Мезгил Исатов. “Кээде”

(аңгеме)

Ушул жылдын алгачкы кары жаады.  Суу кар. Эрке кар.

Эреркеп эрекелеп жерге жетпей сууга айланат. А мен болсо кар кечип баскым келет…

Апаппак баракка эң алгачкы сүйлөмдүн жазылышындай түгөнүү бар эле ичимде. Сага арналган бир тутам сөздөрүмдү да капысынан чачылып кетти. Кайрадан чогулта албай, көңүлүмө сени саптап, бир сөзгө, бир сүйлөмгө батпай турам. Досум сырын ачып, сага болгон ашыктыгын армандуу баян кылды. Ашыглык баяны…

Бүгүн эч кимге эч нерсе дебейм.Өзүмө дагы. Сөзү жок калам бир азга. Булар болсо түн койнундагы уйкусураган сөздөр. Ак шамдын жанындагы. Жарымы ак, жарымы кара. Тунжуроодон да өткөн тынч бир нерсе бар. Алгач бардыгын өзүм кечирдим. Өзүмдү эмес, экөөңдү аядым да алаканым менен көздөрүмдү бирге жумдум. Ошондо эч нерсени көргүм келбеди. Жүрөгүмө жакын учкан  куштарга кол булгаласам карайбы? Канаттарындагы кайгылуу кайрыктары эмнеси?

Кайда учуп баратышат?!

Үйгө кечээги чарчоолор ичинде келдим. Ошондо корко турган нерседен коркпогондугумдан корко баштадым. Жаным жалгыз  калбасынчы деп шамды жактым. Үрүл-бүрүл Жарыктык ичинде өчүп бараткан Жарыктык бар. Кээде өз ичиндеги сыр да узакта калгандай же башка бирөөгө кеткендей чечилбей кала берет. Экөөбүздүн эгиздей ээрчишкен эки жаныбыз эч нерсе эместей, жан досума жар болдуң. Бактылуу болсоң экен? Ашыглык баяны… Жаныңда дайыма көрүүчү бойдон калыптырмын. Сенин кетениң өзүмдөн ажыраганым турбайбы? Сенсиздикке көнө албай жатам. Сагынуу-бул таптакыр бир башка нерсе.Жашоомдун кайыгындай күндөрүм кетип баратат. Сагынганда чайпалган толкун сымал жээкке келем… Мен сени сүйүүгө келгем. Сүйүүнүн көкөлөгөн салтанатын көтөрүп жашайм эми?!

Эртең болсо эмне кылаарымды билбейм. Аны көптөн бери билбей жүрөм.Эртең болушун деле каалабайм. Сүрөттөгү элесиң сагынычым сыяктуу ойлуу. Кадамдарым менен жылдарым кошо арышталып кете бериптир. Узун жолдун ушул жерине, ушул жашыма келгенимде жалгыздыгым экөөбүз калыптырбыз. Азыр болсо мынчалык чарчаганымды кимге айтаарды билбей, кайра жолго узап жатам Чарчоого…

 

Мезгил Исатовдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.