Александр Пушкин. “Анжело”

(поэма)

 

Биринчи бөлүк

I

Кадим бейпил Италия жергесинде
Бир шаарды сурап турган Дук аттуу чал.
Журтунун камкор, калыс атасы эле
Чындык, илим, көркөм өнөр досу эле ал.
Бирок бийлик – бошоң колду сүйбөс амал,
А кайран Дук ааламда жок айкөл болчу,
Эли  сүйчү, а бирок түк коркпочу.
Тескөөчү сот мыйзамы уйкуда эле
Карылыгы жеткен мажес арстан сымак.
Дук жүрчү ичтен муну сезип, байкап,
Көп  наалычу. Көрүп турчу ал элинде
Жаштар улам бузулуп баратканын,
Ата-энеге балдары ыкыс кылып,
Заң-мыйзам тепсендиде калгандыгын,
Тескөөчү жүргөндүгүн ичтен тынып.

 

II

Далай ирет айкөл Дук шымаланды,
Чамынды бекемдөөгө заң-мыйзамды.
Бирок  кантип? Башынан бузукулук
Жазасыз көнүп калган ал кутуруп.
Капысынан жазалоо болмок кызык,
Адилетсиз көрүнмөк андай кылык-
Бузукуну арачалоо – болчу адаты.
Эми Дуктун “Кантсем ?”деп башы катты…
Акырында тизгинди убактылуу
Башкага аргасыздан бермей болду;
Жаңы бий –жаңы жигер, жаңы дымак
Бошогон тартип-заңды теске салмак.

 

III

Болучу эле бир эргул Анжело аттуу,
Башкарууга дасыккан, жаалы катуу.
Ишенч, илим, эмгек жактан  мажес неме,
Бирок журтта катаалдыгы аңыз  эле.
Мыйзам сүрүн  колдонуп, кармай  алчу,
Төшүн керип, кабагын карыш салчу.
Дук ушуну тандады  “Өкүлүм” деп,
“Эми мыйзам –сенин гана өкүмүң” деп,
Чексиз бийлик тизгинин тапшырды да,
Эл көзүнө чалдыкпай, жашырына
Кош дебестен  incognito эч бирөөгө
Жөнөп кетти жапжалгыз жер кезүүгө.

 

IV

Анжело бул мансапка келээр замат
Тартиптин агымы түк башкача акты;
Кылмышты заң найзасы жарга такап,
Ээнбаш  энөө эрдин шору катты.
Мурунку бейкут шаарды сестендирип
Ар жума кан чачылды баш кесилип.
Шаар эли калчу болду шыбырашып:
“Ой , мунуң чатак  го!” деп желке кашып…

 

V

Тээ эскирген мыйзамдар арасында
Абдан катаал бири болчу – катаалдыгы:
Сойку жанды буюруп өлүм жазасына-
Шаар калкы  укпаган эч бул мыйзамды.

Чаң баскан сан кагаздан таап чыгып,
Өкүмгө Анжело аны дароо кийирди.
Шаардык катынпоздун үшүн алып,
Жан-жөкөргө жаалдана мындай деди:
“Болду! Жетет! Элдин баары эрке талтаң
Тоготпой калышыптыр бийлик күчүн.
Чоло жок бут коёрго кайда барсаң,
Ээлептир ээнбаштык, кылмыш бүтүн!
Эгинде карачкы эмес мыйзам деген
Чымчыктар каалагандай коно берген…”

 

VI

Ошентип элди Анжело титиретти…
Корксо да жаштар күлүп азилдешти
катаал бий туурасында шакаба айтып.
А Жаза улам келет жакындашып…
Эң алгач жазанын курч кылычына
Тушукту Клавдио – жапжаш мырза
Үлбүрөк Жюльетаны кучактаган,
никесиз аруу жүзүн ачып салган.
Уят иш элге ашкере боло электе
Үлгүрүп  үйлөнмөкчү болгон эле.
А бирок икаясы ашыглыктын
Күбөлөр далилинен болду айкын.
Эки ашык шермендесин сот чыгарды,
Өлүмгө өкүм кылды жаш мырзаны…

