Тогуз коргол оюнун казактар менчиктеп алышты…

Нечендеген кылымдарды кезген кыргыз бир катар тарыхый баалуулуктарга ээ болгон. Анын ичинде каада-салттары, кол өнөрчүлүк чеберчилиги, спорттук-интеллектуалдык оюндары муундан муунга өтүп келген. Азыр ал баалуулуктардын айрымдары унутта калып элибиздин тарыхы болгон ыйык мурастарыбызды баалабай жатабыз . Бул саныбызда кыргыздын кылым карыткан оюндарынын бири болгон тогуз коргоол оюну жана анын азыркы абалы тууралуу спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясында тогуз коргол оюнунун башкы машыктыруучусу Нурия СУЛТАНМУРАТОВА менен маек курдук:

Сөздү тогуз корголдун тарыхынан баштасаңыз?

– Эл оозунда элек жок дегендей ар ким ар кандай варианттарын айтышат. Негизгиси тактаны карап эле аты коюлган, тогуз үй болот эмеспи. Бул койчулардын оюну болгон деп да келишет, буга толугу менен кошулууга болбойт. Койдун корголу менен ойногон ошондон аталып калган дешет. Койдун корголу менен ойноого такыр мүмкүн эмес, аны бир айлантып келгенден кийин эле майдаланып калат. Бул оюнду тарыхта хандар той-аштарда эт бышым маалга чейин деп атайын өргөлөрдө ойношкон. Алар көлөмү койдун корголундай болгон таштарды алтындан куйдуруп, тактайын кооздотуп жасатышкан. Коргоол деген сөз ошол көлөмү корголдой болгон алтындан же таштан келип чыккан эле сөз. Ал эми жөнөкөй эл жөнөкөй эле таштарды колдонуп ойношкон.

Улуттук оюндарды өнүктүрүү үчүн атайын дирекция качантан бери иш алып барасыздар , негизги максатыңыздар эмне?

– Спорттун улуттук түрлөрү дирекциясы 2012-жылы март айында ачылган. Мына ошондон тартып мамлекет тарабынан колдоого алынып улуттук оюндардын түрлөрүнө тогуз коргол оюну да кирген. Негизги максатыбыз бүткүл Кыргызтандын аймагына бул оюнду жайылтып, атын чыгарып өнүктүрүү. Кыргыздын улуттук оюну катары жандандырып оюнчулардын оюнун өстүрүү. Тогуз коргол 2008-жылы олимпиадалык оюндардын программасына кирген. Ошол учурдан тартып, азыр ар бир шаар, айыл аймактарда, мектептерде, жогорку окуу жайларда ойнотулуп келет.

Бул оюнду казак туугандар да ойноп келишет, айырмасы барбы?

– Көпчүлүк жерлерде бизде тогуз коргол деп аталып келет. Ал эми казактар бул оюнду тогуз кумалак деп аташат. Тарыхы, ойноо тартиби бир эле, эч айырмасы жок. Биз алардан айырмалануу максатында тогуз коргол деп атаганбыз. Казактардын тогуз кумалагы жашыл түстөгү тактада ойнотулат. Биздики бир бөлүгү ак, бир бөлүгү кара менен боёлгон тактада ойнотулат.

Мелдештерди өткөрүүдө алыскы аймактарга көңүл бурулуп жатабы?

– 2012-жылдан бери улуттук дирекция тарабынан жыл сайын атайын 4 негизги тогуз коргол таймашы өтүп турат. Бул таймаштын негизги максаты өлкө ичиндеги эң мыкты оюнчуну аныктоого арналат. Оюнга баардык аймактардан оюнчулар келип катышат. Жалпылап айтканда бир жылда болжол менен 40ка жакын таймаш уюштурабыз. Кыргызстан чемпионаттыгы өкмөт тарабынан толугу менен колдоого алынат. Бул 3 этап менен өтөт. Биринчи райондордо, андан кийин облустарда өтөт мына ошол эки этапты жеңип келген оюнчулар Кыргызстандын чемпионаттыгына күч сынашат. Бул оюнду уюштуруу тарабын дирекция толугу менен моюнга алганбыз.

Эл аралык статусту алып жургөн турнирлерибиз барбы?

– Учурда 3 турнирибиз Эл аралык деген статусту алып жүрөт. Алар Конституция күнүнө жана 9-май Жеңиш күнүнө арналган турнир . Туристер келген маалда август же июнь айында дагы бир турнир өтөт. Мындан тышкары акыркы алты жылдан бери тогуз корголду таанытууга чоң салым кошкон улуу инсаныбыз Чыңгыз Айтматовдун атынан эл аралык бир турнирибиз бар. Эл аралык турнирге Азиянын баардык өлкөлөрү катышат.

Мектеп жашындагыларды улуттук оюн менен тааныштыруу, аларды оюнга үйрөтүү программасы кандай жыйынтык берип жатат?

