Бөйрөктү таянба, үшкүрбө, колду төбөгө алба, бутту учкаштырба — жаман болот!

Кыргыз элинин байыртадан келе жаткан маданияты, салт-санаасынан сырткары ырым-жырымдары дагы болгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын бирин назарыңыздарга сунат.

Кичине кезибизде көпчүлүгүбүз ата-энелерибизден бөйрөгүңдү таянба, үшкүрбө, колду төбөгө алба, бутту учкаштырба деген кептерин уксак керек. “Эмне болот экен” деген суроого “жаман болот” деген бир эле жооп берилет. “Тибиртке” рубрикасы “жаман болоттун” тизмесин сунуштайт.

  • Бутуңду тартпа
  • Таңдайды такылдатпа
  • Колду төбөгө алба
  • Бутуңду учкаштырба
  • Ышкырба
  • Кечинде тырмагыңды алба
  • Шыпыргыны тикесинен койбо
  • Караңгыда акча бербе
  • Караңгыда ыйлаба
  • Кызыл өңгөчүңдү тартпа
  • Жуугандан кийин колуңду силкпе
  • Бөйрөктү таянба
  • Айды карап заара кылба
  • Үшкүрбө
  • Караңгыда суу төкпө
  • Тили чыга элек баланы күзгүнү каратпа
  • Наристенин таманынан өппө
  • Желбегей жамынба
  • Жер таянба
  • Бычакты кырынан койбо
  • Эркек баланы теппе
  • Кишини аттаба
  • Босогону кулачтаба
  • Баланын жайылган кийимин түнкүгө калтырба
  • Акты жерге төкпө

Сүрөт Табылды Кадырбековдуку, «Sputnik – Кыргызстан», 09.06.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.