“Куюн доор”

Белгилүү жаш акын-жазуучу Олжобай Шакирдин “Куюн доор” аталышындагы романы жакында жарык көрдү. Өзү Фейсбуктагы баракчасында билдиргендей, китептин үстүндө 2 жыл көшөрүп иштеген. Романда 19-20-кылымда ак падыша заманы менен большевиктик бийлик учурундагы кыргыздын жашоосу баяндалат.

Китепти алгысы келгендер 0700 532 585  номуруна чалыңыздар. “Китепти үйүңүзгө дейре жеткирип беришет”, деп билдирет автор.

Ылдыйда “Куюн доор” романынан үзүндүнү сунуштайбыз.

 

БАРЫМТА

Зынданда жаткан Каңдыбайдын ой чабыты, санаасы гана сабалап эркин болбосо, тулку бою туткунда. Көктө сызган куш менен көөдөндөн учкан ой-санаа эркин сабалайт… Ой-санаада канат болбогону менен, бирок ал канаттуу куштан да бийикке, алыска учат. Зынданда камалган адамдын ой-санаасын озуп, кайсы куш ылдам учмак? Кайсы куш ай-ааламды бир заматта чарк айланып келмек? Ой-санаадан буяма ылдам учкан куш бар бекен бу дүйнөдө? Болмогу кайдан. Кушту капаска түшүрсө болот, ой-санааны капаска камоого болобу? Болсо кана…

«Капаска көнгөн кушту бошотсо, кайра ал капасын сагынарын» эшиткен Каңдыбай, «Кулчулукка басынган пенде колу-бутундагы кишенден ажырагысы келбестигин» уккан Каңдыбай өзү минтип зынданга көнөбү акыры? Колу-бутундагы кишенге көнөбү? Көнбөстүн чарасын издейт күнүгө. Жону жалдуу жигит туткун болгусу жок. «Ата-бабамдын уркунда кул болгон эмес» – дейт көкүрөгүндөгү ариет.

Жыл ашуун колунда кишен, бутунда кишен. Санаасы менен кусасы – ата-энесинде, катын-баласында, азаттыкта, азоо турмушта.

«Башымды кунга сайып, алаарың не?» Мыскылдуу жылмаят Каңдыбай зынданда. «Же кул кылып сатам дейсиңби?» Жооп ордуна Сабитке тиш кычырайт. «Шашпа!.. – дейт эркиндикти самаган көөдөн бугу, – шашпа, зулум!» Колунда шылдыраган чынжырда көзү… «Аз күн калды эсебиңе! Бутум бошонсун…»

Жан-жагына кулак түрөт. Зынданды кайтарган нооча бойлуу дөлөңгүт тараптан шек-шоорат туюлбаса, темирге темирди жышыйт. Жалгыз эрмеги ушул. Күнү да, түнү да: «Кырк-кырк-кырк…шырк-шырк-шырк…» Бутундагы жышылган чынжырды күнүгө көз болжоого алат. Түндөсү айдын жарыгында шыкаалайт темирдин өгөөлөнгөн энин. Жырыларына аз калды анысы. А колундагы темир чынжырдын кишен деген эле аты бар. Колу эбак бошонгон. Өзүнөн башка киши билбейт аны, жан киши туйган жок. Коога салар күнгө аз калды. «Эсиңди эки кылбасам элеби?!» дегени ошол Сабитти.

«Капканга түшкөн карышкыр өз бутун өзү чайнап туткундан бошонот экен. Мен ошол бөрү баласынча жокмунбу?» – дейт дамамат. «Темирди темир жыртат» – дейт өзүнө кайрат берип. «Тамчы ташты көзөйт» – дейт аң-акылы. Кызыл ашыгынан кан сызылып, сөөгүнө дейре сыздаткан чынжырдын толгоосу оорутканына карабай эки бутун чиренип керет ансайын. Антпеске чарасы жок. Бош чынжырдан үн чыгат шылдырап. Кишенди шылдыратпас үчүн эки бутту катуу чиренип, колундагы кишен менен бутундагы кишенди өгөйт. Темир менен темирди кыят күнүгө. Өзүн өзү сөөктөн суу чыккыдай кыйнаган азап бул. Тулку боюнан кара тер куюлганча эки бутун болушунча чиренип, тиштенип атып өгөйт. Эки кулагы сакчыда, бирок акыркы күндөрү аны көрө элек. «Кайда анысы? Же митайым Сабит мени алыстан шыкаалатып койдубу сынамакка?» деген ойдон сактанган туткун шоорат тыңшап, кыраакы болуп бүттү.

