Сабырбек Түгөлбай уулу: “Бизди эч ким укпай атамдын керээзи аткарылбай калды”

Кыргыз Эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбеков менен бүтүндөй кыргыз эли сыймыктанып келет. Бирок бул залкардын жашоодо кандай инсан болгону баарыбыз үчүн белгилүү эмес. Андыктан Түгөлбай атанын үйүнүн босогосун аттап уулу Сабырбек агай менен баарлашып кайттык.

tugolbay_sabyrbek– Сабырбек ага, сиз Түгөлбай атанын канчанчы баласы болосуз?

– Мен 1947-жылы туулгам, атамдын уулдарынын кенжесимин. Биз үч уул, бир кыз болчубуз. Учурда ата-энемдин, бир туугандарымдын көздөрү өтүп кетип мен жалгыз калдым. Ата-энемден кийин карындашым, анан Аскар байкем, андан соң Арстанбек байкем каза болуп калды. Менин эки уулум бар. Улуусу Чоро 42де, архитекторлук кесиби менен Голландияда иштейт. Эржан 40 жашта. Ал Канада мамлекетине иштеп кеткен.

– Кимиңиздер атаңыздарга жакын элеңиздер?

– Уулдардан көкүрөк күчүгү болгондуктанбы, атама мен жакын болчумун. Ошондой эле көпчүлүк мени атама окшоштурушат. Бирок атамдан сөөк жагынан кичинемин. Анын бою 178 см болуп, салмагы жүздөн ашчу. Ал эми менин боюм 174 см, салмагым жүзгө жетпейт.

– Түгөлбай атаны биз жазуучу катары билебиз, ал эми кандай ата болгонун сиз айтып берсеңиз?

– Атам калпты жек көрчү. Айтканын аткарбаган адамды жактырчу эмес. Көрө албастык, көз артуу деген нерселер анда жок эле. Күндө эртең менен эрте туруп түшкө чейин машинкасын тарсылдатып иштей эле берчү. Түштө тамактанып алып тексттерин редакциялап, эртең менен баскан текстин, өзгөчө диалогдорун үнүн катуу-катуу чыгарып окучу. Андан соң короого чыгып бак-дарактарды кыйыштырып, бак олтургузуп жүрө берчү. Антип иш жасап жүргөндө, албетте, биз жардам берчүбүз. Бирок атам биздин сабактарыбызга аралашчу эмес. Анткен менен жашоодо өзү бизге сабак болду. Ал кишинин жанында жүрүп эле сабак алчубуз. Кыргыз уулу кандай болуш керек экенин атамдын элесин эстегенде түшүнөм. Атамды ээрчип айылдарга көп бардым. Айыл эли атамды кадырлап сыймыктанып тосуп алчу. Айылга чыгармаларындагы сюжеттерди карапайым элден алсам, маалымат топтосом деп барчу. Ал эми биз балабыз да, тоо-таш, суунун боюнда чуркап ойногонго эле куштар элек. Азыр мен 68 жаштамын. Кичинемден шаарда өссөм дагы учурда айылдагы карыяларга жүрөгүм тартып, атамдай болгон карыяларды кадимкидей сагынам. Ошол убакта атамда да ушундай сезимдер болсо керек деп калам.

– Апаңыз жөнүндө да айтып берсеңиз.

– Апам Асылгүл атамдан 9 жаш кичүү эле. Ал ак сөөк кыргыздардын тукумунан, солто уруусунан болгон. Байтикке кетип баратканда оң капталда Өзбек байдын күмбөзү бар. Ошол Өзбек бай апамдын чоң аталары болгон экен. Илгери өкмөт байларды кулакка тартып, алардын балдары башка ысым менен жөнөкөй элге жазылган. Ошондо апам да карапайым элдин кызы болуп калган. Бирок өң-келбетинен ак сөөктүн кызы экени билинип турчу. Андай болсо да жоош, адамгерчиликтүү, сулуу жан эле. Финансы техникумунда окуп, бирок атама турмушка чыккандан кийин окуусун аяктабай калса керек. Атам анда кургак учук менен ооруп согушка да барбай калган. Апам атамды, андан кийин балдарын багып турмуштары улана берген. Апам 63 жашында каза болду. Өтүндө таш бар экен. Убагында операция жасатпай, кийин кыйналганда операцияга берип жакшы чыккан. Атамдын: “Апаңардын өтүнөн мынча таш чыкты. Буюрса, эми жакшы болот”, – деп таштарды көтөрүп келгени эсимде. 2-күнү апамды жакшы деп жатсак эле ооруканадан көз жумду. Атам апаман 72 жашында калды. Экинчи ирет никелүү болгон жок. Бул маселени биз да, сырттагылар да көтөрүп “кары адамды караганга бирөө керек” дедик. Бир жолу уктар алдында: “Ата, элдин баары эле ушул маселени сөз кылып жатат. Чындап эле өзүңүзгө бир кемпир таппайсызбы?” – дедим. “Болбойт!” – деди. “Эмнеге?” – десем, “болбойт. Өзүң ойлочу. Кантип үчөөбүз бул жерде бирге жатабыз”, – дейт. Көрсө, мени эмес, апамдын элесин айтып жатыптыр. “Мен, апаң, анан алган кемпир үчөөбүз кантип жашайбыз”, – дегенде гана түшүнүп бул сөздү экинчи ирет кайталаган эмесмин. Көрсө, атам апамды абдан жакшы көрчү экен.

