Малкиши: дагы бир маңкурт баяны

Кантсе да Чынгыз Айтматов Советтик доор, социалистик коом жана коммунисттик идеологиянын айрым мүчүлүштүү жактарына өзүнүн чыгармаларында өтө кескин жана ачык эле сын формасында болбосо да гуманисттик өңүттөн айыптоо менен кайрылганы маалым. Мындай эпизоддор Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романында арбын берилген. Биздин эсибизге бул айтылуу чыгарманы жазуучу жана журналист Айдарбек Сарманбетовдун “Малкиши” аттуу аңгемеси (жаңы Ала-Тоо журналы, №5 (49) май 2013-жыл) түшүрүп олтурат. Дегеним, бул чакан чыгармада Айтматовдук акыл-эс, эс тутум идеясы, тагыраагы эс-акылсыздык, маңкуртчулуктун кесепет, алааматы жагдайындагы кеп-сөз өзүнчө уланууга ээ болот. Ангеменин чү дегенде эле көзгө түшөр жана көңүлгө алаар жагы да ушунда жатат. Бул тема бактыга жараша дейбизби же тиллекке каршыбы иши кылып түбөлүктүү дегидей, жок эле дегенде адамзат акыл-эсинин өнүгүүсүнүн азыркы этабында ошондой сезилип жаткан темаларга кирет. Тарыхчылардын эсеп-саны боюнча али эки миллион жылга чындап жете элек адамзат коомунун цивилизациясынын бүгүнкү жеткен чеги эмнеси менен айырмаланып, алдыбызга дагы кандай чектердин белги-аяндарын берип жатканына аңдоо салуу ары кызыктуу, сырдуу жана албетте сүрдүү да.

“Ал отуздан ашкан өзү курдуулардан эч деле айырмаланбаган көптүн бири, өңү деле жугумсуз, пакене бойлуу, арыкчырай эркек сөрөй. Үндөбөй дулдуюп, башын жерге салып өзү менен өзү жүрө берет. Эч ким менен иши жок. Мейли атасыбы, кошуна, курбуларыбы – ага баары бир. Эч кимин көчөдөгү чоочун, бейтааныштардан жакын санабайт. Өзүнөн башка адамдар барбы, жокпу, өлүп атабы, жер астын-үстүн түшүп кыямат кайым келдиби – баары бир теү. Бирөөгө боор тартып, же жакын санап ийилип койбойт. Өзү болсо болду. Жарытып деле ойлонбойт, мээси бош, көүдөй. Чөнтөк телефонунун же плееринин сайгычын кулагына сайып алат да, керелден кечке, көчөдөбү, жумушунда же үйүндө болсун, жадагалса жатканда да анысын албайт. Ызы-чуулу, тажатма, чет элдин музыкасы кулагында жаңырганы жаңырган. Алардын эмне тууралуу зар какшап ырдап жатканын деле түшүнбөйт, түшүнгүсү да келбейт, тилин билбесе балээни түшүнмөк эле. Тек, кулагы бош болбой, бир нерсени угуп турса болду. Ансыз өзүн эч элестете албайт. Тим эле ашынган баүгичидей. Бузулуп, андан саалга ажырады дегичекти жинди болуп кетет, кайсалактап, жинденип, кутурмасы кармап калат.” Автор “Малкишинин” – чыгарманын баш каарманы Марлендин физиономиялык жана психологиялык портретин ушундайча тартуу менен, эгер ошентип атоого мүмкүн болсо, дагы бир “маңкурттун” баянын баштоого киришет. Бир дем менен эле баштан-аяк окуп чыгууга мүмкүн болгон бул баяндын шумдуктуу кульминациясы Марлендин атасы каза болуп, ал тууралуу кошуналары телефондон кабарлашса Кудай уруп кулагы бош эместигинен укпай калып, акырында бул жаман кабарды, өзү иштеген мекеменин директору айтып, үйүнө жөнөткөнү, бирок Марлен адатынча эч нерсени таназар албай, маани бербей, атасынын өлүп калганына да кайгырып-сезгенбей, бир кабак-кашым деп койбогонунда жатат:

“Үйүнүн эшигинин алдында топурашкан жоон топ адамдарды көргөнү менен таназар алган жок. Кошуналары экен, чоочундары да жүрөт. Эки-үчтөн топтошуп турган алар Марлен жакындап келгенде ага жапырт тигилишип, жол бошото беришти. Ал үндөбөй үңкүйүп үйүнө көтөрүлдү. Булардын эч кимиси менен эч качан саламдашып, сүйлөшчү эмес. Бул жолу да ошентти. Өңдөрү жылуу, бейтаныш кошуна аял-эркектер да тепкичке топурап туруп алышыптыр. Алар менен иши эмне.

Батиринин эшиги ачык экен. Жарданып карап турган кишилерди аралай өтүп ичкери кирсе, диванда эски одеялын жамынып жаткан атасын үч-төрт эркек тегеректеп алышыптыр. Орундукта олтуруп, солдоюп турушкан баарынын сабыры суз. Атасына келишсе керек, ооруп жатпады беле. Марлен аларды аралап өтүп, өз бөлмөсүнө кирип кетти. Кулагында музыкасы жаңырып, тигилердин күбүр-шыбырын уккан-неткен жок. Ал көнгөн адатынча телевизорду күйгүздү да керебетине жата кетти.”

Окуя андан ары Марлендин аң-сезимин кичине болсо да, жок дегенде ушундай кырдаалда ойготуу үчүн кошуналары тараптан жасалган эч майнапсыз аракеттери жана андайларга карата Марлендин мамиле, жүрүм-туруму, акырында ага баары түңүлө кол шилтеп, маркумдун сөөгүн көптөп көмүп коюсу менен бүтөт.

“Малкиши” ангемеси “Ноокат таңы” гезити тарабынан залкар жазуучубуз Мурза Гапаровдун урматына жарыяланган адабий сынактын жеңүүчүсү болуп калганы да өзүнчө бир символикалуу окуя. Анткени маңкуртчулуктун кандайдыр бир элемент көрүнүштөрү алгачкылардан болуп Айтматовдон да мурдараак дал ушул Мурза Гапаров өзүнүн “Байчечек” аттуу чакан, бирок тыкан, кыска, бирок абдан нуска аңгемесинде кайрылганы эсибизде. “Малкишиде” да башкы каармандын акыл-эси, жүрүм-туруму “Байчечектеги ” Кыяздыкындай эле жакын адамынан ажырап калгандагы кырдаалдын элегинен өткөрүлөт. Арийне, аңгемелердин окшошуп кеткен жагы ушуну менен эле бүтөт. Калганын эки автор өз-өзүнчө чечет. Кыяз бул кырдаалды жана андагы өзүнүн аянычтуу абалын өзүнүн абийир сотунан өткөрүп өзү өкүнөт, өзү азаптанат, акырында өзү сүйүнөт “өзүңдүн алдыңда уялуу-абийирлердин, өзгөлөрдүн алдында уялуу, ар намыстын көрүнүшү!” деген накыл кеп бар. Кыяздын образы ушул өңүттөн абдан таасирдүү чыккан.

Марлендин жөнү башка. Ал өзүнүн алдында да, андан бешбетер башкалардын алдында да уялбайт. Уялуу, жакшы же жаман көрүү, сыйлоо, сүйүү, өкүнүү сыяктуу кандайынан карап кайсыл өңүттөн айтканда да эң бир керемет сезимдер Марленде түбүнөн жок. Жокко албетте жоопкерчилик да жок. Марлендин мындай малкиши болуп, аң-сезим акыл-эстен жакыр делгидей ажырап калуусунун шарт себептерин автор так кесип айтпаганы менен, айрым бир факторлорго шилтеме жасайт. Мисалы “мындай адамдык сапаттан куржалак, баш териси тескери капталгандар кийинки кездерде көбөйдү. Көчөдө окуу жайларда, автодо тургай, өкмөт, парламентке чейин жайылып кетишти. Кенедей бир акыл жугузайын деп, акыл-насаат сөз угуп, китеп окуп коюшпайт алар. Цивилизация менен техниканын тескери баратышынан жаралып калдыбы же бүт дүйнөгө жайылып кеткен компьютер желесинин туткунубу, жандүйнөсү жок көңдөй мээ зомби-арбак кишилердин барган сайын саны артып барат”дейт автор. Аңгеменин дагы бир жеринде Марлендин атасы балдар үйүндө өсүп, туугандарын билбей калгандыгы да кыйытылат. Дагы бир жеринде Марлендин орусча бакчага барып, орусча мектепте окугандыгы айтылат.

