Чет өлкөдө кыргыз адабий тили барбы?

Интернет булактарынан алынган айрым ишенимдүү маалыматтарга таянсак, Ала-Тоо аймагын мекендеген 3,5 миллиондон ашуун кыргыз боордошторунан объективдүү, субъективдүү себептерден улам бөлүнүп калып, ушул күндө алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө туруктуу жашап жатышкан кыргыздардын саны 1,5 миллиондон ашуун. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгонго чейин кыргыз коомчулугу чет өлкөлүк кыргыздар тууралуу толук маалыматка ээ боло алышкан эмес. 1992-жылы август айында Бишкек шаарында Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайы өтүп, ага Кытайда, Өзбекстанда, Россияда, Түркияда, Афганистанда, Тажикстанда, Европа өлкөлөрүндө, Америкада, Австралияда жашаган кыргыздардын өкүлдөрү келишкенден кийин гана жалпыга маалымдоо каражаттарында чет өлкөлүк кыргыздар жөнүндө ары кызыктуу, ары кеңири сөз боло баштады. Алардын айрымдары 1920-жылга чейин түрдүү тарыхый себептерге байланыштуу чет жактарга кетип, орун-очок алып калышкан болсо, кээ бирлери Кеңеш бийлиги орноп, колунда барлар менен улутчул адамдарды куугунтуктоо башталган учурда Кыргызстандан көчүп кетишкен.

СССР убагында чет өлкөлүк кыргыздар тургай, ала-тоолук кыргыздардын чыныгы тарыхы, маданияты, тили жана адабияты тууралуу ээн-эркин сөз кылуу партиялык жазалоолор менен коштолсо, демократиялык жана жарандык коом куруу кыялы акыл-оюбуздан орун алгандан тарта чет өлкөлүк кыргыздар тууралуу сөз кылуу модага айланды. Алыскы-жакынкы аймактарда тиричилигин тың өткөрүп (албетте, бардыгы эле андай эместир), ала-тоолук бир боорлоруна караан болуп жүрүшкөн кыргыздар тууралуу айтып, жазып, атайын иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн өзү – жакшы жышаана. Бирок ошол жазылган, иликтенген эмгектерде камтылган маалыматтар такпы, маселенин өзөгү мына ушунда. Анткени чет өлкөлүк кыргыздар тууралуу иликтөөлөрдүн айрымдарында бири-бирине карама-каршы фактылар кездеше калып жүрөт. Мисалы, вандык кыргыздардын Түркияга кандайча барып калгандыгына байланыштуу кайчы пикирлер азыркыга чейин талаш туудуруп келет. Америкалык окумуштуу, Индиана университетинин профессору, Ортоңку жана Чыгыш Азия илимдеринин жана антропология илимдеринин доктору М. Назиф Шакрани мырза берген маалыматка кыргыз окумуштууларынын көз караштары дал келбейт. Бул окумуштуу 14 жашында Афганистанда жашап, Рахманкул ханды бир канча ирет көргөн жана 1989-жылы Англияда жарыяланган афганистандык кыргыздардын Пакистан жана Түркия жергесине көчүп баргандыгы тууралуу кинотасманы түзүп, вандык кыргыздар тууралуу эң алгачкы маалыматты бергендердин бири болуп саналат. Окумуштуунун айтуусу боюнча, Рахманкул хан 12 жашында атасын ээрчип Афганистанга көчүп барган. Ал эми кыргыз окумуштууларынын пикири боюнча, Рахманкул хан большевиктерден качып, элин баштап Афганистан тарапка ооп кеткен.

Чет өлкөлүк кыргыздарды ар тараптуу изилдөөнүн эң маанилүү маселелеринин бири алардын тилдик өзгөчөлүктөрүн иликтөө болуп эсептелет. Буга чейин чет өлкөдөгү кыргыздардын тарыхына карата гана кызыгуу күч алып, тилдик өзгөчөлүктөрүн иликтөө жагы көмүскөдө калып келген. Кытайлык, тажикстандык, афганистандык, пакистандык, түркиялык ж. б. кыргыздардын тили бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу иликтөөгө алына электиги буга айкын күбө. Түркиялык кыргыздардын тилдик өзгөчөлүгү тууралуу маалыматты профессор Сулайман Кайыповдун эмгегинен гана кезиктиребиз. Белгилүү окумуштуу вандык кыргыздардан жазып алган оозеки чыгармаларды жөн гана кагазга түшүрүп койбостон, транскрипция менен жазгандыктан, мындан тилдик өзгөчөлүктөрдү байкоого болот (Кайыпов С., Жылга бергис жарым күн. Шам басмасы: – Бишкек, 2006).

