Агындылар

Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебинен «Биздин декан Сансызбай» деген бөлүктү окуп жатасыздар. Аталган китепке жетпей жүргөн окурмандар үчүн автордун телефон номери: 0557 711 878

(Башы өткөн сандарда)

Көрсө, айылдан жаңы келип, кыргыздын каныбызга жедеп сиңип бүткөн, ыкшоо, кайдыгер жашоо-тиричилигинин жылуу колтугунан чыкпай өскөн, баарына тийди-качты мамиле жасап, дөөлөткө кол жоорутуп, көз оорутуп жетпей эле оңой-олтоң жеткиси келген, билимге чоркок, илим азабынан ыракат алгандан көрө, студент болгонунан көбүрөөк ыракат алган биз өңдүү элетбаш балдарга билимдүү болуп көрүнүш үчүн ашып-ташкан деле билимдин кереги жок экен.

* * *

Адабият сабагынан эч кандай эрөөн-төрөөнү жок эле, кара көзүбүздү кашайтып туруп, кадимки 10-класста биз окуп келген «Кыргыз совет адабияты» окуу китебин алдына жайып алып «лекциясын» окуган Чотбаева эже эсте калды. Эже таанышалек жатып эле:

– Доцент Чотбаева деген мен болом. Лекциямды үтүр, чекитине дейре калтырбастан, тытынып жазып албасаңар кийин таппай каласыңар. Мындай лекция бир менде, бир архивде гана бар,- деп, анысын сабак сайын кайталап, жалаң шыгырап Кытайга үркүп барып, ата-энелеринен айрылып, жетим калган акын-жазуучулардын өмүр баяндарын окуй берер эле.

* * *

Биз окуган журналисттик бөлүмдө алты айында төрөлүп чарчап калган балага окшогон кодура сабактар көп болчу. Ошондойлордун бири “Идеологиялык иштердин пропагандасы менен методдордун илимий негиздери” дегени беле же башкасы беле, ошондон берген агай бизди зачет менен коркутуп жүрүп, бир күнү эле туфлийинин бир жак боосун жоготуп алганбы, алюминий зым менен байлап келген бойдон “дайынсыз” жок болду.

* * *

– Мындан ары ушул агайыңар сабак берет, – деп Сансызбай агай шыргый бойлуу жаш мугалимди таштап баса берди. Жаңы агайыбыз ишке шымалана киришип, күнүгө конспект текшерип, конспект жазбагандарга балчайтып “2” коюп келатты.

– Сенин конспектиң кана? Дүйшеев, сага айтып жатам -деп агай жаныма токтоду. Мен эмне дээримди билбей буйдала түшкөндө курсташым Мады:

– Агай, Дүйшеев деген Совет министринин төрагасы Арстанбек Дүйшеевдин бир тууган иниси болот,-деп жиберди.

“Асманда” турган агайым заматта “жерге” учуп түштү.

– Эми сизге “2” койсок болбойт да. Эми сиз мындан ары мындай кылбайсыз да…

Агайдын шашып шыбырап, эмне кыларын билбей турган ошондогу абалы азыр да көз алдымда.

* * *

Бири тарап атса, бири сабакка келип аткан студенттердин арасынан көөнөрүп бараткан кыргыз калпак кийип, колуна портфель көтөргөн кишини биз өмүр бою окуусун окуп “бүтпөй” келаткан “заочниктердин” бири болсо керек деп ойлогон элек. Анын үстүнө кыргыз илимпоздордун көбү агезде орус шляпа кийбесе, кыргыз калпагын дээрлик кийчү эмес. ЦК олтурган имараттын тушунда баратып Ак үйдүн терезесин карап туруп тилиңди көргөзүп койгондун өзү эле эрдик саналган ал заманда, ак калпак кийип жүргөндүн өзү андан да ашкан эрдик эле.

