Агындылар

Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебинен «Биздин декан Сансызбай» деген бөлүктү окуп жатасыздар.

Жадагалса жарыгы түшөлек таңкы үрөң-бараңда жатканабызга келип, уктап жаткан жерибизден ойготуп алып:

– Ушул карыш турган жерге туураңар түгөнүп, чурку болуп калсаңар деле кечикпей барбайт белеңер! – деп сүйлөнүп, анан балпайып өзү алдыга түшүп алып, сабакка ээрчитип кетээр эле.

* * *

Ошол студент болгон жылы ал кезде өңчөй чоңдор кийген алабуурул папканы филфактын деканы Сансызбай агайдын башынан көрдүм. Мен билгенден алабуурул папагын, жакасы папагына өңдөш пальтосун агай декан бололек жылы, парткомдун катчысы болуп турганда кийип чыкты окшойт. Ага чейин андай «папак-пальтону» мен «Правда» гезитиндеги Л.И.Брежневди узатып-тосуп алчу «член политбюронун» сүрөттөрүнөн эле көрбөсөм, жөн салды адамдардын башынан көрө элек болчумун. Кийин биздин ЦКанын 1-секретары Турдакун Усубалиевди куду ошондой папак-пальтосу менен телевизордон көрсөткөндө, «а кокуй десе, бу кишинин папак-пальтосу деле Сансызбай агайдыкына окшош тура» деп койгом.

* * *

Ошентип КМУнун филфагын 70-90-жылдары бүтүргөндөрдүн көбү ушул нукура алтындай, «цианид төгүлбөгөн» Сансызбай агайдын «алабуурул папагынан» чыкканбыз.

* * *

Январдын суук күндөрүнүн биринде, сабактан таңатпай «качып» баратып Сансызбай агай менен беттешип калдым. Пальтосунун жакасын типтик кылып көтөрүп алган экен, эмнегедир мойнуна сыздоок чыгып, оң-солго бурулалбай жаткан кишидей кожойгон агайым беталдын түптүз караган калыбынан жазбай келе жатып, адатынча салам айталегимде эле:

– Алеки салам, артымдан ээрчи?-деди.

«Кайдан да чыга калдым эле, дагы бир ишти тапшыра салат эмеспи эми» деп кежигем кер тартып, ээрчип кетип баратам. Үчүнчү кабатка көтөрүлүп, агайдын деканат менен маңдайлаш кабинетине кирдик.

– Бол, жакамды түшүрө сал,-деди шашып.

Пальтосунун жакасын төмөн түшүрдүм.

– Турабы? Эңкейип мойнумду карачы?-деди.

– Турат,-дедим. Карасам, ортосу жумуртканын агына окшоп, чет-чети тарам-тарам болуп карайып, агайдын мойнунан кыраркасын көздөй сарыгып, былжырап бирдеме жаткан экен сай-сайлап…

– Ме? Тазалай сал!-деп бетаарчысын сунду. Арыдан бери тазалап жибердим.

– Жакшы тазаладыңбы?

– Тазаладым агай.

– Жыттачы? Жыт калган жокпу?

– Жолдон өтө бергенде «шарт» эттирди, иттин мурдунан түшө калгансыган атаңдын оозун урайын. Мойнум жылжый түштү. Өөдө карасам, кылаарын кылып алып салпактап учуп баратат. Анан да кыйратып салгансып:

– Ка-ак!-деп коёт.

– Атаңдын башы!-дедим.

– Карга чычса жакшы болот деп коюшат экен го агай?

– Жакшы болсо күнүгө ошол жерге барып мойнуңду богуна тосуп келип жүр,- деди агайым, жанагы бет аарчысын урнага ыргытып атып.

– Кете берейинби?

– Кете бербегенде анан эмне кылмак элең. Келе тамеки?

Агайга фильтирсиз «Памир» пачкамды алып чыгып сундум да сыртка чыктым.