Чынжыр өйүгөн бутундагы канжалаган жаратка улам сыз жердин топурагын оюп, канды байкаган киши болбосун үчүн кургак топуракты сызылган кандын үстүнөн жука себелейт. Кургак топурактын шору туздай ачыштырат жаратын, бирок буга чыдаса болот. Жан чыдайт буга. А зынданда кор тутулган жаны дагы канчага чыдамак? Тирүү жанга беденеден сөөккө дейре сыз өткөргөн зындандын жашоосуна чыдоого болобу? Кургак топурактын туздай ачыштырган кыйноосу кеп эмес ага. Кеп – кызарган кандын тагынан жан кишиге шек алдырбоо. Кызарган канды бирөө-жарым байкаган болсо, иштин бүткөнү. Мээнеттин баары, азаптын баары ойрон болор.

Куш уйку салат. Ойгонуп, короодогу малдын кепшегенине кулак түрөт. Ай туяктуу мал кишенебей, ача туяктуулар ныксыранып, тиштери кычырап кепшеп жаткан болсо, баары тынч экени маалым ага. Төөлөр жуушап жатса, демек, баары жым. Жети түндө бир гана Каңдыбай жалгыз абыгер. Колу талыганча, алакан оту ачышканча чынжырды өгөлөйт. «Шашылыш жок» – дейт күбүрөнүп… Колу жыртылып, жараты ырбады. Алакан оттон тамтык жок, туткун ага болбой темирге темирди сүрөт. «Кырк-кырк-кырк…шырк-шырк-шырк…»

Ары жок куш уйкусу кирпиктен тартат… Уйкусу жетелеп кетет.

Арыда кара казан боркулдап кайнап, бериде Сабиттин бейбаш баласы Токжан жүгүрүп ойноп жүрдү. Өзүнүн боюнан бийик өскөн чийлерди аралап, улам узуну-ун, узунун тандап үзалбай атты тырбалаңдап. Кудай жалгап узун чийлер үзүлбөдү. Болбосо кургак болчу чий. Аны тиктеп отурган Каңдыбайдын жаны жай ала түштү. Каңдыбайдын корккону – Токжандын колуна тийген узун кургак чий. Кургак чийдин учун кызарган чокко тутантып алган бейбаш баланын эрмеги – Каңдыбай күнүгө. Бала туткундагы колу-буту кишенделүү Каңдыбайдын денесине чок баскандын кыныгын алып алган. Кенедей бала чоң эле кишини учу кызарып күйгөн чий менен коркутканына корстон. Чоң эле кишини ипичке чийдин учу менен туйлатып, тыбырчылатканына маашырланат… Каткырат… Шылдыңдайт. Учу кызарган чий денесине тийип-тие электе ордунан секирген Каңдыбайды: «Менден жан сауға сұра» – дейт жашабагыр. Каңдыбай жансоога суранбай үңкүйгөнүнө ансайын жаны кашайып: «А-а!.. Жан сауға сұрағың келмесе міне, міне!» – деп, огоштонуп коломтодогу узун чыбыктын учуна чычаланы кыпчытып алып жакындатканычы. Узун чыбыкка кыпчытылган чычала от кээде чала-чарпыт тийип да кетет денеге. Каңдыбай ошондо да кишенден колу бошогонунун жигин билдирбейт.

Бала аны колундагы кызарган чоктун сүрү менен жалдыратып, жалбартып «жансоога» айттыра албай эси оойт күндө. Бири жансоога айттыра албай, бири жансоога суранбай, экөө бирдей өжөрлөнөт.

Узун чийлерди аралап кеткен Токжан бир убакта береги апасы соккон чийлердин жоондорун тандап, коломто жакка басканын көргөн Каңдыбай баланы колго түшүрүүгө камданды. Эки жакта жан киши көрүнбөйт. Чынжырдагы эки колу бош. Бала жакындап келди. Негедир зындан аңырайып ачык турат. Туткун тегерек-четке көз чаптырса, жан киши жок. Кара казанда боркулдап курут кайнап атат. Токжан адатындай чийдин учун үүлөп кызартты.

– Ал… енді жан сауға сұрайсың ба, жоқ па?!

