Сүйүнбай Эралиев. Өмүр баяны

Поэзия дүйнөсүнө салмактуу салымын кошкон Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айлында жарыкка келген.

Апасы Разия башкага эмес, өз балдарына өйдө карабаган мүнөзү жумшак, алпейим киши эле. Атасы Эралы дагы ошондой эле жөнөкөй колхозчу, бирин-эки жылкысы, уй, кою бар, өз оокатына камкор болчу. Негизги кесиби – саяпкерлик эле. Күлүк таптап, чоң мелдештерге байгеге чыгарып, ошол чөлкөмдө бир топ кадыр-барктуу эле.

Сүйүнбай Эралиев чыгармачылык ишин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында баштаган. Согушта жарадар болуп, 1944-жылы армиядан кайтып келгенден кийин ал “Сталиндик жеңиш”, Талас облустук “Лениндик туу” гезиттеринде иштеп жүрүп, ыр жазуусун улантат да, 1949-жылы “Биринчи жаңырык”, 1950-жылы “Тууган жер” аттуу жыйнактарын жарыкка чыгарат. 1944–1951-жылдары Талас облустук “Лениндик туу” гезитинин жооптуу катчысы, “Кыргызстан пионери” гезитинин жооптуу редактору, 1959–1965-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы, 1965–1967-жылдары Москвадагы Жогорку адабияттык курстарда угуучу, 1967–1984-ж.ж. Жазуучулар союзунун башкармалыгынын адабий кеңешчиси, 1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун кыргыз акындарынын ассоциациясынын президенти болгон.

Ырлары 1939-жылдан баштап жарыялана баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы “Биринчи жаңырык” деген ат менен 1949-жылы жарык көргөн.

Сүйүнбай Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган “Жылдыздарга саякат” поэмасында чеберчилик менен пайдаланган.

Акын Уитмендин, Тагордун, Турсун-Заденин, Твардовскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ошондой эле өзүнүн чыгармалары көп тилдерге которулуп, “Жылдыздарга саякат” поэмасы 1967-жылы Югославияда басылып чыккан.

60-жылдардан кийин бир катар лирикалык, публицистикалык поэмаларды жазды. Алардын ичинен “Жылдыздарга саякат”, “Атам, жерим жана мен”, “Жол”, “Космос поэмасы”, “Ак жыттар”, “Кыргыз жаны”, “Кесир инсан” поэмалары мазмуну жана формасы жагынан мыкты жазылган. Ал эми “Ысык-Көлдө эмне бар? ” деген ыры 1974-жылы жазылган. Автор анда Ысык-Көлдө эмне бар деген суроону коёт да, анан өзү жооп бере баштайт. Күн, суу, кум, ак куу бар экендигин эскертип келип, анан ошол ак кууларга окшоп алыстан учуп келип сулуулардын сууга түшүп, кумга жатканына окурмандын көңүлүн бурат. 1959-жылы жарык көргөн “Ак Мөөр” поэмасынын баалуулугу – элдик оозеки чыгармачылыкка кайрылып, аны кайрадан асылдык катары окурмандарга жеткирүүдө жаңыча мамиле кылгандыгында, көркөм сөз каражаттарын колдонууда, терең психология менен курч драматизмде, философиялык ой жүгүртүүлөрдө, лирикалык чегинүүлөрдө, эпикалык параллелизмде, табиятты көркөм сүрөттөөлөрдө Ак Мөөрдүн татаал тагдыры аркылуу кыргыз элинин бүтүндөй бир доорун, патриархалдык-феодалдык, социалдык ички карама-каршылыктарын, өнүгүш тенденцияларын, салт-санаасын, аң-сезимин ачып бергендигинде. Бул өз убагында кыргыз поэзиясындагы чоң окуя болгон. Бул поэманын чыгышы Эралиевдин нагыз акындык жүзүн көрсөтүп, кыргыз поэзиясына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан. Поэманын ритмикасы, поэтикалык ыкмалары, уйкаш системасы жана башкалар жаңылык тартуулап, бүтүндөй кыргыз акындарын өзүнө тарткан. Андан кийин “Түнкү сыр” (1960), “Уяң жылдыздар” (1962), “Поэма о любви” (1962), “Күндөр” (1964), “Жайында” (1966), “Жылдыздарга саякат” (1966), “Упрямая красавица” (1966), “Өмүрлөргө саякат” (1967), “Жол” (1969), “Сан тоолор” (1971), “Каркыралар” (1972), “Кыргыз жаны” (1974), “Айыл ырлары” (1976), “Тандалмалар” (1978, 1981, 1983, 1991), “Биздин суулар” (1980), “Избранное” (1981), “Кыштак кечтери” (1985), “Кызгылт багымдат” (1987), “Дүйнө” (1991) сыяктуу бир топ чыгармалары жарыкка чыккан. Эралиев кыргыз адабиятындагы мурдагы көлөмдүү поэзиялык чыгармалардын көбүнө мүнөздүү карандай баяндоо, турмуш көрүнүштөрүн натуралистче тизмектей берүү, жадатма прозаизм, дидактизм жана схематизм сыяктуу терс белгилерден кол үзүп, окуянын динамикалуу өнүгүшүнө, баяндоонун экспрессиялуулугуна, ыр саптарынын мукамдуу жана картиналуу болушуна жетишкен. Ошондой эле өзүн чоң табият сүрөтчүсү пейзажист катары да көрсөтө алган. Эралиев салттуу поэзияны аземине келтирип чегелей билген, эркин ырдын поэтикалык ойго, анын мазмунуна кыт куйгандай төп келип, чырайына чыгарып турган формасын тапкан. Аны кыргыз ырынын табиятына кынаптап кыйыштырган. Көркөм ыкмалардын, поэтикалык жалпылоолордун бийик деңгээлине батылдык менен көтөрүлүп чыккан.