* * *

Окуу корпусунун алды. Жылаңач бактар. Каргалар каалгып жүрөт. Арасынан агайдын мойнуна «бомба» таштаган карганы таанып кала тургансып, улам-улам асманды карап коём.

* * *

Көп өтпөй Сансызбай агай факультетке декан болуп чоңойду, мен дептериме карга жөнүндө ыр жаздым.

Асфальтка карга чычты,
Капкара болуп алып,
Ап-аппак «айна» чычты.
Каргалар кайда чычты?
Сабакка келатканда,
Сансызбай байга чычты.
Агайдын «декан» болуп,
Ачылды жолу, ур-ра-а!..
Каргалар ыргыткыла бомба
ңарды,
Башыма, моюнума!
Батмакан чыгаар бекен,
Баратам жолугууга…
– деп.

Ырымды ошол бойдон унутуп калып, кагаздарымды «аралап» жүрүп жакында таап алдым.

* * *

Атаганат, айылдан келип шаардык боло албагандай эле кайра айылдык да боло албай, баарыбыз азыр шаардыктар да, айылдыктар да басып өтпөй калган көпүрөлөргө окшоп, сынып, талкаланып кала бердик.

* * *

Кийин, кийин өзүм окуп бүткөн факультеттеги бир жолугушууда студенттер менден:

– Сиз өзүңүздү шаардыкмын деп ойлойсузбу?- деп сурашканда, мына бул ырымды окуп берген элем:

Арабасын тарткан менен элеттин,
Айылдык да, шаардык дагы эмесмин.
К
үкүктөрдүн үнү тургай балдарым,
К
үүсүн укпай өсүп барат теректин.

Өзүмдү өзүм издеп жүрүп кыр аштым,
Өзөгүнө өрт түшкөн бир жыгачтаймын.
Жылуулугун туулган жердин мындай кой,
Жытын билбей
өсүп барат теректин.

Айыл, айыл… Айыл десе кыйналам,
Арманым бар Асман-Жерге сыйбаган.
К
өңүлүмдө сезе берем өзүмдү,
К
өпүрөдөй көп жыл мурун кыйраган…

* * *

Сансызбай агай өмүрүнүн аягына дейре шаарда жашап өтсө да таптакыр «бузулбаган» таза кыргыз бойдон калды.

* * *

Бир жолу тамеки чегип турсак агай деканаттан чыгып, балпайып даараткананы көздөй жөнөп калды. Коридордо турган беш-алты кыз шашып кетип:

– Саламатсызбы агай?-деп жиберди.

Агай алардын кимдер экенин карабай туруп эле:

– Алекиматсалам!-деди да, бара түшүп, үнү кыздардын үнү экени эсине түштүбү, жалт бир карап алып:

– Алекиматсалам деп коём да, саламатчылык!-деп дааратканага кирип кетти.

* * *

Агайдын нукура кыргыз экени кармаган калеминен тартып баскан-турганы менен какырынып-түкүрүнгөнүнө чейин даана көрүнүп, куулук-шумдугу жок бадырайган жүзүнөн айылдын желаргысынын табы лыпылдап уруп турар эле. Балким, аны бизге жакындаткан өзгөчөкасиеттердин бири да ушул болсо керек. Кээ бирде агайды атайылап эле кимдир бирөөлөр зордоп китеп жаздырып, зордоп илимпоз кылып туруп университеттин «короосуна» кийирип жибергенсип сезилчү. Жалаң кыргызча басып, кыргызча күлгөн агай тамекини да «байкедейге» бөлбөй, көбүнчө «куругу» жок тамеки чегип, чегип баратып тең жарымы калганда шилекейлеп өчүрүп, ширеңкесине тыгып туруп чөнтөгүнө салып алчу.

* * *

Жалаң куйругу жок тамеки чеккендиктенби, же анын ышынанбы, билбейм, бармагым менен сөөмөйүмдүн башы акырындап саргайып кетти. Алгач корунуп жүрүп, анан кудай жалгап Сансызбай агайдын да баш бармагы менен сөөмөйүнүн саргарып турганын көргөндөн кийин, «ом-ээй, агайдыкы деле саргарып кеткен турбайбы, меники эмне болуп калыптыр» деп кадимкидей жаным жай алып жыргап, эс ала түшкөм.