– Ики… Жансоога, жансоога… – деген сөз оозунан чыгып кетти Каңдыбайдын. Баланы алдоо үчүн айтты муну. Азыр колго түшүрөт…

Муну уккан бала жакындай берген тушта Каңдыбай Токжанды шап шилиден алды. Экинчи колу менен баланы чычаңынан аткый кармап, боркулдап кайнаган кара казанды көздөй жулунду. Казандагы курут «бурк-бурк-бурк-бурк». Каңдыбай тыбырчылаган баланын башын буркулдап кайнаган курутка малды. Малганда да казандын түбүнө чейин ныгырды. Бейбаштын желкесинен мыжыга кармап алган экен каарданган туткун. Бала тыбырчылап, үн чыгарганга үлгүрбөдү.

Каңдыбай эч нерсе болбогондой кайра зындандын ичине келип отуруп калды. Бирок Токжан бир заматта пайда болуп, кыпкызыл чычала менен туткундун денесин куйкалаганын кайра баштады. «Ах-ак… ох-ох… Жансоога! Жансоога дедим го» деген Каңдыбай балага жалынды. Чок тийген денеси ысылап, онтой баштаган жерден чочуп ойгонду. Түшү экен…

Ойгонору менен буттарындагы чынжырдын толгоосунан кыйылып ачыштырган жараты ысып, сыздап ооруганы күчөдү. Алакан оту да чок кармап алгандай дүүлүгүп ысыганынан үүлөп-үүлөп тим болду. Азыр бутундагы кишенди өгөөлөй алаар эмес. Бүгүнчө жанын кыйнаган жок. Кайрадан куш уйку салганга аракет кылды, некин, денеси чок баскандай ысыган туткун көз ирмей албады. Отурду тирмейип…

Токжан башында Каңдыбайга жапакеч эле. Кээде колунда устаканы болобу, жаки курут, боорсогу болобу, жан кишиге көрсөтпөй туткундагы Каңдыбайга келип карматчу.

– Сені неге қамап қойған? – дечү баланын суроосуна эмне айтаарын билбей, сөздү башкага бурчу. Жооп ордуна Каңдыбайдын жомокторун эшитчү бала. Жомоктон башка да кызыктуу кептерди баяндап берген туткунга Токжан өзү да эртеден-кечке эрмек болчу мурда. Экөөнүн кобурашканы узун күндү кыскартканга жарачу.

Колу-буту кишенделүү бечараны аяган бала атасына барып жалдырачу кээде:

– Қаңдыбай аға жақсы кісі… Босатшы оны… – Баланын бул кебин Каңдыбайдын кулагы алыстан көп жолу эшитти.

Бала азыр кайдан антсин…

– Ех, ақылың болса осылай айтатын ба едің? Мұның туысқандары сенің бабаңды дәл осылай азаптаған, – деп зындандагы Каңдыбайды жулук аңдууга алган Сабиттин үнүн кулагы чалды бир күнү. – Бұған обал жоқ. Сені атаның баласы дейді. Атаның баласы қандай болуы керек?… Намысты болуы керек. Ата-бабаң үшін дұшпанға кешірім жасама онда. Каңдыбай саған дұшпан. Сенің оған жаның ашымасын…– деген Сабиттин үнүн эшиткен күндөн бери Токжан да Каңдыбайдын жомокторун укмак тургай, жалынып-жалбарган, эркелеткен кептерин уккусу жок.

– Сен менің дұшпанымсың! – дейт бала. – Сенің туысқандарың менің Бекеш бабама азап көрсеткен…

Тестиер баланын басташуусу ушинетип башталды. Басташуу сезими ойгонгондон бери ал Каңдыбайга чий учундагы чокту басып кек алганды – өз парзымды аткарып атам деп түшүнөт. «Сөйтсе, бабам Бекеш қырғыздардың қолында қорлық көрген екен да бір кезде. Қаңдыбай болса, қазақтың бас терісін киіп алған маңқа қырғыз екен ғой бір» – Атасы үйрөткөн баланын ою бул.

А Каңдыбай үчүн казак менен кыргыз чогуу көчүп, чогуу конгон эзелтен бир эл, бир журт. Өзүнүн киндик каны тамып, кири чайкалган жер – Иленин боюна жанашкан Күрөң-Бел эмеспи. Ага кыргыз да, казак да жат эмес.

