Мусулман маданияты жана Жусуп Баласагындын руханий мурасы

Азыркы адамзат маданиятын мусулман маданиятысыз элестете албайбыз. Ал ааламдык цивилизация тарыхында абал өзү жаралгандан баштап айтаарлык роль ойноп келатканы айдан ачык. Бүгүн да мусулман маданияты дүйнөлүк цивилизациялык-маданий өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп атканы айныгыс акыйкат. Ошондуктан мусулман дүйнөсү, мусулман цивилизациясы, мусулман маданияты кандай рухий нарк-дөөлөттөрдүн негизинде калыптанган деген маселеге баш бакпай туруп, биз быйыл 1000 жылдык мааракеси белгиленип жаткан Жусуп Баласагын бабабыздын руханий дүйнөсүн да ойдогудай аңдай албайбыз. Анткени, биздин атактуу эки жердешибиз – Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин жашоо жагдайы жана чыгармачылык мурасы мусулман маданиятынын дүркүрөө (ренессанс) доору менен түздөн-түз байланыштуу жана ансыз аларды адекваттуу аңдап-түшүнүү да түк мүмкүн эмес.

Бу жерде мусулман маданиятынын түпкү негиздери биринчи кезекте көп жагынан Араб халифатынын калыптануу жана өсүп-өнүгүү өзгөчөлүктөрү менен өтмө катар шартталганын эске алуу кажет. Ал эми Араб халифаты болсо, өз учурунда, ак деңиз айланасында калыптанган кадимки антика жана Византия маданияты менен цивилизациясынын парадигмаларын, алардын маданий, илимий, философиялык ой-санаа салттарын мурастап, андан ары өнүктүрүү жолунда өсүп-өөрчүгөнү белгилүү.

VII кылымда Мухаммед пайгамбар жар салган жаңы монотеистик ислам дининин негизинде Араб халифаты өз өкүмүн Гибралтардан Индиге чейинки ченемсиз айдыңга жайылтууга жетишип, ар кыл маданияттар менен цивилизациялардын өз ара катышуу жана баюу борборуна айланган. IX-XII кылымдарда мусулман цивилизациясы өзүнүн “алтын доорун” сүрүп, бүткүл дүйнөнүн материалдык жана рухий маданият жагынан калыптануусуна кадыресе таасир эте баштаган.

Классикалык мусулман маданияты жана дүйнө таанымы ириде илим-билим идеалын туу тутуп, ааламды жана адамды аңдап билүүдө баарыдан мурда дал ушул парадигманы шариат жол-жоболору аркылуу өзүнө омоктуу негиз кылып алган. Шариат боюнча илим-билим менен ишеним, башкача айтканда, ыйман-ынаным бири-бирин толуктап турган бир бүтүндүк катары каралат. Мухаммед пайгамбардын “Илим-билимди алыскы Кытайдан да издегиле” дегени мунун айкын күбөсү. Ошон үчүн, орто кылымдарда мусулман дүйнөсүндө “калам”, “адаб”түшүнүктөрү, абсалютту аңдап билүү амалы катары калыптанган Шариат – Тарикат – Хакикат жол-жобосу коомдук аң-сезимде орчундуу роль ойногон. Илим-билимдин мааниси жана баа-баркы башка бир да цивилизацияда жок көкөлөгөн бийиктикке көтөрүлгөн. Ошондон улам, орто кылымдардагы мусулман дүйнөсүндө калам менен иришкен илим-билимдүү улама аалымдар, адеп-ыймандуу энциклопедист-интеллектуал инсандар көп болгон. Алардан мурас калган жүз миңдеген колжазмалар айтылгандарга ачык далил.

