Чынгыш баатырдын бейнеси жана доору

Сүрөттө кыргыз баатыры Чынгыз Төлөкабыл уулу шериктери менен. Кылычбек Коёналиев тарткан сүрөт. 2016.

Сары-Өзөн Чүйдөн чыккан айтылуу Чынгыш баатыр Түлөкабыл уулунун өмүрү, доору жана анын инсандык бейнеси тууралуу тарыхчынын блогу.

Соңку жылдары кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхый инсандарынын өрнөктүү өмүрү кеңири изилдөөгө алынып, бир катар эмгектер жарык көрүп, ар кыл макалалар жазылып келет. Аларды окуй келсең, айрымдары калыс, чындыкка шайкеш жазылса, кээ бирлери ашкере апыртылып, жасалма эрдиктери менен шөкөттөлүп, андан өткөн баатыр, даанышман жок сыяктанып баяндалат. Баатырлар менен мыктыларды көтөрүү эйфориясында өз учурунда өзгөчөлөнгөн көрүнүктүү баатырлар менен журт башчылары көмүскөдө калып, өз коктусу менен уругунан өйдө көтөрүлө албаган, артында из калтырбаган адамдарды даңазалуу баатырга, даанышманга айландырган эмгектер менен баяндамаларга да күбө болуп келебиз.

Кээде өз учурунда жалгыз урууга эмес, жалпы элге таанылган мыктылардын артында тың чыкма, байлык менен бийликке туйтунган урпактары жок болгондон уламбы, чыныгы баатырлар тууралуу эмгектер жазылбай, эстеликтер тургузулбай, дүңгүрөтө аш өткөрүлбөй, таптакыр эле эскерилбей калган учурлар да жок эмес. Андыктан уруу баатырын улут баатырынан, кокту мыктысын жалпы эл мыктысынан, катардагы акылманды, калк даанышманынан айрып кароого мезгил келди.

Мына ошондо гана тарыхый адилеттик орноп, мыктынын мыктысын, баатырдын баатырын, даанышмандын даанышманын тандап, алардын өрнөктүү өмүрүнө келечек муун суктанып, сыймыктануу менен карап, өткөндөн туура сабак, таалим-тарбия алып, мекенчилдиги артмак.

Жогоруда айтылгандай өз учурунда даанышмандыгы, эрдиги менен айырмаланып, бирок көп айтылбай, жазылбай, кеңири изилдөөгө алынбай келген чыгаан инсандардын бири Сары-Өзөн Чүйдөн чыккан айтылуу Чынгыш баатыр. Чынгыштын атасы Түлөкабыл, андан ары Бүтөш, Бөлөкбай (Каракчы), Чаа болуп барып Солтого такалат. Бүтөштүн Түлөкабылынын жети уулу: Айта, Баястан, Чоткара, Арбас, Байсары, Көбөй, Чынгыш болуп, эл арасында “Жети кашка” деп да аталат. Бул жети бир туугандын арасынан тарыхый окуяларда, түйүндүү маселелерди чечүүдө, эл башында туруп баскынчыларга каршы согушта Чынгыш баатырдын эрдиги даңазаланып, муундан-муунга айтылып келет.

Урпактарынын, көпчүлүк санжырачылардын маалыматына караганда Чынгыш баатыр 1794-жылы төрөлгөн. Анын негизги ишмердиги, эрдиги, даанышмандык аракеттери ХIX кылымдын биринчи жарымына таандык. Анда Чынгыш баатырдын эрдиктерин, чечкиндүү аракеттерин, ар кандай маселелер анын айтканы менен чечилип келгенин бышыктаган урунттуу 7 учурга токтололу.

