Амантур Акматалиевдин алиппеси

Этнография – ар бир улуттун өзүнө гана тиешелүү маданиятын ( каада-салт, кол өнөрчүлүк, улуттук оюндары, өнөрү, музыкалык аспаптары, ырым-жырымдары ж.б.) ачып берген илимдин маанилүү тармагы. Түптүү журт катары ага тема болуп берүүчү түгөнбөгөн бай казынабыз бар. Бирок көп учурда күндөлүк эле жасап жүргөн тиричилигибиз, каада-салтыбыз, кийген кийимибиз, ойгон оюубуз, сайган саймабыз, салынган шырдагыбыз, тарткан туш кийизибиз, чапкан ээрибиз катары ага анча маани бербейбиз. Улутубузду улут кылган улуу маданиятыбыздын уңгусу ушул жакта жатканын аңдабайбыз. Аны ачып берчүлөрдү этнограф дейт экенбиз. Бул жагынан бүт өмүрүн кыргыз этнографиясына арнаган, айтылуу Амантур Акматалиевдин орду өзгөчө. Бу киши теледен сүйлөп жатканда угуп эле отургуң келчү. Тили ушунчалык бай эле. Шырдактын бир эле оюмунун тарыхын айтып бүткүчө көрсөтүүсү да бүтүп калчу. Ким гана болбосун кулактын курчун кандыра чачырата сүйлөгөн сөзүнө тойчу эмес. Ал эми басма сөздөргө жарыяланган макалалары окуган сайын тамшандырып, көзүңдү ачып, көкүрөгүңө жарык чачып тураар эле.

Амантур жана ак калпак

Көчмө эңциклопедиядан бетер, өнө боюна кыргыздын болгон-бүткөн өтмүшүн батырып алган Амантур Акматалиевге көчө-белден жолугушуп калуу, же бир жай жерде бетме-бет сүйлөшүп отуруунун өзү бакыт эле. Турган турушу эле кыргыз жыттанып турчу. Улуу болсун, кичүү болсун сөзүн бөлбөгөн наркы, кемелине келтире сүйлөгөн сөздөрү менен арбап алчу. А киши жайы-кышы ак калпагын башынан түшүргөн жок. Жайкысын жука , кышкысын калыңыраак кийизден жасалган калпак кийчү. Кыюуларынын тигиши анча тегиз эмес, колго шырылганы байкалып турган, щаңкайып жараша түшкөн ак калпаксыз Амантур аксакалды азыр да элестете албайм. Кышында калпагын кыйшайта кийип бир кулагын, ал эми калпактын ичинен кийген топусу менен экинчи жагын бастырып койчу. Сурай келсең “атаң кыргыз ушундай кийген, кышын-жайын жеңил-желпи шайдоот жүргөн” дечү. Анан калпактын жасалышына, оюу-кыюсунун түрлөрүнө кирип кетсе, бараткан жумушуңду, дегеле бу жарык дүйнөнү унутуп, кокус көчөдөн жолугуп калсаң кантип ээрчип кеткениңди билбей калчусуң. Көп учурда ар кандай түстөгү көйкөлгөн, этеги жайылган чапан кийип алчу.

Ал кезде Бишкекте орус улуту басымдуулук кылчу. Кыргыздардын өздөрү деле калпакты аз кийчү. Чепкен кийген, ак калпагы алчыланган Амантур аксакал көчөдө баратканда жалгыз кыргыз бараткансып көзгө да сонун көрүнөр эле. Бүгүн ойлосом өз улутунун байыркы маданиятын, каада-наркын сыйлаган, ага жан-дили менен берилген, оозунда сөз керемети, жүрөгүндө сыймык уялаган, “ушуну биле жүргүлө дегенсип” көкүрөгүндөгү жыйган-тергенин күндөлүк басма сөз, телекөрсөтүүлөр аркылуу элге жеткирүүгө ашыккан анык залкарлардын бири экен. Аттиң, учурунда кылымдардын оозунан түшө калгандай асыл адамды, нукура кыргызды баалабай калган окшойбуз.

 

Оюулар дүйнөсүндө

Билгенге Амантур Акматалиев бирди жарым этнограф эмес, бүтүндөй академия жасай албаган эмгектерди калтырып кетти. «Кыргыздын кол өнөрчүлөрү”, “Элдик оймочулук”, “Жыгаччылык”, “Кыргыздын улуттук кийимдери”, “Зергерчилик”, “Ат жабдыктары жана тери буюмдары”, “Кийизчилик жана түймөчүлүк”, “Баба салты, эне адеби”, “Кыргыздын үй-тиричилиги” сыяктуу жазып калтырган китептеринин тематикасы эле анын ар ким жете бербей турган масштабын, этнографиядагы эбегейсиз эмгегин аныктап тургансыйт.

