Мунарым – менин тумарым

Атактуулардын арзуусуна ээ болуу бактысы ар кимге туш боло бербейт. Алар жакынын жалындап сүйүп, чыгармаларында өчпөс темага айлантышат. Андай адамдын өмүрлүк жары болуу сыймыктуу да, айрым кезде түйшүктүү да эмеспи. Төмөндө улуу махабаттын күбөсү болгон инсандардын чыныгы сезими, тагдырдын сыноосуна туруштук берген таза мамилеси тууралуу баяндайбыз.

Мунар

Сүт эмген бала жыттанган,
Илебиңди сагындым.
Мойнумду сылап артылган,
Билегиңди сагындым.
Талпынсам таппайм айласын,
Талаада калган өңдөнөм,
Таалайым Мунар, кайдасың?

Коңур добуш менен мукам музыка коштоп ырдалган бул ыр элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан десек жаңылышпайбыз. Чыгарманын автору Аалы Токомбаев 1904-жылы Кемин районундагы Чоң-Кемин айылында туулган. Акындын жогорудагы ыры өзүнүн турмушунан алынган. Бул ырдын баш каарманынын, тагыраагы, таланттуу адамдын өмүрлүк жарынын бул дүйнөдөн өткөнүнө ушул айда 36 жылга аяк басты.

Мунар деген ысым эркелетип коюлган, өзүнүн аты Зейнеп экен. Ал коңшу казак элинин кызы болгон. Үч бир туугандын ортончусу Зейнеп абдан акылдуу, таланттуу, сулуу болуп чоңоёт. Алгач Казакстандагы интернатта окуп, андан соң билимин улантуу үчүн Ташкентке келет. Ал учурда Аалы Токомбаев Орто Азия коммунисттик университетинде билим алып жүргөн чагы. Кыргыздын сыймыгы болгон адам менен дал ошол жерден таанышыптыр. Булардын мамилесинин уланып кетишине Досаалы Туратбековдун салымы зор болгон экен. Бул тууралуу Самсак Станалиев минтип жазат: “Аалы Токомбаев кызды сыртынан жактырып калып кантип сөз айтарын билбей жүргөндө Досаалы жардамга келет. Зейнеп менен жакшы тааныш болгондуктан ал аны киного чакырып, акчасын Аалы төлөмөк болот. Ошентип, ал тигилер өтө турган жерде туруп, алар келатканда капыстан жолуккан адам катары таанышып, казак кызынын жүрөгүнө чок салып, көңүлүнө от жагып элеси эстен кетпеген кыздын карегинде калгысы келет. Ашыктык иши ал экөөнү ушинтип кездештирип, таланттуу адам жүрөктүн сөзүн мөлтүрөгөн казак кызына мамилеси менен билдирген экен. Айтор, болочок акындын жетсем деген тилегине таң атып, сүйсө деген үмүтүнөн күн чыгыптыр. Ошентип, кызгалдактай казак кызы акындын сөзүн чын сезими менен кабыл алган өңдөнөт.

Эки жүрөк бир согуп жүргөн учурда Зейнеп сүйгөн жигитин апасы менен тааныштырмак болот. Кандай шылтоо табарын билбей жүрүп акыры ушундай жөндүү болор деген ой менен атайын апасына кийим тигүүчү машине алышып, Аалыкени болочок кайненесине алып барат. Ошентип жүрүп “баш кошобуз” деген кезде Зейнептин ага-туугандары “Мунарыбызды кыргызга бербейбиз, ал казактын мыкты жигитинин мыктысына бара турган кыз” дешип макул болбой коюшат. Убакыт өтө берет. Туугандарынан оң жооп чыкпаса да Аалыны азапка салгысы келбеген Зейнеп тагдырымды арман кылбайын деп сүйгөнү менен кыргыз жерине баса берет. Бул окуя 1926-жылдары болгон. 1927-жылы Карлен аттуу уулдуу болушат. Карленди көргөнү казактан эч ким келбей коёт. Аалы менен Зейнептин уулу төрт жашка чыкканча кыздын төркүнүнүн таарынычы таркабайт. Кызынын тил албай кыргызга качып кеткенин кечирбей жүрө беришет. Анан акын кайындарынын алдына өзү түшөт. Кайненесин Чоң-Кеминге алып келет. Ошондо кыргыз жерине суктанган Нурсулуу апа: “Эли да, жери да улук экен гой. Көрсө, кызымды улуулук алып келген турбайбы”, – деп айткан экен. Аалы Токомбаев арзып жүрүп, ашыктыктын азабын тартып жүрүп алган жары Зейнеп экөө 53 жыл бирге жашашкан. Ал өмүрүнүн акырында катуу ооруп басалбай калып ооруканага жаткырышат. Бир күнү Аалы кызы Тамара менен Зейнебин көргөнү барып анын жалын жутуп, чок кармап, караңгыдан жарыкты таппагандай кыйналып турганын көрүп кайран залкардын каңырыгы түтөп, сөөгү сыздайт. Көзүнөн чоктой ысык жаш тамат, тамагы кургап, алкымы буулуп, аз-аз жерден ботодой боздоп жибере жаздайт.