Мусулман маданияты менен цивилизациясынын инварианттык парадигмасын парасаттап сыпаттоодо, ири алды, анын айдан ачык гуманистик маани-маңызга каныга сугарылганын баса белгилөө кажет. Буерде орто кылымдардагы мусулман маданиятына мүнөздүү болгон гуманизмдин үч аспектисин эске алуу абзел. Алар:

– Адамды жараткандын жаркын бир туундусу катары бийик баалап барктаган диний гуманизм;

– IX кылымда калыптанган кастарлуу адаб гуманизми. Бул 700 жыл кийин, XVI кылымда Европада пайда болгон humanitas идеалына туура келет;

– Концептуалдашкан идеялар таризинде иретке салынган философиялык гуманизм. Мунун маани-маңызын адабиятчылар арасында философ, ал эми философтор чөйрөсүндө адабиятчы катары таанылып, Х кылымда жашап өткөн Абу-Хайян ат-Таухиди : “Адам адам үчүн көйгөйгө айланды” деп, кыска-нуска мүнөздөгөн;

Акырында, адам акыл-эсинин ашкан асылдыгын жана бийиктигин аздектеген айрыкча гуманизм. Буга негиз катары аалымдар адатта Мухаммед пайгамбардын хадистерде айтылган: “Кудайды тааныган ар пенде, көр пенде болбой, өзүн да тааныйт”, “Кудай жараткан алгачкы нерсе – акыл-эс” деген сөздөрүн мисал келтиришет.

Мусулман маданиятынын амбиваленттүү табияты аны ошондой эле жай турмуштук жана сакралдык, эзотерикалык жана экзотерикалык элементтердин эриш-аркак алака-катышы аркылуу кароону да талап кылат. Дал мына ушул жагдай ислам дүйнөсүндө орошон руханий роль ойногон айтылуу суфизм окуусунун пайда болуусун шарттаган. Анын адептери адамдын азат-эркиндигин тушаган ар кандай эреже-калыптар менен догма-принциптерге каршы турушуп, өздөрүнүн жашоо-турмушунда жана жаратмандык иш-аракетинде алды менен жан дүйнөнүн азат-эркиндигин жар салышкан. Ушундан улам, көп убактактарда ортодокстар тарабынан ар кандай опуза каршылыктарга учурап, куугунтук жешкен. Ошондуктан, өз ой-сезимдерин көбүнчө поэзия жана музыка аркылуу туюндурушкан. Ал эми суфизм окуусу жана философиясы дүйнөгө көбүнчө Хафиз, Руми, Саади, Омар Хайям, Низами, Жами, Ахмед Яссави сыяктуу залкар сопу акындар аркылуу таанылганы жалпыга маалым.

Жусуп Баласагындын “Куттуу бийлик билими” чыгармасынын өзөк идеясы -идеалдуу мамлекет жана адилет өкүмдар маселеси. Дастандын мазмунундагы калган ойлордун баары ушул проблемага байланыштуу. Ислам маданияты менен саясий ой-пикиринин айтылуу өкүлдөрү аль-Маварди, аль-Жувейни, аль-Газали өз эмгектеринде Араб халифаты, б. а, ислам мамлекети менен Шариаттын жол-жоболору бири-бирине каршы келбесин белгилеп кетишкен. Алардын концепциясы боюнча, мамлекет – Шариаттын принциптерин турмушка ашыруучу курал. Демек, иш жүзүндө, кептин баары реалдуу саясий бийлик кимдин колунда, аны өкүмдар бийлер кандай түшүнүп, кантип жүргүзөт? – маселенин маңызы мына ушунда дешет. Жарандык мусулман коомунун жыргалчылыгы, ынтымак-ырашкерлиги, ыймандык-руханий туруктуулугу ушуга жараша болоору баса белгиленет.

Арийне, дин менен мамлекеттин биримдик идеясы жалаң жарандардын диний жалпылаштык жана тилектештик сезимине гана негизденбейт. Мусулман мамлекети идеясынын түпкү маани-маңызын түшүнүү үчүн ислам бир гана дүйнөгө көз караштардын өзүнчө бир тиби эмес, ал ошондой эле айрыкча жашоо образы экенин да эске алуу эң маанилүү. Андыктан, адамдар социалдык-саясий жана экономикалык мамилелерде мамлекет менен аны башкаргандардан ар дайым адилеттүүлүктү күтүшкөн жана талап кылышкан.

