Кылым бүктөмүндөгү кыргыз-кытай алакасы

Улуу Кытайдын «бичигинде» жазылган көөнө тарыхыбыздын кыргыз тилине которулушу маданиятыбыздагы орчундуу окуялардан болгондугу талашсыз. 2004-жылы «Шинжан эл басмасынан» чыккан «Кытай жазмаларындагы кыргыздар» деген аталыштагы көрсөң көңүлүң, кармасаң колуң сүйүнгөн бул китепти барактап отуруп, байыркы доорлордон — өткөн кылымдын башына чейинки бабалардын изин көрүп, кантип көзүңө жаш имерилгенин байкабай да каласың. Кытайдагы боордошторубуз Мамбет Турду Мамбетакун, Адыл Жуматурду, Амантур Абдырасул, Сабыр Маметорозо, Макелек Өмүрбай өңдүү жазмакелерибиздин котормосундагы кунда жок бул эмгектин маани-маңызы чексиз.Тилекке каршы китеп өтө аз санда (500 экз) басылгандыктан андагы алтынга бергис айрым маалыматтар жалпы окурман журтчулугуна жетпей калган.Төмөндө ушул китептен алынган XVIII кылымдагы кыргыз-кытай элчилик мамилелерин, ошол учурдагы саясый кырдаалды, жөнөкөй эле жай турмушту чагылдырган айрым окуяларга токтоло кетейин.

Кыргыз элчилери Ваншу гүлбагында

1757-58-жылдарда Жуңгарлардын күлүн көккө сапырып, кылычтан өткөргөн (1млн.го жакын калмактарды кырып салышкан) Кытай империясы Чыгыш Түркстанды да жутуп алып, эми кыргыз жерине көз артып турган учуру эле. Ага чейин качкан калмактарды куугунтуктоону шылтоологон генерал Чжао Хойдун колу Ысык-Көлгө чейин кирип келип, кыргыздардын катуу каршылыгына учурагандан кийин кайтып кетүүгө аргасыз болгон.

Бул элге камчы үйүрбөй, жалпак тилге салып, сүйлөшүүлөр жолу менен ийге келтирүүнү көздөгөн империя алгачкы кыргыз элчилигинин Бээжинге барышын уюштурууда өздөрү көмөк болгондой. 1758 жылы ошол эле генерал Чжао Хойдун демилгеси менен түндүк кыргыздардын башчысы сарыбагыш Маматкул бийдин элчилеринин Кытай императору Цян Луньдунга барышы уюштурулат. Кытай булактарында Маматкул токсондон ашкан, малдаш токунуп олтурса курсагы эшилип жерге тийген, алыс жакынга чыга албаган адам болгондугунан бери жазылып калгандыгы да кызык. (Дегеле кыргыз элинин «жер каймактагандан берки» тарыхын, улуу инсандарын, журт башыларын, маданиятын, этнографиясын чагылдырган маалыматтар аталган китептин өзөгүн түзөт).

Кыргыз-кытай мамилесинин жанданышына өбөлгө болгон бул элчиликтин курамына сарыбагыш Черикчи Темир уулу башчылык кылып, саяктан Төрөке (кытай жазмасында Толчу), солтодон Нышаа тилмеч (кытай жазмасында Ниса) кошулган.

Бул элчилик жөнүндө китептен Кытай императорунун төмөнкүчө буйругун окуйбуз: “Чияңлуңдун 23 жылы (1758). 9 ай. 570-ором. «Кыргыз элчиси Черикчи сыяктуулар жакшылап коноктолсун».

Элчилерди император Тайхыдиян (тарыхчылар Цян Лунь дешет) өзү кабыл алып, мыктылап сыйлап, падышалык Ваншу гүлбакчасында сейилдетип, аскер өнөрүн көрсөтүптүр. Кыргыз элчилеринин баскан-турганынан, сүйлөгөн сөздөрүнөн, атүгүл кандай таасир алып «үзүрлөнгөнүнөн» өйдө калтырылган бул тарыхый жазмаларда меймандарга арналган сый тамакта окулган ырлардын да сакталып калышы баа жеткис табылгалардан.

Китептин «Батыш өңүрдүн карыйталуу санжырасы» бөлүмүндөгү (431-бет) «Кыргыз элчилерине конок аш берилгенде куралган ыр» аталган жеринен бир үзүм:

Балык ойноп, элик элкин секирет,
Ваншу бакта к
өңүл сыры чечилет,
Эски будуң жаңы эл болуп көрүнүп,
Кеч жамгырдан түш өзүнчө керилет.

Көрүнүп тургандай «кыргыздар менен болгон байыркы мамилесин айтып, ошол эл кайра кайрылып келди» маанисинде «жибек менен мууздагандай» айтылган бул ырларда да көп сыр жаткансыйт.