 

VII

Өкүмүн залим соттун угуп мырза
Баратты ал абакка илкий басып,
Буркурап таалайсыздык тагдырына,
Көргөндөр: “бечара” деп,  кээси жашып.
Аңгыча Луцио досу көзгө илинди,
Желтаман, желооз бирок илбериңки.
“О досум!- Клавдио жалбарды ага-
Эжеме барчы, жайы- кечилкана.
Иниңди күтүп туру өлүм, дегин,
Жардамга шашкын бачым өзүң, дегин.
Жек-жаат, тааныштарга жалдырасын,
Же каардуу бий алдына өзү барсын.
Эстүү жан эжем билет не кыларын,
Келтирет керек жерде кеп кыябын.
Солкулдап ыйлап турса мөлтүр селки
Мерездик жумшараар…” деп. Анда берки
жөнөдү “Болуптур” деп.

 

VIII

Олтурган жаш Изабела
нарктуу кечил кемпирдин ыптасында,-
бүрсүгүн алмак кечил даражасын,
өзөгү ушул болчу ал сукбаттын.
Аңгыча Луцио кирди эшик кага
Кечил кыз тор айнектен сыртка бага:
“Ким керек?” саламдашты, колдо теспе.
– Сулуу кыз (жүйөм айкын мындай дешке-
Көрүп турмун кызыл жүздөн кыздыгыңы),
Изабела –сулууга айтыңызчы
Келгеним анын бейбак инисинен…
“Бейбак?!. Неге?!. Жөн сүйлөчү! Тынчпы деги?!
Эжеси –мен” “-Ыраспы? Эң жакшы экен.
Андан салем.  Мындайча ток этери:
Ал түрмөдө.” “Эмнеге?” “Ал үчүн мен
о, сулуу, миң ыракмат айтар элем,
анткени, андай эрдик –чын эркектен…
(баштады жигер менен, кыраат менен
майдалап калтырбастан эчтемесин
кечилдер укпай турган аңгемесин.
А бирок көңүл коюп тыңшады кыз
болсо да баян кыйла уят-арсыз.
Кечил кыз шүүдүрүмдөй болчу аруу,
жаш дили серт дүйнөдөн болчу аялуу
сиңирбес жат баяндын тилин өзгө).
– Эми, дейт, Луцио кызга, – тартып сөзгө
Анжелонун кечиримин эптеп алуу-
суранычы иниңиздин. “О, кудайым!-
дейт сулуу – чанбас элем сукбат жайын
негедир ишене албайм антсе дагы…”
Жарабайт эки анжылык,- дейт алдагы
Үмүтсүздүк достун кылаар иши эмес,
Чыныгы дос “Үмүтүң үзгүн” дебес.
Маакул бол да Анжелого бара бергин
Сулуулук күчү сыйкыр, муну билгин!
Периште тизе бүгүп келсе ыйлап
Кай эркек сабыр этип чыдап  турмак?!

 

IX

Кыз сурап кечил эне уруксатын
Өжөр дос Луцио менен шашты бийге
Тизелеп, алдында анын  ийип башын
Жансоога сурап турду инисине.
“Карындаш,-деди зулум,-кыйналбагын.
Ажалы жеткени чын бир тууганың!
Жок кечирим!” Буркурап Изабела
Кетүүгө камынды эле таазим кыла,
Акжүрөк Луцио ага жол бербеди
Шыбырап “чегинбеңиз али” деди-
“Кайрадан сураныңыз этегин өөп,
Жалбарып , буркураңыз түтөп-түтөп
Аялзат айласын бүт колдонууңуз
Зарыл азыр. А сиз тоңсуз
Коңшудан сурагансып көртемене…
Албетте, антсе майнап чыкмак беле?
Кайтпаңыз!  Кана,  дагын!”

