Баткендеги Кара-Тоо – көөнө сүрөттөрдүн ажайыпканасы

Жакында Баткен мамлекеттик университетинин илимпоздору тарабынан Баткен шаарынын батыш тарабындагы Кара-Тоодо Тамга-Таш деген жерде көөнө аска таш сүрөттөрү табылды. Айрым илимпоздордун айтымында, алар эң байыркы доордо чегилген. Орусиялык археолог Сергей Скобелев, этнограф Астайбек Бутанаев сыяктуу айрым илимпоздор бул сүрөттөр XV кылымдын тегерегинде аскага чегилгенин жоромолдоп айтууда.

Кандай болгон күндө да, бул сүрөттөр тарых үчүн баа жеткис экендиги талашсыз. Арийне, соңку учурларга чейин бул сүрөттөр чегилген аска таштарды четинен омкоруп, ар кыл курулуштар үчүн талкалап жүктөп кетүү учурлары катталган.

25-чын куранда (апрелде) Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өткөн Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин экинчи жыйынында тарыхчылар тарабынан Баткендеги бул аска сүрөттөрүн чукул арада сактап калуу маселеси козголуп, тез арада Тамга-Ташта корук түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошентип, Кыргызстандын бийликтери Тамга-Таш жергесинде ачык асман астындагы ажайыпкана түзүү аркылуу бул таш сүрөттөрдү сактап калууну чечти. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана БатМУнун илимпоздору бул жаатта биргелешип иш-аракет жүргүзүшмөкчү.

Баткен мамлекеттик университетинин илимпоздору тарабынан Баткен шаарынын жанындагы Кара-Тоодогу Тамга-Таш деген жерде аска таш сүрөттөрү табылды.

Баткен шаарынын жанындагы Кара-Тоодогу Тамга-Таш деген жерде аска таш сүрөттөрүнөн өрнөк.

Баткен шаарынын жанындагы Кара-Тоодогу Тамга-Таш деген жерде аска таш сүрөттөрү.

БатМУда өткөн эл аралык илимий жыйындын катышуучулары да бул жайда болуп кайтышты. 16.4.2016.

Тынчтыкбек Чоротегин, «Азаттык», 02.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.