Эки кайненем эки чайнекке чай койчу

Биздин ата-энелер «Советке чейин, Совет доору жана Советтен кийинки» деген эки жолу сынган үч доорду башынан кечириптир. Жандарына отура калсаң эле каптын оозунан таруудай кеп чуурат… (Жарыктык карылардын илеби уруп турсун деп тилин оңдогон жокпуз)

Биринчи кеп: 93 жаштагы Ат-Башылык апа

Атам: «Кулкуллавадды (Курандын «Ыклас» сүрөсү) дайыма айтып жүр, ошонун жакшы касиети бар. Жатаарда кулкуллавадды айтып, бычак менен тегерете чийип жатса, эч нерсе жолобойт. Канча жылдан бери ушинтип жаттым, эч нерсе жологон жок», – дечү. Өзү молдо деле эмес болчу. Намасын окучу, бирок молдо эмес.

* * *

«Бакан ооз» (маалымат чалгынын кылган адам) дегени эмне экенин түшүнчү эмес экем. Кытайда Муңайтпас деген баласы калыптыр ошону көрөм деп барып, кармалып камакка түшүп калыптыр. Муңайтпасы кийин өлүп калбадыбы. Аны Совет өкмөтү кайра өзү чыгарып алган экен. Аяктан чыгарганда бери жибербейт экен. Кытайда он жылбы, канча жыл жашап жүрдү. Бизди энебиз эле бакты. Кийин келди. Келгенде орустар келип терезеден чертип, күрүч берип, шекер берип кетчү. Көрсө, паралачу турбайбы атабызды.

* * *

Муңайтпасын кошо алып келаткан тура. «Энем карап турат, учурашып келе калайынчы» деп жүгүрүп кетиптир да. Ал кезде он алтыларга чыгып калыптыр. Көрсө, алдаган тура. Ал жүгүрүп атамдын келинчегине жөнөп кетиптир. Биздин атабызды самолоткобу, машинегеби салып кетишиптир. «Мен ошентип түшүп кетип, бала калып калбадыбы ошоякта» деп кейичү. Энеси айткан да «Ошентип алдап калып кал» деп.

* * *

Атам кийин келгенде бир кемпир алып келди. Кытайда он чакты жыл жүргөндө алыптыр. Бир жерлик деп таанышыптыр аяктан. Биздин айылдык кишинин эжеси экен. Аны жерип атып эле кетиртип ийгенбиз. Агабыз анын инисине айтыптыр: «Эжеңиз келди, алып кетиңиз. Ал деле карып калыптыр» деп. Анан алып кетти, унчукпайлечи. Жакшы кемпир болчу.

* * *

Атам өзү каса болордо агама:«Мага эстелик койбогула. Топурагым учуп турганы жакшы. Шариятта жок эстелик» дептир. Анда агам ревкомиссия болуп иштеп турчу. Эстелик коюлбай калса кеп кылышпадыбы эл. «Атасына эстелик койгон жок» деп. Өзү ошентип айтыптыр деп койдурушкан жок.

* * *

Бая күнү неберем келиптир: «Дем салып коёюн эне» деп. «Тү-тү» деп түкүргөнүн көрдүм эле деп дем салымыш болду. Мен унчуккан жокмун. Билбейт да ал. Куран да билбейт. Бирок ошонуку деле дем болуп калды анан. Мен дем салдырганды жакшы көрөм. Мага атам такай дем салчу. Кайнатам. Эмнеден байкаганын билбейм. Мага такай дем салып жүрчү. Демин сүйчүмүн. Анан намас окудум. Намаска жыкты. Көшөгөгө отургусуп алып сырттан «Үйрөн балам» деп айтып. Толук жаттап бүткөндө, менден экзамен алып айттырган атам. Ошо намас окуп берсем эле жакшы көрүп калды окшойт. Мени аябай жакшы көрчү байкуш атам. «Секет кетейин» дей берчү. Жалынганы ошондой эле. Балдарымды да, башканы да «Секет кетейин» дей берчү.