 

X

Бийке кайра
Өтүндү бекемирээк, бирок сыпаа
Төрөнүн муз жүрөгүн жибитмекке:
“Бийликтин көркүн аччу,-дейт жаш бийке-
таажы эмес жаркылдаган кош гаухары,
же албарс кылыч эмес тамган каны.
Сөзүмө ишенип кой, өкүмдарым,
Ажары  Мээрим болот –падышанын.
Алмашып, болгонуңда сен кылмышкер
Клавдио өкүмпааша болгондо эгер
Ырайым кылмак сага, кечип коймок.”

 

XI

Кеп жүйөсү
жетсе да айтты акырын жанып көзү:
“Башым көп оорутпачы айланайын!”
Уяң кыз улам курчуйт анткен сайын
Ал айтты: “Акыл калчап, ойлоп көрчү
Эгерде алып жанды, өмүр берчү
Жараткан биз-күнөөлүү бейбактарды
Соттосо кечиримсиз- эмне болоор?
Ойлоп көр, тамыз дилде аруу шамды
Тилиңе ырайымдын куту коноор
Болоорсуң жаңы адам сен”.

 

XII

Анда жооп:
“Суранычың –текке кеткен кур убара
жазалоочу  мен  эмес-мыйзам гана.
Кандашың эртең соолот”
                Изабела:
                    Эмне?! Эртең?! жок, жок.
Ал али даяр эмес, анте көрбө…
Шашпачы өкүмдарым өлтүрүүгө.
Колуңда турат анын чымын жаны
Мынча тез  мууздабайт койду дагы.
Кечирчи, кечир эми! Чындыгында
Бейбактын шордуу башы кесилмекчи
иш үчүн бир дагы жан мындан мурда
соттолуп көрбөгөн эч. Бул-биринчи.
                 Анжело:
Заң-мыйзам өлүк эмес болчу уйкуда
Ойгонду эми.
                 Изабела:
                        Пейлиңен кайт!
Анжело:
                                    Болбойт.
Күнөөнү колдоо-өзү бул кылмыш да
Мен бирди жазаласам  көпкө сооп.
                   Изабела:
Бул өкүмүң болмокпу алгач сенин?
Эң алгач курман болмок шордуу иним.
Жок, жок! пейлиңен кайт. Көрсөңчү ойлоп-
Кантип эле өзүң сүттөй таптазасың?
Канча ирет ала жипти аттагансың?

 

XIII

Эрксизден селт дей түшүп, жерди тиктеп
Кетмекчи болду эле бий. “Токтой тур!” деп
жалооруйт кыз : “Тыңшачы! Ашыкпачы!
тартуум бар арналган жалгыз сага
ширелген ыйыктыкка, аруулукка.
Асманга айкаштырсын, кабыл алчы:
багыштайын чын дилден намаздарым
түн бою, алды менен аруу таңдын.
Дубасын жакындыктын, бейкуттуктун,
дубасын ыйыктардын, шейиттердин,
тиякта тирүү, бирок мында жоктун,
бейиш топтун”.
Басаңдап деми бийдин
Эртеси кабыл алмай болуп дагы
Уктоочу бөлмөсүнө багыт алды…

Экинчи бөлүк

I

Күн бою сүкүт тартып, кабак чытып,
Олтурду ээн  Анжело санаа мыжып.
Таң атырды ошо түн кирпик какпай
“Шумдугуң кур,-дейт улам  чабалактай
Көргүм келет кайрадан келбет-түсүн,
Уккум келет добушун… Жүрөк онтоп…
Кантип эле бул-мага келген Сүйүүм?!
Же азгырып, дил козгоп, көзүм тордоп
Ахлак касы шайтандын кылыгыбы?
Ак жолумдан адаштырган былыгыбы?
Мен өмүрдө ай чырай кыз элесин
Эңсеп, эргип, сук арткан жан эмесмин
Бүгүн аруу селкиге баш ийдим мен.
“Ашыкмын” дегендерге каткырчу элем.
А эмичи?!”

