Т.Аманова: “Шырдак” китеби – улуу өнөрдүн энциклопедиясы

Ушул жылдын март айында “Кыргыз шырдагы” түстүү китеби жарык көрдү. Шырдак ЮНЕСКОнун атайын тизмесине кирген күндөн тарта Кыргызстанга аны сактоо, жайылтуу милдеттери да тагылган. Китеп кыргыз, орус жана англис тилдеринде басылып, кол эмгектердин фото сүрөттөрү менен толукталган.

Шырдактардын өзгөчөлүгү тууралуу Би-Би-Сиге “Алтын чөйчөк” уздар асоссациясынын төрайымы Тоюнбүбү Аманова айтып берди.

Табигый түстө даярдалган шырдак
Табигый түстө даярдалган шырдак

Тоюнбүбү Аманова: Шырдактын касиети – аны жасоо менен өзүбүздүн ой-кыялыбызды көрсөтө алабыз. Табигый жүндөн иштеп жаткан учурда адам өзүнө энергия алат. Чыныгы кол өнөрчүлөр эч качан чарчабайт, улам бир жаңылык киргизгиси келет. Дарылык касиети ушунда деп айтам, аязда да адамдын таманынан сыз өтпөйт. Жаңы үй-бүлө бөлүнгөн учурда белек катары шырдак жасаган учурда тилек кыласың, очогу кененирээк болсо, уугу узарып бала чакасы көп болсо деген тилектерди ойлонуп жатып эле анан оюу түшүргөн учурда ушул нерселер сүйлөп, чийилет. Ошондо балаңа арналган шырдагыңдан көрөсүң ортодо балбылдаган очок, айланасында бала-чакасы. Ал эми сепке даярдаганда дагы ушу кызым көп жылга чейин урунса экен, ошонун үстүндө неберелерим тебелеп-тепсеп деп. Анан бүткөн жумушка өзүң канагат алып каласың.

Би-Би-Си: Кыргызстандын дээрлик бардык жеринде кийиз, шырдак жасашат, ар кайсы өрөөндө жасалган шырдактардын айырмасы, өзгөчөлүгү эмнеде?

Тоюнбүбү Аманова: Эми баарыбыздын мекенибиз Кыргызстан, шырдак жердин өзгөчөлүгүнө жараша болот. Нарын өзү бир облус болсо ошонун ичинде эле райондорунда айырмачылык болот. Ат-Башыда меринос жүндөн сапаттуу шырдак жасалып, уяң, жумшак келип кийиздери сулуу түшөт. Ал эми Ак-Талаада кылчыгыраак келет. Экинчиден, Ат-Башыда шырдак текши шырылат. Кочкордун айрым жерлеринде шырылбайт. Мен бир эле облусту алып жатам. Ысык-Көлдө, Таласта да шырыбай эле кийизди чапташтырып койгон учурлар кездешет. Кийин атайын каражаттар чыгып калды, илгери камыр менен чаптап келишкен. Канчалык оюунун айланасында шырык жыш, текши түшсө шырдак сулуу да болот, пайдалануу мөөнөтү узак болот. Ош тарапта асты менен бети деп коебуз шырдактын, экөөнүн үстүнө оюуну түшүрүп туруп, жээкти сырт бастырды деп бир бастырат. Ар өрөөндө уздардын мектеби бар деп айтсак болот.

Би-Би-Си: Канткенде кыргыз шырдагын, кийизчилик өнөрдү дагы кенен жайылтса болот?

Тоюнбүбү Аманова: Ортодо кийизчилик өнөр жоголуп, эч ким маани бербей калган, шырдак жасоо өнөрү унутулуп калган. Анан 2012-жылы табигый жоголуп бара жаткан маданий баалуулук катары ЮНЕСКОдо каттоодон өткөндөн кийин бул шырдак өнөрчүлүгүнө өзгөчө басым жасалып, коомчулук ойгонуп, жер-жерлерде фестивалдарды, көргөзмө сынактарды уюштурганга жол ачылды. Анан элдер да козголуп калышты, азыр шаар жерлеринде деле кыздарына сеп бергенде өздөрү жасай албай калган учурда шырдактарга буюртмаларды берет. Мен 2012-жылы Кувейтте болгом, шырдактарыбызды көтөрүп алып бардык, үч жылдан бери Венгрияга барып жүрөм. Германияда болдум, кызымды Бухарага жибердим, чет элдиктер жогорку деңгээлде баалашат. Жылуу, көтөрүп жүргөнгө ыңгайлуу, шырдактан энергия алабыз деп алар бизге буйуртмаларды беришет. Кийинчирээк көбүрөөк айтып жүрөм, катып коюп эл келгенде салгандан көрө күнүмдүк жашоодо шырдакты пайдаланалы, күндө пайдалансак өзүбүздүн ден-соолугубузга пайдалуу деп.

Кыргыз шырдагы 2012-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине катталган
Кыргыз шырдагы 2012-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине катталган

Би-Би-Си: Шырдак ЮНЕСКОнун тизмесине катталды, мындан кандай пайда?

Тоюнбүбү Аманова:Кырыз элине, шырдак жазаган кол өнөрчүлөргө пайда гана алып келди деп ойлойм. Европанын ар кайсы жерине шырдак саткан дүкөндөр ачылып, кардары көбөйүп баштады. Баары “Кыргыз шырдагы” деген ат менен чыгууда. Бул китеп дагы ошол иштин бир бөлүгү да, шырдактын минтип толгон-токой сыры жазылып, бул улуу өнөрдүн энцклопедиясы болуп калды.

Би-Би-Си: Шырдакка түшүрүлгөн оюунун чечмелениши анын философиясы жөнүндө айтып берсеңиз?

Тоюнбүбү Аманова: Оюу – адамдын кыялы, ички дүйнөсүнүн күзгүсү да. Чымчык канат, куш канат, карга тырмак деп турмушка жана жаратылышка байланыштуу оюулар алынган. Энелерибиз негизинен ак кара түстү пайдаланышкан. Көрсө жакшылык менен жамандык такай катарлаш жүрөт деп тандаган экен. Негизи ак-кара – бул мөңгүлөрдөн келип түшкөн, карасаң эле көрүнүп турган бычак учунда. Шырдак өнөрүн аздектеген, оюуга баа берген адам караса шырдак үстүндөгү оюу сүйлөп турат, жандуу болот.

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си Кыргыз кызматы, 12.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.