 

Аста сүйлөп, алысты мелжеген империя

Ооба, кыргыз элчилерин «жибек» сөзү, сый — урматы менен тосуп алган Кытай империясынын ошол учурдагы тарыхый шарттарга ылайык алысты мелжеген саясый максаты бар болучу. Алар мунусун жаап-жашырган деле эмес. Алтургай: «кыргыз-казак биздин чек ара сыртындагы букарабыз болосуңар» дегенди ачык эле айтышып, ар кандай жарлыктарды жөнөтүп да турушкан. Эң башкысы калмактардан бошотулган жерлерди биротоло ээлеп алууну көздөшкөн.

Черикчи баштаган кыргыз элчилеринин башкы миссиясы дал ушул жерлерди, айрыкча кытай империясын кызыктырган Ысык-Көл, Теңир-Тоо аймагынын (кытайча аталышы Темиртунур голдон, Темиртунур) «башын ачып» келүү болгон. Бирок император Цянь Лунь буга көнө койбоптур.

Кытай жазмасынын «Чиң сулаласы чыныгы иштер эстелиги» бөлүмүнө төмөнкүчө жаздырып калтырыптыр: «Кыргыздын ордого келген элчиси: Темиртунур мурдатан биздин жерибиз болучу, бизге берсеңер деп суранды. Мен да аларга: Ал жер мурунку жайлооңор болгону менен, узунтан бери жуңгарлар ээлеп жаткан, силердин жер деп карагалы болбойт. Бирок, силер да менин букарам болосуңар, ал жерлер деле бош турат, чөйрөсүндөгү жайлоолордон ылайыгында ажыратып берип, тиричилигиңерге жардам кылсам болот деп жооп бердим».

Андан ары: «Илеге жакын жерлерди, эгин эгүүгө боло турган жерлерди берүүгө болбойт. Алардын жайлоосуна жакын болгон, ээн ташталган жерлерден ылайыктап берип, чек арасын тыкандап бекитүү керек» деген жарлыгын чыгарган. (Китептеги котормочулардын стили толук сакталды. Т.А.)

Ошентип эзелки мекенибиз болгон Иле дарыясынын боюнан, анын тушундагы кийин Кытайга өтүп кеткен Кундуз, Жылдыз, Текес аймактарынан (Солтобай ырчынын «Текес менен коштошуу» деген муңдуу ыры жакшы белгилүү) акырындап ажырап калгандайбыз.

(Ал жерлер кийин Бугу кыргыздары оруска кошулганда Кытай тарапка өтүп кеткен). Бирок, бабаларыбыз Ысык-Көлдү, Теңир-Тоо аймагын колдон чыгарышпаптыр. Элчилер кайтып келгенден кийин кыргыздар Цин империясынын кийинки ишааратын күтүп отурбай эле көчүп барышып, кончу жерине конуп, жайгашчу жерине жайгашып алышыптыр. Баамыбызда Цин империясы кыргыздарды «чек арадан сырткары» букараларыбыз болосуңар деп кыр көрсөткөнү менен күч менен басып алууга ниети чаппагандай.

Анткени менен азоого чалма ыргыткандай, арканды узун таштап, керек болсо тартып «муунтуп» коёмун дегендей саясат жүргүзгөндөй. Муну «Чиң сулаласынын чыныгы иштер эстелиги» бөлүмүндөгү кыргыз бийлерине жөнөтүлгөн жарлык (447-бет) тастыктап тургансыйт: «…Силер казактарды туурап багынып келсеңер, мен мурдагы жериңерге жашаганга жол берем, кыр көрсөтүп, атак-даража ыйгарбайм, салык албайм, тек гана элчи жумшап, саламга келип, менден амандык сурап турсаңар, тартуулап турам. Же болбосо сырткы элдик жосунуңар боюнча Жуңгону чет эл деп карап, багынууга ырайыңар тартпаса, өз оюңарча болсун. Бирок урууларыңарды бекем тизгиндеп, чек аранын тынчтыгын сактап, чатак чыгарбагыла. Мен да аскер чыгарып бүлүк салбайм. Эгерде тынч жашабай, чек арадан өтүп мал багып, каалаганча уурулук кылып окуя чыгарсаңар, аскер чыгарып жазалаймын. Анда бушайманды айтарга жер таппай каласыңар».

Кантсе да өз тоосунун ой-кырында ээн-эркин жүрүп, чек ара дегениңди «чертип ойнобогон», керек учурда жылга-жыбыттан чыга калып, жылкы тийбей тура албаган кыргыздарга мындай жарлыктар жарытып деле таасир көрсөтө албаса керек. Китептин 730-бетиндеги маалыматта мындай деп жазылат:

«Давгуандын 19-жылы (1839-жыл) 2-ай, 319-ором. Аскерий кызмат вазирлерине жарлык: «Йи шан маалыматында кыргыздын кески уурулары кароолдон кирип жылкыга тийип жоокерлерден бир канчаны жаралап өлтүрдү дептир…100дөн ашуун жылкыны айдап кетиптир. Бул айткыдай эле чоң кылмыш» делет. Жарлык андан ары «бул ууруларды кармап, жазалоону Токсобай, Боронбай бийлерге тапшыргыла, бирок «алиги «каракчыларды» издеп алыска барбай эле койгула, башкаларды чочутуп аласыңар» маанисинде бүткөрүлгөн.

