Жыргалбектин жаңы ырларынан жана котормолорунан

ДҮЙНӨ

Түптүүсүң, түпкүрүнө кайта албаган.
Түрдүүсүң, тилим жетип айта албаган.
Кем дүйнө, кечигүүмдү кечирбеген,
Кең дүйнө, барым-жогум байкалбаган.

Башымдан айлар учса, жылдар конуп,
Баратам, эл катары жылган болуп.
Келечек – кечээкимден бөлөк карап,
Кетишим – келгенимден ылдам болуп…

Жарыксың, жалпысына кеч кирбеген.
Жаңысың, жашоом бүтсө эскирбеген.
Улуусуң! Ушунчалык терең туруп
Ууртамга бир өмүрүм жеткирбеген.

Чыйырың карап жүрүп көзүм талаар.
Чындыгың акырында өзүмдү алаар.
Ак калпак аталардан мурас болгон,
“Атаңдын көрү…” деген сөзүм калаар.

Кымбатсың, өз кезинде байкалбаган.
Кылдатсың, кыл үстүндө чайпалбаган.
Тигилип тойбой келем, көркөмүңө
Тирүүлөр тилин безеп айта албаган.
(25/05/16)

 

Расул Гамзатовдон

* * *

Ишенбеймин кереметке, кайыпка,
Бирок мейли, ажал мени арбасын.
Алып кетип өзү жүргөн жайыкка,
Ашып кетсе бир-эки жыл кармасын.

Ал тараптан келсем, менден айрылып
Калган дүйнө кандай болот? Көрөөрмүн.
Кайгырганың билсем – сага кайрылып,
Кайгырбасаң – кайра тартып жөнөөрмүн.

 
* * *

Өмүрүмдө көп байкадым, баарысы
Өз жолунан тетиринче түшкөнүн:
Жайкы ысыкта сууга талаа зарыгып,
Жамгыр төксө күн шооласын күткөнүн.

Мезгилинде келбейт, келчү нерселер,
Мээнет, мээрим чукул кирет башталып.
Мен да сенин келээриңди күтпөгөм,
Ошол күнү турмушума баш багып.

Баарысы анан башка жакка өзгөрдү,
Жашаганым, ырдаганым, ойлорум.
Жыйырма жылдай карап жүрөм, ишенбей,
Жашоо баарын дал ушинтип койгонун.

Тагдыр кээде такмазалайт көп ирет.
Менчи? Менин багым тоодой көрүнөт.

 

* * *

Беш мүнөттүк көрөөр күнү калса да
Тирүү жандар пендечилик кылышат.
Кылымдардан өлбөй жашап өтчүдөй
Күйпөлөктөп, жанталашып турушат.

Кылым көргөн тоолор болсо, алыстан
Кымгуут түшкөн элди карап ар кандай
Бир солк этпей, үнсүз турат, муңайым
Беш мүнөттүк жашоосу эле калгандай.

 
ТУРНАЛАР

Кээде мага, кайран аскер жигиттер
Кала берген, кан майдандан кайтпастан
Турна болуп кетишкендей туюлат,
Турпагына кара жердин жатпастан.

Унут калган ошол күндөн, бул күнгө
Учат алар, бизди көрсө үн салып.
А болбосо, арман толгон көз менен
Асман бетин тиктейт белек, мынчалык?

Карап турсам бүгүн дагы, күүгүмдө
Каркыралар, туман жарып, асмандай,
Тизген сабын бузбай кетип баратат
Тирүүсүндө катар түшүп баскандай.

Учуп барат, ким-бирөөсүн чакырып,
Кезип барат, уч-кыйры жок дүйнөсүн.
Ал, ошондон каркыранын тилине
Авар тили үндөш болуп жүрбөсүн?

Чаалыкса да көк тилишкен турналар
Чабытташат, күүгүм туман сапарда.
Калтырылган сыяктанат, мен үчүн,
Чакан орун, ошол тыгыз катарда!

Мезгил жетсе, турналарга кошулуп
Мен да жөнөйм, боз иңирге катылып,
Желе тарткан куш тилинде көктөгү
Жерде калган атыңардан чакырып.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.