«Кыргыз-казактын арасын ириткен Сабитке окшогон түркөйлөр болбосо, бул эки элдин ортодогу чатагы кайсы? Эки айылды эриктирбес, бир айылды бириктирбес Сабитке окшогондордун айынан бир атанын балдары ачакей бөлүнүп, эки эл болуп чыкты минтип. Эми да эртеңки күнү кыргыз менен казактын чабышып жатып калышына шынаа урган Сабит өңдүүлөр түбүнөн кимге душман?! Кимге тууган?! Шул итке окшогондордун сийдигинен тараган тукумдун айтканы бу болсо, биртууган эки элдин жолу бузулабы эртең да?! Айры жол менен кетеби эки эл?! Ата-бабанын ариет-намысын ойлосо, эртеңки эр жетер көчөт наристе – Токжандын пейил-куюн ууктурган сөздү үйрөтөбү арампөш Сабит?! О жүзүң кургур бейар! Ата-бабанын арбагы ургур! Ата-баба арбагына сендей эл бузар бадиректер душман!» – дейт казак менен кыргыздын айылы аралаш, кою короолош мезгилден бой керип, эр жеткен Каңдыбайдын ой-санаасы.

Канча күндү чубатты, канча опаасыз ойду чубатты туткундагы зыгыры кайнаган Каңдыбай? «Түбү бир элдин ортосуна жикти ким салды? Бир элди ким бөлдү экиге?! Бирине бирин ит арка душманга ким айлантты түпкү атасы бир элди?!» Жан эти желген туткундун жанын кыйнаган суроо бу… Күндөн күнгө бирин бири барымтага алып кун доолашканга жеткен казак-кыргыздан ырк кеткен заманды зынданда жатып сезген Каңдыбай өз тагдыры эмнеге чегерилерин болжой албай акылы айраң. Сабит аны акыры бир күн кул кылып сатабы алыска же кун доолап жатканыбы жакынкы кыргыздан?

«Кунумду күтүп жатабы? Жок… Кунумду күтсө башкача болмоктур… Биттин канын жалагыр Сабит менин соодамды табайын дегениби бу?.. Болбосо не… Болбосо не мынча тоюндурат мени? Дөлөңгүттөрү не мынча кайра-кайра тамакка шыкайт? Арык кулдун пулу берекесиз дегениби? Булар мени базар камын көрүп, семирте албай атышканыбы? А балким, жон терим калың болсун үчүн семиртели дешкениби?.. Семиздин териси бышык дешкениби? Теримди сыйрыганга кам көргөндөрү го бу? Жонуман бышык кайыш тилдиртмекке ушинетип атты бекен кеккор Сабит?» – деп жан бүлөп санааркайт кашына келген майлуу шорпону тиктеген туткун.

– Алдыңдағы тамағыңды қалдырмай же! – деген дөлөңгүт маңдайында зекип турду Каңдыбайды.

– Жедім ғой жаңа ғана.

– Қалғанын жеп тауыс.

Туткун ордунан козголбоду. Ал азыр дөлөңгүттүн как маңдайында чөгөлөп отурганы – «Ордуман козголсом, бутуман сызылган канды дөлөңгүттүн көзү чалып калат» дегени. Чөгөлөп отурбаска аргасы жок. Түнү ал бутундагы чынжырдан бошонгон. Туткундун азыр кызыл ашыгын кыйган чынжыр ордунан кылт этчү болсо шылдырайт. Тополоң-тоз башталып кетет анда эле! Айыл ичинде чуу көтөрүлөт! Сызылган кан токтой элек али. Чынжырды ал бүгүнкү үрүл таңга дейре акыркы мерте өгөөлөп жышып атып ишин бүтүргөн…

Жылуу сөз жыланды ийинге киргизерин билген Каңдыбай дөлөңгүткө жылымтык мамиле билдирди:

– Өркенің өссін, туысқан. Сенің қолыңнан берілген тамақты ішпей жүр ме едім. Ішемін… Маған у әкелсең де ішемін. Сорпа суын. Бір ұрттап тауысамын оны.

Дөлөңгүт үндөбөй артына бурулуп кетти…

Каңдыбайдын колу аяктагы шорпого шып сунулду. Ага азыр ысык шорпонун майы куп керек. Ысык шорпонун майын кан сызылган кызыл ашыгына шыбамагы калды. Жаратты ысык менен күйгүзбөстөн башка чара жок ага. Кан көп кетип калат антпесе. Мындайда каны сызылган жараттын көзүн кайырганга кийиз куурду ким карматмак ага?.. Каңдыбайга азыр оттун күлү табылса да жаман болбойт эле: жаратка жука жапканга. Колу кайдан жетмек ага?