Чет өлкөдөгү кыргыздардын маданиятын, тарыхын, улуттук каада-салтын изилдөөдө эң алгач алардын тилине көңүл буруу зарыл. Анткени тил аларды ар тараптан изилдөөнүн өзөгү болуп берет. Эң эле таң калыштуусу – чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын тилинде кыргыз тилинин байыркы элементтери сакталып калгандыгында. Демек, алардын тилдик өзгөчөлүктөрүн иликтөө менен кыргыз элинин тарыхына, маданиятына, тилине байланыштуу өтө бай материалдарды таап чыгууга болот.

Макаланын мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, бул сапар чет өлкөдө жашаган кыргыздардын ичинен кытайлык кыргыздардын тилдик өзгөчөлүктөрүнө үстүртөн гана токтолмокчубуз. Кытайлык кыргыздар тууралуу сөз болгондо, алардын тилдик өзгөчөлүгү жөнүндө айрым тилчи-окумуштуулар эле билишпесе, тилчибиз дегендердин көпчүлүгү “кытайлык кыргыздардын ал жакка кайсы жылдары барып калышкандыгын жана алардын тили кандай өзгөчөлүктөргө ээ экендигин” билишпейт. Ошондуктан бул тууралуу азыраак маалымат бере кетүүнү эп көрүп отурабыз. Кытайлык кыргыздар Кытайдын Кызылсуу кыргыз автономиялык областынын аймагында тээ байыртан бери эле жашап келишет. 1916-жылкы Үркүндө 332 миңден ашуун кыргыз Кытайга качып барышканы менен, алардын 300 миңи Ала-Тоого кайтып келишкен. Ал жакта калган 32 миң кыргыздын канчасы кырылып, канчасы биротоло жашап калгандыгын азыркыга чейин так билген жан жок. Бул – кытайлык кыргыздар байыркы замандардан бери эле ата-бабалары мекендеп келишкен аймактарда өз жашоолорун улантууда дегендик. Анткени XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башы кыргыз элинин тарыхында өзгөчө бурулуш мезгил болгону баарына маалым. Бул өткөөл мезгилде, биринчиден, өз ара араздашып, алакандай аймакка батыша албай турган кыргыз хандыктары ыдырай баштаган болсо, экинчиден, 1984-жылкы экинчи жолку келишимде байыртан мекендеп келишкен кыргыз жери дагы, кыргыз эли дагы эки чоң империянын, атап айтканда, Акчий, Улуучат, Актоо, Артыш, Текес, Лоп, Иртыш сыяктуу байыртан кыргыздар конуштап келишкен аймактар Цин империясынын энчисине, ал эми азыркы Кыргыз Республикасынын аймагы Россия империясынын энчисине бөлүнгөн. Эки империянын чек арасына өтө катуу текшерүү коюлгандыктан, бир эле тоонун ары жагындагы кыргыздар менен бери жагындагы кыргыздар бири-биринен кабарсыз кала беришкен. Дал ушул тарыхый процесс XX кылымдын башында кыргыз тилинин эки бутакка бөлүнүшүнө себеп болгон. Бирок ошого карабастан, кытайлык боордоштор өзгө жерде өздөрүнүн улуттук тилин, маданиятын, каада-салтын жоготпой сактап, атүгүл, өнүктүрүп келишкен.

Алардын эң эле маанилүү өзгөчөлүктөрү көп улуттуу аймакта өздөрүнүн улуттук жазма тилин сактап калышкандыгында. Анткени тил – улуттун күзгүсү. Тилде ошол тилде сүйлөгөн улуттун бардык өзгөчөлүктөрү, тактап айтканда, маданияты, улуттун аң-сезими, менталитети сакталат. Тилин унуткан эл өзүнүн улуттук бүт баалуулуктарынан ажырай тургандыгында шек жок. Буга мисал катарында Түркиядагы, Афганистандагы, Тажикстандагы ж. б. аймактардагы кыргыздардын жазуу тили болбогондуктан, өздөрүнүн улуттук кимдигин жоготуп алуу коркунучунда тургандыгын көрсөтүүгө болот. Оозеки тил өтө тездик менен өзгөрүүгө учурайт. Ал эми жазуу тил дайыма өзүнүн туруктуулугун сактап турат.

Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө жүз миңдеген кыргыздар жашашат. Бирок кыргыз тили адабий тил катарында эки эле өлкөдө колдонулат. Алардын бири – Кыргыз Республикасындагы кыргыз адабий тили жана Кытайдын Кызылсуу кыргыз автономиялык областындагы кыргыздар колдонгон кытайлык кыргыздардын адабий тили.

