Манас эл тилинде

Улуу баатыр Манасты кыргыз эли чын жүрөктөн сүйгөндүктөн, Манасты төбөсү ачык көккө, козголбой жаткан зандымдын залкарына, кайсаганы эрекче арыстанга, качырганы керемет жолборско, үнү сүрдүү шерге, жүрөктүүнүн кыйыны алпка, аруунун жакшысы асылга, азаматтын кайраттуусу эрге, акылдуунун эрекчеси кеменгерге, кара аттын кашкасына, андан калса башкасына теңөөгө сөз каражаты жетпей мукурап турганын көрүүгө болот. Ушудан кыргыз элинин Манаска болгон махабаты канчалык терең экенин билдирет.

Биринчи: Манас «Султан» аталат

Султанымдын барында,
Мелүүнгө жатып уктадым.
Беш тайпа журтун туткамын.
Сурагы султан Манастын,
Кыйын болгон кези экен.
Кыргыздан кыйла жыйналып,
жыйын болгон кез экен
– деген сыяктуу саптар баатыр Манаска султан атак бергенинин далили.

 

Экинчи: Манас «Чоң жинди» аталат

Оң колунда майы бар.
Сол колунда каны бар.
Бүткүл дүйнө кылымды,
Соручудай жайы бар.
Алакандын бүлтөктө,
«Манас» деген аты бар.

Мындайча айтканда, Манастын аты адамзаттар жагынан коюлган ат эмес, тек теңирим койгон ат. Балтадөө Манастын атын: «Чоң жинди» – деп коёр замат алакандын бүлтөктө коюлган аты көздөн кайып болот.

Манас бала кезинде балта дөөнүн үйүнө барып уктайт, ал учурда мындайча сүрөттөлөт:

Бир убакта кол серпип,
Чоң жинды төшүн ачыптыр.
Чарадай жерге ак түшүп,
Жабыкбаштын үстүнө,
Үзүгү так түшүп,
Кут куюлган немедей,
Жап-жарык болуп шам күйүп турат.

 

Үчүнчү: Манас «Баатыр» деп аталат

Баатыр деген сөз Манас дегенге маанилеш же түгөй сөздөр аркылуу аталып Манаска берилген атак-даңк болуп колдонулат. Манас эпосунда баатыр деген сөздүн ордунда балбан, эр, белдүү, алп деген сыяктуу сөздөр колдонула берет.

 

Төртүнчү: Манас «Көкжал, жоо бөрүсү» аталат

Кыргыз эли мурда бөрүнү ыйык катарында көрүп, аны тотем кылып сыйынган. Ошол бөрүнүн дөбөтү, жашы толуп жетилгени көкжал деп аталат. көкжал карышкыр азуулуунун кыйындарынын бирөө, мурундууда жыт алганга кыйын, койшолоңдоп өтө тентек, өтө сергек.

Жогололу, кетели,
Жоо бөрүсү Манаска,
Жообун айтып жетели.

Десе эпостун кайбир жеринде:

Көкжал Манас оолугуп – деп айтат.

 

Бешинчыи: Манас «Арыстан» аталат

Эрдин эри, шердин шери болгондой азуулуунун ичинде да өтө кыйын азуулуу бар. эл баатыры Манаска атак берүүдө султан Манас, баатыр Манас, көкжал Манас деп эле калбастан, дагы да ат-атак берип арыстан Манас деген.

Таянар жалгыз төрөмдү,
Жаман жоого жөнөлдү.
Жанын тирүү көрөмбү?
Айрылып калып арыстандан,
Армандуу бойдон өлөмбү?
Арыстан Манас кабылан
Арыстан Манас баатырың
Айкөл Манас арыстаным,
Айбаты жортту басканым.

 

Алтынчы: Манас «Ач жолборс» аталат

Ачыккан жолборс ток жолборско караганда кыйыныраак. Ара бөк болбой качырганы катуу. Бет алган жагын мент кылбай койбойт. Эмесе баатыр Манасты жай жолборско эмес, ачыккан жолборско теңеп, атагына дагы да айкын тактык киргизет.

Ак көбө тонун жамынып,
Ач жолборстой чамынып.

 

Жетинчи: Манас «Шер» аталат

Ай! ай! досум эр Манас,
Атагың тоодой шер Манас.

Хан кошой:
Катынга жатып багындым,
Кабылан эрди сагындым.

