыгарганы көрүнүп турат. Алар Далай нур (Кулун) көлүнүн жанында чогуу жашашкан Коңураттардын Олкунуттарынан болушкан.

Бирок бул жерде “Коңурат Маликти да унутууга” болбойт. Ал “нурдан жаралган” 3 эмдин туулушуна себеп болсо дагы, анын өзү жана тукумдары чынгызиддерге кул болуп кала беришкен. Ошондуктан, Чынгызиддер Малик Баяудецти “түпкү атаңар” деп айтууга эч кимге жол беришкен эмес. Алар өздөрүн Бортэ чоно (22-атасы), андан бери Добун мергенден (11-атасы) таратып, “биз Хориларбыз, нурдан жаралганбыз” дешкен.

Демек, чынгызиддер – кыргыз – Баргы. Маселен, азыр деле кыргыздар “биз Аруу – Нур элибиз” деп келе жатышпайбы.

Эми “Сказаниенин” 293-бетинен Чынгыз хандын кыргыздарга (баргыларга) карата берип жаткан баасын окуйлу:

“Всякий мальчик, родивщийся в Баргузин Токуме (баргылардын жери) будет умным и мужественным воином-богатырем, знающим и сметливым мужем без руководства и наставлений; всякая девушка, родивщаяся там, будет прекрасна без причесывания и украшений”.

Чынгыз хандын өзү Баргы кыргыздары жөнүндө ушинтип жөн жерден айтпагандыр. Албетте, кыргыздарды жакындан билген үчүн ушинтип айтып жатат. Жогорудагыларга негизденип, Чынгыз хандын түпкү “жашыруун биологиялык ата журту гана” – кыргыздын Коңурат уруусунан, тага журту – Баргы уруусунан. Бирок бул генетикасы гана, а эли Хорилар, аларды Чынгыз хандын ата-бабалары башкарган, өздөрү да Хорилар – түбү Улуу Баргы.

Бирок, Хорилар Чынгыз хандын ата-бабаларын тарыхый аренага чыгарган менен кийин Алан гоанын эң кичүү уулу Бодончар мунгуч Онондун ылдый жагындагы “башчысы жок” элдерди 4 агалары менен басып алып, хан болгон соң мунгучтар “тез эле көбөйүп кетишкен” да, Мунгуш уруусу – “монголдор” пайда болгон (маалымат “Сказаниеде” турат). Бул окуя 10-кылымдын этегинде болгон.

Ошентип, мунгуштар (“монголдор”) өзүнчө эл болуп кеткен. Бирок, түбү Баргы экенин унуткан эмес. Дайыма алар менен бир, ынтымакта болушкан. Ал эми Хорилар – Улуу Баргы бойдон кала беришкен.

Мындай ынтымактуулуктун тарыхы терең. Эмесе, Рашид ад-Диндин “Летопистер жыйнагынын” 1-томунун 117-бетин окуйлу:

“Племя Курлаут (Хорилар) с племенами Кунгират, Элджигин и Баргут близки и соединены друг с другом; их тамга у всех одна; они выполняет требования родства и сохраняют между собою (взятие) зятьев и невесток. Эти три-четыре племени никогда не воевали с Чингис-ханом и не враждовали (с ним), а он никогда их не делил и никому не давал по той причине; что они не были его противниками. Чингис-хан по справедливости назначил их на властьи в свою страну. В его время все они следовали путями побратимства и сватства (анда-кудаа) и все состояли в кешике Джида-нойона. Еще до настоящего времени в кешике находятся их потомки.”

Чынгыз хан өзүнүн көздөй эли Баргылар менен Коңураттарга өтө ишенгендиги ушундан көрүнүп турат.

 

12 УРУК (АТА) БАРГЫЛАР

Баргы уруусу тээ байыртан бери эле 12 ата баргылар деп аталат. Алардын айрымдарын санасак: Хан Баргы, Мырза Баргы, Улуу Баргы, Таз Баргы, Кара Баргы, Сары Баргы ж.б. Азыркы учурда баргылар негизинен, Кыргызстандын Ошоблусунда жашашат. Жалпы өлкө боюнча 1 миллионго жакын адамды түзөт. Кыргызстандын Ош облусунун Алай районунда Корул деген жер бар. Ал жердеги санжырачылардын: “Корул – бул “аскер уул” дегенди түшүндүрөт”,- деп айтышканы “Сокровенное сказаниедеги” Хориларга дал келет.