* * *

Ата-эне баласынын кыйналганына көңүлү ооруйт экен. Анан эмне кылмак эле, ата-эне милдети ошол. Неберем аялы менен айры жашап калыптыр эле, кайра табышып алыптыр. Эки кудагый уруша кетип, ажырап кетишти эле. Урушканга да киши керек. Урушканга да сөз керек. Не кереги бар урушуп? Кудай уруш кылбасын! Мектепте балдар менен урушчумун. Урушканда көп урушчу эмесмин. Экини коюп салып, чейрегин сурабай койчумун такыр. Анан чуркап жүрүшчү. «Сурабайм. Бар, башка мугалимден суралып алып баа алып кел» деп коркутуп койчумун.

* * *

Башкарма аке инисинин кызын багып алган. Анысы эрке аябай. Сабак айтса эле кыйшактап жөн тура албайт. Кичине бирдеме десең эле коркутуп калат мени. «Мамама айтам» дегенден башканы айтпайт да. Бир күнү уруштум: «Бар, мамаңа барып, чыкырып кел. Сенден сурабайм. Мамаңа баа койдуруп кет» дедим. Ошондон кийин унчукпай калды. Анан сурабай койдум, сурабай койдум… Чейрек чыгып атат. «Эжеке сурап коюңузчу» дейт, «Сурабайм сени» дейм. Коркуп калды байкуш. Кийин анан мамасын ээчитип келиптир. «Мамама эле айтам дейт, мамасын сурайын, анан баа койдуруп кетсин кызыңар» дедим. Экөөбүз тааныш элек. Күлүп анан, мындайраак чыгып «Кой, сурап койчу» деди мамасы.

* * *

Балдардын нечен кыялы бар. Артыкча кыздардын кыйшактап туруп сабак айтканын жаман көрчүмүн. Моминтип туруп чымчып алчумун «Жөн туруп айт» деп. Эркек балдардыкы билинчү эмес мага. Өз балдарымдын баары эркек да (12 эркек төрөгөн). Алардын тентеги деле билинчү эмес. Үйдө жакшы эле тентектик кылчу. Короого малга чыгат, буттары булганып келет. Керсевий өтүктү кийгизип коёт атасы. Эшиктин алдына келет, моминтип силксе өтүк ыргып келип түшүп калат. Айлам кеткенде кийин сабакка үлгүрбөй калам деп, калидорду сүрүп койчумун. Мен жалгызмын. Же кызым болбосо, же абысыным болбосо. Анан жатат калидор кайра эле чаңдап.

* * *

Таруудан каша жасап берчүмүн да. Мен Ошко окууга кеткенде (пединститут) ошону жасайм деп, ким жасаганын билбейм. Оштон келсем эле кичине казандын ичи толтура ботко. Карасам, ошол таруудан салып аябай бышырып канча күн жешкен. Калганы бузулуп баратыптыр. Бири-бирин ээчитип жүрүп эле чоңоюшту. Таштан машине жасап алышат. Аткоско жол салып алып эле «вуууу» деп эле биринин аркасынан бири айдап ойноп жатышчу. Ошол оюну кийин турмушунда болот экен да. Эми булар машина айдап калышса эле оюма ошол ойногондору түшөт.

* * *

Атаңар болсо зоотехник болду. Андан мурун мектепте болуп, мектепти таштап кетти. Мектептен тажады. Үйдө отурчу эмес. Кетүүчү малчыларды кыдырып эле. Булардын кандай, эмне болуп атканы менен иши деле жок. Кайним эгиз төрөгөнүмдө экөөнү эки колуна көтөрүп алып эле «Жеңе мен буларды бала кылып алайын» дей берчү. Кийин салдаттан келгенде алып кетпедиби. Абысыным балага жакшы болду. Ал бакпаса, кайним бага алабы? Аябай жакшы карады балдарды. Балдарымдын жоруктарын айтып эле мени күлдүрүп жатчу.