* * *

Анан бир күнү эле баягы кыргыз калпакчан киши бизге кирип келип “Илимий коммунизм” деген сабактан лекция окуй тургандыгын угузду. Маңдайыбызда кызыл өңгөчү күйүп айыккан кишиникиндей чыйылдап үнү тээ Кордойдун ары жагынан араң чыккансыган киши турду. Сүйлөп атып да көзүн ирмебестен тикирейип тиктей берет экен, тиктеген бойдон сүйлөй берет экен. Көрсө, бул агай студенттер атын угары менен кыйрысынан ургандай “кысчу” жерин кысып жиберген КМУнун атактуу профессорлорунун бири, тарых илимдеринин доктору Ашымкан Өмүралиев экен. Жүрөгүбүз “шуу” дей түштү. Ашымкан агай “акма кулак” болуп калган бизди аттиштей тиштеп, кычкачтай кысчу. Бөлөк сабактан качып-безип кетчү жаныбыз, “илимий коммунизм” дегенде “коммунизмге” бараткансып, өзүбүз эле чуркап калдык.

* * *

Ошентип Ашымкан агайга кошулуп, группабыз менен “капитализмдин көрүн” казып кирдик. Капиталисттердин адамзаттын канын соргон желмогуз, байлык, бийлик, акча дегенде эс нерседен кайра тартпаган жанкечти, шылуун, жадагалса балтыр эти каталек балдарды малдай жумшап, өтүгүн тазалатып, кордоп, элди бай-кедейге бөлүп алып, кара таман калкты аёосуз эзген зордук-зомбулугун агайыбыз тажабай түшүндүрүп жатты. Биз алардын мыкаачылыгын өз көзүбүз менен көрбөгөн соң адам адамды эзүү, теңсиздик, жакырчылык, бай, кедей дегендерди мээбизге сиңбей, кулагыбыздын сыртынан “агып” кетип атты. Аны сезген агай:

– Империализм деген – бул чириген торт!- деп чыгып кетти.

* * *

Ашымкан агай кезектеги лекциясын окуп жатты.

– Ошентип Ленин башында турган пролетариаттар тарабынан ой-максаты жүзөгө ашып, Улуу Октябрь Революциясы жеңип чыкты. Троцкий ошондо:

– Жолдоштор! Биз капиталисттер салган темир жолдор менен фабрика-заводдорду түп-тамырынан бери талкалайбыз! Биз өзүбүздүн жолдорду – социализмдин жолдорун салып, фабрика-заводдорун курабыз деди.

Ленин айтты:

– Жок, жолдоштор, Троцкийдики туура эмес, биз андай кылбайбыз! Биз темир жолдор менен завод-фабрикаларды талкалабайбыз, тескерисинче завод-фабрикаларды, темир жолдорду сактап калып, алардын желкесин май баскан кожоюндарын кууп чыгабыз!

Ашымкан агай күтпөгөн жерден группанын старостасын ордунан тургузду.

– Касымалиев, Троцкий эмне деди эле?

Касымалиев группанын старостасы болучу. Старосталардын дээрлик баары эле турмушка бышып келген, мугалимдер менен оңой тил табышкан балдар болгон менен сабакка келгенде дээрлик начар эле. Маселен, филфактын бир курдуу старосталарынын ичинен жападан жалгыз бетибизге карманганыбыз Маркстик стипендиант Баратбай Аракеев гана болбосо, калган мен баштагандарыбыздын баарысы сабактан нөл болчубуз.

– Кана, Касымалиев, айтчы, Троцкий эмне деди?

Нарынбек чакчалекей боло түштү.

– Агай, университетте чындык жок!-деди Нарынбек.

– Касымалиев! Троцкийди айт?

– Агай, биздин университетте чындык жок, таптакыр чындык жок.

– Олтур, “5”,-деди агай.

Агайдын журналга “2” деген баа койгонун билбестен, балдарга баш бармагын көрсөткөн Нарынбек жайдаңдап келип ордуна олтурду.

* * *

9-майдын алдында бүт ордендерин төшүнө тагынып алып, лекцияга университет менен толтура болуп кирип келген Найманбаев агайыбызды көрүп алып мугалимдердин ичинен согушка катышкан жалгыз эле ушул Садык агай болсо керек деп ойлочубуз. Көрсө, согушка мен окуган журналистика бөлүмүнүн кафедра башчысы Токтосун Мамбетсариев агай да катышкан экен. Согушка катышканын кокусунан өз оозунан угуп калып, лекциясы тажатып жибергенде эле аны алыста калган фронтту көздөй алып жөнөр элек.