Ысык шорпонун майы бутундагы жараны тызылдатып ачыштырганына карабай чымырканып шыбады. Бирде алайып айланага көз чаптырат, бирде тыз-тыз ооруган бутунун жараатына тиктеп, ичинен онтоп тиштенет. Ага эми бир гана сактык керек. Колу да, буту да кишенден бошонду. Качаар күндүн мөртү келелек. Жасанадан кутулар кезге аз калды!

Туткундун кулагы арбир шырп эткен дабышта, көзү арбир кылт эткен кыймылда. Күнү да, түнү да айланага кулак түргөнү майнапсыз кетпеди: айыл аралаган кептерден улам өзүнүн кача турган күнүн болжоп койгон. Чоң аш, чоң той болор күн эртең. Күнү кечээ күлүккө чабылаар аттар суутулду. Аш-тойго камынгандардын бүйүрүн кызыткан ал окуя – коңшу айылда былтыр токсон бешке чыгып көзү жумулган эл мыктыларынын биринин жылдык ашы. Чоң байгенин алды тогуздап берилер мал экени уу-дууга айланып кулактар кылынганы качан. Күлүк суутуп, куш таптагандардын көптөн күткөнүнө бир эле таңдын атышы калды…

Кудай жолун ачса, Каңдыбайдын кача турган күнүнө да бир гана таң бар. Туткундун көптөн күткөнү ушул болучу. Бул күн эбактан ай санап, күн санап белгиленген. Эркиндик үчүн ал жан этинин оорусуна карабады. Жарадар жырткычтан бетер аяна турганы калбады. Колу-буту кишенден бошонгон эми ага зындандын темир торунан бошонуу кеп бекен. Сакчынын коюлбай калганына болсо эбак көзү жеткен. Нооча бойлуу кароолду көрө элегине кыйла убакыт өттү…

Чучугун чагып жеп, далай сөөктү зындандын ичиндеги борпоң топурактардын астына камбылдык кылып жашырып койгон Каңдыбай. Эми ага ошол кашкайган сөөктөрдүн кереги тиер… Зындандын түбүндөгү кишинин тулку боюндай ташты оодарса – төрт тарабы кыбыла. Таштын түбүн кечээ түнү чучугу чагылган сөөктөрдүн уркуйган учу менен көөлөп койгон, копшосо калтылдап турат анысы…

Күн жебеси көтөрүлгөн маалдан аш-тойго элдин алды жөнөп калды. Аргымагын алчаңдатып көйрөңдөнгөн Сабит Каңдыбайды капарына кайдан илмек, ал эбак алдыга чаңызгытып чаап кеткен. Жел колтук жоро-жолдошторунун тобуна кошулуп, деле маанайы шаңдуу аттанды ашка. Эркек аттуунун көбү суюлуп, соңунан катын-калачтар аттанды жапырт. Тай, кунан минип бүгүнкү мелдештин түрүн койбой көрүүгө бүйүрү кызыган боз уландар кетти жол чаңытып. Айылда иттер калмакпы, айланадагы кымгуутту көрүп. Салпаңдап иттер жөнөдү туш-туштан ажылдап. Той-топур деген ушу эмеспи…

Каңдыбай карап турмакпы энди. Ага ат дүбүртү туш-туштан дүпүрөп турганы ыңгай: зындандын түбүндөгү таштын түбүн дагы тереңдетип көөлөөгө дүрбөгөн элдин көңүлү бурулбады ага. Туткун тойго шашкандардын арты суюлуп, айыл ичи тынчыган кезде да кулагын түрүп, айланага акмалап сак. Сабиттин үйүндөгү кобур-собур үн гана угулуп турду. Эркектин үнү жок угулган. Булар бээ сааганга калган Сабиттин салбыр токолу менен аталаш карындашы. Туткунга мындай ыңгай болбос экинчи.

Зындандын түбүндөгү кара таш Каңдыбайды кара терге салды. Бултуңдап копшолуп атат, томурулар эмес. Кара таш менен күн төбөгө келген чак түшкө чейин алышып, тырп этер алы калбады. Аркы учунда илмеги бар немедей кармалып турган кара таш айласын кетирди. Бул арада үйдөгү Сабиттин токолу эки ирет бээлерди сааганга үлгүрдү. А туткунду кара терге салган аракеттен кенедей майнап чыксачы! Каңдыбайдын кооптонуусу күчөдү. Кокус ушул бойдон кара жанды карч уруп чоң ташты ордунан козгой албаса, иштин бүткөнү.

