АКШда өнөрпоздор акысыз окуй алат

Сүрөтчү, ырчы, айкелчи, музыканттар деги эле көркөм өнөр ээлери үчүн дүйнөнүн ар кыл бурчунда акысыз билим алып, көкүрөктөгү мүдөөсүн, ойлогон долбоорун ишке ашыруу үчүн каражат алчу булактар менен окуу жайлар арбын.

Өнөрпоздор үчүн Америка Кошмо Штаттарында эле ондогон программалар бар. Аларга өтүү үчүн эмне кылуу керек? Кандай талаптар коюлган?

Түркиянын Билим берүү министрлиги ырчы, сүрөтчү жана искусство изилдөөчүлөр үчүн «Мевлана» аттуу программаны сунуштады. Ага катышуу укугуна ээ болгондор Түркиядагы атактуу университеттерде илим изилдөө жана өнөрүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө акысыз ээ болот. Ал эми АКШда бул сыяктуу программалар абдан көп. Бул ирет алардын айрымдарына токтолобуз.

 

АКШнын улуттук архивин “казгың” келеби?

Вашингтондогу АКШ Конгрессинин китепканасы маданий мурастарды, искусствонун баалуу эмгектерин электрондук эсепке киргизүүгө багытталган Жон Клюг атындагы стипендияны жарыялады. Бул стипендияга татыктуу деп табылгандар дүйнөлүк жана өз элинин маданий мурастарын АКШнын улуттук архивине киргизе алат. Ошол архивде сакталган бардык булактарды окуганга мүмкүнчүлүк ачылат.

Конгресс китепканасы ар бир изилдөөчүгө ай сайын 4 миң 200 доллар стипендия төлөйт. Катышуу үчүн англис тилиндеги анкета толтуруп, эки беттик өмүр баян жана эмнеге китепканада иликтөө жүргүзөм деген суроого жооп берген үч беттен ашпаган жүйө кат жазуу керек. Андан тышкары үч кишиден мүнөздөмө жана изилдөө долбоору да тиркелет. Жылына бул стипендияга кабыл алуу 6-декабрга чейин жүрөт. Дүйнө жүзүнөн үч гана киши кабыл алынат. Виза жана учак билеттерине кеткен чыгым Конгресстин китепканасы тарабынан төлөнөт.

Долбоор учурунда стипендиант АКШда жашаган батир акысын өзү чыгарышы керек. Erasmus Mundus программасы менен Португалия, Финляндия жана АКШга бир нече ирет көркөм өнөр тармагындагы стипендияларды утуп, окуп жана иштеп келген Түркиянын Спарта шаарындагы Сулейман Демиерл университетинин искусство илими боюнча доктору Юсуф Кеш чет элде окугусу келген өнөр ээлерине мындай кеңеш берди:

– Биринчи кезекте искусство тармагында Европа же Батыш өлкөлөрүндө билим алгысы келген студенттер сөзсүз түрдө ошол бара турган өлкөсүнүн тилин билүүсү шарт. Маселен, французча же немисче билсе жакшы. Андан тышкары Батыш өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгы англис тилинде сүйлөгөндүктөн, сабактардын баары англисче болот. Өнөр ээлери тилди мыкты деңгээлде билсе, стипендия утуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору. TOEFL сынагын тапшырса да болот. Андан тышкары эл аралык стандарттагы англис тили боюнча сынактардын сертификаттары да жарайт. Программалар ар түрдүү. Маселен Erasmus Mundus менен үч айдан бир жылга чейин стипендия утса болот. Долбоорлор англис тилинде жазылышы керек.

 

АКШдагы мүмкүнчүлүктѳр

Америка Кошмо Штаттарынын Фулбрайт программасы да искусство ишмерлери үчүн быйылкы кабыл алуусун баштады. Документтер 15-июлга чейин кабыл алынат. Ошондой эле Нью-Йорктогу Art Omi сүрөтчүлөр резиденциясы айкелчилер жана бардык багытта сүрөт тарткан өнөрпоздорду төрт апталык программасына чакырат. АКШга бир да жолу барбаган өнөрпоздор, аял жана майып сүрөтчүлөргө артыкчылык берилет. Кесиптик билими жок, жөн гана сүрөт менен айкелди өзү тартып жүргөн адамдар да катышса болот. Бирок жол киреге кеткен чыгымды катышуучу өзү көтөрөт. Нью-Йоркко баргандагы өнөркана Art Omi тарабынан берилет. Кошумча маалыматты www.artomi.org сайтынан таба аласыздар.

Искусство, адабият тармагындагы ArtLinks бейөкмөт уюму дүйнөдөгү бардык сүрөтчүлөр үчүн Global Art Lab аттуу беш апталык стипендия жарыялады. 15-октябрга чейин визуалдык көркөм өнөр тармагындагы студенттер, кесипкөй адистер жана изилдөөчүлөр документтерин тапшыра алат. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан бул уюм 1993-жылдан бери дүйнөнүн 36 өлкөсүнүн 511 атуулуна стипендиялык орун берген. Жалпысынан акысыз өнөрканада таалим алууга 2,8 миллион доллар каражат жумшаган. Global Art Lab аттуу программа менен Кыргызстандан ондогон өнөрпоздор Нью-Йоркко барган. Алардын катарында сүрөтчү Бермет Бөрүбаева, музыкант Камбар Календаров, Кутманалы Султанбеков баш болгон 10 чакты киши бар экенин аталган уюмдун веб-сайты жазат. Кошумча маалыматты жана стипендияга тапшыруу жолдорун wwww.cecartslink.org сайтынан таба аласыз.

 

Германия да билим эшигин ачат

Искусство жаатындагы дагы бир кызыктуу стипендияны Германия да сунуштайт. Мамлекеттик DAAD стипендиясы боюнча магистрлик жана докторлук илимий ишти жактоо үчүн 12 айдан 24 айга чейинки программа бар. Ага кабыл алуу жылына 1-октябрда башталат. Дизайн, сүрөт өнөрү жана кино тартуу багыттарында билимин тереңдеткиси келген атуулдарыбыз буга катышуу мүмкүнчүлүгүн алгандарга ай сайын 750 евро стипендия алып, жол кире, саламаттыкты камсыздандыруусу жана жатаканасы Германиянын өкмөтү тарабынан каржыланат. Кошумча маалыматты жана тапшыруу жолдорун www.daad.de веб-сайтынан англисче жана немис тилинде таба аласыздар.

Бактыгүл Чыныбаева, “Азаттык”, 18.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.