Көк бөрү — чыныгы жигиттердин оюну!

Кыргыздын ар бир жигити дайыма ат минбесе да чабандестин сезими жана атка болгон сүйүүсү канында бар. Бул байыркы көчмөн кыргыздардын өзгөчөлүгү болсо керек. Байыркы кыргыздардын оокаты да, оюн-зоогу дагы дал ушул ат менен байланыштуу. Ат минип алып шамал менен жарышкан кыргыздар жөнүндө бир нече тарых булактарында жана чыгармаларда чагылдырылган. Учурда ат дагы эле кыргыз үчүн чоң мааниге ээ. Бул көрүнүш кылым карытып келе жатат. Багынган кыргыз болбойт, ат минбеген кыргыз болбойт дегендей элибизде ата бабалардан калган салттар уланууда. Азыркы убакта көк бөрү оюну кыргыз элинде кеңири тараган жана өзгөчө популярдуулукка ээ. Ар бир майрам, маданий иш-чаралар улак тартыш, кыз куумай жана башка ат үстүндөгү оюндарсыз дээрлик өтпөйт. Майрам эмес, айрым чоң тойлордо деле байге коюлуп улак тартыш оюну болуп турат. Албетте, бул нерсе сүйүндүрбөй койбойт. Акыркы мезгилде бул спорт түрү Азия чөлкөмүндө кеңири тарап келе жатат. Бирок баары бир көк бөрүдө Орто Азия боюнча кыргыздан күчтүү команда жок. Көк бөрүнүн азыркы абалы боюнча “Достук” командасынын улакчылары менен баарлаштык.

Байыш НИЯЗОВ, “Достук” командасынын капитаны: “Жакшы улакчынын ийгилиги мыкты атка байланыштуу”

– Негизи командада канча оюнчу болушу керек?

Өзүм төрт жылдан бери “Достук “ командасында ойнойм. Командада 12 оюнчу, 12 ат болот, кезек менен майданга төрттөн оюнчу чыгат. Командада ар бир оюнчунун өзү аткарган ролу жана тапшырмасы бар. Төртөө коргоочу, төртөө ортого ойнойт жана мыкты күлүк аты барлар чабуулчулар. Оюнду машыктыруучу карап ар бирибизге индивидуалдуу тапшырма берип турат.Оюнда улакты казанга салыш оор деле эмес, ошол казандан тартып алыш оор. Анткени көбүнчө күрөш дал ушул улак үчүн болот. Улак топ эмес, аны эңиш керек, көтөрүш керек, салмагы дагы оор болот. Оюнда улактын өз салмагы 35 кг болот, топо баткак аралашып ал 45 килограммга чейин чыгат. Бул көк бөрүнүн өзгөчөлүгү десем болот. Анткени бир дагы командалык спортто мындай оор снаряд менен ойношпойт. Ошондуктан улакчылар каарлуу жана күчтүү келишет.

– Бул оюнга чыгуу үчүн да машыгуу керек го. Күнүгө кантип, канча убакыт машыгасыңар?

– Күнүгө эки саат ат минебиз. Атты суутуп бастырып турабыз. Анткени жакшы улакчынын жарым ийгилиги бул ат. Мыкты досуң, дагы башкы каршылашың дагы ошол. Андан кийин машыгуу залга барабыз. Анткени биз күчтүү жана шамдагай болгонубуз талап кылынат. Атайын белге 30 килограммдык гиряларды илип алып, канат менен өйдө чыгып машыгабыз. Бул биздин өзгөчө машыгуубуз десек болот. Атайын колго резиналарды кийип алып, аны чоюп машыгабыз. Бизге керектүү маалда улакты жулуп туруп, тартып кетишибиз керек. Андан сырткары ар кандай ыкмалар менен машыгабыз. Мисалы, улакты эңгенди, блок койгонду, буйтаганды жана жөөлөгөндү мыкты өздөштүрүүбүз шарт. Мунун баардыгы оюнда керек нерсе. Улак тартышка үч-төрт күн калганда атайын машыгуу үчүн улак чабабыз. Оюндун алдында отуруп алып тактиканы түзөбүз. Сен муну байлайсың, сен тигини кармайсың деп. Мунун баардыгы оюнга таасир этет. Ошондуктан туура тандалган тактика абдан маанилүү. Ар бир командага тактикабыз өзгөчө болот.

– Атка ар бир оюнчу кам көрөбү же атайын атты караган киши барбы?

Атты караган атайын жылкычы бар. Ал аттарды ар бир оюнчуга ылайыктап таптап, машыктырып берет. Анткени чабандес менен ат бири-бирине төп келип, гармонияда болуп, бири-бирин түшүнбөсө анда оюн болбойт. Анткени адам атсыз эч нерсе кыла албайт, ал эми ат улакчысыз ат бойдон кала берет. Ошондуктан ортодо гармония болушу керек. Атты түшүнө билиш керек. Бул маанилүү нерсе. Ар бир адам атты чаап улакты тарта албайт. Аттын өзүнүн ыгы болот. Ыгын тапса бат эле өздөштүрүп кетет. Бул нерсе кыргыздардын канында илгертен бери эле бар го дейм. Анткени бул сезим ичиңде болуп, ички туюмуў сыяктуу болот. Анан күнүгө машыгуу керек. Өзүңдүн жеке атың болбосо үйрөнүш оор. Бул спорт ар дайым стабилдүүлүктү жана машыгууну талап кылат. Бизде ар бир аттын өзүнүн ээси бар жана ар бир аттын каймана аты бар.