Жогоруда “Хорилардай мерген туматтардын аскер башчысы, кийин мунун аты менен Хорилар уруусу пайда болгон. Туматтар болсо Баргылардын бир бутагы”-деп айтылганын орусча бербедикпи. Ошондо, Хорилар – Улуу Баргы экенин тарыхый булактан так көрсөттүк. Корул айылында жашаган Бакал уругу өздөрүн Улуу Баргы деп аташат.

Алайдагы Корул айыл өкмөтүнүн аймагында Тогузгун деген жер бар. “Сокровенноесказаниеде” Хорилар турган жер Тогоцог деп аталган. Ошол Тогоцог тоосунун жанында Ариг ус (усун) жана Арал деген жерлер да бар. Кызык жери – азыркы Корул айылынын аймагындагы Тогузгун тоосунун жанында да Арал деген түз жер бар. Анын эң жогору жагынан, Кара-Жылга капчыгайынан бери кесилип чыккан узун арык да бар.Арал деген түз жер эки суунун кошулушунда жайгашкан.

“Сокревонное сказаниеде” айтылган Тогоцогго окшош Тогузгун тоосу, Ариг усунгауйкаш – узун Арык жана Аралдай эле, Арал деген жерлердин баары Корул айылынын аймагында бар. Бул ойлоно турган, изилдөөгө муктаж маселе.

 

ЧАНА ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТ

Кыргызстандын Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Алай-Куу деген жеринде Кулун көлү бар (ал Хулун-Нур көлү менен уйкаш). Ушул жерден Рашид ад-Диндин кадимки эле кышында тепчү чана жөнүндө жазган кызыктуу маалыматын да келтире кетели (1-т. 1-китебинин124-бети):

“Чанэ знают в большинстве областей Туркестана и Могулистана. Особенно же о них имеют понятие в областях Баргуджин-Токум, у племен: кори, киргиз, урасут, теленгут и тумат, потому что в этих областях особенно употребляют этот способ передвижения.”

Эми белгилүү Америка окумуштуусу Джек Уэзерфорддун “Чингисхан и рождение современного мира” деген китебин Е.Лихтенштейндин котормосунда (2005-жылыМосквадан чыккан, 355-бет) орусча окуйлу:

“Наиболее традиционные монголы жили в центральной степы, которая получила имя Могулистан и располагалась на территории современных Казакстана и Сибирии на севере и через Туркестан и Среднюю Азию до Афганистана на юге. На некоторое время они объединились под властью правнука Угедея и Туракины, Хайду. Он правил из Бухары и соперничал с властью Хубилая, но вскоре эти земли рассыпались на множество небольших княжеств.”

Көрүнүп тургандай, америкалык окумуштуу тарабынан Чынгыз хан өлгөндөн кийинки мезгилдерде кыргыздар (“традиционные монголы”) кайсыл жерлерде турганы, абалдары кандай болуп калганы өтө таамай берилген. Ал мезгилдеги окуялар том-том китептерден турат. Буларга токтолбой сөздү жыйынтыктайлы.

ТЫЯНАК СӨЗ

Ошентип, дүйнөнү дүңгүрөткөн Чынгыз хан кыргыз бабалары Баргыларды (Добун мергенге байланыштуу түпкү ата тарабын, Алан гоага байланыштуу түпкү тагаларын) тартып, “умным и мужественным воином-богатырем” болуп, аалам таң калган зор империя түзүү менен бүткүл адамзаттын катуу серпиле өнүгүшүнө бекем шарт түздү!

Ушул жерден макаланы орус элинин 2 окумуштуусунун илимий көз караштары менен жыйынтыктайлы:

Маселен, Монгол тарыхы боюнча мыкты адис, окумуштуу Б.Я.Владимирцов: “В 12-в. Аристократический род Хабул хана носил имя Борджигин и принял название “Монгол” после того, как подчинил себе и объединил несколько соседних родов и племен, образовав таким образом, единое политическое целое, один род – улус; этому-то улусу и было дано имя Монгол (Мунгу) в память славного имени какого-то древнего и могучего народа или рода”,- деп туура айткан.

Ал эми дагы бир орус элинин улуу окумуштуусу Н.А.Аристов кыргыз санжырасын, тарыхын изилдеп келип, мындай деп жазган:

“Имени монгуш, монкондор (в “Си-юй-ту-чжи”), монульдыр, мунулдыр, монылдыр (все это у Чокан Валиханова у статье “Поездка в Кашкар”), монгулдар и могулджар (у г. Загряжского), молдур (у Северцова) кажутся разными производными формами имени Могол.