* * *

Стипендиям түгөнүп, чала тоют болуп кабырылып жүргөн күндөрү агайымдын эки жолу тамак алып бергени кантип эсимден чыксын!

* * *

Сансызбай агайдын сабагындабыз. Агай бизге «Марксизм-Ленинизм классиктери тил жөнүндө» деген лекциясын окуп аткан. Аңгыча арткы парталарда олтургандардын бири:

– Агай, «Марксизм-Ленинизм классиктери тил жөнүндө» дегениңизди кечээ эле өтпөдүңүз беле?-деди эле:

Маркс менен Ленин тил жөнүндө мындан башка жазбаса атаңдын башын өтөйүнбү!-деп лекциясын улай берди.

* * *

Группамдагы 25 балага староста болгонум менен, деги эле мансаптуу адамдарды жандап басканды, жанына тура калып сүрөткө түшкөндү башынан жаман көргөн жаным тамак ичсе деле Сансызбай агай менен ичип, сыртка чыгып басса деле Сансызбай агай менен басып, аны көлөкөдөй коштоп жүргөн «актив» студенттерди туурап, аны менен чогуу басалбай койдум. Ошондой ойдо жок күндөрдүн биринде «кырсык» чалып, филфактын 3-кабатындагы «Декан Сансызбай Иманалиев» деген жазуусу бар кабинеттин алдына мени «окуудан чыгарабыз» деп «жетелеп» келишти.

* * *

Кезек күтүп туруп, энемден калган жалгыз уюмду сатып, ата-энемдин бейитине бата кылып, студент болдум деп элеп-желеп болуп келип, эптеп тапкан «ырыс-кешигимди» эми минтип талаага чачып алганымды ойлоп, кокус окуудан чыгарып салса «жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт» болуп БАМга кетип калайын деп, агайлар менен эжейлерди көз алдымдан өткөрүп, аудиторияда калган күндөрүмдү бирден барактай баштадым.

* * *

1-курстагы лекция эсимде. Келбети келишкен, кара сур мугалим кирип келип эле:

– Артемида жана Афродита! Европа жана Греция!-деп эле өмүрүбүздө угуп көрбөгөн аттарды алдыбызга боо-боо кылып таштап салды. Оозубуз ачылды. Оозубуз ачылганын байкаган агай ого бешбетер күчөдү. Греция менен Римди жалгыз өзү кулаткансып сүйлөдү.

– Биз эми дал ошол байыркы маданияттын урандыларына чогуу барабыз. Сиздер ал жерден Зевс, Гера, Гефест, Посейдон өңдүү олимп кудайлары менен таанышасыздар,-деп шаңшыды.

– Марксизм-Ленинизм классиктери байыркы Греция менен Рим болбогондо азыркы Европа болмок эмес,-деп бекеринен айткан эмес.

…Капырай! Же колуна кармаган китеби же жазып алган бир барак кагазы жок, обдулса эле сөзү төгүлгөн, оозун ачса эле кудайлар куюлган мындай тирукмуш мугалимди тирүү көргөнүмө ишеналбай муюп, суктанып угуп олтурдум. Андан да лекциясын жөн окубай, аркы-терки басып, колун шилтегилеп, жулунуп окуйт экен. Жазып үлгүрмөк тургай, угуп үлгүргөнгө шаабыз жетпей калды. Агайыбыз аудиторияга кандай келип кирсе, так ошондой көздөн кайым болду.

– «Антикалык адабияттан» берген Кадыркулов деген агай ушул экен, – деп бирөө шыбырады. Мээм дүңгүрөп, ошол лекциядан кийин бирөө ушалап, ушалап туруп ыргытып жиберген кагазга окшоп.

(Уландысы бар)

Шайлобек Дүйшеев, “Де-факто”, 04.10.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.