 

Баатырдын өз элиндеги кадыр-баркы

Уруу-уруу болуп жашаган кыргыз эли кыйынчылык учурда кыналышып, биримдиги менен жоосун жеңип, кеңешүү менен маселесин чечип келишкен. Айрым учурда эл башчыларынын куру намысы, кызуулугу, калыстыктан тайган учуру урууларды араздаштырган, чабыштырган абалга да алып келип такаган. Мына ушундай окуяга 1819-1820-жылдары бир атадана таркаган Солто менен Сарыбагыш уруусу да дуушар болуп, мамилеси начарлаган. Натыйжада ортодо кагылышуу коркунучу туулуп, абалдан чыгуу максатында солтонун мыктылары Канай, Эшкожо, Бала Ажыбек, Саке, Атай, Бектен, Чынгыш мырза баш болгон мыктылары жыйын өткөрөт. Жыйында солтонун аттуу-баштуу мыктылары эмне кылаарын билбей, кандай чечимге келээрин айталбай, даанышмандыгы менен өзгөчөлөнгөн Чынгыш баатырдын оозун карашат. Ошондо соңку чечимди Чынгыш баатыр айткан соң, бүткүл солто тура калып чуркурап, Ай тамга солтонун арбагына деп бир жылкы мууздап, аны түктүү сан кылып, кескилеп бөлүп кетишкен. (Солтоноев Белек, Кызыл кыргыз тарыхы, 1-китеп, Бишкек, 1993, 186-бет). Бул окуя Чынгыш баатырдын солто элинин мыктыларынын арасында зор кадыр баркы бардыгын далилдейт.

 

Өзөктүү маселе Чынгыш баатырсыз чечилбеген

1820-1825-жылдары Кокон хандыгы Кыргызстандын түндүгүнө ээлик кылуу үчүн аракетин күчөткөн. Хандыктын Ташкендеги Кушбегинин аракетине Тагайга кирген кыргыз уруулары каршы туруп, көпкө чейин күрөшүн уланткан. Кушбеги кыргыздарды Кокон хандыгына баш ийдирүү талабынан башка, кыргыздар кылымдар бою мекендеп келген Чүйдүн Үчкайыңды, Ашмаранын батыш жагын, Корготу боюн, Олуя-Атага чейин казактарга берилишин да талап кылган. Кокон мыкчыгери Солто баштыгы Канайды кысмакка алып камап койгондо да, маселени жалгыз чече албастыгын, ал үчүн Тагайдын башчылары кеңешип анан билдирээрин айтып макул болбойт. Мына жалпы элдин, жердин тагдырын чечээрде кыргыз мыктыларынын жоопкерчилиги. Натыйжада солтонун башчылары Тагайдан таркаган беш уруунун баштыктарын Чүйгө Эшкожонун үйүнө чогултуп анан олуттуу маселени чечүүнү эп көрүшөт. Бул жыйынды өткөрүү үчүн алгач солтодон Бектен баатыр, Боку баатыр (Момокондон), Канайдын агасы Эшкожо бий, Чынгыш баатыр (бөлөкбайдан), тынай Таштанбек баатыр кеңешип, бугу, саяк, сарыбагыш урууларына кабар берип: “Келгиле, эмне кылабыз? Коконго карайлыбы же урушалыбы? Кеңешели, акылдашалы?”- деп кайрылышат. Көп өтпөй Тагайга кирген уруунун башчылары: бугудан Боронбай, Мураталы, Тилекмат, сарыбагыштан: Ниязбек, Абайылда, Таштанбек, дагы башкалары, саяктан: Медет, Тайлак, Нарбото, Осмонбек, дагы башкалары Чүйгө Эшкожонун үйүнө келишкен. Жыйынга келген эл, башчы-баатырлар нары-бери кеңешип, “карабайлы”, “ата-бабадан бери ээлик кылган жерлерибизди бербейбиз” деген бүтүмгө келишет. (Алымбектин санжырасы, Бишкек, 2007, 79-80-беттер). Мына ушул санжыралык маалыматтан көрүнүп тургандай Тагайга кирген кыргыз урууларынын мыктыларынын арасында Чынгыш баатырдын ысымы дагы бир жолу кезигет. Жалпы элдин, жердин маселеси чечилип жаткан жыйында Чынгыш баатырдын болушу, өз доорундагы чыгаан инсандар менен бир катарда турушу анын кимдигин, тарыхтагы ээлеген ордун дагы бир жолу ырастайт.