Жерди сүйүү, аны менен киндиктеш сыяктуу ажыралгыс сезимде жүрүү, ошону ойлоп, ошол сезим менен жашоо идеясы акындын айыл жөнүндөгү ырларынын негизги мазмунун түзгөн. Ал эми “Менде сүйүү көп болду” ырында:

Менде сүйүү көп болду,
Баары эскирип түгөндү.
Кемиткеним жок жалгыз,
Жерди гана сүйгөндү, —
деп жерге болгон сүйүүсүн даңазаласа, “Мен — тоолордун уулумун” ырында мындай дейт:

Калети жок мага койгон доолордун:
Мен уулумун көк мелжиген тоолордун.
Моюнга алам, бир ыптамда тоо турса,
Анда менин дүйнөм толук болорун.

Азыркы кездеги айыл турмушунда болгон өзгөрүүлөр, жаратылыштын ажайып көрүнүштөрү, айыл адамдарынын жаңырган ой-пикирлери, кулк-мүнөздөрү акындын ырларында даана чагылдырылып, көбүнчө лирикалык каармандын ой-толгоолору аркылуу берилет. Айылдык кыз-келиндердин, жигиттердин сүйүү мамилелерин билдирмек болгондо, автор кээде фольклордук традицияны ыктуу колдонуп, айыл жаштарына ылайык аларга элпек, музыкалуу поэзияны тартуулайт.

Бардык жан-жаныбарлар дүйнөсүндө энедей камкор, мээнеткеч, мээримдүү жан жок. Канаттуу куштар балдарына капкайдан жем ташып келип багып чоңойтот. Ал эми адам баласы тогуз ай эненин курсагында, андан кийин ак сүтүн эмип чоңоюп, өмүр бою анын көзөмөлүндө, камкордугунда болот. Эне үчүн алтымыш жаштан ашкан урпагы деле бала бойдон тургандай сезилет. Эненин ушул турпатын, анын эң ыйык, улуу жана башка асыл сапаттарын даңазалап, байыртан бери эле акындар сөз чүйгүнүн ага арнап келет. Ошолордун бири катары акын Сүйүнбай Эралиев да энеге өзүнүн мыкты ырларын арнады. Анын “Эне” деген ырында мындай дейт:

Дүлөй болуп калса да үнүңдү угат,
Сокур болуп калса да сени көрөт.
Сен жок болсоң таптакыр калып куурап,
Сен келгенде алгансыйт кайра төрөп.

Күтсө болот энеден укмуш жорук:
Мүмкүн болсо сен үчүн турмак ооруп,
Ал гана эмес: “Муну кой, мени алгын” — деп,
Ажалга да бармак ал сени коруп.

Биз бүткөнбүз эненин боор этинен,
Бизге бөлүп берген ал жарты жанын.
Бирок кантип кутулуп мээнетинен,
Кантип актап келебиз карызын анын.

Чернобылдагы трагедия тууралуу сандаган эмгектер, макалалар, көркөм чыгармалар жаралды. Кыргыз поэзиясында бул окуяга байланыштуу Эралиев “Кесир инсан” поэмасын жазды. Поэма акындын 1989-жылы жарык көргөн “Дүйнө” деген ыр китебине киргизилген. Анда Чернобыль атом электростанциясындагы авариянын адамды кырып салуучу эбегейсиз күчүн жазган.

Акындын жалпы кыргыз тилинде 36, орус тилинде 20, башка тилдерде 4 китеби жарык көргөн.

Эралиевге “Күнгө эстелик”, “Жаркыраган ашуу” аттуу орусча ыр китептери үчүн 1981-жылы Александр Фадеев атындагы медалдын ыйгарылышы анын чыгармачылыгын бүткүл Союзга таанымал болушунун айкын далили болгон эле. 1948-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1974-жылы “Кыргыз Эл акыны”, 1986-жылы “Кыштак кечтери” аттуу китеби үчүн (1985-жылы басылып чыккан) Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган.

1998-жылы Казакстандын адабият жана өнөр тармагындагы Эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыгы ыйгарылган.

2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын “Алтын көпир” аттуу Эл аралык сыйлыгы берилген.

“Элдердин достугу” ордени; Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени; III жана I даражадагы Манас ордендери, Ардак грамоталар жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

2006-жылы “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген ардак наам берилген.

Sputnik Кыргызстан, 25.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.