«Крыс-крыс-крыс…» Колундагы бодо малдын кашка жилиги канча бырчаланды, канча үбөлөндү. А таш ордунан копшолгону менен бериге бир карыш да жыла элек. «Крыс-крыс-крыс…»

– Жер дүңкілдейді… Сыртта ненің даусы шығады… жеңге?

– Зындандағы қаңғыбастар да… Торыққандарынан жер сабап жатқан ғой…

Экөө сыртка чыгып карап койгондон эринди.

Муну уккан Каңдыбай эмне кылалмак?.. Ташты булкуп, өзүнө карай тарткандан башка аргасы калбады. Өзүнүн тулку боюндай таштын аркы учуна кол учу жетсе, таш бериге оодарылмак. Тек ага чейинки аралыкты казып жетсе кана! Кучагына сыйгыс ташты чиренип өзүнө тартып күч үрөгөн сайын энтиккен үнү басылсачы түгөт. Ыйынып-ычкынганычы… Кокус анын энтиккен үнүн бозүйдөгүлөрдүн кулагы эшитсе кантти?!

Адамга үн чыгарбай күч жумшагандан өткөн азап жок экен көрсө. Үнсүз жумшалган кара күч күч эмес тура… Жүрөгү түрсүлдөп согуп, жүрөк колтуктун алдынан чыгып кетчүдөй «дүк-дүк». Шорголоп тер кетти бойдон. Кара терге түшкөн куурагырдын оозу кургап, каны катты суусап.

Эки көзү – үйүрдөгү жылкыда улам. Зындандан бошонсо, желенин башында тынч жаткан айгыр өз ээсин тааныйт болду бекен же азоо неме чунаңдап ойт береби? Туткундун колу жетер бекен күлүктүн жалына?! «Эх, кайран карагер күлүк!» – дейт зынданда буулуккан ээси бүгүн бир күлүк жалына мингенди эңсеп… Күлүктүн жонундагы аркыраган шамалды самайт… «Бүгүн кантип чоң байгеге чабылбай калдың?» – дейт кайра. Кайра өзү айтат жоопту өзүнө: «Карагердей кашкөй күлүктүн тукуму – байгеден кымбат эмеспи».

Чоң үйүр жылкыга салынган карагер күлүктү баягында Сабит ачкөз Токтогул өз журтуна көчүп кетерде тартып алган мал…

Кошкурунган айгыр жакын жерде жатат. Карагер күлүгүнүн жалына колу жеткен күн болобу бүгүн же зындандагы шорлогон күнү менен шорлоп кала береби? Диңкеси сууп, денеси шалдырап барат улам. Ага болбой жабышты кара ташка. Азоо күлүктү көргөнгө дене бою чыйралды. Тулку боюндай ташка чапкенедей жармашты ансайын. Кычышкан жонун кашынган карагер күлүгүн кылчак-кылчак тиктеп, көөдөнү туйлады эркиндикти самаган. Карагер күлүктүн карааны дем-кубат бергендей: ташты кучагына ныгырып, кайра бир булкту. Эртеден берки күчү бекерге коробоптур, акыры таш козголду ордунан. Кара таш коңторулчудай калт-култ болуп калган экен.

– Өх-хү!.. Хү…хү…ү-ү… – деди кысылган демин кармана албай акыры.

– Жеңге-е… Жеңге деймін! Тұтқын!..

– А-йей… Халайық-халық!..Кімің барсың?! – Сабиттин салбар катыны айланага алдастап айгай салып калды.

Зындандын түбүндөгү чоң кара ташты күшүлдөп-бышылдап оодарып таштаган туткунду көргөн экөө далбастай түштү. Көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй тостойду. Зындандын түбүнөн сойлоп чыгып келаткан Каңдыбай аларга жырткыч аюудан бетер коркунуч жаратты. Колу-буту кишенден бошонгон туткун аттап-буттап кадам шилтегенин көргөн экөө бурч таппай чыңырды. Үндөрү ай-ааламга жетти.

– Қорықпаңдар, тимеймін… – деген туткундун кышылдаган, энтиккен үнүнөн эстерин жыйгыча, Каңдыбай шыр эле үйүр жылкыны көздөй басты.