 

Кыргыздар Кокон хандыгын сактап калган

Кыргыздын түндүк тарабындагы уруулар, жерлер Кокон хандыгына баш ийген соң, ар бир уруунун мыктылары хан ордосуна барып кызмат өтөөгө чакырылып турган. Ага Тагайдан таркаган Чынгыш баатыр менен Шабдан баатырды мисалга келтирсек болот. Шабдан баатыр 1860-жылдары ордодо кызмат өтөсө, Чынгыш баатыр Кокон хандыгы Бухара эмирлиги тарабынан басылып алынып, жок болгон Кокон хандыгын калыбына келтирип, сырткы баскынчыларга каршы теңдешсиз согушта жеңишке ээ болуп, хандыкта кыргыздардын зоболосу артып, мамлекетти күчтөндүргөн учурга туш келет. Тактап айтканда Чынгыш баатыр 1842-1845-жылдары ордо кызматында болгон. 1842-жылы Нүзүп баш болгон кыргыздар Таластан хан урпагы Шералыны таап, аны макулдатып, Ала-Буканын Сафид-Буланында кыргыздын улуу салты менен хан көтөрүп, Кокон шаарына чейинки Бухарага каратылган аймакты, шаар-кыштактарды бошоткон улуу согушка аттанышат. Кокон хандыгынын тарыхын чейрек кылым ордодо отуруп жазган кыргыз тарыхчысы Зиябидин Максым “Фаргана хандарынын тарыхы” аттуу көлөмдүү эмгегинде Шералы хан, Нүзүп миңбашы тарабынан хандыктын туш тарабына кайрылуу каттар кандай жазылганын, ага жооп кылып бардык чөлкөмдөрдөн баатырлар-башчылар кошуундары менен кошулуп жатканы өтө жандуу сүрөттөлөт. (Зиябидин Максым, Фаргана хандарынын тарыхы, Бишкек, 2007, 94-120-беттер).

Мына ушундай чакырыкка жооп кылып, Сары-Өзөн Чүйдөн Чынгыш баатыр да өз кошууну менен барып кошулат. Нүзүп миңбашы менен жашташ Чынгыш баатыр кыргыздардан куралган күчтүү кошуундун курамында болуп, көптөгөн эрдиктер менен катар эки жүздүүлүктүн, ордо кутумчулуктун да күбөсү болот. Хандыкты калыбына келтирүүдө чечүүчү роль ойноп, Шералы ханды бийликке алып келген, хан ордосуна чокоюн илдирген Нүзүп миңбашынын кайгылуу өлүмүн, Алымбек даткага жасалган кутумчулукту, акырында кыргыздардын катуу каршылыгын, Шералы хандын өлүмүн, андан соң Алимхандын урпагы Мурад хандын 11 күндүк сайраны бүтүп, 13 жашар Кудаяр тактыны ээлеп, кыргыздардын катуу жазаланганын башынан өткөрөт. Соңунда ордодон руксат алып 1845-жылы элине кайтат. Чүйгө өзү эле кайтпай, ордодогу санаалашы, сырдаш досу, Шералы ханды жок кылууда жазалангандардын арасында кайтыш болгон Ноорузбайдын уулу Шаманы (30 жаштагы) Арашан айылына кошо ала келип, Сарыбагышев Шама деген жашыруун фамилияда өз балдарынан кем көрбөй асырап алган. Кыргыздарга душмандык кылып, кечээгисин унуткан Шералы ханды өлтүрүүгө катышкан Шама да куугунтукталып Кожешкен, Зардалы тоолорунда жашырынып жүргөн жеринен аргасыз журт которуп, Чынгыш баатыр менен Сары-Өзөн Чүйгө келген. Ал Чүй жергесинде кимдигин жашырбаса Бишкек сепилиндеги Кудаяр хандын өкүлү Шаманы туткундап, көзүн тазаламак. Чынгыш баатырдын даанышмандыгы ушул жерден да өзгөчө көрүнгөн. Анткени бөтөн жерден, насили бир элден келген Шаманы өгөйлөп, обочолонтууга жол берген эмес. Ал гана эмес Чынгыш баатыр көзү өтөөргө жакын урук-туугандарын жыйнап, кимде-ким Шаманын өзүн, анын урпактарын өгөйлөсө: “Менин арбагым урат!”деген өтө катуу керээзин айткан экен. Ошондуктан Чынгыш баатырдын айылдаштары эч качан Шаманы “бөтөнсүң” деп бөлбөй, бооруна тартып тууган кылып келгенин арашандыктардан, Солтонун аксакалдарынан уктум. Бул Чынгыш баатырдын даанышмандыгы, өзгөнү өгөйлөбөй өз бооруна тартып, эл кылып алган Манас бабабыздан бери учугу уланган кыргыздын улуу касиети! Чынгыш баатыр менен бирге келген ошол Шаманын урпактарынын бири Алмазбек Атамбаев азыркы күндө биздин өлкөбүздүн башчысы экени баарыбызга маалым.