Карахандар доорунда исламды кабыл алуу менен түрк калктары жаамы мусулман элдеринин маданий алкагына – араб тилине жана ал аркылуу алардын маданияттарына коошкон. Ал эми араб тилинин таралуу ареалы аябагандай кенен болгону бештен белгилүү. Ал Жакыңкы жана Орто Чыгыш, Орто Азия, Түндүк Индия (азыркы Пакистан), ошондой эле, Түштүк-батыш Европа аймактарын бүт кучагына камтыган. Бул кеңири аймакта түрк тилдүү маданияттар өз ара тыгыз алака-мамиледе болушу алардын ар биринин өсүп өркүндөшүнө жагымдуу таасир эткен. Андыктан так ушул мезгилде, тагыраак айтканда, VIII кылымдан тартып мусулман маданияты гүлдөп баштаганы тегин жерден эмес. Андай өсүштүн туу чокусу X-XII кылымдарга туура келет. Ал учур мусулман каламы да, жана жалпы жаран маданияты да дүркүрөп өнүккөн өзгөчө доор болгон. Ошондон улам, орто кылымдык жаран маданиятынын жадырап гүлдөшү, Батышка караганда, бу жерде кыйла эрте башталган. Эң негизгиси, ислам дүйнөсүнүн орто кылымдык жаран маданиятына эркин дух жана гуманизм идеялары кадыресе мүнөздүү экенинде. Ошонусу менен, изилдөөчүлөр баса белгилешкендей, ал кайсы бир өлчөмдө Батыш европа Ренессансын, жогоруда айтылгандай, дээрлик 700 жыл мурда алдын ала озунуп шоораттаган.

Бу жерде эң оболу Ибн Сина (Авиценна), Ибн Рушд (Аверроэс), аль-Фараби, аль-Бируни, Омар Хайям сыяктуу бир катар акыл-ой алптарынын чыгармачылыгын эске алуу кажет. Алар эллада жана чыгыш антика доорунун интеллектуалдык-маданий мурасын татыктуу баалап гана тим болушпастан, ошондой эле, белгилүү даражада, аны асылдандырып байыта да алышкан. Дал ошол доордо мусулман дүйнөсүндө математика, медицина, табият таануу тариздүү илим тармактары да дүркүрөп өнүккөн. Бул өз учурунда дүйнөгө көз караш жаатынын – философиянын, искусствонун, адабияттын жана архитектура өнөрүнүн өркүндөшүнө жакшы өбөлгө түзгөн.

Эркин ой жүгүртүүнүн өсүп-өөрчүшүндө «эриш-аркак эгиз чындык» концепциясы эң орчундуу роль ойногон. Себеби, ал кудай таануучу «калам» менен бир катарда, реалдуу барлыкты аңдап билүүнүн рационалдык усулу да кадыресе жашоого акылуу экенин жүйөөлүү далилдер менен негиздеген. Ошон үчүн мусулман дүйнөсүнүн илими менен маданияты дал ушул мезгилде айрыкча көркүнө чыгып гүлдөгөнү кокусунан болбосо керек.