Это, а также отделение Монгол и Монгушей и монголское форма имени еще двух отделений (кудагачин и тулейкен), дает достаточные основания считать монгушей союзом из разнородного сбора, составившимся под главенством остатков джагатаидских монголов, оставшихся верными кочевой жизни и нашедших убежище в горах между Кашкаром и Ферганой (Алай тоолору) после падения власти джагатаидов и в Кашкаре. Китайцы, 1759 году, по “Си-юй-ту-чжи”, нашли монгушей (монкондор) на нынешних их местах, в числе около 700 семей, под управлением Адзи-бия” (Ажы бий – Тилеке баатырдын баласы).

Кантсе да, бул жерде окумуштуу Кашкардагы чынгызиддердин династиясы кулагандан кийин, ошол чагатаиддер өз уңгусу болгон Муңгуштарга кошулуп, алардын арасына сиңип кеткенин айтып жатат. Туура, Чынгызид чагатайлар өз эли – Мунгучтардын башында болбогондо каякка бармак эле. Ошентип, Кашкарды борбор кылып турган чагатаиддер “асманга учуп кеткен” эмес. Мунгучтарга аралашып кетишти, чыныгы атына кайтып, өзгөрүлгөн “Монгол” аты өчтү. Аларды эми – Баргы уруусунан чыккан Ажы бий башкарып калганын айтып жатат.

Чынгызид “монголдор” (бул кыргыздар: мунгуштар, моңолдор) менен азыркы Монголиядагы монголдордун айырмасы чоң. Азыркы монголдордун генинде манжурлардын, кара кытайлардын, калмактардын каны дээрлик 80-90 пайызды түзөт. Аны генетика илими деле тастыктоодо.

Мунгуштар жөнүндө кыргыз окумуштуусу, профессор Сабыр Аттокуров мынтип жазган(1995-жылы чыккан “Кыргыз санжырасы” китеби, 89-бет): “Мунгуш уруусу кыргыз этносунун экинчи жолку – Тьян-Шанда, Ферганада калыптанышына катышкан экинчи катардагы – жаңы этникалык бирикме. Анткени, анын байыркы кыргыз элинин курамында, 10-кылымдан мурда болгондугу жөнүндө эч дарек жок”.

Көрүнүп тургандай, бардык маалыматтар бири-бири менен дал келүүдө. Ошондуктан, бул багытта кенен иликтөөлөрдү жүргүзүү – бүгүнкү күндүн талабы.

Бегиш ААМАТОВ, коомдук ишмер, тарых иликтөөчү,
Макаланы жазып, даярдаган журналист Азизбек ЧАМАШЕВ,
«Эркин тоо», 11.04.2016-ж.

Соц тармактар:

3 thoughts on “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чынгыз хан кыргыз болгон

  • 06.07.2016 at 06:12
    Permalink

    Байғұстар, өз тарихы болмағандықтан, басқа халықтардын тарихын ұрлауға мәжбүр. Әлде кедейліктен соншама азғындап, өзіне ешқашан тән болмаған “ұлылықты” қыстырғыларын келе ме?

    Reply
    • 07.07.2016 at 08:58
      Permalink

      Өз тарыхы жок дегениңиз – чоң чекилик. Кыргыздардыкындай тарыхы бар элдер дүйнөдө аз болушу мүмкүн. Ал эми кээде аша чаап, бардыгын өз улутуна такап, өз улутунан баштап койгон нерселер бардык элдерде жолугат. Казак туугандарда да.
      Бирок бир чети карасаң, кандайдыр бир деңгээлде алар да туура болуп калышы мүмкүн. Анткени бардык элдердин түбү бир – бир ата, бир энеден тараганбыз. Бир тамыр бардык бутактарга таандык болгондой, кайсы бир орток тарыхий окуялар көп элге тиешелүү болушу мыйзам ченемдүү нерсе. Бир да улут жок илгертеден эч кошулмасыз, таза бойдон сакталып келген.

      Reply
  • 11.10.2016 at 15:17
    Permalink

    Чынгыз хан кыргыз эмей казакпы? Казактар 500 жылдыгынарды жакында майрамдадынар. Ал эми Чынгыз хан 12 кылымда жашаган. Муну талаша албасанар керек?

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.