Кыргыз музыкасын кыр ашырган Асанкан Жумакматов

Бүгүн гезит чыгат. Ички, тышкы саясатта тынч эмес. Санаага салат. Анан калса гезитте ушунун баарына камтыганга үлгүрүшүң керек. Ага жараша нервиў да чыңалып, мүштөккө күчтү салып, оюң ордунда болбой, жазганыңан басканың көп. Мындай шарттарда радиону” бир бурап алсаң, көңүлүңдөгүдөй музыка уктуруп жатса маанайың жарк этип алып, тегирмендин ташындай тегеренген, азыр жазганыңды азыр жалмап турчу гезит дүйнөсүнө кайрадан кирип кетесиң. Адатымча “Кыргыз радиосунун” кулагын “кызарта” бурап ачып укканым симфониялык оркестрдин коштоосунда жаңырган “Ибарат” күүсү болду…Саясаты да, саңырсыткан саясатчысы да, эңшерилген экономикасы да калды. Кокту –колот, аска-зоону, бүтүндөй ааламды күүгө толтуруп жибергенсиген, жер жарчудай кубаттуу музыканын ааламына аралашып турдум саамга.

… Аз жыл мурда эле арабыздан бөлүнгөн бул теңдешсиз залкар адамды көрүп эле жүрдүк. Сымбатын бузбаган, дайыма жөө жүргөн, жүргөндө да “правиланы” бузбай, ишке келатканда көчөнүн берки бети, кетип баратканда аркы бети менен баскан киши эле. Өнө боюнда ак сөөктүк, сыпаалык, мырзалык катылган ал киши басса көчөнүн, жумушта КТРКнын көркү болчу.

Кайран залкардын өмүр жолуна серп салып көрсөк аныгында эле кыргыздын бир мыктысынын, элге сөзү өткөн, колунан берекеси, оозунан нарктуу кеби кемибеген, Сары-Өзөн Чүйдүн Арашан айылынын Жумакмат деген жакшы адамынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келиптир. Акыры эл жакшысы Жумакматтын ошол “жакшылыгы” өз башына муш болуп, мал-мүлкүн тартып алышып, үй-бүлөсү менен Украинага жер ооду кылып жиберишет. Ошондо Асанкан 6 жашар бала экен. Дээринде музыкалык таланты бар Асанкан ага бала кезинде гитара, балалайка ойноп, музыкага жакын өсөт. Акыры суктанарлык тагдырга туш кылган, өмүрүн өлбөс кылган да ушул музыка болду окшойт. Украинага айдалгандан 8 жыл өткөндөн кийин кайтып келген Асанкан Жумакматов педтехнукумдун даярдоо курсуна өтүп, ошол эле учурда кыргыз драмтеатрынын алдындагы оркестрде музыкант болуп иштей баштайт.

Кыргыз маданиятында 1939-жылы Москвада өткөн декаданын өтө зор мааниси бар. Өлкөбүздүн искусствосунун алп таланттары менен А.Жумакматов да делегацияга кошулуп барат, дегеле ошол жылдардан тартып кыргыз музыка өнөрүндөгү урунттуу окуялар А.Жумакматовсуз өткөн эмес десек жаңышпайбыз… Бирок ал мезгилде Асанкан аганын музыкадагы даңгыр жолу жаңыдан түптөлүп келаткан болчу. 1941-жылы Улуу Ата мекендик согушта СССРдин Мамлекеттик симфониялык оркестри Фрунзеге эвакуацияланып, А.Жумакматов ошол оркестрде иштей баштайт, бирок көп өтпөй өзү да кан күйгөн согушка аттанып 1944-жылы оор жаракат алып кайтып келет.

Согуштан кийин П.И.Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы улуттук бөлүмүнүн дирижерлук факультетинен билим алат. Кызыгы ошол окуп жүргөн кезинде консерваториянын студенттик оркестрине дирижерлук кылчу экен.

Андан бери далай суулар акты. А.Жумакматовдун гениалдуу дирижер катары басып өткөн жолун бир ооз сөз менен айтуу мүмкүн эмес. Гезиттин күндөлүк тили менен айтканда, ал тарабынан дүйнөлүк деңгээлдеги 50дөн ашык опера балеттин оркестрге салынышы эле көп нерсени айтып тургансыйт. 1962-жылы А.Жумакматовдун Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик Академиялык кыргыз эл аспаптар оркестрине башкы дирижерлукка барып калышы кыргыз элинин бактысы болгон. Бул оркестрге 10 жыл жетекчилик кылган ал 50дөн ашык элдик күүлөрдү, 100дөн ашык обондорду оркестрге салып, кыргыз музыкасын кыр ашырат.

Дагы айтайын А.Жумакматов суктанарлык тагдыр күткөн улуу инсан. Ал Карамолдо, Муратаалы, Ыбрай, Шекербек сыяктуу алптар менен үзөңгүлөш жүргөн, алардын күүлөрүн тоо жаңырта, жер дүңгүрөтө оркестрге салган. Ачыгын айтканда Асанкан ага болбогондо миң күү черткен Ниязалыдан баштап соңку Атай, Шекербектерге чейинки залкарлардын күүлөрү мынчалык кубаттуулукка ээ болуп, аалам элинин оозун ачырат беле, ким билет?! Ал тарабынан оркестрге салынган ар бир ырды, обонду угуп отуруп ушундай ойго кабыласың, сыймыктанасың. Ошондой эле С.Кийизбаева, Б.Миңжылкыев, Д.Жалгасыновадан тартып нечендеген ырчылардын, кийинки Р.Абдыкадыров, К.Тагаев, Т.Казаков, А.Керимбаев сыяктуу обончулардын обондорун оркестрге салып, багын ачкан да ушул Асанкан агабыз…

…Кой, бүтүрөйүн сөзүмдү. Гезиттин иштери шаштырып атат. Мен да шашып Асанкан аганын “Ибаратын” уккандан кийинки ойлорумду чүргөй салганым. Эсенчилик болсо Асанкан агага далай кайрылабыз… Бир билгеним жазып бүтпөйбүз… Анткени ал океан… Океан бүтчү беле?!

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Жаңы Агым», 30.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.