 

II

Ойлонмок, ыкласы ибадатта
Бирок чачкын ойлору да,  дубалары
Жаратканга дуба  атап  жатса дагы
Кыялы,  сезимдери сулуу жакта.
Ооз учунда кайталайт кудай атын
Дилде кумар оту күч анткен сайын
Акырында ээледи бир кыжаалаттык:
Жаттап алган келмедей айкын бийлик,
Жан-жыргалы, дилине жакын бийлик
Болбой калды эми жарты тыйынчалык.
А төрөлүк дымагын эл сыйлаган
пейил күтүп, манчыркап, кыйынсынган
эми куштун бир тал жүнгө салыштырды
учуруп алып кетчү таң желаргы…
…………………………………………………………..
Анжелого Изабела келди эртелеп
Козголду бул сукбатта шумдук бир кеп.

 

III

                     Анжело:
Не демексиң?
Изабела:
Билмекке өкүмүңдү келдим төрөм.
                    Анжело:
Аттиң, кана, аны сезсең!..
Өлөт иниң… Жашаары да мүмкүн эле.
                     Изабела:
                                    Эмне үчүн
Кечирүүгө болбойт аны?
                      Анжело:
                            Кечирим? Бул дүйнөнүн
Мындан ыплас күнөө барбы? Абзел Өлүм
Изабела:
Ооба,
Көктөгү сөз, жерде андай ыйык кайда?
                      Анжело:
Ошондойбу? Саа бир собол анда эмесе
Не кылмаксың эгерде мындай дешсе:
Бүгүн башы алынат кандашыңдын
Же сактап кал иниңдин алтын башын
Күнөөгө берип денең?
                      Изабела:
Айрылбайм ишенчимен,
Тулкумду курман чалам.
                      Анжело:
Азыр мен
ишенчиңди айтып  жатпайм…Жатындашың
өлмөкчү эми. Күнөө менен сактоо башын-
Мээрим  эмеспи?
                      Изабела:
                          Кудайдын алдында мен
жан-ишенчим менен толук жооп берем:
Күнөө эмес аны эгер сен кечирсең!
Ишен , бул сооп,  күнөө эмес.
                       Анжело:
Иниңди сактаар белең
теңелсе эгер күнөө-сооп таразасы?
Изабела:
О, инимди куткаруу, мейли, күнөөм болсунчу!
(Эгерде бул күнөө болсо). Мен ушуга
Күнү-түнү дуба кылам.
                       Анжело:
Жок, мени тыңда,
же турасың сен мени түшүнбөстөн,
же болосуң атайылап түшүнмөксөн.
Оңдоп айтам: иниңе Өлүм-жаза.
Изабела:
Туура.
                        Анжело:
Жазаны өкүм кылган – мыйзам гана.
Изабела:
Так ошондой.
                        Анжело:
                        Куткаруунун бир жолу бар
(Мунун баары бир мерчемге алып бараар
Көйгөй бар жалгыз гана, болгону ушул).