Үйүрдүн арасындагы карагер айгыр ээсин үнүнөн тааныды. «Щык-щык-щ-чы… щы-чы-щы-щы…» Бул үндү ал канча болду эшите элегине?.. Таңдайын шыкылдаткан ээсин тааныган жаныбар жер чапчып кошкурунуп жиберди. Таноосу шаңырайып, Каңдыбайдын бет маңдайына келди түз эле. Ээсин жыттады ишенимдүү. Көкүлүн сылаган кишиден чоочуркабады эч. Бул экөө эбактан сырдана болуп бүткөн жаншериктер, жантуйгулар эле го…

Канча күз саргайды, канча көктөм жаз күкүктөдү… Ээси минтип кайдан-жайдан пайда болду ага. Издеген кишиси келди! Эми да кайрадан житип жок болбойбу?! Далай күз, кыш, жаз, жай өттү: аны азыркыдай көкүлүнөн сылаган, кулагынын түбүнөн кычуусун кандыра кашыган жан адам чыккан эмес. Ушул кумар, ушул ыракатка ал кулунчагынан бери көнүп калган. Аны бир гана киши ушинтип сылап, ушинтип кашып бергенди сагынбады беле… Кулагына жагымдуу угулган ушул «щык-щык-щ-чы… щы-чы-щы-щы…» деген үндү унутуп баратты эле го… Бул үнгө башка эчбир адамзааданын үнү да окшобогон…

Каңдыбай жал-куйругу төгүлгөн айгырды моюндан кучактап, кулагын кашыды. Көкүлүн тарады, көйүтө эркелетти: «Щык-щык-щ-чы… щы-чы-щы-щы…» Азоо айгыр жалт берип мөңкүп кетүүсүнөн чочулап, желенин башында ичмеги чубалып жаткан жаман ээр токумдү көздөй кадам таштады. Карагер да ээсинин артынан калбай ээрчиди. Демейде азоолугун карматкан айгыр ээсин көрүп жоошуй түштү. Колунда, бутунда кишен шылдыраган ээсинин артынан бир кадам артта калбай ээрчиди. Ээси эми мойнуна жүгөн салып, жонуна ээр токуп атканы – жаныбардын кусасын козгоду, канын туйлатты. Ал азыр ээсинин жагымдуу мээриминен ажырабас үчүн ээсин үстүнө кондуруп алып, атборойду айланып жүгүргөнгө даяр. Бул анын ээсине болгон сүйүнүчү да, сагынычы да…

Катын-калачтар чурулдап-чуулдап, айыл ичи дүрбөп калды бул чакта. Чуру-чууга улай: ээри бир капталына ооп калган, үстүндө чабандеси жок, тизгини сүйрөлгөн жылкы көрүндү алыстан. Сыягы, чабандеси кулап жыгылган ат-көлүктөй… Түрүнө караганда: күлүккө салынгандардын арасынан үркүп качкан азоо. Көп өтпөй үч-төрт атчан артынан салпактап кууду. Алдын тороп ат чапкандар да бар…

Жоон топ атчандын карааны калыңдаганын көргөн Каңдыбай шашып калды. Алкынган карагер күлүккө шап секирди ошондо. Топ атчандар атырылган карагердин артынан жетпей жоолук булгап жүгүргөн катын-калачтарды тиктеп, эмне болуп кеткенине түшүнбөй элейип катты бир саамга. Айылдын чуру-чуу түшкөнүн көргөндө гана бир балээни сезип, баары жапырт карагердин артынан сая түштү. Куугун туш-туштан каптады. Коңшу айылда ат жарышты тиктегендердин көзү адегенде чабандесин жыгып качкан азоо күлүктө эле, эми баарынын көзү артынан топ атчан кууган карегер күлүккө түштү.

Бул учурда топтун арасындагы Сабит карагер айгырды тааныбай коймокпу. Жүрөгү бир шойкомду сезди.

– Қуып жетіңдер! – Өзү да ээрге шап секирди.

Атына үстөккө-босток камчы салган Сабит карагердин үстүндөгү Каңдыбайды алыстан тааныды. Анда да ишенгиси келмекпи, дөлөңгүттөрүн демитти:

– Қарагерді мініп қашқан кім?!

– Кезбе қырғыз сияқты.

