Керемет үндүү Муса Баетов: Кремлде аккан көз жаш, 47 жашта өчкөн өмүр

Муса Баетов 1902-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна чектеш Байгөнчөк айылында туулган. Анын жети бир тууганы тең ыр-күүгө жакын болуп чоңоюшкан экен.

Өзгөчө, агасы Чодолдой комузду таңшытса, эжеси Үрпүкан комузду кубулжута кагып, Муса созолонто ырдап, шартылдата күү чертет. Айылдагы оюн-зоок аларсыз өтпөйт. Муса бешке чыкканда атасынан, сегиз жашында энесинен айрылып, жети бала томолой жетим калат.

Мезгил акырындап агылып, темир канат балапан Муса Ак-Талаа аймагындагы белгилүү комузчу Ыман Бердиктен күүлөрдү, ал эми айтылуу Тоголок Молдодон секетпай менен күйгөндүн үлгүлөрүн үйрөнөт.

Төрөлгөндөн эле жетим менен жесирдин, кедей-кембагалдын талабын талашып өсөт. Муса Баетов өтө боорукер, өзгөчө адамгерчиликтүү, бирөөнү бирөөгө кайрабаган, ушак айтпаган, ашыкча сөзү жок, бирок, ачык айтып, ак сүйлөгөн, колу ачык, убадага, жолдошчулукка бек, ток пейил, сыпаа адам болгон дешет.

Басса-турса, “менин шыгымды атам ойготсо, андан ары өөрчүткүн булбул болду. Булбул үнүн угуп, аны туурап ырдайм деп талаптанбасам, бүгүнкүдүй ырчы болорумду бир кудайдын өзү билет эле”, деп көп айтчу экен.

Муса көрбөгөн кордук, тартпаган азап калбаптыр. 1916-жылкы алааматты да көрүптүр. 14 жаштагы Муса Машырбай, Жумабай аттуу байлар менен Кытайга кошо үркүп барып, Кашкар жергесиндеги Тоюн деген аймакты жердептир. Бөтөн жерде алганы отун, бакканы кой болот. Арбын азаптарды тарткандан кийин, 1917-жылы үрккөн эл менен кошо арып-ачып, өскөн жерге келет.

Ал кандай кырдаал болбосун, татаал тагдырга туш келбесин колунан комузун, оозунан ырын түшүрбөйт. Ал калк арасына “Ак-Сай”, “Сарт калмак”, “Кургур ай” аттуу элдик, Боогачынын “Үкөй”, Сыртпайдын “Сыртпайдын обону” деген чыгармаларын ырдоо аркылуу белгилүү болгон. Мусанын үнү жердигинен лирикалуу, элдик аваздык боёкторго сугарылган диапазону кенен, бардык регистерлерде уккулуктуу, кубаттуу чыккан, ыргактык белгилери боюнча драмалык тенорго тектеш болгон.

Ал айтылуу обончулардын чыгармаларын терең сүйүү, жалындаган эргүү менен ырдаган. Ал шайырлардын обондорунун өзөктөрүн сактоо менен сезим отун жандырган жаңы мукамдуулукту, кайталангыс аваздык кооздуктарды таап аткарган.

Айрыкча, ал Тоголок Молодонун “Үрпүкан”, Нурдиндин “Нуркожо”, “Жаштын сыры” аттуу көлөмдүү ырларын өткөрө көркөмдүктө аткарган. Ошентип, Мусанын атагы Ак-Талаага гана эмес, Нарын өрөөнүнө белгилүү боло баштайт. Малайлыктан кутулуп, өз алдынча жашоо өткөрүп, оокат кылууга жарайт. Эс тарткандан кептеш-кеңештеши, акын Абдыкалыктын жардамы менен айылдашы Дервиштин кызы Иманбүгө үйлөнөт. Ал жактырган жарына баш кошкондугуна, өзүнүн бактысын тапкандыгына кубанат. Бүтүндөй өмүрүн ырга, күүгө арнайт.