– Түгөлбай ата Сталиндин сыйлыгына татыган. Ошондо кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон?

– 1949-жылы Сталиндин сыйлыгын алганда азыркы Москва жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинен жер тилкесин сатып алууга мүмкүнчүлүгү болуптур. Ал кезде менчик үй курууга уруксат берилчү эмес. Ал эми атама уруксат берилип, бирок “өтө чоң үй курбаңыз” дешет. Атам архитектор болбосо да чатыраш дептерге эки кабат үйдүн долбоорун чийип Шаардык архитектурага барган экен. Ал кездеги шаардын башкы архитектору карап күлүп: “Бул долбооруңуз болот. Бирок адистер кайрадан чийип чыксын”, – дейт. Ошентип атам өзү каалагандай үй 1953-жылы курулуп бүтүп, биз ошол үйдө жашадык. Ошол чийме ушул күнгө чейин сакталуу. Ал дагы атамдын чыгармаларынын бири десем болот.

– Ошол үйдө азыр сиз жашайт экенсиз?

tugolbay_uy– Азыр үй атамдын музейи катары турат. Эл музейде эч ким жашабаш керек деп түшүнөт. Үй боюнча сүйлөшкөнүмдө атам: “Бул үйдү өзүм кургам. Кабинетимди, архивимди, китепканамдын баарын ушул бойдон сактап, калган бөлмөлөрүндө каалагандай жаша”, – деген. Мен жашап жатам. Бул атамдын керээзи. Атамдын чыгармачылыгын баалаган адамдар үчүн эшик ачык. Атамдан калган стол, стул, кресло, машинка, китептерин көрүп кетсе болот. Кээ бир атактуу адамдар “музей кылыш керек” деп мага кысым кылып атат. Аларга мен каршы эмесмин. Бирок бул ой меники эмес, атамдыкы. “Атамдын керээзи” деп түшүндүрүп жатам. Керээзин буза албайм. Ал мен үчүн Конституция. Мага эле эмес, балдарым, неберелериме чейин Конституция боюнча калат.

– Аткарылбай калган керээзи барбы?

– Атам ооруп жатканда өзүнө жакын, өзү ишенген аттуу-баштуу адамдарды чакырып: “Силерди атайын чакырдым. Мен келбес сапарга кеткенде кемпиримдин жанына койгула. Балдарымды Өкмөт укпайт. Силерди угат”, – деген керээзин айткан. Атам өлгөндө ушул адамдардын бирөөсү да анын керээзи боюнча эч нерсе айтпай коюшту. Бир туугандарымдын баарынын көзү тирүү эле. Атам айткандай, бизди эч ким уккан жок. Зар какшап түшүндүрө албадык. Өкмөт “мындай даражалуу адамды Ала-Арча көрүстөнүнө коюш керек” деп салды. Атам кыргыздын салтын ыйык тутуп атактуу адамдарга керээзин калтырган соң алар өкмөткө түшүндүрүш керек эле. Эч кимиси атамдын керээзин колдогон жок. Ушуга ушул күнгө чейин нааразымын. Апамдын сөөгү Өзбек байдын күмбөзүнүн жанына коюлган. Атам апамдын жанына жатсам деген…

– Атаңызды кубанткан учуруңуз болгонбу?

– Кичинемден чийүү жагына жакын болгондуктан ЖОЖду Ленинградда окуп архитектор болдум. 1990-жылы атам ооруй баштаганда 48 жашымда орус тилинде ыр жаза баштадым. Үч жыл жаздым. Ырларымдан атама окуп берсем, “жазганды мурдараак баштасаң, азыр бир нече ырлар жыйнагыңды чыгармаксың”, – деп калчу. Анткен менен чыгармачылыкка жакындап жатканыма кубанды. Бир жолу Чыңгыз Айтматов үйгө келди. Атам: “Чыке, менин кичүү уулум ыр жаза баштады. Угуп көрчү”, – деди. Ал глобалист экенин билип өтө узун эмес ырымды окуп берсем, Чыкем: “Отвращение, от врашение”, – дегени жакты деп мактап калды. Ошондо да атамдын кубанганына күбө болгом. Атам акындарга жолукканда: “Силер жазган ырларды мен эс алып олтурганда эле жазып коём”, – деп тамашалап калчу. Баса, ал көргөн түшүн да жазып койчу. Атамдын дагы да планы көп эле…

Жазгүл КАРБОСОВА, “Леди.КГ”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.