Албетте, маселенин чоо-жайын мындай өңүттөрдөн карап багууда автор Чынгыз Айтматовдук теманы улагандай. Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы Казангаптын уулу Сабитжан советтик интернат-мектептен билим алып, ал эми Абуталиптипти сурак кылган Таңсыкбаевге коёндой окшош күзөтчүлөрдүн башчысы балдар үйүндө тарбияланган эмеспи. Айтматовдо советтик мектеп-интернат советтик коомдун бир прообразы катары да мүнөздөлөт.

Ырасында акыл-эсти алаксытып бурмалоочу, адаштыруучу факторлор ар кандай эле коомдордо кезегине жараша жашап келатышат. Маңкуртчулуктун шарт-кырдаалдары, демек коркунучу Советтик түзүлүш, коммунистик идеологиянын кулап-кыйрашы менен биротоло жоюлуп кетпегенин коомдук өнүгүүнүн азыркы этабы өзү айгинелөөдө. Азыркы дейм да, жыйырманчы эле кылымдын 70-жылдарында Батыштын айрым философиялык эмгектеринде ошол маалдагы коомдо “гомо-механикус” деп шарттуу мүнөздөмө алган адамдардын пайда болуп, көбөйүп баратканы тынчсыздануу менен белгиленген.

“Гомо-сапиенс,” же акыл эстүү адамдан айырмаланып, “гомо-механикус” же механикалык адам бүт бардык нерсени акыл менен гана жасап, эсеп менен гана жамаган. Жандүйнөнү, эмоцияны, сезимталдуулукту пайдасыз, ал турсун зыяндуу нерсе катары ары сүрүп салууга аракеттенип жылмаюу, муңайуу, кайгырууну билдирген кыймыл-аракеттерди тек гана механикалык түрдө жасоого үйрөнүп, андай учурлар үчүн атайын машыккан тенденция пайда болгон. Бул кандайдыр ролду убактылуу аткарууга окшошуп кетет. Айтматовго деле жандүйнөнүн жардыланышын эстутумдун маңкуртталышынын советтик үлгүдөгү мисалын мүнөздөө идеясы ошол жылдарда жанданса керек деп болжоого негиз жок деп эч ким айта албайт.

Канткен күндө да, Айтматовдун маңкурт каармандары тек гана бирөө үйрөткөн акыл менен жашаса, Гапаровдун Кыязы жоголуп бараткан сезимтал жандүйнөнүн кайра жанданышынан үмүттөнөт. Ал эми Сарманбетовдун Марленинде таанып-билүүнүн рационалдык да, эмоционалдык да элементтер дээрлик жокко эсе. Аны аңгеменин финалындагы “Жолдо баратып деректир берген конвертти ачса, бир топ көк, сары акчалар бар экен, кубанып кетти. “Буюрса бир топко чейин ач калбайт экемин, атасы өлгөн жакшы болот турбайбы” деп ойлоп койду…” деген саптар бекемдеп турат. Мына, азыркы муундун кургуй акыл-эс дарамети. Жоломанга эстутумдан ажыраткан “ширини” сырттан кирген баскынчылар, Сабитжандарга советтик интернат кийгизсе, Марленге кимдер кийгизүүдө?.. Дегеле адамзат акыл-эсинин азыркы өнүгүү этабы бизди кайда алып баратат? Авторду ушул суроо кыйнап, түйшөлтүп жаткан болуу керек. Ал, азыркы аң-сезимдүү дүйнө коомчулугу жалпы ойлоно турган көйгөй экени талашсыз.

Абдираим Мамытов, журналист, адабий сынчы

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.