Көпкөн манаптын кылыгы

1922-жыл. Кеч күз. Совет бийлиги анча күчүнө кире элек. Дөрбөлжүндө эки манаптын ашы болуп, Нарындагы ырчылар, комузчулар чакырылат. Ага Муса да катышып, аргендей авазы менен элдик ырларды ийине жеткире аткарат. Казганактаган калың калк жаш ырчыны кайра-кайра сурап угат. Ошондо айтылуу манап Чоконун Казысы жыйылган элди көзүнө илбей, бетинен түгүн чыгара жиндене “чоордой үнүң ушубу?” деп Мусанын оозуна ортон манжасын салып, тамагын айрып салууга аракеттенет. Эл арачалап, көпкөн манаптын мунусун оюнубу же чыныбы түшүнбөгөй калат. Ушул окуядан кийин ырчы айылынан алыстап, Нарын шаарына байырлайт. Кедей табынан чыккан кызматчыларга биротоло оойт.

1924-жылы акын Абдыкалык Мусаны айтылуу төкмө Калык Акы уулу менен тааныштырат. Ошондон тарта залкар акын менен такай байланышта болуп, андан улуу акын Токтогулдун ыр-күүлөрүн угат. Ошентип, Муса Калыктан да таалим-тарбия алат.

Муса “Жалтанган” (Жароокер), “Ойгоном”, “Даанышман” аттуу обондорун чыгарат.

1931-1934-жылдары Нарын шаардык радиосунда иштейт. Элге эфир аркылуу ырларын, күүлөрүн тартуулайт. Анын ысымы баштагыдай да угуучулардын арасына кеңири жайылат. Өз алдынча окуп, сабатсыздыгын жоёт. Үч жылдан кийин акын жана жазуучу Кубанычбек Маликовдун чакыруусу менен Фрунзе шаарына келип, Кыргыз драма театрына кабыл алынат.

Профессионалдуулукка жол салган Фрунзе

Борбордун угуучулары Мусанын өнөрү менен 1943-жылдын күз айларына кыргыз музыкалуу-драма (азыркы орус драма театрынын) ордуна жайгашкан театрдын залынан таанышат. Муса залкар шайырлар менен Кыргызстандын аймагына гастролго чыгып, эл арасында мурдагыдан да кеңири белгилүү болуп баштайт. Ал кайсыл жерде ырдабасын өзгөчө урмат менен кабыл алышат, айрыкча, жаштар арасында легенда катары тарайт.

1936-жылы уюшулган Кыргыз филармониясында иштей баштагандан тарта ырчылык, обончулук шыгын ар тараптуу өнүктүрүүгө умтулат. Муса өзүнүн кесиптештери менен эл аспаптарынан түзүлгөн оркестрди уюштурууга катышып, анын тунгуч музыканттарынын биринен болот. Ал оркестрдин көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру Петр Шубинден музыкалык билим алат. Тырышчаактыгынын, эмгекчилдигинин аркасында үч уктаса түшүнө кирбеген нота менен 35-36 жаш куракка жакындап калганда таанышат. Устаты Шубиндин талыкпаган эмгеги астында комуз-альтта ойнойт. Бир эле мезгилде оркестрде ырдоого жетишип, жамааттын тунгуч солисттеринен болот. Өзүнүн “Ойгоном”, “Даанышман”, “Арпанын Ала-Тоосунан”, Атайдын “Эсимде” аттуу ырларын оркестрдин коштоосунда аткарат.

