Алыкулдун акталбаган арзуусу

Алыкул тууралуу кимдер билбейт, кимдер ойлонбойт да, кимдер ага кызыкпайт. Алыкул – казса түгөнгүс кенч. Ал кенчте миң сырдуу ырлар жатат, уюган сырларда акындын тагдыры катылып турат. Ал эми адам тагдыры анын өмүрлөшү менен бирге түзүлөт эмеспи. Аз убакыт болсо да акын менен бирге жашоо бактысын алган Зейнеп апа Алыкулдун чыныгы арзуусу болгон. Акын жашоосунун акыркы ирмемине чейин жүрөгүнө жашаткан бул айым кыргыздын алп акыны менен айкалышкан тагдырын минтип эскерген экен.

“Алыкул менен кездешүү”

zeynep– Максатыма ортоктош болгон Москва 1939-жылы Кыргыз ССРинин искусствосунун I декадасын тосуп алууга камынып жатты. Күндөрдүн биринде институттагы кыргыз студенттер мени “Москва” клубундагы жолугушууга чакырып калышты. Келсек эл жык, бош орундук көрүнбөйт. Аңгыча орто ченде отурган бир кыргыз жигиттин жанында бош орун бар экен, ошого чакырышты. Алыкул экенин кайдан билейин. Таанышып, сүйлөшүп калдык. Көрсө, мени менен институтта чогуу окуган Ажыгабыл Айдаркулов менен Илике Көкөев күн мурун сөз бышырып, орундук камдап коюшкан турбайбы. Алыкулдун атагын угуп жүрчүмүн, бирок көргөнүм ошол болчу. Бир аз сүйлөшкөндөн кийин эле күтпөгөн жерден Алыкул олуттуу боло: “Сени чакырткан себебим: турмуш курууга сунуш киргизип көрөйүн дедим эле”, – дейт. Тааныша элек жатып оюн ачык билдирген кандай неме деп так секирдим. Же күлөрүмдү, же ыйларымды билбейм. Өзүм 16да болсом, окуум жүрүп жатса, турмушту кайдан ойлоном? Алыкул сезе коюп аста кызарып күлдү да, аяр кучактап муну айтты: “Андай болсо күтөйүн, окууңа тоскоолдук келтирбейин. Бат-бат келип турамын”. Тагдырыма ушундайча жолугушкан элем.

 

“Арзышкан кыз-жигит”

– Мени менен сырдаш, адамды ылгай билген акылдуу орус кызы ынак курбум Ритага болгон окуяны айтып бердим. Ал ачуусу келе: “Окуу керек болсо шашылба. Эрге чыгып үлгүрөсүң. Эгер ошондой эле ашыгып турсаң, бүгүндөн калбай чемоданыңды жыйна да, кет”, – деп урушту. Анан бир аз ойлоно калып: “Мени ошол жигитке бир тааныштырчы”, – деди. Тааныштырдым. Үчөөбүз театрга жөнөп калдык. Экөө сүйлөшүп алдыда, мен артта. Алыкул Ритага жагып калды. “Сенин тагдырың ушул жигитте, Зейнеп. Колуңдан чыгарбагын”, – деп бек айтты. Ушундан тарта Алыкулга көңүлүм жылыгансып калды. Ар жолуккан сайын мүнөзүнүн улам бир сырын ачкандай болом. Ошондой болсо да ачыгын айтайын, ага карата чоң сүйүүнүн илебин сезбедим, жанып-күйүп тартылбадым. Мындай сезим алгач катуу тынчымды алды. Курбу кыздарыма кеңеш салып: “Сүйүүсү жок турмуш курууга болобу?”, – деп көп сурадым. “Болот, сүйүү кийин үйлөнгөндө келет” дешет. “Алыкулдай олуттуу жигитке жар болуу бакыт эмеспи” деп жаалашат.

 

“Үмүтү бийик үй-бүлө”

zeynep2– Тааныш болуп жүргөнүбүзгө эки жылдай болуп калган кезде бир студент кыздан “Алыкул үйлөнгөнү жатыптыр” деген кабар уктум. Ал турсун, колуктусунун атын атады. Ишене албадым. Дароо Алыкулга кат жазып чын-бышыгын ачык айтуусун өтүндүм. Анан эмне болду дебейсизби, “Москвага токтоосуз барам” деп телеграмма уруптур. Айтканындай эле ашыгып келди. Ал кургур мени жалган ушакка ишенип алат деп аябай чочулаптыр. Бир кадам артымдан калган жок.

Москвадан келген 1941-жылдын августунда үйлөнүү тоюбуз болду. Согуш алоолоп турган. Вокзалдан алыс эмес Түштүк көчөсүндө, эки кабаттуу үйдө атактуу акындар менен коңшу жашап турдук. Чакан эки бөлмөлүү үйүбүз көз кубандыргыдай ыңгайлуу эле. Жаштык шерти кылып, ой-тилегибизди көп бөлүшүп жүрдүк. Не сонун учкул кыялдарга батчу элек. Кээде “бул курган согуш бүтсө эле Ысык-Көлгө көчүп кетебиз, ошоякта жашайбыз” деген бүтүмгө келчүбүз.