Айталы:кандашыңдын өмүр боосун
кармаган (досу соттун же өкүмдар-
жазаны жумшартууга акысы бар)
өзүңө кумар болуп, сугун артса,
өмүрүн сактоо үчүн кандашыңдын
күнөөсүн ден-кумардын талап кылса,
болбосо мыйзам чечмек – не кылмаксың?
                        Изабела:
Иним үчүн, өзүм үчүн чыдаар элем
соккуларга канжара союл менен
анан кандуу табытка жатаар элем дымактуу
Булгоодон көрө өзүмдү.
Анжело:
Кандашың ажал табат.
                      Изабела:
Эмне экен бу?
Албетте ал туура жолду тандап алат,
Абийиримди сатып башын калкалабайт
Өлөт иним бир жолу, мени чексиз өлтүрбөстөн.
Анжело:
А эмнеге эсептейсиң катаал деп сен
Сот өкүмүн? Өзүң бизге сын тагасың,
бийликти сен ташбоор деп айыптайсың.
Журтка керек адил заңды зулум дейсиң,
Иниңдин зор күнөөсүн эч сезбейсиң.
Изабела:
Аның туура , кечир , бий. Аргасыздан
кебим алыс калыптыр калыстыктан.
Калпыстык кетирип мен сүйлөптүрмүн
Дал келбей өзүмө өзүм, сөзүмө сөзүм.
Алсызбыз да.
Анжело:
Сезгениң жагып туру,
Аял деген алсыз келет, билем муну.
Дагы айтарым : аял бол-бар болгону
же  эч ким болбойсуң. Тагдыр оюну
буга баш  ий.
                      Изабела:
Түшүнө албай турам сени.
Анжело:
Түшүнгүн: сени сүйөм.
Изабела:
Эмне дейин мен эми?
Жюльетаны сүйгөн иним өлөт шордуум.
Анжело:
Мени сүйсөң калат тирүү.
                      Изабела:
Билемин сенин оюң-
сынамаксың колдонуп бийлигиңди…
Анжело:
Жок, жок, ишен,
Бул сөзүмдөн кайтпайм эч мен;
Кудай урсун.
                      Изабела:
                                  О кудайсыз, уятсыз!
О жалганчы, куу шайтандын кулу арсыз!
Азыр буйру, бошонсун Клавдио
Шермендеңди чыгарам же болбосо-
атпай журтка жаямын- эми жетет
алдаганың эл-журтту.
                       Анжело:
                                 Сөзүңө ким ишенет?
Менин ким экендигим элге маалым.
Эл аңызы, даражам, таржымалым
жана дагы кандашыңа болгон өкүм
айлантат курдооматка сенин сөзүң.
Мен эркти кумардыкка бердим эми
Эркиме моюн сунгун, ойлон, деги.
Жалынба, жашың төкпө, жалооруба
Антип күч коротпо кур убарага.
Анткениң куткара албайт такыр иниң
Жалгыз аргаң – эркиме баш иймегиң.
Ойлонгун, жообуңду күтөм эртең
Билип кой: кенедей да коркпойм сенден.
Кебелбейм, эмне десең ошо дегин-
Чындыгыңды багынтат калпым менин.