– Аттарды каяктан аласыздар?

Биз көбүнчө таза кандуу аттарды алабыз. Чүйдөн жана башка ар кайсы аймактардан тандап терип келебиз. Баалары 5 миңден 30 миң долларга чейин болот. Жакшы ат, жакшы акчаны талап кылат. Бирок чыныгы мыкты күлүктү таап алсаң анда бул чоң ийгилик. Анткени жогоруда айткандай жакшы ат жарым ийгилик.

-Оюн учурда жаракат алган күндөр болобу?

Болот, балдар жаракат алышат, аттар жаракат алышат. Бир оюнга 12 ат менен келесиң. Эгерде атың жаракат алса өнөктөшүңдүн атын минип алып оюнга кире бересиң. Бирок эреже боюнча башка четтен ат киргизбейсиң. Мисалы, Нооруз майрамына карата болгон турнирде жарым финалда Талас командасы менен болгон беттеште бир атыбыз ооруп, эки атыбыз жаракат алып аксап калган. Айла жок тогуз ат менен ойнодук.

– Учурда кайсы командалар күчтүү болууда? Кандай тенденциялар болууда?

Беш жылдан бери “Талас” күчтүү болчу. Быйыл “Талас” командасын жарым финалда жеңип алып, финалда Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасына жеңилип калдык. Көк бөрүдө көп нерсе атка байланыштуу болуп калды. Кайсы командада аттар күчтүү болсо ошол команда утуп калды.

– Кыргызстандын курама командасына ойнодуңуз беле? Курама командага улакчыларды ким тандайт?

Ооба, ойногом. 2014-жылы Көчмөндөр оюнунда “Кыргызстан-1” командасына ойногом. Учурда дагы бир турнир аяктаса Көчмөндөр оюнуна даярданабыз. Курама командага атайын Федерациядан даярдалган адамдар тандайт.

 

Марат КУЛУЕВ, “Достук” командасынын улакчысы: “Атты таптоо да искусство”

– Марат байке, аттарды сиз таптайт экенсиз, кантип тандайсыз, кандай ыкмаларды колдоносуз?

Аттарды атайын балдарга жаккандарын алабыз. Ар бирөөсүн улакчы өзүнө тандайт. Атты таптаган бул өзүнчө искусство. Канчалык жакшы таптасаң ошончолук атың мыкты болот.Тапталып жаткан атка маалы менен жем-чөп берем, андан кийин жетелеп алып бастырам. Эки маал арпа берем, төрт маал аз-аздан чөп жейт. Андан сырткары витамин жана сабиз беребиз. Улактан кийин атты жакшы суутпаса ат кыйналып калышы мүмкүн. Оюндан кийин атты байлап, аз- аздан чөп, суу берип өзүнө келтиресиң.

– Аттарды кандай критерийлер менен тандайсыңар?

Мисалы, биздин командада 12 бала бар. Алардын ичинде ар бирөөнүн ролу бар. Алардын ролдоруна жараша аттарды таптап беребиз. Мисалы, чабуулчуларга жогорку ылдамдыгы бар күлүк ат керек. Ортодон жекеме-жеке алышып , улакты алгандарга күчтүү ат болуш керек. Ал эми коргоочуларга чоңураак ат керек. Анткени алар каршылаштарын жөөлөп, жаап туруш керек. Атты ар бирине ылайыкташтырып таптап беребиз.

– Атты кунан кезинен эле таптайсыңарбы?

Учурда бизде кунандар деле бар. Бирок көбүнчө чоң даяр аттарды таптайбыз. Атты акырындап үйрөтөбүз. Бир айда бир атка 15 түк чөп, 100-150 кг жем кетет. Оюн убагында чөптү аз беребиз, атты формада кармаш керек. Эртең менен аттарды карап чөп салам, андан кийин сугарам, кайра бир аз чөп жедирем, андан кийин жетелеп бастырып келем. Бастыргандан кийин үч саат байланат.

Р.S. Көк бөрү оюнун жандандыруу идеясы 1995-жылы көтөрүлгөн. Өзүнүн ишмердүүлүгүн 1998-жылдан бери жүргүзүп келет. Учурда Кыргызстанда 800 жергиликтүү команда, 16 жогорку лигадагы команда бар. Алардын ичинде 9 команда профессионалдык командалар болуп эсептелинет. Алар: «Суусамыр»,«Талас», «Борулу», «Кабылан», «Тынай», «Кожомкул», «Дордой», «Рассвет»,«Достук». Азыр көк бөрү оюнун бир нече мамлекеттер ойнойт, алар: Кытай, Тажикстан, Түркия, Ооганстан, Өзбекстан, Монголия, Пакистан, Орусия ж.б. 2013-жылы көк бөрү боюнча Азия Чемпионаты өтүп, Кыргызстан 2-орунду алган. Ал эми дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда 1-2-орунду Кыргызстандын командалары алган.

Адилет ТЕМИРЛАНОВ, «Жаңы Агым», 04.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.