Бир күнү Алыкул мага чын сырын айтты. “Согушка албай жатат, Жоомарт, Жусуп, Мукайдан калып жашагым да келбейт”, – дейт. Бул үчөөнү ушундай жакшы көрө турган. Көрсө, ошондо өпкөсүнөн кургак учуктун ачык түрүн таап чыгышыптыр.

 

“Кыйноого салган кызганыч”

– Азыр ойлосом, ырк келишпөөнүн башталышы 1942-жылдын кышына туура келет экен. Кош бойлуу болуп калган кезим. Мындай учурда аялга өзгөчө камкордук, кечирим талап кылынат эмеспи. Алыкул негедир муну түшүнбөй “салкын тартып баратасың” деп мени акырындап кызгана да баштабаспы. Сыягы, антүүгө кайсы бир өлчөмдө ишим да негиз берди го. Анда мен искусство иштери боюнча республикалык башкармада театр бөлүмүнүн улук инспектору болуп иштечүмүн. Кызматым өзүмө аябай жакчу. Айткан сын-пикирлериме баары кулак салышчу. Согуш учуру болгонго эки нөөмөт катары менен иштечүбүз. Үй тиричилиги менен алпурушууга деги эле убакыт калбайт. Бул жагынан Алыкулдун күнөөлөгөнү туура эле. Эрте мененки 9да кетип, кечки 11де, кээде жаңы коюлган спектаклден кийин аны талкуулоо үчүн түнкү 1-2ге чейин кармалып калган кездерим көп болгон. Ажырашуубуздун себептерин далай ойлонуп, далай баш катырдым. “Кап, аттиң ай!” – дейм ушу азыр. Алыкул жарым жыл эле чыдап койгондо ал иштен өзүм кетпейт белем. Кичинекей эле, сөөмчөлүк эле “дипломатия” жетишпей турду… Ал байкуш мени күчтөп болсо да үйдө отургузгусу келди. А мен эси жок үй-бүлөдө негизгиси аял мээрими, ал түзгөн жылуулук экенин көңүлүмө алган эмес экенмин. Өзүмдү кандайдыр ишмер эсептеп, Алыкулдун ар бир айткан жемесин таш ыргытып тосуп алчумун. Мен үчүн негизгиси кызмат дечүмүн. Элдешчүбүз, кайра урушчубуз, урушчубуз, кайра элдешчүбүз. Кээ бир түндөрү таңды аппак атырып, мамилебизди аныктоо менен күн өтүп кетчү. Ичин тарытып кайрадан жумушка кетчүмүн. Анан кайра баягы.

 

“Кызыбыз менен келген жылуулук кайра кызыбыз менен чыгып кетти”

– Чынында эле кызыбыз төрөлгөндөн кийин үй-бүлөбүзгө кандайдыр жылуулук кирди. Алыкул кубанганынан уктабай чыгат. Абалымды, кызымдын абалын сурап төрөт үйүнө нечен келип, нечен кетет. Бирок, аттиң, кубанычыбыз узакка созулбады. Төрөт үйүнөн суукка урунган Жыпарыбыз бар болгону он беш күн жашады. Ансыз да бир үзүм бактыбыз ушинтип чоң кайгы менен аяктады. Эсимде, кызын колуна көтөрүп чыгып ак кайыңдын түбүнө жашырып келген соң Алыкул өзүн жоготуп буркурап ыйлады. Төрөт үйүн, өз ишине ат үстүнөн караган доктурларды урушуп “сотко берем” деп оолукту. Эптеп жатып тынчыттым. Алыкул ошондон кийин узак убакыт иштей албай койду. Бактысыз үйүбүздө тунжураган эки баш.

Тирүүчүлүк кантсе да кайгыны унуттурат экен. Бир аз тыңып алган соң кызматымды улантып кайра иштей баштадым. Эми ойлосом, Алыкулдун айрым достору ошонумдан өөн табышып, анын шекчил жүрөгүн кыянат ушак-айыңга чулгап коюшкан окшобойбу. Театрга жайдары, ысык-ынак барып, анан эле күтпөгөн жерден кабагы бүркөлүп, мурчуюп кала турган. Мени менен бир орунда отурууну каалабай, кээде үйдү карай жолдун эки тарабы менен кайтып келчүбүз. Кимдир бирөөлөрдүн мен тарапты карап күлүп койгону ого бетер кабагын түшүрчү. Ошол капасы жазылып кетсе го жакшы, а жазылбаса жума, ай бою сүйлөшпөй жүрө берчүбүз. Майда ыйкы-тыйкылар чоң жаракага айланды. Урушкан күндөрү апамдыкына кетип кала баштадым. Алыкулду сынап көрөйүн дедим. Жаштыгым да, жаңылыштыгым да ушунда. Алыкул артымдан келчү эмес. Арабыз алыстады. 1943-жылдын августунда ажырашып кеттик.