 

IV

Деди да чыгып кетти аруу кызды
калтырып калтыраткан дилазапта.
Муңканып көздөрүндө мелт-калт кайгы
Жаш бийке ыплас үйдөн чыкты дагы
Эшик ачты өлүм жыттуу серт камакка.
Көрдү инисин.

 

V

Кишенде мөгдөп, чүнчүп
Арман болбой арттагы гүлгүн күндөр
Дале болсо Жашоодон үзбөй күдөр
Унчукпай отуруптур Ажал күтүп,
Чырымын кармаган карт кечил менен
Башкеби көзүн тоскон плащ кийген.
Карт кечил айтып жатты жаш жигитке
Өлүмдүн шайкештигин Тириликке,
Жан деген өлбөс , тирүү экендигин,
Бул дүйнө жалгандыгын, бекердигин.
Баш ийкейт ага шордуу Клавдио
Сүйүктүү Жюльетасы сезим-ойдо.
Аңгыча кирди бийке салам айта
Эжесин карайт селт деп ал жандана.
“Атаке-дейт кечилге Изабела
Ээн айтар сөз бар эле кандашыма”.
Абышка чыгып кетти.

 

VI

                  Клавдио:
                Эжекебай, жан күйөрүм
эмне кабар?
                  Изабела:
Иничегим, бүтүптүр көрөр күнүң .
                  Клавдио:
Таппадыңбы эч аргасын?
                 Изабела:
                    Балким, эгер сен жаның
Абийириңе алмашсаң…
                  Клавдио:

Демек арга бар экен да?
Изабела:
Бар.  Жашамаксың. Сот сөзүнөн кайтмагы чын.
Шайтан  насил мээрими сага
мунапыс берет ордуна түпсүз тозоктун.
                        Клавдио:
Эмне? Түбөлүк камак?
                        Изабела:
               Ооба, камак – тосмосу,
кишени жок.
Клавдио:
Түшүндүрчү, деги эмне бу?
Изабела:
Бир боорум,
Каргадай жалгыз каралдым, укчу-
Беш –алты жылдык ашыкча жашоо
Артыкпы намыс-абийирден чындап?
Өлүм не? Ирмем. Курт дагы чыдайт
Тепселип жолдо жан берчү болсо.
Адам да ошол.
                          Клавдио:
                             Эжеке , эмне , мени
Өлүмгө баралбайт деп турасыңбы?
Мени эч апкаарытпайт Ажал деми.
Керек болсо калтырам бу жалганды
конокко бараткандай…
                           Изабела:
                          Уялашым, күйөрүм-ай!
Атамдын уулу экениң көрүп турам,
Өлөөрсүң танбай абийир-намысыңдан.
Жашырбайм, кеп төркүнү мына мындай:
Баягы канкор төрө сопу сөрөй,
Капсалаңды калкына серпкен төрө,
Далай жандын түбүнө жеткен төрө
өзү- Ибилис. Дили кара тозок-көрдөй,
ыплас нээт мелт-калт толо.
Клавдио:
                      Жаңы өкүлбү?
Изабела:
Тозок мөөрү
маңдайына басылган митаам өзү!
Кандырсам анын арам кумардыгын-
Ажалдын боосу сенден үзүлгөнү…
Клавдио:
О жок, кереги жок.
                  Изабела:
Буйругу ал арамдын:
Койнунда болуум керек бүгүн түнү,
Же эртең сен өлөсүң.
                           Клавдио:
Барбагын, эжекебай.
Изабела:
                                           О каралдым!
Ниетим түз алдында Жараткандын:
сен үчүн мен өлүүгө  даяр элем.
Чырагым, мен өзүңдөн аяр белем
чымын жаным?
Клавдио:
Ыраазымын жан эже!
                      Изабела:
Ошентип, Клавдио, өлүүгө эртең даярдан.
Клавдио:
Анан эми…кумардык кайнап туру денесинде!
Же бул айып эместир: же жетимиш айыптан
кичинеси ушулбу же?
Изабела:
Кантип?
                       Клавдио:
                                     Мындай күнөө
чоң жазага татыксыз бейм о дүйнөдө?
Болбосо ал сыяктуу эстүү адам
ыйманын тобокелге салмак кайдан?
Ах, Изабела!
                       Изабела:
                 Сен эмине демексиң?
                      Клавдио:
               Өлүмдүн түрү суук!
                       Изабела:
               Шерменделик дагы серт.
Клавдио:
                          А бирок житүү капкайга
чирип жатуу капкараңгы тар жайда
муздак көрдө… Аттиң-ов, жыргал-Тирүүлүк!
Жашоо сонун. А караңгы мунарык,
төмөн сызуу каяккадыр куланып,
же болбосо музга айланып, жел болуп же
желип-жортуу кыйырсыз мейкиндикте…
А кыял дилде буккан тынчтык бербей…
Жок, жок: болсоң дагы оору, кедей
болсоң дагы эрксиз, кары, шордуу карып
Дүйнө-бейиш, караңгы көрдөн артык.
                        Изабела:
Кудайым-ай!
Клавдио:
 Күйөрүм! Жашата көр! Уялашым!
Иниңди сактап калуу – болсо күнөө
кечирет Табыйгатың…
Изабела:
                          Эмне эле деп жатасың?
О коркок! О суу жүрөк! Намыссыз чөө!
Эжеңдин этегинен паанек  издеп!…
Ишенбейм атакемден төрөлгөн деп,
Төрөгөнү  чын болсо өзүңдү энем
Ак төшөгүн атамдын булгаган бейм.
(Кечирегөр о, Кудай!) Эми өлө бер.
Ырасы эми чындап өлмөксүң сен
Өмүрүң буйругумда болгондо эгер.
Өлүмүңдү  тилейм эми намазда мен
өмүрүң тилебеймин…
                       Клавдио:
Токто , токто, кетпегин!
Кечир мени, эжекебай!