* * *

Балдарымдын эрмеги менен эле жыргап жүрө берчү экемин түйшүктү сезбей. Эгиздерим орусча окуп калышты да. «Электи» алып кел десем, «Кайсыл, жанагы диң-диңдиби?» деп сурашат колу менен ун элеп аткансып көргөзүшүп. Бир күн келсем ашканүйдүн ичинде кичинекей табактарга чала-бучук желген талкандар катып калыптыр. Кичи кайнэнем «Талкан түтпөдү» дегени ошондо эсиме келди. Муздак сууга талканды чалып, шекери жок жеп көрүшүп, жебей тыштап коюшуптур. «Ииий, ушунтип түгөтүп атышкан турбайбы талканды» деп ага ун кошуп салды. Ошентсе анан жебей калды окшойт.

* * *

Ээн ойноп, ээн чоңойгон бала жакшы да. Балалыгы жакшы өтөт. Чүкө ойношчу, чигит атышчу, корого чыгып алышып «кара коюн дүмпүлдөк» дешип ойношчу. Асыр анын бары унутулуп калды го. Эми андай оюн ойногон бала жок. Катуураак, тентегирээк оюндарын мага көрсөтпөй ойноп келишчү.

* * *

Чоң кайненебиз иштүү катын болчу. Бирдеме жасап эле отуручу. Башкасы качып эле кетип калмак. Мен чыдадым да баарысына. Бирок урушкан жок. Түйшүк көп болчу. Кайненелерим мени урушкан жок. Менин өзүмө жараша болду го. «Азуусун айга бүлөгөн эки кайненеңе кантип чыдап жүрөсүң» дешчү. «Айга бүлөй берсин, мага сүйлөбөйт» деп койчумун. Мага сүйлөшчү эмес. Себеби, атам да жанагинтип турчу. Күйөөм да болушуп койчу окшойт мен жокто. Атам өтүп кеткен кесте, чоң мештин үстүнө эки кайненем эки чайнекке чай койчу. Мен сабакка барышым керек да. Мен кайсынысынан чай ичеримди чечип алдым. Кимисиники эрте кайнаса куюп берип, бир-эки чыны ичип алып кетип калчумун. Унчукчу эмес экөө тең. Кимисинин чайын куюп берип ичип кетсем, чай куюп бербеген кайненем мени коркутуп калчу. Коркутканын билем да. Мен да унчукпай койчумун такыр. Кайненелер ушундай болот экен.

* * *

Он тогуз жашымда турмушка чыктым. Пединститутту бүтүп келгенде эле чыктым да. Учительский деп эки жылдык иниститут болчу. Андан башка мугалим даярдаган жер жок болчу. Кийин төрт жыл кылып, Оштон бүтпөдүмбү. Бир балам ошол жакта сарт бешикте чоңойбодубу. Кайнежемдин кызы бакты. Чийдей кыз болчу, семирип келбедиби. Жер-жемиш алып келип беребиз. Ойнотуп келчүбүз. Кийин өлтүрүп кетпедиби секретарды. …Иии, Султан Ибраимов. Ошол секретар болчу Ошто. Биз жаткан кемпирдин үйүнүн ылдый жагында үйү бар болчу. Аялы жакшы неме болчу. Балдарды короосуна киргизип ойното берчү. Ошонукуна бир маал жиберчүбүз ойногону. Ошол Ибраимовду жакшы иштейт экен деп алып кетишкен борборго. Ошонун кызы кызматта иштеп атты эле го, эмне үчүн түшүрүп койду аны?…

* * *

Балдар келгенде ачылып, ырас болуп калам. Эки-үч күндөн бери кыйналып атам. Башым ооруйт. Дары ичсем да болбойт. Ошол, ошол, ошол, сүйлөп бүттүм…

Угуп отурган Жансакта Сарбашов, «Саресеп», 29.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.