Бу доордун экинчи бир мүнөздүү белгиси Чыгыш менен Батыштын өз ара жакын чыгармачыл алака-мамилеси орун алганында болгон. Болгондо да, демилгелүү шыкак-түрткү дээрлик Чыгыштан – мусулман дүйнөсүнөн чыгып турган. Дал ушул мусулман дүйнөсүнүн маданият ишмерлеринин күч-аракети аркылуу европалыктар антика ойчулдары Аристотелдин, Платондун, Гиппократтын, Евклиддин, Птоломейдин жана башкалардын эмгектерин латынча таржымасында кайрадан жаңыртып ачып аңдашкан. Муну менен бирге, ошо мезгилдеги мусулман дүйнөсү жараткан ашкан зор илимий жетишкендиктер да латынча котормосу аркылуу европалыктардын өз энчисине айланган. Асыресе, Ибн Сина менен Ибн Рушдун эмгектери айрыкча кеңири таанылып таркалган. Мунда асыресе мусулман перипатетиктери деп аталган бир катар биздин ата-бабаларыбыздын эмгеги ат көтөргүс болгону тарыхта эбак тастыкталган. “Атын атаса куту сүйүнөт” дегендей, алар айтылуу антика доорунун даңктуу даанышмандары Аристотель менен Платондун акыл-ойлорун азыр өздөрүн антика маданиятынын түздөн түз мураскорлорубуз деп манчыркап жүрүшкөн европа “маңкурттарына” биринчи болуп таанытып, түшүндүрүп беришкен. Ошон үчүн, ушул интеллектуалдык-маданий ренессанстын башында турган биздин даңазалуу бабабыз жана Тараздык (Таластык) жердешибиз Абу Насир Аль-Фараби өз доорунда Аристотелден кийинки “Адамзат даанышманы” атка конгону кокустук эмес да!

Илимий адабият менен бир катарда, ошондой эле, мусулман дүйнөсүнүн көркөм адабий чыгармалары да Батышта айтаарлык шардана болгон. Демек, маданий дөөлөттөр жаатында өкүм сүргөн мындай алыш-бериш алака Европа Ренессансынын бир булагы болгон деп тастыкташка толук негиз бар.

IX кылымдан тартып ислам дүйнөсүнүн маданий өнүгүүсүндө жаңы этап – Халифаттагы араб насилине кирбеген бөлөк калктардын маданий санаа-салттарынын Жандануу этабы башталган. Ал эки себеп менен шартталган. Биринчиден, ал элдердин өз саясий жана маданий көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөшү менен. Экинчиден, Халифатта борбордук бийлик алсырап, солгундай башташына байланыштуу.

Этностук маданияттардын жандануу процесси Халифаттагы калайык-калктардын дээрлик баарысына туташ жайылган. Атүгүл, ага байыркы араб адабий салттарын кайрадан жандандыруу зарылдыгын жакташып, Шуубит идеологиясына (арабдар караткан калктардын боштондук кыймыл идеологиясына) каршы турушкан араб чыгармачыл ишмерлеринин белгилүү бир бөлүгү да катышкан. Бул этностук жандануу процесси дүйнөлүк рухий маданиятта фарси жана түрк тилиндеги улуу адабият феномендерин жараткан. Алгачкысынын символдору Рудаки, Фирдоуси, Омар Хаям болсо, кийинкисинин символдору – Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари. Бул адабияттар жалаң өз башат тамырларына кайрылуу негизинде гана жаралышкан эмес. Ал ошондой эле, эң негизгиси, мезгил талабына карата кайтарылган кажет жооп да болгон. Иштин төркүнү, жаңы өзгөрүштөр шарданы бир эле учурда боштондук кыймылдарына да, рухий жаңыруу тенденцияларына да күчтүү түрткү берген.

Эскерилген тенденциялардын эң жаркын көрүнүштөрүнүн бири, алып айтсак, түрк маданий ренессанс корифейлеринин чыгармачылыгы. Бу жагынан, адегенде эле Жусуп Баласагындын даңазалуу «Куттуу бийлик билими» («Кутадгу билиг») поэтикалык дастаны дароо баамга урунат. Анын жаралышы түрк поэзиясынын, жана ошондой эле, түрк философиясы менен коомдук-саясий ой-пикиринин өсүп-өөрчүшүндөгү терең сапаттык өзгөрүштү туюндурган өзүнчө бир туу белги сыяктуу. Муну автор өзү да жакшы билген. Дастандын кара сөз түрүндөгү кириш сөзүндө ал мындай деп жазат: «Мачин аалымдары менен даанышмандары бир ооздон чыгыш өлкөлөрүндө, Түркстан мамлекеттеринде буурахан тилинде, түрк сөздөрү менен буга дейре эч ким мындан өткөн мыкты китеп жараткан эмес деп айтышууда» . Бул пикирге автордун чыгармачылыгын изилдеген³ билермандар да бүт бойдон кошулушат. Бирок автордун башка бир айткан ою тууралуу суроо туулат. Поэтикалык кириш сөзүндө ал мындай деп белгилейт:

Араб менен тажиктин – китеби көп акылдуу,
Биздин тилде бу китеп – биринчи ирет жазылды (72-бейт).