Топту бузуп:

– Агай, университет боюнча биз жалгыз эле Найманбаев агай согушка барып келген экен деп ойлоп жүрчүбүз, -дейм.

– Жок, жолдош Дүйшеев, сиз катуу жаңылышасыз, согушка биз да барганбыз,- деп жылмайды агай.

– Ои-ий агай! Сиз да бардыңыз беле? Кантип согуштуңуз эле? Айтып бериңизчи? -деп араң турган балдар-кыздар жаалап кетти.

– Биздин боюбуз мылтыктан ашчу эмес. Ошого карабай суранып жатып Ата Мекенди коргоого аттанганбыз жолдоштор! -деди агай.

– Немистерди аттыңыз беле анан?-деди Бейшенбек.

– Жолдош Калыков, эгер немисти сиз атпасаңыз, анда немис сизди атып салбайбы,- деди агай.

– Агай, беш жыл бою согушуп жүрүп анан бир да жолу өлгөн жоксузбу?-деп сурады Жаныбек Өмүралиев.

Агай суроону укпай калдыбы, же укмаксан болгон түр көрсөттүбү же Жаныбектин “шумдуктуу” суроосун балдардын күлкүсү басып кеттиби, билбейм, жооп бербей койду.

* * *

Аңгыча:

– Дүйшеев, деканга! – деген үндөн улам ойлорумду жыйнап, декан Сансызбай Иманалиевдин маңдайында турдум.

– Ии, эмне болуп ит болуп жүрөсүң? -деди агай.

– Ит кубалап,-дедим.

– Анан?

– Анан ошол. Балдар болуп вино ичип атканбыз. Анан эле кайдан-жайдан мотоциклчен милийса чыга калып, ит-мити менен мени кубалап жөнөдү.

– Кармап алдыбы анан?

– Качып кутулдум.

– Ап-бали! Кайдан ичтиң эле?

– Профилакторийдин алдынан.

Муну угаары менен Сансызбай агай бетаарчысын алып чыгып мурдуна такап, бырышып-тырышып туруп толтура бир бышкырып алды да, туталанып, жини келип:

– Акмак атаңдын оозуга!-деп чыдай албай кетти,- профилакторийдин алдынан да киши ичеби? Кудайды бир карасаң болбойбу? Мындай бир милийса көрбөгөн аң-чөнөк таап алып ичсең өлөт белең? Анан да дардайып профилакторийдин алдына жатып алып ичет деген эмне шумдук! Балаа ичкир! Ал жерден ичкениңди милийса эмес мен көрсөм деле кубалап жөнөмөкмүн, -деп күпүлдөп коё берди.

– Иче калып эле кетип калабыз деп ойлогонбуз.

– Канча ичтиңер эле?

– Эки бөтөлкөнүн бири түгөнгөндө келип калды агай.

– О, кешиги жок! Бири ичилбестен калдыбы анан? Жок дегенде баарын ичкенден кийин кубаласа эмне. Мына эми, анын айынан окуудан кубаланганы турасың.

– Агай?

– Агайдын балакетин аласыңбы. Завкафедраң күндө келе берип тажатты. Мына жазганы. Агай окуп кирди: “Жолдош Дүйшеев Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын флагманы болгон университеттин аброюна көө жапты. Коммунисттик идеяларга жат жүрүш-турушу менен студент деген ыйык наамы булганды. Мындан ары бул өңдүү моралдык жактан мандемдүү гражданиндин советтик студенттердин катарында билим алууга акысы жок деп эсептейбиз. Жолдош Ш.Дүйшеевди окуудан чыгаруу маселесин чечип берүү жагын деканаттан сурайбыз?” – деп, колу коюлуп, аты-жөнү, кызмат даражасы жазылыптыр.

– Жүрү Акматовго? Тагдырың ошол жерден чечилет, -деп, агай мени Акматовго ээрчитип жөнөдү.

(Уландысы бар)

Шайлобек Дүйшеев, “Де-факто”, 10.10.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.