 

Ал топурак биздики эмес… алар биздин адамдар эмес

«Кытай жазмаларындагы кыргыздар» китебиндеги айрым маалыматтардан улам Цин империясы кыргыз элине күч колдонгонго караганда, акырындап «жубатуу» жолу менен таасирин арттырууну көздөгөндүгүн байкай алабыз. Мындай маалыматтар «миң өлчөп, бир кескен» аярлыкты туйгузуп тургансыйт. Мисалга, ал кездеги кытай бийлигинин Илеге коюлган сангуну Йү лин Бээжинге: «…20 миң мыкты куралданган аскер жөнөтсөңөр Иледен кирип Таштанбектин колун талкалап, Чүй, Таласты басып түндүк кыргыздарды толук багынтып, андан ары Коконго чабуул коюуга болот» (696-бет)» деген сунушун билдирген экен. Буга Кытай императорунун берген жообунан үзүндү келтире кетейин.

Давгуандын 10-жылы (1830-жыл) 9-ай, 174-ором

«…Бул пилан мурунтан эле оюма бүктөлгөн. Көптөн бери ой жүгүрттүм. Эгерде силердин айтканыңар боюнча кылсак, бул жүрөккө жагатурган пилан болмок. Бирок айткалы болот, кылгалы болбойт. Ойлоп көргүлө, чек аранын сыртындагы топурак биздики эмес, ал жердегилер биздин адамдар эмес. Ар кайсы кыргыз аймандарын мол тартуулар менен уландуу жубатуу зарыл».

Тарых көрсөткөндөй Цин империясынын мындай ниетин сезген ата-бабаларыбыздын орус бийлигинен көлөкө издеген иш-аракетинин төркүн-төсү дал ушунда жаткансыйт.

 

Мамбеттин энеси 106 жашка чыгыптыр…

Аталган китепти «оодарган» сайын кыргыз элинин турмушуна байланышкан ойго келбеген маалыматтарга туш болосуң. Кытай бийлиги ар түрдүү булактардан кыргыздардын кимиси бий?.. кимиси букара?.. кимиси канча жашка чыкты?.. дегендей дайын-даректүү маалыматтарды алып турушкан. Ушуга байланыштуу дагы бир мисал: Чыяңлундун 53-жылы (1788-жыл) 7-ай, 1309-ором

Жарлык: «…Кыргыз бийи Мамбеттин энеси быйыл 106 жашка кирсе да, али тың экен. Кудайдын шарапатына ыраазычылык билдирип, ага ак дилден каалообузду жеткирип кой деп айттык. Ага кайрымдуулук көрсөтүп, 2 тай торко, 6 парча суусар терисин шаң бергиле…сый сыпат көргөзгүлө…бул деле ийги иш. Менин жашы улуу кишини сыйлаарымды, өз жана өзгө деп айырмалоо оюмдун жок экенин билдиргиле».

 

Осмондун энеси каза болуптур…

Ушуга үндөшкөн, Бээжинде жатып алып, Ала-Тоодогу кыргыздын кемпири өтсө кейиген Цин падышасынын дагы бир жарлыгынан: Чиянлуңдун 49-жылы (1784-жылы) 6-ай, 1208-ором. «Бав чың маалымдоосунда, Осмондун энеси оору байланышы менен көз жумду дептир. Осмон менин жакшылыктарыман абдан ыраазы болуп, көп иштерди бүтүн күчү менен аткарды. Анын энесинин кайтыш болгондугун угуп катуу кайгырдым. Вазир Да фу барып аза билдирсин. Ошол жердеги казынадан 10 тай кездеме тартуулап, менин көңүлүмдү билдирсин».

 

Ашыкча курал сатып алышпасын

Ошондой эле Цин империясы кыргыздардын «кайда барып, эмне тирлик кылып, эмне сатып алып жатканынан» өйдө көз салып турганы тарых үчүн кызыктуу жагдай.Чиянлуңдун 27-жылы (1762-жыл) 9-ай, 670-ором

Кашкардын аткаруу санаты Юң гуйдун жолдомосу: «Кыргыздар уйгур шаарларынан курал-жарак сатып алышкан. Ар кайсы акимдерди кароолканаларда алардын санын дептерге тизимдетүү керек. Эгер жашырын соода кылгандар жана артыкча курал сатып алгандар болсо аларды алып калсак. Кабардар болгула». Сыягы кыргыздардын ашыкча курал сатып алышынан чочулоо болгон окшобойбу?!

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Жаңы Агым”, 21.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.