Кытайлык кыргыздарды ар тараптан терең изилдегендер – ошол эле кытайлык кыргыз окумуштуулары. Атап айтканда, белгилүү тарыхчы, адабиятчы Анвар Байтур, Макелек Өмүрбай уулу, Аббас Дуулат, Осмон Орозбеков, Абдыкадыр Токторов, Мухаммед Хужинхуа, Норуз Үсөналы, Мамбетасан Эрги, Камет Төкөн, Жумак Кадыр, Жеңилбес Калил, Аскар Жумалы, Кожомбай Матили, Ысырайыл Акмат, Турдаалы Көчкөн, Дилшат Мамбет, Токтонур Аамат, Адил Максут, Тургун Аралы, Ташкен Абдырай, Жолдош Токо, Жумакадыр Жакып, Турган Өмүр, Сайыпбек Аалы, Мамбетказы Турдумамбет, Жумабай, Өрүгүл, Амантур Абдырасул, Мамбетосмон Айтбай, Жылдыз Амантур, Бакыт Аманбек, Ысак Эдилбай, Гапар Токоев ж. б.

“Кытайлык кыргыздардын тилин адабий тил деп атоого болобу?” деген суроо бүгүнкү күндө кыргыз окумуштуулары арасында талаш-тартышты туудуруп келет. Биздин илимий иликтөөбүздүн негизги милдети түркология илиминдеги дал ушул маселени чечүүгө арналды. Чынын айтканда, адабий тилге бүгүнкү күнгө чейин ар кандай аныктама берилип келүүдө. Бир тил адабий тил боло алуусу үчүн кандай эрежелерге, кандай принциптерге жооп бериши керек? Көпчүлүк кабыл алган аныктама болсо, “адабий тил – улуттук тилдин өркүндөтүлгөн эң жогорку формасы болуп, анын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири нормативдүүлүк касиети. Башкача айтканда, сөздөрдүн айтылышы, жазылышы, диалектилик же оозеки кепке мүнөздүү болгон сөздөрдү, грамматикалык формаларды ылгап колдонуу жагынан адабий тилдин системалуу түрдө калыптанган бирдиктүү формалары болууга тийиш” (Абдулдаев Э., Азыркы кыргыз тили. – Бишкек, 1998).

Кытайлык кыргыздардын адабий тилин адабий тил деп атоого болбойт деген көз караштардын бир эле негизи бар. Ал – “кытайлык кыргыздардын тили – Кыргызстандагы кыргыз адабий тилинин нормаларына, орфографиялык эрежелерине туура келбейт” деген пикир. Албетте, бул пикирдин тууралыгында талаш жок. Бирок ошол эле учурда кытайлык кыргыздардын адабий тилинин өзүнүн тилдик ченемдери, жазуу эрежелери бар экендигин эсепке албай коюуга болбойт. Кытайлык кыргыздардын тилин, азыркы кыргыз тилинен сырткары, өз алдынча адабий тил катарында калыптанган, өзүнүн тилдик ченемдери, принциптери, жазуу эрежелери бар адабий тил катарында кароо керек. Мисалы, дүйнөлүк тилдердин катарына кирген англис тили адабий тил катарында эки жакта, Америкада жана Европадагы айрым мамлекеттерде, өнүккөн. Европадагы англис тили менен Америкадагы англис тилинин бири-бирине дал келбеген өтө көп айырмачылыктары бар. Бирок ошого карабастан, америкалыктардын англис тили, европалыктардын англис тили деген түшүнүктөр колдонулуп келет.

Кытайлык кыргыздардын адабий тилин адабий тил деп атоого боло тургандыгын жана анын адабий тил катарында калыптануу баскычтарына “Кытайлык кыргыздардын адабий тилинин жаралышы” деген макалабызда кеңири токтолмокчубуз. Ошондой эле бул түйүндүү маселени чечүүдө эки тараптуу окумуштуулардын көз караштары, жадагалса, аша чаап айтылган сын пикирлерге чейин кулак төшөп, илимий факты-далилдерге таянууга аракеттендик.

Мындан сырткары, кытайлык кыргыздардын адабий тилинин графикасындагы, орфографиясындагы өзгөчөлүктөр да иликтөөгө алынды. Иликтөөбүздө кытайлык кыргыз окумуштууларынын илимий, адабий, публицистикалык макалалары, эмгектери негизги иликтөө материалы катары пайдаланылды.

Сейитбек Идирисов, «Шоокум» журналы, 30.03.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.