Ушундай эле ой дастандын башка бир жеринде да айтылган:

Жайылган түрк сөздөрүн – жапайы бугулардай,
Жоошутуп колго үйрөттүм, жөн карап туруп албай (6617-бейт).

Ушундан улам, Жусуп Баласагындын чыгармачылыгы өзүнөн муруңкулар менен эч кандай байланышсыз жайдак жерден келип чыккан дешке болобу? Автордун айткан-дегендеринен мына ушундай тыянак чыгаруу караманча туура эмес болоор эле. Автор айткан пикирлердин түпкү маани-маңызы, биздин оюбузча, таптакыр башкада.

Жусуп Баласагын чыгармачылыгынын эң көрүнүктүү билермандарынын бири А. Н. Кононовдун пикиринче, ал айтылгандар «исламга киргенден кийин (VIII кылымдын акыры, IX кылымдын башталышы) түрк тилиндеги будда, манихей жана христиан адабий эстеликтери унутта калганын, же, анык тагыраагы, катуу тыюуда болгонун күбөлөйт. Болбосо, көркөмү ушунчалык келишкен, философиялык мазмуну аябагандай терең, а көлөм жагынан айтаарлык кенен (13290 ыр сап) мындай чыгарманы мурда түрк поэзиясында эч бир башат-тамыры жок биринчи тажрыйбадан улам келип чыккан туунду, демек, ал толугу менен чет тилдерде – араб жана парсы поэзия салттарында жаралган жетишкендиктерге негизделген деп ой болжош эң эле кыйын» .

Чындыгында да, мындай шедевр жөн жерден жарк этип, капилет жаралып калышы эч мүмкүн эмес да . Демек, ал улуттук кыртыштан гана өнүп чыгалмак, иш жүзүндө так ушундай болгон деп тастыкташка баарлык негиздер бар. А бирок ал кыртыштан жаңы сапаттагы маданият үрөндөрү өнүп чыгыш үчүн күчтүү түрткү зарыл болгон. Жаамы мусулман дүйнөсүнүн жана маданиятынын ошо кездеги дүркүрөп өнүгүшү ошондой омоктуу түрткү болгон. Ошол убакта чыгармачыл изденүүлөргө ойдогудай жагымдуу жагдай-шарт түзгөн ошондой учу-кыйыры кеңири орток маданий чөйрө болгонун автор өзү да көрсөтөт: «Бул китеп кайда жетип, кандай гана өкүмдардын колуна тийбесин,-деп айтылат дастандын кириш сөзүндө,-асеми ашкан сонундугу жана айтып бүткүс көркөмдүгү үчүн ал мамлекеттердин аалымдары менен акылмандары аны аябай мактап-жакташып, ага ар түркүн ат коюшкан. Чин жакшылары аны «Асыл адат-салттар жыйнагы» деп аташкан; Мачин өкүмдарларынын аттуу-баштуулары «Мамлекет камкорчусу» дешкен; Чыгыш өлкөлөрүнүн башчылары аны «Дөөлөттүүлөрдүн сөөлөтү», Ирандыктар–түрк «Шахнамеси», а айрымдар – «Өкүмдарларга насыйкат китеп» деп аздек тутушкан; ал эми Турандыктар болсо, аны «Куттуу бийлик билими» аташат».