Ошондой эле Чынгыш баатырдын урпактары ал Кокондон кайтып келгенден кийин “хандыкка салык төлөбөйм, баш ийбейм” деп айтып, эркин жүргөнүн белгилешет. Ырыс, ордо мыйзамына ылайык Кокон хандыгына өзгөчө кызмат өтөгөн, эрдиги менен өзгөчөлөнгөн инсандар салыктан бошотулуп, жер бөлүнүп берилип, эркин жашоого укук алышкан. Чынгыш баатыр да ошондой укуктан пайдаланганы маалым.

 

Сынчылардын сынына толгон кыргыздын чыгаандары

Чынгыш баатырдын кийинки эрдиктери, акылмандыгы 1845-1847-жылдардагы Кененсары хандын баскынчыл жортуул учуруна дал келет. 1845-жылы Кенесарынын кошуунунун бир бөлүгү солто кыргызы жайыл уругу менен урушуп, жеңе албай кеткен. Ошондо Кененсары хан “Кыргыз деген калай журт экен, баатыры ким? Жоого кайрат кылаары ким? Четтеги турган эл кандай экен барып билип, сынап кел” – деп сынчысына жаман кийим кийгизип, дубана катарында астыртан жиберген. Сынчы элди кыдырып жүрүп, Иле жаккы казактан келгенсип, Ысык-Көл басып Ормонго келип: “Жалдуу Барак ханга ылайык киши экен”,- деген. Жангарачты сынап, “баатырлыгы жана сыпайылыгы, акылы бирдей экен” деген. Бөлөкбай, тынай, черикчи уруктарын аралап көрүп: “атына ээри каткан, ээрине көтү каткан, кыскача жеңил кийген, жоодон башканы ойлобогон, урушкан душманы тирүү кайтпаган, жоо бөрүсү журт экен”, деп бул сөздү Кененсарыга айтып барганда Кененсары: “Былай сөздү не үчүн айтасың”, – деп өлтүрүп таштаган (Солтоноев Белек, аталган эмгек, 1-китеп, 202-203-беттер).

Мына ушул сынчынын сынына толгон өзгөчө баатырлардын бири Бөлөкбайдын Чынгыш баатыры менен анын иниси (бир тууганы Чоткаранын даңазалуу уулу) Жаманкара баатыр болгон. Бул сынчыдан кийин кыргыздын баатырларын дагы бир жолу сындан өткөрүп, ылайыгы келсе бир баатырына тийип, казак-кыргыз согушун болтурбай коюуга каршылык кылган Кененсарынын бир тууган карындашы Бобукандын аркетин өзгөчө белгилөөгө болот. Согушту токтотууга карата айткан сөздөрүн агалары укпай койгондон кийин, эркекче кийинип, чачын түйүп, күлүк ат минип, кыргыздарга жөнөп кеткен. Анын максаты кыргыздын мыкты баатырларын сыноо болгон. Экинчиден, ылайыгы туура келип калса, кыргыздын белгилүү баатырларынын бирине турмушка чыгып, согушту токтотсом деген. Мурда угуп жүргөнү боюнча, кыргыздарда Шоруктун досу – Жаманкара бар, Ормон хандын – Төрөгелдиси бар, Боронбайдын – Балбайы бар, Алыкенин – Табылдысы бар, Чынгыш баатыр бар, – деп кыдырмак болот. Солто элинен – Жаманкара менен Чынгышты сынап, чыныгы көк жал баатырлар экен деп ойлойт. Аттигиң Жаманкарага турмушка чыкса болчудай экен, бирок аялзатына мээрими жок, тубаса ышкысы жок жаралган жан экен, буга тийген катын сүйүү жыргалын билбей өтөт деп жүрүп кеткен экен (Закиров Сапарбек, Кыргыз санжырасы, Бишкек, 1996, 133-б.).

