Дин менен илимдин өкүлдөрүн бириктирген китеп жарык көрдү

Замандын өзгөрүүсү менен тил маданияты да анын агымы менен кетээри айдан ачык. Улам жаңы ойлоп табуулар, түшүнүктөр тил куржунуна да жаңы сөздөрдү кошот. Маселен, диний көз караштар, технологиялык жаңы терминдер тил маданиятынын өнүгүүсү менен тыгыз байланышта.

Аалымдар менен илимпоздор биргелешип чыгарган алгачкы түшүндүрмө китеп

Акыркы жылдар аралыгында коомчулуктун диний түшүнүгү жогорулап, ал темада сүйлөгөндөр да көбөйгөн. Деген менен, айрым адистер дин кызматкерлери колдонгон айрым сөздөр коомчулукта түшүнүксүз экендигин айтышат. Анткени, ислам дининдеги көпчүлүк терминдер араб, фарс тилдеринен кирген сөздөр болгондуктан, кыргыз тилинин ченемдери анчейин сакталбай келет дешет.

Мындай кырдаалды эске алуу менен “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондусу тарабынан “Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөсү” аталышындагы жаңы сөздүк жарык көрдү. Анда диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөлөрү орун алган.
Фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков баса белгилеп кеткендей, бул долбоор алгачкы жолу илимпоздор менен дин кызматкерлеринин биргеликте алып барган ишинин мөмөсү болду.

“Бул-дин аалымдары менен илимпоздордун биргелешип ишке ашырган алгачкы долбоору. Бул абдан маанилүү. Экинчиден, көпчүлүк учурда имамдар эл түшүнбөгөн терминдерди колдонуп жүрүшөт. Бирок эл түшүнө албай калат. Ошондуктан, тил маданиятын сактап калуу жана коомчулуктун тушүнүүсү үчүн бул китеп жакшы шарт түзөт. Ошол эле учурда, тил маданиятын сактоонун алкагында сабактар өтөт. Биз ойлойбуз бул иш-чара кыргыз тилин нукура сактап калууда салым кошот”.

 

Молдолор эне тилден аксашат

Имамдардын колдонгон тили кыргыз тилинде айрым учурда бузулгандыгын Азирети муфтий Максат ажы Токтомушев да моюнга алат. Ал мындай кырдаалды, илим алууда буга чейин кыргыз тилинде адабияттын жоктугу менен түшүндүрөт. Ошондуктан, имамдар коомчулуктун баарына түшүнүктүү болбогон сөздөрдү колдонуп койгон учурлар да болот. Эми бул адабият жалпыга дин илимин жана тил маданиятын үйрөнүүдө жакшы эмгек дейт ал.

“Молдолорубуздун көпчүлүгү кыргыз тилин ченемдерин бузуп жаткандыгын моюнга алабыз. Бул диний илимди араб, фарс тилдеринде алганына байланыштуу. Баарыбызга маалым болгондой, диний багыттагы кыргызча китептер жокко эсе болгон. Ал эми бул китеп, эми баарыбыз үчүн пайдалуу деп билебиз”.

Нуржигит Кадырбеков белгилеп кеткендей, бул долбоор дин менен илимдин бир экендигин далилдеген эмгек. Анткени китеп аалымдар менен илимпоздордун биргелешип чыгарган китеби. Өз кезегинде КРнын Улуттук Илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев төмөндөгүчө баа берди.

“Дин-өзү чоң маданият. Аны туура окуу керек. Ал эми ар бир сөз өз-өзүнчө маанилүү. Ошондуктан, аны үйрөнүүдө китепче жакшы курал”.

Маалыматка ылайык, аталган эмгектин авторлору Чубак ажы Жалилов жана Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Кубатбек Кошмоков. Бүгүнкү күндө китеп 1000 нускада басып чыгарылып, имамдарга таркатылып, сатыкка да коюлат.

«Марал ФМ», 18.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.