Анын “Кыргыздын уз-усталары” (Бишкек.1997) деген китебин карап отуруп, бу кишинин Кыргызстан боюнча барбаган айылы, сүйлөшпөгөн элдик кол өнөрчүлөрү калбагандай туюлат. Китепке 350гө чукул уз-усталардын эмгеги киргизилиптир. Амантур Акматалиевдин даанышмандыгы ушунча сандагы ар бир уз-устанын бир-бирине окшошпогон өнөрүн, чеберчиликтерин, сабада ташыган кымыздай тамшанткан көркөм тил менен ачып бергенинде. Китептен кайталанма сөздөрдү, сүрөттөөлөрдү, элдик чеберлердин коендой окшош жасоо ыкмаларын таппайсың. Чындап келгенде бул энциклопедиялык китептеги материалдарды үйрөнүп чыгуу үчүн эле атайын этнографиялык институт ачууга туура келет окшойт.

Мисалга, шырдак, ала кийизге салынуучу оюмдардын бери болгондо жүзгө жакын түрлөрүн келтирет. Бул кыргыздын тээ жер замандан келаткан элдик маданиятынын бир үзүмү эмеспи. Ал оюмдардын кайсы аймактарда кеңири жайылганынын, кайсы уз кандай колдоноорун, ошол оюм аркылуу эмнени түшүнсө боло турганын, кыргыз элинин мүнөзүнө, жер-суусуна байланышын ушунчалык кызыктуу баяндайт. Китепти ачкан эле жерде ат-башылык уз Мунар Тезекбаеванын “бычак учу”, “ача оюм”, “жээк оюм”, “салбай оюм”, “аламыч”, “табак оюм”, “карга тырмак оюм”, “колтук оюм” аталган оюуларды колдоноорун айтат. Бир эле уздун өнөрканасынан келтирилген мындай оюмдун аттарын биз бүгүн түшүнбөй деле калдык окшойт. Ал эми таластык шырдакчы Фатима Сооронкулованын “канат оюм”, багжагай оюм”, “мүйүз оюм”, “бадам оюм”,”сыңар оюм”, “ит куйрук оюм”, “араа тиш оюм”, “бармак бооч оюм”, ошондой эле Фатима уздун табылгасы катары бааланган “Фатима оюм” “Фатима көчөт” аталган оюмдарды айтат. Бул күндө мындай оюмдарды чечмелеп берчү киши табылаар бекен?!

 

Токтогул Сатылгановду тордон чыгарган Токтомат

А.Акматалиевдин “Уз-усталарын” окуп отуруп, түшкө кирбеген тагдырларды, окуяларды табасың. Мисалы, 105ке чыгып каза болгон кетмен-төбөлүк Токтомат устанын уулу Токтогул экинчи жолу Наманган абагына камалганда, түрмө төрөсүнүн мөөрүн бир көрүү менен дал өзүндөй жасап, ошол “жасалма” кагаз аркылуу Калык акын баштаган топ барып чыгарып кеткени айтылат. Ал эми төрт аягы тең жорго Токтогулдун (Сатылганов) тимеле жанында жүргөнсүп, анын комузду кайсы убакта, кандай жыгачтан, кантип жасап, кылын эмнеден эшкенинен өйдө терең иликтеп чыкканына ыраазы болбой койбойсуң. Муну менен А.Акматалиев өз замандаштары гана эмес кыргыздын элдик кол өнөрчүлүк айдыңындагы улуу муундардын чеберчиликтерин, тажрыйбасын да көз жаздымда калтырбаганын аңдап отурабыз.

Кадимки Калыгул олуяны коюп жатканда жети жашта болгон, олуяга эл бир күндө коргон тургузганда кол кабыш кылып калган кочкорлук Шайбыр Күсөнбек уулу (1848-1933-ж. дүйнөдөн өтүптүр) боз үйдүн жыгачтары чирибес үчүн жылкынын жылуу канын “ичирип” (өзү ушундай жазат), анын үстүнөн жошо сүртчү тура. Анткени жылкынын каны майлуу, сиңимдүү келип, жыгач бышык болуп, боекту да жакшы кабыл алат экен. Муну уккан айрым ала-көөдөн боз үй жасап жүргөндөр, камбар атанын тукумун кырып кирбесе болду.

Этнограф А.Акматалиевдин “Зергерчилик, темирчилик, мүйүзчүлүк”, “Элдик кийим- кечектер”, “Элдик оймочулук”, “Өрмөкчүлүк жана токуучулук” ж.б. ондогон эмгектери бүгүнкү маданий казынабызды байытып турат. Бул темага кызыккан журналисттер болобу, кол өнөрчүлүктү Кыргызстандын брендине айландыргысы келген учурдагы уздар, чеберлер болобу, Амантур аксакалдын “алиппесине” кайрыла жүрсө, канчалаган маалыматтарды, көрсөтмөлөрдү, үлгүлөрдү табышаар эле

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Жаңы Агым», 12.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.