Кайсы жерде кандай жаңы чыгармачылык табылга жаралса, ошого жапырт талпынып кызыгуу кырдаалы өкүм сүргөн дал ушундай рухий жагдай- шарт Жусуп Баласагын феноменин өстүргөн.Тышкы белгилери боюнча китеп этикалык-дидактикалык жанрга ыктагансып турса да, арийне, өзүнүн түпкү терең маани-маңызы жагынан ал түбөлүктүү жалпы адамзаттык нарк-дөөлөттөрдү өтө көрөсөн көркөмдүктө чагылдырган залкар чыгармалардын катарына кирет. Ошондуктан аны эч тартынбастан туруп, мусулман дүйнөсүнүн тарыхындагы ошол жаркыраган доордун нукура энциклопедиясы деп атаса болот. Албетте, өзүнүн залкар поэтикалык дастаны «Куттуу бийлик билиминде» («Кутадгу билиг») Жусуп Баласагын ата-бабалардын мамлекет куруу жаатындагы таалим-тажрыйбасына да, жана ошондой эле, рухий турмуш жагындагы нускалуу каада-салттарына да таазим этет. Аны фольклор менен Отукен бектеринин (байыркы түрк кагандарынын) айткан-дегендеринен алынган бир катар элдик накыл кеп-сөздөр ырастап турат. Бирок ошондой болсо да, анын көңүлү, биринчи кезекте, учур чакка жана эртеңки келечек мезгилге бурулганы баамдалат. Адилеттик жана социалдык гармония принциптерине негизделип курулган акыйкат мамлекет идеясы дастанды баштан-аяк жүлүндөй аралап жүрүп отурат. Андай идеалдуу мамлекеттин омоктуу негизин, автордун оюнча, илим менен билим гана түзө алат:

Илимде – бүт жакшылык, а залкарлык – билгиликте,
Кудайдын куту ушул – бу жашоо-тиргиликте.

 

***

Илим менен улуу иштер жасалат,
А улуулук – жакшылыктан башталат
(150-бейт).

 

***

Кызматты кылыш үчүн билим керек,
Бу дүйнө кандай болуп жаралганын,
Катылган сыры кайда жашырылган –
Буларды билиш үчүн – аны үйрөткөн
Акылдуу илим керек.

 

***

Бийлик десе ак урган, оо, урматтуу өкүмдар!
Өзүңө акыл айтууга менин дагы акым бар:
Илим гана чыгарат – эси даана билгени,
Илим менен иришсең – ишиң жүрөт илгери!
(5250-бейт).

 

***

Бек жаңылса – бийлиги ичтен ирип бузулат,
Тез таппаса дабаасын – ого бетер кутурат.
Ага дары бир гана – илим-билим аргасы,
Ал оорудан адамдар – дал ошентип кутулат
(1965-1970-бейт).

Автор акыйкат (идеалдуу) мамлекет – ириде мыйзам бийлиги өкүм сүргөн дөөлөт экенине терең ишенет:

Заң-мыйзам менен-өлкө гүлдөйт, бүт дүйнө дуулап өсөт,
Ал ансыз – дүйнө дагы,өлкө да куурап өтөт!
(2030-бейт).

 

***

Өлкөгө эки нерсе өбөк болот,
Өргө сүрөп,өксүтпөй жөлөк болот:
Адилеттик мыйзамы – бирдин бири,
Экинчиси – аскерди чоң олжого туйтундуруу
(2130-бейт).

 

***

Бийликти күтө албайсың зордук менен,
Эл көнбөйт жашаганга кордук менен
(2030-бейт).

 

***

Жакшылыкка күч эмес, мыйзам гана жар болот,
Жаратканга жалынсаң, каалаганың бар болот
(1450-бейт).

Мыйзам бийлиги жүргөн жерде – адилеттик да, теңчилик да болот:

Өз уулбу, өзгөбү, таанышпы же тамырбы,
Дагы айтылбай ким калды?
Күттүрүп да, күттүрбөй – келип калган бир жанбы,
Заң-мыйзамдын алдында – баары бирдей мен үчүн.
Айыптарын алардын азайтпаймын, көбөйтпөйм –
Акыйкаттык жолунда баары бирдей тең үчүн.
Бийлик үчүн адилдик баарынан бийик турса –
– Өзөгү бекем болот.
Акыйкатка баш урган бийлик гана эсен болот
(845-бейт).