Муса эл шайырларынын кутуна айланган филармониянын артисттери менен бирге калың калкты такай аралап жүрүп, элдин кандай чыгармаларга муктаж экендигин иликтейт. Өзү дагы дайыма чыгармачылык изденүүнүн сапарында болот. Ал кыякты (гармошканы) да мыктылап тартканды, домбураны черткенди үйрөнөт. Эл аспаптар оркестринин коштоосунда Атайдын, Сыртпайдын, өзүнүн чыгармаларын ырдайт. Дүйнөлүк, советтик композиторлордун, канатташ жашаган казак, өзбек, тажик сыяктуу бир топ бир тууган элдердин ар түрдүү жанрдагы чыгармаларын угат. Айрыкча, казактын элдик ырлары менен күүлөрүн жактырат.

“Эсимде”. Муса Кремлде эмнеге көз жашын агызган?

Муса 1936-жылы Москвада өткөн адабият менен искусствонун он күндүгүнө катышып, Атайдын “Эсимдесин” эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдайт. Кремлдин Чоң сарайындагы концертте ал ырды кантип аткаргандыгын эл акыны Абдрасул Токтомушев эскерген.

“Бир убакта Муса Баетов чыгып, эң сонун үнү менен отургандарды өзүнө тартып алды. Ал көз жашын мөлтүлдөтүп ыйлап да, обонун бузбай да ырдап жатты. Эмне үчүн мындай? Ал бир кездеги көкөй кескен жакырчылыгы, кой кайтарып тоодо жүргөн күндөрү эсине түшүп, азыркы тагдырына ыраазы болуп, кубангандыгынан эреркеп ыйлоодо. Анын бул ыйлап жана ырдап турушу ошол жерде отурган бүткүл элдин көңүлүн өзүнө бурду. Бул чоң таланттуу адам”,— деп жазган Токтомушев.

1945-46-жылдары Муса Баетов Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү опера жана балет театрында иштейт. Тубаса актердук шыктагы Бает уулу композиторлор Власов, Абдылас Малдыбаев, Ференин “Айчүрөк”, “Манас” операларынан Күлчоронун, Сыргактын, Алмамбеттин ролдорун аткарат.

Муса элдик ырчыдан профессионалдуу опералык ырчыга чейин өсөт, зоболосу баштагыдан да бийиктейт.

Эл аны төбөсүнө көтөргөн

“Муса — кыз кыялдуу, жылдыздуу, улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган, адамгерчиликтүү, боорукер, жоро-жолдош, тели-теңтушка кайрымдуу, жароокер, сыпаа, сылык адам эле. Элге алымдуу, кадырлуу болучу. Муса оюн коюп келе жатат дегенди укканда эл майрамга даярдангандай камданып, кабыл алуучу, жатуучу жайына, конок боло турган үйүнө чейин алдын ала дайындашчу. Коңшу айыл болсо ат, араба, автоунаа жиберип алдырганын далай жолу көрдүм. Ал элдин ою менен болуп, алар канча кааласа ошончо ырдап берчү. Муса ырдаган сайын эргип, жүзүнөн нуру чачырап чыга турган. Ал эми угуп отургандар андан өтүп ырахатка батчу. Сага калп, мага чын эл Мусаны алакандарына салып, төбөлөрүнө көтөрүшчү. Алар Мусанын көзүнчө эле “сен биздин булбулубузсуң” деген баасын беришчү”, — деп эскерет комузчу Чалагыз Иманкул уулу.

Муса урматка батып, элдин сүймөнчүлүгүнө арзып, булбул аталып, чыгармачылыгы гүлдөп турган маалда 47 жашында, 9-май күнү узакка узакка созулган оорудан көз жумган.

1981-жылы ырчы, акын туулган Ак-Талаа районунун борборуна Муса Баетовдун ысымы ыйгарылган. 1992-жылы анын 90 жылдыгына карата Баетов айылындагы Ломоносов атындагы орто мектепте үй-музейи ачылып, элдик баалуу буюмдар менен залкар шайырдын жеке буюмдары коюлган. Эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев анын өмүрү, чыгармачылыгы туурасында “Булбул көмөкөй” деп аталган повесть жазган.

Балбай Алагушев, Sputnik Кыргызстан, 20.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.