 

“Ажырашуудан кийинки жолугушуу”

– Бир жолу көчө боюнан, эски өкмөт үйүнүн жанынан Алыкулду көрүп калдым. Байкамаксанга салып мен жакты карар бекен деп аста көз жиберем. Алыкул карап келатыптыр. Качан “токто” деп айтар экен, “үйгө кетели” дээр бекен дейм. Өзүм токтоого сокур намысым жол бербейт. Жок, антпеди. Үйгө киргенден бир топтон кийин телефон шыңгырайт. Алыкул: “Өз жолум менен келатсам, мени карады деп ойлобо, сени караганым жок”, – деп трубканы шак эттире коюп койду. Деңдароо боло түштүм. Алыкулду акыркы жолу 1946-жылы көрдүм. Ошондо биз биротоло эки башка адам экенибизди толук билдик. Төрт жылдай бой жүрүп 1946-жылы жаңы бактымды таптым. Ошондон бери Ташкендемин. Ташкендеги театр институтунда кыргыз адабиятынан сабак берчүмүн. Алыкулду өтүү мага азап эле. Сөзүмдү уланта албай, каргылданып, көз жашым тегерене түшкөнүн сезген кыргыз жаштары эшикти аяр жаап чыгып кетише турган. Ошентип, Алыкул менен көп “кездешип” жүрдүм.

 

Искенов Болотбек, ардагер экономист, Алыкул изилдөөчү: “Алыкулга ат көтөргүс акэмгегимди арнадым”

b_iskenovУшул жылы кыргыз адабиятынын алпы Алыкул Осмоновдун кылымга толгон 100 жашы белгиленип жатат. Ага ылайык, акын тууралуу ар тармактуу иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келет. Алардын бири – “Алыкул” энциклопедиясы. Алыкулга арналган эмгектердин эң көлөмдүүсү болуп калган бул китептин жарык көрүүсүнө аянбай эмгек кылган Алыкул изилдөөчү Болотбек агайды кепке тарттык.

– Агай, Алыкулду ар тармактуу изилдептирсиз. Биз жогоруда кеп кылган Зейнеп тууралуу дагы кандай маалымат бере аласыз?

– Зейнеп сарыбагыш уруусунан чыккан, кыргыздын таланттуу кызы болгон. Анын мүнөзү абдан шайыр, тамаша менен сүйлөп, шар жүргөн, орус мүнөз, ак сөөк жан болгон. Акындын чыныгы арзуусу болгон Зейнеп Алыкул менен ажырашып, Ташкенге кеткенден кийин деле аны унуткан эмес. Унутпаганын мындан бил: Алыкул каза болгондон кийин Зейнеп Кыргызстанга келген сайын аталаш сиңдиси Дамира Чокоеваны ээрчитип алып эч кимге байкатпай Ала-Арчага барып акынга куран окуп келип турчу экен. Курбуларына “кыргызга эле чыккыла” деп айтчу экен. Кийин ошол сырдаш курбуларынан сурасам, 2002-жылы ал каза болгондо эч кимиси бара алышпаптыр. Кайран кишинин арманы ичинде кеткен экен.

– Өзүңүз кесибиңиз боюнча экономист болсоңуз, Алыкул дүйнөсүнө мынчалык тереңден кандайча аралашып калгансыз?

– Алыкулдун 100 жылдыгына арналган бул эмгекти жаратуу идеясы жалпы адабиятчылардын демилгеси менен башталган. Мен Алыкулдун чыгармалары менен бала кезимден таанышмын. Турмушумдагы айрым окуялар, мүнөзүм ага абдан окшош болгону үчүн да Алыкул дүйнөсү мага абдан жакын. Бул энциклопедияга 2014-жылдын май айынан бери маалыматтарды топтоп, эч кимде жок, эч жерде чыкпаган сүрөттөрдү киргизип болгон эмгегимди арнадым. Негизи өзүмдүн баштаган жумушту ийне-жибине чейин аяктамайын тынч албаган адатым бар. Ошентип, иштеп айрым документтерин, айкел менен сүрөттөрүн таап чыктым. Бул ат көтөргүс ак эмгегим Алыкулга арноом деп эсептейм. Байкасам, Алыкулга байланыштуу дагы көп кызыктуу нерселерди cүрүштүрсө болот экен. Андыктан ал тууралуу иликтөөлөрүм дагы да болсо улана бермекчи.

– Алыкулдун чыныгы күйөрманы экенсиз да?

– Дал ушундай. Менин “Жолборс терисин кийген баатырды” окуп чыккан соң ага болгон таасир менен Шотанын мекенин көрүп келүүм муну айгинелеп турат.

Гүлайым Калыбекова, “Леди.КГ”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.