Ж. Баласагындын пикири боюнча, бүтүндөй өлкөнүн да, жана ошондой эле, ар бир инсандын да өркүндөп өсүшүнүн түпкү негизи – агартуу:

Окуу деген – караңгыда шам чырак,
Ал чырактан сен жарыйсың жаркырап.

 

***

Окуу менен, илим менен өркүндөйсүң өсөсүң,
Ушул эки нерсе менен кадыр-баркка жетесиң
(285-290-бейт).
“Окуса,-акылмандар айткан бир кеп,-
Күнөөкөр да тозоктон кутулат”деп.

 

***

Окуу менен бүт жамандык жоголот,
Билим менен элдин пейли оңолот.

 

***

Асылдын көркү – илимде,
Акимдин көркү – билимде
(300-бейт).

 

***

Канча билги болсоң да, окугандан ноюба,
Окуу менен жетесиң – эмне түшсө оюңа
(6605-бейт).

Ошентип, Жусуп Баласагын бабабыздын “Куттуу бийлик билими” дастанынын негизги мазмун-маңызынан иргелип алынган мисалдар айтып тургандай, атактуу автор өз доорунун жана маданиятынын инварианттык идеалдарына ылайык ириде Акыл-Эсти даңктаган даңазалуу акын болгон. Ошонусу менен ал адам баласын өз чыгармасында бу дүйнөдөгү эң асылзат катары кастарлаган.

Ошол эле негизде, Жусуп Баласагын Илим менен Агартуунун күйүп-жанган жарчысы болгон. Ошонусу менен ал жаркын жарыкчылыкка жана прогресске үндөгөн.

Жусуп Баласагын баарлык адамдардын мыйзам алдында бирдейлигин чын дилинен жар салган насаатчы болгон. Ошондуктан ал өз дастаны аркылуу ири алды өкүмдарлар арасында социалдык адилеттик идеалын туу туткан акыйкаттуу бийлик идеяларын жайылтууга астейдил умтулган.
Айтор, көрүнүп тургандай, Европа Ренессансы менен Агартуу доорунун ишмерлери кандай идеалдарды кастарлашса, Жусуп Баласагын да өз кезинде дал ошондой идеалдар үчүн күрөшкөн. Бирок алардан бир нече кылым озуп кеткен.

Жусуп Баласагындын дагы бир салмактуу чыгармачыл салымы – ал түрк адабий тилин мурдагыдан алда канча бийик деңгээлде кайрадан жандандырган. Ал эми түрктөрдүн алгачкы адабий тили, башта айтылгандай, рун жазма эстеликтеринин тили болгону жакшы маалым. Бул процесске кандай салым кошконун Жусуп Баласагын өзү эң эле элестүү жана ташка тамга баскандай таамай сүрөттөгөн:

Көшөрүп билим уулап, кезердим тыным албай,
Керемет сөз кештесин – тиздим мен шурулардай.
Жайылган түрк сөздөрүн – жапайы бугулардай,
Жоошутуп колго үйрөттүм, жөн карап туруп албай.

Ага мен мээрим төктүм, а дагы үйүр алды,
А бирок дале үркүп, ойт берип туруп алды.
Баарына кайыл болуп, сөздөрдү асырадым,
Баламдай жытын искеп, жыпардай чачырадым
(6615-бейт)

(Эскертүү: дастандын жаңыча аталышы жана келтирилген мисалдардагы Жусуп Баласагындын ыр саптары орус тилинен макала авторунун өзүнүн котормосунда берилди).