– 2008-жылы улуттук оюндарды өнүктүрүү боюнча программа мектептерге сунушталган. Дене тарбия сабагынын бир жылдык кезметинде тогуз коргол 6 саат деп киргизилген. Буга байланыштуу дене тарбия мугалимдери борборго чакырылып атайын тогуз коргол боюнча окуудан өтүштү. Азыр мектептерде тогуз коргол боюнча кружоктор ачылып жылдан жылга жакшырып баратат.

Тогуз корголдун колдоого муктаж болгон жетишсиз жагын айтсаңыз?

– Учурда оюнду өткөрүүдө бир маселебиз бар. Бул, тогуз коргоолго арналган атайын залдын жоктугу. Себеби, 200-300гө жакын адам бир мезгилде ойногонго туура келет. Оюнчулар 1 же 2 саат отуруп ойношот. Залдын ичи жылуу болуп жакшы шарт түзүлүш керек. Бизде өлкө боюнча мындай шарттагы бир дагы зал жок.

Учурда мелдештерди кайсы мекемеде өткөрүп келесиздер?

– Көп жылдан бери турнирлерибизди Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өткөрүп келебиз. Бул жагынан китепканга чоң ыраазычылык билдиргим келет. Китепкана тынч болуп турат эмеспи. Биз ал жерге келген китеп окурмандарына бир топ эле жолтоо болобуз. Себеби кирип чыкканда тогуз корголдун таштары шагырап турат. Оюнду өткөрүүгө 500 орундуу тойканалар ыңгайлуу болот. Биз кээ бир тойканаларга сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүп көрдүк. Тилекке каршы алар көп учурда түшүнө бербейт. Ал эмне? Тамак жешеби анан деген суроолорду узатышат.

Тогуз корголду интеллектуалдык оюн катары дүйнөлүк аренага көтөрсө болобу?

– Англияда, Чехияда жыл сайын интеллектуалдык оюн катары турнир болуп турат. Мындан тышкары, Казакстанда дүйнөлүк чемпионат өтөт. Казакстанда өткөн оюнга Индия, Африка, Афганистан, АКШдан да оюнчулар келет. Бул тогуз корголдун дүйнөлүк аренага көтөрүлүп баратканынан кабар берет. Бирок бул казактардын оюну катары таанытып жатат. Бизде өткөн оюнга Европадан оюнчулар келе албайт. Себеби аларды каржылаганга биз каражат бөлүп бере албайбыз.

Казактар деп жатасыз, казак туугандар кантип өнүктүрүп жатат, алардын кылган ишин биз кыла албайбызбы?

– Учурда улуттук оюнубуз деп айтканыбыз менен казактар бизден озуп кетти. Булар акчанын күчү менен казактардын оюну деп таркатып жиберди. Булар дүйнөнү кыдырып тогуз корголдун такталарын көңүл бурган адамга бекер таркатышат. Турнир өткөрүшсө Кыргызстандан башка баардык өлкөлөрдүн келип кеткен чыгымын өз чөнтөгүнөн төлөп беришет. Биз деле алардын кылганынан ашыкча кылсак болот. Бирок келип эле каражат маселесине такалат.

Көчмөндөр оюнунда жыйырмага жакын өлкөнүн спортчулары келди бул аз көрүнүш эмеспи?

– Көчмөндөр оюнуна чакырылган өлкөлөрдүн оюнчуларын Бишкекке келгенден баштап чыгымын көтөрөбүз. Бишкекке келгенге чейинкисин камсыздап бере албай жатабыз. Чет элдиктер менен интернет аркылуу байланышканыбызда, Кыргызстанга келгенге чейинки маселелерин чечип берүүсүн өтүнүшөт. Бирок бул маселени чечүүдө алсыз болуп жатабыз. Ушул себептен көчмөндөр оюнунда тогуз корголго келген оюнчулардын саны аз болду.

Кыргызстанда канча оюнчубуз бар, оюнчуларга кандай колдоолор керек?

– Учурда эң мыкты делген 20га жакын оюнчуларыбыз бар. Булар жыл сайын жаңыланып турат. Оюнчуларды баардык мекемелерде колдошубуз зарыл. Кээде оюнчуну иштеген жеринен же окуусунан бошотпой койгон учурлар кездешет. Бул улуттук оюндун канчалык баалуу экенине айрым жетекчилердин маани бербегенинен кабар берет. Мындай көрүнүштөр көп кайталанып жатканы бизди өкүндүрөт.

Баардык эле адам пайданы көздөйт эмеспи, тогуз корголдун пайдалуу жактарын айтып сөзүбүздү жыйынтыктасак?

– Оюн үч жүрүш алдын ала ойлонуу менен чыдамкайлыкты, логиканы талап кылып ойнолот. Тогуз корголду мыкты ойногон балдардан келечекте мыкты эсепчилерди, экономисттерди күтсө болот. Мээнин өөрчүшүнө, ойлоо сезиминин өсүшүнө чоң таасирин берет. Андыктан ата-энелер тогуз корголду балдарына жашынан үйрөтүп койсо ашыктык кылбайт.

Нурмухамед ЖУМАБЕКОВ, “Жаңы Агым”, 16.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.