– Ө-өй, көзің алайып қалғыр-а, көзің ала­йып! Ұстап кел… қолыма сал! – Жаалы кайнаган Сабит дүрбөлөң түшкөн дөлөңгүттөрүнүн төбөсүнө камчы ойнотту бир-бирден. – Жалғыз қырғызды күзете алмадыңдар ма, төбеттер!

Артта ач кыйкырык, куу сүрөөн. Жабалактаган куугун саны арбыды. Бир ат чабым аралыктан эле карагер күлүктөн алка-шалка тер кетти. Каңдыбайдын кооптонгону – карагер суутулбаган күлүк. Үйүрдөгү айгырдын тери кайдан алынмак. Үйүрдөн жаңы ажыраган айгыр неменин азыр кадамы оор. А арттагы туягы жер жаңырткан аттардын дүбүртү жеңил угулду. Көп дүбүрттүн арасында бүгүнкү сүрмө топ жарышка тапталган бирди-жарым күлүк болсо кантти экен? Алар менен жону былкылдаган семиз айгырдын күчүн сыноого болбос… Куугун жакындай бергенден улам Каңдыбай чоң дарыяны беттеди. Антпесе, жону ачылбаган карагерди кыйнап алат. Жалгыз башта бир өлүм. «Душмандын колунан өлгөнчө, сөөгүмдү суу агызып кетсин» деген жангечти Каңдыбай Иле дарыясына жетип, ат тизгинин тартты. Тобокелдикке салып, күкүктөп аккан дайрага бой таштай турган болду. Аргымагын кыйбады. Жандай көргөн карагерин душманына калтырабы? Жок! «Карагер күлүгүмө ээлик кылууга Сабит татыктуу душман эмес» – дейт дилинде.

Куугун жакындап келди арттан. Каңдыбай карагердин оозун дарыянын белчирине салды атайы. Күрпүлдөп кирген дайранын кошулган жеринен суу жиреген карагерди тиктеп, жүрөктөрү опкоолжуду арттан жетип келгендердин. Алар да теминди качкындын артынан калбаска. Дарыянын күүсү үч-төрт атчанды томолонтуп-жумалантып алып кетти. Өлүмдүн сүрү кадалды баарынын көзүнө. Аккандар: «Карма! Карма!» дегендей кол булгалап жок болду заматта. Күкүктөгөн дайранын доошу адамдын жанын тургай, үнүн жула качып атпайбы түгөт…

Каңдыбайдын корккону – арттан жетип келген куугун. Куу сүрөөн салып жетип келгендердин корккону – алдыдагы күр-шар аккан дарыя. Жээкте көзүнөн заары чачыраган Сабит дөлөңгүттөрүн демитип кууп жүрөт, дарыяга киргизе албай. Киргендери ат-паты менен сууга агып, жээкке жеткендери сууга салган чычкандай шөлбүрөйт ар жерде.

«Айгырдын туягы оор» деген кеп чындык белем, карагердин тумшугу менен эки кулагы эле суудан чыкпаса, жону көрүнбөйт. Жангечти Каңдыбайдын эки колу тизгинде эмес, карагердин эки кулагында чап жабышып баратты. Кокус, карагердин кулагынан түтөктөп суу кирсе, жылкы баласы камгактай агып кетерин дадил билет ал. Ошону билип карагердин эки кулагын колунан чыгарбады.

Дарыяны ортолоп калган кезде, суунун шары карагерди да алдастатты. Тек, карагердин жан туюмуна ишенген Каңдыбай алдындагы атты өз эркине койгон үчүн Камбар атанын тукуму да тулку бойдун теңдемин сактап, улам алга суу жирей берди. Агер теминер болсо, карагер күлүгү сыйгаланган таштардын арасындагы төрт таканчыгынан эбак адашып, экөө бирдей күм-жам кетмек эле. Мындайда жан корчоонун жалгыз амалы – карагердин кулагынан суу кирбесе болгону. Арттан кууп жетип келгендер биринин артынан бири дарыя күүсү менен кошо агып кеткенине – жылкы баласынын мүнөзүн билбестик себеп болду.

Каңдыбай карагер айгыры менен жээкке чыкты акыры. Ызалуу куугундар Иле дарыясынын аркы жээгинде турду, берки жээкке муштум кесеп…

 

Соц тармактар:

One thought on ““Куюн доор”

  • 04.07.2016 at 14:35
    Permalink

    китеп окууга элди үндөгөн аракеттер көрүлсө жакшы болот эле

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.