 

VII

                  Кетирбей жан эжесин
этектейт туткун жигит. Изабела
ызасын эптеп зорго муздатты да,
кечирип ал шордууну дагы кайра
киришти сооротууга, жубатууга.

 

Үчүнчү бөлүк

I

Ал экөөнүн сукбатын кечил картаң
Угуп турду эшиктен ачык калган.
Эми айтар кез келди : ошо кечил
Өзгөрүп алган Дуктун өзү болчу.
Эл айтчу : “Алыстарда жүрөт шекил…”
Азилдеп : “Саяк жылдыз” деп да койчу.
Ал болсо көп ичинде таанылбастан
Аралап шаарын жүрдү аяк-баштан:
Үй-көчөлөр, кечилкана, оорукана,
сойкукана, театрлар…түрмө жана.
Кыялкеч, эргүүсү шок жан эле Дук
Чыгыштын жомокторун далай окуп,
Гарун-аль-Рашидди туураган го…
Бүт угуп кечил кыздын курган сукбат
Чын дилден таасирлене угар замат
киришмек зулумдукту жазалоого
жана да жөндөп ишти эптемекке.
Акырын кирип, кызды тартып четке
“Уктум, -деди,-мактарлык –аткарганың
Эжелик милдетиңди чын дилиңден.
А эми тыңда мени. Апкаарбагын
Баарысы жакшы болот. Коркпо, ишен”.
Ал кызга түшүндүрдү ой-максатын
Коштошту анан берип ак батасын.

 

II

О досторум!  Эгер заалым, жүзү кара
кара жолтой, кара нээт, таш боор жан да
жаккан дешсе чүрөктөй жаш айымга
ким ишенмек  таң калыштуу бул айыңга?
Таң калыштуу. Бирок чын. Бу Анжелоң-
бу ташжүрөк, күнөөкөр мезгилинде
перисымбат сулуунун жары болгон.
Аны сулуу чын дилден сүйгөн эле.
Калп жерден тарап кетип ушак-айың
Ак жерден күйгөн эле бу жаш айым.
Жакшылап териштирбей чоосун-жайын
Күйөөсү кууп чыккан ак аялын.
“Мейли ушак калп болсун, а катын ак
“Түкүндүн катыны… ” деп бир жаманат
Жарашпас мендейге…” деп. Андан бери
чекеде зарлап жашайт жалгыз пери.
Дук аны эстеди да буйрук берди,
Кечил кыз аткарууга жөнөдү эми.

 

III

Марьяна терезеде, кайгы-муңда
олтурган торун токуп. Изабела
кирип келди бир маалда периштедей
(Болушчу эски тааныш-билиштердей-
Кечил кыз келип турчу жубатууга).
Карт кечилдин буйругун айтты ага:
Марьяна бармакчы түн жамына,
Анжелону утурлап бак жанына,
паанасында айланта таш дубалдын
кандырмакчы тигинин жан-кумарын.
Андан соң шыбыш менен таанылбастан
Айтмакчы: “Эми инимди унутпасаң…”
Марьяна жылмаят жашын аарчып,
А кечил кыз жөнөдү үйгө шашып.

