Алты акынды бир жыккан Куйручук…

Кетмен-Төбөдө “Төр жайлоо” деген жайлоодо Саруу уруусуун эң чоң байы Райымбек дегендин көзү өтүп, баласы Кудайберген чоң аш берет. Ашка Анжиян-Аркадан көп эл келет. Нарындык Осеке деген бий алты канат боз үйүн ала келип тиктиртип, Кашымкан жаш токолу менен үйдө отурган экен. Боз үйдүн тышында Токтогул менен Эшманбет алым сабак айтышып Осеке бийди, жаш токолу Кашымканды макташып ырдап турушуптур жарданган элге. Бул эки акынды коштоп Кулуке, Жолой, Курман, Жаңыбай эл менен кошо турушат. Ушул кезде чыгыш тараптан кара кашка аргымак минген, кара көрпө тебетей кийген бир адам жанындагы жигитерине бакылдап сүйлөгөн киши ыкчам жүрүш менен келе жатыптыр. Эл “бакылдап, шакылдап сүйлөгөн бул ким болду экен?” дешип моюн созуп карап калышса, жакындаганда Куйручук экенин таанышат. Куйручук Осоке бийдин үйүнүн тушунадагы Токтогул, Эшманбет баштаган акындар менен баш ийкешип учурашкан болуп, бир жигитке карай аш серпип бир белги кылды эле, жигит койнундагы комузду Куйручукка бере салганда ал комузду күүлөп алып эле үнүн бийик чыгарып кое берди дейт минтип:

Оо, Түнкатар Түнтөй журт экен,
Булардын,
Түтүнү сайын ырчы экен.
Түтүндө киши өткөрбөй,
Түрүлүп үрүп турчу экен.

Түтүнгө менден башка ырчы жок
Түбү эле Жумгал тынч экен.
Асты эле Саяк журт экен,
Булардын
Айылы сайын ырчы экен.
Айылдан киши өткөрбөй
Ажылдап үрүп турчу экен.
Айлымда, менден башка ырчы жок,
Асты эле Жумгал тынч экен.
Осеке бийдин боз үйүн,
Ороп алган турбайбы.
Отуздайы биригип,

Тороп алган турбайбы.
Кишисинен ырчы көп,
Ким көрүптүр мындайды.
Бабыр, бабыр, бабырлар
Бабыраган жабырлар.
Жатакчынын итиндей,
Жабылышкан дабырлар.
Аялдарын ээрчитип,
Айылдашып дагы ырдар.
Жабалактап келгенин
Көрбө
йсүңбү Осеке.
Жаакташтырбай буларды
Бөлбөйсүңбү, Осеке,
Жарым-жарты сөөк болсо,
Бербейсиңби Осоке.

Куйручук ушинтип кычкыл сөз менен төгүп жибергенде эле турган кембагал элдин бир тобу боорун тырмашып, бир тобу аба жара каткырышып күлүп жиберишкенде Куйручук ырын токтотот. Куйручуктун бул ырына Токтогул тырчый түшөт. Эшманбет жооп кайтарайын деп обдулуп комузун кылдырата баштаганда Токтогул жеңинен тартып “кой, Кукеме сөз тийгизбе”-деп тыйып койгон экен. Сыягы, Куйручуктун курч тилине дагы кабылбайлы деген окшойт. Ошентип Куйручук алты акынды бир ыр менен жыккан экен, кайран талант.

Кудайбергендин урпактары Жумгалдын “Сары-Камыш” деген тоолу айлында турушат. Бул ашка кадимки Тоголок Молдо да барган экен. Муну мен өткөн жылы “Сары-Камыш” айлына барганымда Кудайбергендин Токтожума деген чебересинен уктум.

Жолдошбек Токоевдин “Фейсбуктагы” баракчасынан алынды,
24.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.