Ошо мусулман ренессансы мезгилиндеги түрк маданиятынын өсүп-өнүгүшүндө жаңы барак ачкан жана бир орошон кубулуш айтылуу “Түрк сөздүгүнүн” (“Диван лугат ат-түрк”) автору – залкар филолог Махмуд Кашгаринин чыгармачылыгы. Махмуд Кашгари түрк адабий тилин жандандырыш үчүн абадай зарыл болгон эки негизги жумушту жасаган. Ал өзүнүн чымырканган аракетин ошо кездеги жандуу түрк тилдерин үйрөнүп, алардагы сөз байлыгын чогултууга арнаган. Өзүнүн айтымында түрктөрдүн, түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, ягмалардын, кыргыздардын тилиндеги назик оош-кыйыштар менен өзгөчөлүктөрдү аңдап, сөздөрүн терип-тепчип жыйнайым деп жүрүп, Махмуд Кашгари алар жашаган калааларды, айыл-кыштактарды, конуш-журттарды жана жайыт-жайлоолорду бүт кыдырып чыккан. Жыйынтыгында түрк адабий тилинин элдик катмарынын дүйүм түркүн дүрдүйнө байлыгын чагылдырган орошон “Сөздүк” жаралган. Эскерте кетүүчү эрекче жагдай, мындай энциклопедиялык маани-мазмундуу эмгек а кезде дүйнөдө али жок болгон. Анын башкалар баштап кеткен үлгүсү да, мисалы да болгон эмес. Мындай уникалдуу универсал “Сөздүктүн” алгачкы үлгүсүн дал ушул биздин улуу бабабыз Махмуд Кашгари адамзат маданиятынын тарыхында биринчи болуп жараткан. Бүгүңкүчө айтканда, андай энциклопедиялык-лингвистикалык “Сөздүк” түзүү жагынан дүйнө жүзү боюнча биздин Махмуд Кашгари (Барсхани) бабабыз биринчи болуп жараткандай прецедент ага чейин болгон эмес. Ал түзгөн “Түрк сөздүгүндөгү”лексикалык кордун 70-80 пайызы азыркы кыргыз тилинде өз калыбында кадимкидей сакталуу экенин биздин тилчи адистер далилдешүүдө. Арийне, Махмуд Кашгаринин “Түрк сөздүгүнүн” маани-маңызы бир гана лексикография менен чектелбейт. Ал ошондой эле, тарыхый-этнографиялык жана поэтикалык мүнөздөгү эң бир бараандуу материалдарды да өз ичине камтыйт. Бу жагынан ал тарых жана адабият изилдөөчүлөр үчүн баа жеткис булак болуп саналат.

Ислам Ренессансы мезгилиндеги түрк маданиятынын жандануу процесси, ошентип, эки негизги компоненттен куралган деп айтууга негиз бар. Биринчиден, түпкү түрк маданий катмарынын өзүнөн. Экинчиден, мусулман дүйнөсүндөгү баарлык калктардын маданий жетишкендиктеринен. Өз жандануу процессинин жүрүшүндө түрк маданиятынын көкөлөп жеткен бийиктиги дал мына ушул эки компоненттин жараткыч ширөөсүнөн улам келип чыккан натыйжа болгону баамга урунат.

Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктай келип, түрк цивилизациясынын өсүп-өнүгүүсүндөгү ислам этабы – анын тарыхындагы эң бир тагдыр чечүүчү эрекче этап болгон деп ачыктан ачык тастыктоого болот. Ал өз мезгилинин өркүндөп өскөн философиялык, илимий жана адабий-көркөм ой чабытынын обологон озгун жүрүшү менен бүткүл дүйнө жүзүнө белгилүү болгон. Биз ага Батыш акындары кийин аларды туурап ыр жазган айтылуу «Чыгыш поэзиясы» сыяктуу көркөм сөз чыгармачылыгынын ажайып феномени, курулуш өнөрүнүн чыныгы шедеврлери, жана башка көптөгөн нерселер үчүн милдеткербиз. Эң негизгиси, ал өз учурунда мезгил чакырыгына жана талабына зарыл жооп иретинде пайда болуп, акырында бүтүндөй түрк цивилизациясынын жана маданиятынын кайра жаралып гүлдөшүнө алып келди.

kalyk_ibraimovКалык Ибраимов,
СССР жазуучулар союзунун мүчөсү,
Философия илимдеринин кандидаты,
Кыргызстан Ленин комсомолу
сыйлыгынын лауреаты.

“Кабар”, 29.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.