 

IV

Түн бою кабар күттү камакта Дук
Клавдио мырзага шерик болуп.
Таң менен Изабела кабар кылды:
“Баарысы ойдогудай аткарылды”,
Үйүнө купкуу болуп Марьяна
Эрин алдап келген болчу жанаа гана.
Күн тийди. Келди буйрук ал аңгыча
Өкүлдөн ал түрмөнүн башчысына:
“Тезинен туткун башын кестир” деген,
“Кесилген туткун башын жеткир” деген.

 

V

Дук дагы бир шойконду ойлогон го!-
көрсөтүп өкүмдарлык мөөр белги
токтотту серт өкүмдү. Анжелого
бөлөк башты кестирип жеткиздирди-
ошо түнү эңгезердей бир каракчы
камакта безгектенип өлгөн эле.
А өзү тескөөчүсүн кызыл камчы
мынча жапаа жеткирген бейкут элге
жөнөдү жазалоого.

 

VI

                           Эми эле аңыз таркап
башы алынган Клавдио жөнүндөгү
дагы бир кабар жетти : “Дук келатат!”
Утурлап, түп көтөрө эл жөнөдү.
А Анжело түпөйүл кыжаалатта
шумдукту сезип жүрөк. Жөнөдү ал да.
Калдайып тосуп алган аны утурлап
элге Дук салам айтып күлө багат.
Анжелого сунат колун мээрим менен.
Ал аңгыча доош чыкты : ”Куткар!” деген.
Жаш сулуу Дук бутуна боюн таштап
жансоогалап жалбарат сөзүн баштап.
Анжело өңдөн кетип кайсалады,
Изабела-кызды карап тайсалдады.
Бирок колго алды өзүн, жөндөп сөзүн:
“Акылдан адашкан, -деп- уялаштын
көргөндө тоголонгон кандуу башын
жазадан соң…”
Дукту ээлеп каар сезим
муунуп ызасына айтты минтип:
“Баарын билем, калп айтпа, жүзү кара!
Жазасын алат жексур, шум мерездик,
Анжело,  сен да кызым,  жүрү, кана! ”

 

VII

Шаасарайда так жанында Марьяна
Жана да Клавдио байкуш турду.
Ойдолойт бий.Тынчыды анан.Улутунду.
Ачыкка чыкты баары. Чындык мына.
“Анжело, -дейт Дук,- угалы эми сени
эмнеге татыктуусуң?” Коркпой-үркпөй:
“Өлүмгө”- дейт калтаарып, тизе бүкпөй-
“Суранчым жалгыз ушул- эми мени
тезирээк өлтүргүлө”.
Өкүмпааша:
“Абийирсизди өлтүрүү- болсун жаза”
деди эле аялы анын өөп бутун
“Жан соога ,-дейт,-жарыма жаңы коштуң
ажыратпа кайрадан,  кемсинтпегин!”
“Кемсинткен-эриң,-дейт Дук,-мен эмесмин
Сен үчүн бирок чындап кам көрөмүн,
Аласың андан калган баарын мүлктүн
Жакшы эрдин багын аччу сенсиң зайып!”
“Башка эрдин кереги жок!” дейт жалбарып-
“Жан соога, өкүмдарым, кылчы ырайым,
Өзүмө коштуң эле менин жарым
Каламбы бейбак болуп эми кайра?
Болгону ал пенделикке башын ийди.
Курбум! Куткар, айланайын Изабела,
Суран сен да мен үчүн, бүк тизеңди
эч болбосо колуң жаңса!”
Изабела-
периште мерезди бир тиктеди да
тизе бүгүп жалынды падышага:
“Жан соога, мен себептүү жанын кыйба!
Бул киши мени менен кезиккенче
ак жолдон адашпаган (бул менимче),
эми суранч- кечир аны, кылам кулдук.
Ырайым кыл, кечир аны!…”
Кечирди Дук.

1833

 

Кыргыз тилине (2003) которгон Шаамерчем
(Оңдолуп, кайра иштелип (2016) чыккан варианты)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.