 

Сегизинчи: Манас «Көк, кара көк» аталат

Кыргыз эли төбөсү ачык көккө, чалкып жаткан деңизге сыйынган. Ошол себептүү көкжал Манасты көккө, дагы да көккө тактык киргизип, кара көккө теңеп атак бере сүрөттөйт.

Бала жолборс кара көк – дейт.

 

Тогузунчу: Манас «Айкөл» аталат

Дүйнөдөгү башка боордош улуттардай эле, кыргыз улуту да ай балкыган көлдү кумарткан, зооку түшүп шыктанып караган. Эмесе кабылан баатыр Манасты ай балкыган айлуу көлгө теңеп, атайы кайрылып атак бере айкөл Манас деп атаган.

Кыл болот мизин жалаштым,
Ал жеткис жооңо караштым.
Айкөлүм Манас сен үчүн,
Намызың бирге талаштым,
– дейт.

 

Онунчу: Манас «Бааша, падыша» аталат

Көргөнүм жок угушум,
Манас деген баашаны
Падыша Манас, эр чубак,
Баладан чыйрак эр сыргак.

 

Он биринчи: Манас «Кыраан» аталат

Сермегенин серппей койбогон, канаттуунун кырааны бүркүт. Манастын кыраандыгын канаттуунун алгырлары кыраанына теңеп:

Кыраан Манас сурданып,
Ач албарысты колго алды,
– дейт.

Бул жердеги кыраан деген сөз, билгич, адискөй деген мааниге да жатат.

Хан Манасты азуулуунун баатыры кабыланга, канаттуунун алгыры кыраанга эле теңеп ат-атак бербестен, зандымдын залкары, боору түктүү жердин жайдары, каары катуу калдаңдаган салга, салынган аскалуу тоолорго да теңейт

Эп көрсө турган баарыбыз,
Бузбаса Манас салыбыз.
Сайылган байрак түбүндө,
Залкарың туруп калыптыр.
Аскалуу тоодой салынып.

Адамдын чайымдуу азаматын, аялдардын тал төөндөй чоюлган салмактуусун, көхардын тунугун асыл дейбиз. андай болсо залкар Манаска кыргыз улуту ат-атак берип, асыл деп айтышкан.

Анда бакай кеп айтып,
Асылым Манас деп айтат.

 

Он экинчи: Манас «Төрө, аким, бек» аталат

Жогору мартабалуу жетекчилерди төрө деп айтабыз. эмесе залкар Манасты төрөгө, акимге, алтургай бекке теңеп ат-атагын чыгарып сүрөттөйт.

Төкөр сөөнөт таякка,
Төрөңүз барат каякка?
Атагы түрк алашы,
Айдалган күндү карачы.
Не болгонун билбедим,
Акимсинген Манасы
Бейжинде бектин уулу элем,
Бек кыл деп айттым кимиңди?
Бек Манас экөөң бирикчи,
Мен бузайынбы динимди?

 

Он үчүнчү: Манас «Буудан, күлүк» аталат

Кыргыздар Манасты адамзатта ханга, билектүүдө баатырга, азуулууда кабыланга, жерде жайдарымга, асманда көккө, аша чаап бууданга теңеп ат-атак берип сүрөттөйт.

Күлүгүм Манас сен болдуң,
Күймөлгөн чобур мен болдум.
Буудан Манас падыша,
Куланын башын бурганы,
Сыр найзаны ыргады
, – дейт.

 

Он төртүнчү: «Көй кашка» аталат

Сүлөкөтү чеберлер тарткан сүрөттөй аттардын келбетине жарашкан кашканы сай кашка же көй кашка деп даңазалайбыз. Эмесе зор Манасты кара аргымактын кашкасына теңеп, ага суктана «Сай кашка», «Көй кашка» деп атак берет.

Сайкашка жаткан борборго,
Айдар барды ошондо.
Салтанаты бир башка,
Салышка көнгөн көй кашка.
Ал кыркынан бир башка.

 

Он бешинчи: Манас «Оён» аталат

Кыргыздар айкөл Манаска кандайча атак берсек татыктуу. Ат-атак дагы да мокумуна жетпей, сөзүбүз алсыздык кылат.

Ошондуктан кыргыздар эң жогору баа берип: «Оён Манас», мындайча айтканда эң чоң Манас – деп атагын турактандырган. Кыргыз тилинде мындан алгыр атак жок.

Күтүнүп кокон калыптыр,
Оён Манас шер менен,
Зор Бакай, Чубак барыптыр.

Асанбай Матили уулу, “Оорак”, 03.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.