Чынгыш баатыр бул учурда жашы 50дөн өтүп калганына карабай Бобукандын купулуна толгондугу тууралуу маалымат биз үчүн өзгөчө кызыктуу. Ал баатырлыгы менен гана эмес, даанышмандыгы менен да өзгөчөлөнгөнү кийинки окуялардан даана байкалат.

 

Жалпы акылды Чынгыштан сураган

Жогоруда сынчылардын сынынан өткөн баатырлардын көзүн тазалоо үчүн Кененсары хан болгон аракетин жумшайт. 1846-жылдагы жортуулу да ийгиликсиз аяктагандан кийин ортодо жарашуу үчүн аракеттер жүрө баштайт. Бир кабарда атайын сүйлөшүү үчүн жиберилген 15 баатырдын арасында Чынгыш баатырдын бир тууганы Чоткаранын уулу Жаманкара да элчиликке жөнөтүлөт. Бир кабарда кыргыздын бир белгилүү байынын жылкысына казактар тийип, бир үйүр жылкысын барымтага алып кетет. Кабарларга караганда ал жылкыларды Иленин аркы өйүзүндөгү казактын Шоорук баатыры алып кетти деген сөз тарайт. Шоорук баатыр менен Жаманкара баатырдын жакындыгын билген байдын улам-улам суранычы менен Жаманкара Болот баатыр менен бирге казактарга жөнөп кетет. Бул кабарды агасы Чынгыш баатыр кеч угуп калып, артынан кууп Жаманкара баатырды кайрый албай калат. Натыйжада Шоорук Жаманкаранын келгенине сүйүнүп, алдыртан Кененсары ханга кабарлап, “издегениң өзү келди, өзүң келип алып кет” дейт. Кененсары кыргыздын ажыдаары өзү жойлоп келди, кудай мага берди деп сүйүнөт. Ал Жаманкаранын 1000 жоокери менен жалгыз беттешип өлсөм деген өтүнүчүн, Ноорузбайдын 100 жигит алып Жаманкарага каршы чыгайын деген суранычын да аткаруудан корккон. Ал түгүл Ноорузбайга 1000 жигитиң менен кошуп талкалайт деген Кененсарынын сөзү Чынгыш баатыр тарбиялаган Жаманкаранын өзгөчө баатыр экенин кабарлайт. Натыйжада Жаманкара баатырга кыл аркан салып, эки бөйрөгүн сууруп алып эшикке чыгарып койот. Ал түндүн бир оокумуна чейин басып жүрүп каза болот. Жылдыз толуп каза болоорунда: “Элим менин кунумду үч жылдан кийин доолашсын”, ага чейин элди уюштуруп, жоону чабыштын акылын Ормонго, ички колду иреттөөнү Төрөгелдиге койсун, жалпы акылды Чынгыштан сурашсын” деген үч ооз керээзин айтып өлгөн экен.(Эсенкул Төрөкан уулу, Кыргыздын кыскача санжырасы, 2-китеп, Бишкек, 1995, 61-62-беттер).