1937-жылы Аалы Токомбаев жалган жалаа менен камакка алынып, акталып чыккыча эки жылдай убакыт өткөн. Ал учурда алардын жашаган үйү өрттөнүп кетип үй-бүлөсү бир өзбек кемпирдикинде баш калкалап калышат. Бул кезде абдан мээнеткеч, кайраттуу Зейнеп апа үч баласын жалгыз багып, тарбиялаган. Кезегинде прокуратурада иштеп, кыргыз элинде биринчи жеңил машине айдаган айым болгон. Жолдошунун чыгармачылыгына өтө терең көңүл буруп, үйдөгү бардык жумуштарды өз мойнуна алып балдарына: “Атаңар – кыргыздын улуу акыны, мен казактын жөнөкөй кызымын, анын чыгармачылыгына шарт түзүшүбүз керек”, – дечү экен. Ошондой эле эмгекчил айым кыямдын абдан көп түрлөрүн жасап, текчелерге кыдырата бөлүп тизип, астына аттарын жазып койчу тура. Бир жылы жалпы элдин жашоо шарты жакшы нукка салына электе балдарын кем кылбай багуу үчүн Зейнеп Сатбаевна шаардын четиндеги 2 гектар жерге жүгөрү айдаптыр. Үрөн аз болгондуктан аралыгын бир метрден кылып тигип, багып-өстүрүүгө көп аракет жумшаган. Жүгөрүлөр сеңселип өскөндө аралыгын көргөн тааныштары “аай ий, мунун арасынан танка айдап өтсө болчудай го” деп тамашалаган экен. Такыр келе элек жолдошу күзүндө барып бир эсе аябай чоң-чоң баш алган жүгөрүлөргө, бир эсе айым болуп туруп ушундай ишти ийине жеткирген жубайына таң калыптыр. 1944-жылы азыркы Аалы Токомбаевдин үй музейинин эки бөлмөсүнө төрт баласы менен көчүп келишет. Келген конокторго дайыма ак дасторкон жайып, кызына да ушул нерсени үйрөтүптүр. Жолдошуна жумуштап келген адамдарга ким болбосун, алгач сөзсүз чай берчү экен.

Бир жолу кыргыз акын-жазуучуларын Казакстанга атактуу жазуучунун мааракесине чакырышат. Мына жөнөйбүз деп жатканда Аалы Токомбаевдин сыйга кийчү жалгыз костюмун шылуундар ачык турган терезеден уурдап кетишиптир. Бул окуядан соң чыгармачыл топко: “Эмне келбей калды?” дешсе “ооруп атат деп койгула, башка айла жок”, – деп барбай калууга аргасыз болот. Мааракеде муну уккандар “күйөө балабыз ооруп атса, барып акыбалын сурап келебиз” дешет. Ошол кезде бардык нерсе ченелүү, тартыш болгонуна карабай жоктон барды кураган Зейнеп апа берекелүү дасторкон жайып жайдары маанай менен келген төркүндөрүн коноктогон экен.

Ага-туугандын сөзүн укпай, ал кездеги салт-санаанын, тартиптин катуулугуна карабай өз тагдырын өзү чечип кыргыздын бир жигитин ээрчип келе берген казактын сулуу кызы жаңылган эмес. “Адамдар жакшы чыгарма жазса, же чыгарманын каарманы болсо тарыхта калат” деп коюшат. Чынында улуу инсандын урматтуусу болгон бул адам акындын ырларында түбөлүккө жашай берет.

Балбылдап карап оштонуп,
Күлгөнүңдү сагындым.
Керүүдөн чыккан маралдай,
Жүргөнүңдү сагындым.
Муңаям таппай айласын,
Муңканып жалгыз олтурам,
Муңдашым Мунар, кайдасың?

Чолпон ОРОЗАЛИЕВА, “Леди.КГ”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.