Демек иниси Жаманкара да Чынгыштын даанышмандыгын жогору баалап, жалпы акылды андан суранышын керээз кылып айтып кеткен. Жаманкара баатыр тууралуу эл оозунда ар кандай уламыштуу окуялар: алардын бири кулачтай болгон кара чаар жылаан ал уктап жатканда оозуна кирүүгө аракет кылып, үчүнчү жолу кирмекчи болуп башын салганда, башын кырча тиштегени, кара курт чагып алганда камыштуу саздын жээгине барып бүт денесин чиркейге чактырып, аман калганын, жолборсту тирүү кармаганын, далысында жалы болгонун, жана башка окуялары тууралуу эл оозунда азыркыга чейин айтылып келет.

 

Намыска бек турган, элди шыктандырган өзгөчө инсан

Иниси Жаманкаранын өлүмү Чынгыш баатырды гана эмес, жалпы кыргызды өзгөчө кайгыга салган. Чынгыш баатыр мүлдө саяк, сарыбагыш, солто, талас тараптан чыккан атактуу күлүктөрдү жыйнап, Бөлөкбайдын боз балдарын топтоп алып: “Жаманкараны Кененсарыга өлтүртүп коюп, кантип тамак ичип бастырып жүрөсүңөр? Кененсарынын болсо бир күнү ыгы келер, Шоруктун канын ичип келгиле” деп намыска чакырып, аттандырган. Жетикашка Күрпүк менен Самак баш болгон 70-80 жигит Шооруктун айылына соодагердин кейпин кийип барышып, жылкысын айдап артка салганда кууп келген Шоорукту аттан ыргыта сайып тындым кылып кайтышат. Канга бойолгон көйнөгүн Чынгышка алып келишет. Андан кийин Кененсары менен бирге келип Ысык-Көлдөгү элди чаап алууга 5 миң жигити менен аттанган жеңилбес атка конгон Кудайменденин колун Чынгыш баатыр талкалап, Кудайменденин өзүн колго түшүрүп, Жаманкаранын өчүн алып өлтүрткөн.

 

Даанышмандыгы менен айырмаланган

Кененсарынын баскынчылыгынын мизин кайтарып, таш-талканын чыгарууда Чынгыш баатырдын орду өзгөчө бааланган. Белек Солтоноевдин жазганы боюнча “Согушта мурунку жылы Жаманкарасынан ажыраган Жетикашка Чынгыш акыл таап, өтө кайрат көрсөткөнүн” жазат (Белек Солтоноев, Кызыл кыргыз тарыхы, 2- китеп, 8-бет). Кененсарынын колу курчоого алынганда аларды алсыратыш үчүн Чүй суусун таш менен бөгөп, башка нукка салып жиберилиши да Чынгыш баатырдын акылы менен жасалган иш катары баяндалып келет. Натыйжада курчоодо калган Кененсарынын кошууну алсырап, аттары суусап жүрбөй калганы маалым. Иниси Жаманкаранын өлүмү үчүн Кененсары колго түшкөндө, анын башы алынып, көпкө чейин денеси көмүлбөй көөп жерде жаткан. Ошондон улам, “Кененсарынын өлүмүндөй”, – деген кеп калган.

Ал эми Чынгыш баатырдын канча жашында, кайсыл жылы көзү өткөнү тууралуу азырынча так маалымат жок. Чынгыш баатырдын сөөгү, ал каза тапкандан кийин эки-үч жерге көчүрүлүп катылган экен. Акыркы жайы азыркы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Маевка айылынын тоо тарабында экенин урпактары белгилешет.

Чынгыш баатырдын өмүрүндөгү жогорудагы 7 учур анын баатырдыгын, акылмандыгын даңазалап, өз заманындагы чыгаан инсандардын катарында болгонун ар тараптан ырастайт. Мындай чыгаан инсандардын өрнөктүү өмүрү, эл үчүн жасаган эрдиктери ар убак эскерилип, тарыхтан татыктуу баасын алып, сый-урматка татыктуу.

Чынгыш баатырдын элеси ар дайым элдин эсинде түбөлүкко сакталып, муундан-муунга даңазалана бермекчи!

Кыяс Молдокасымов, «Азаттык», 29.07.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.