Ак чүч, ташка тий, көйнөгүңдү уй жегир — маанисин биле жүр

Кыргыздар адам күлгөндө, чүчкүргөндө, ыгы жок ыйлаганда же какап калганда сөзсүз түрдө жакшылыкка жоруган же кагып-силккен сөздөрдү айтышкан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин “Тибиртке” рубрикасында кылымдардан бери айтылып келе жаткан сөздөрдүн маанисин чечмелөөгө филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жардам берди.

Күлө сүйлөгөн адамдан түңүл — “күлө сүйлөгөн адам менен ачылып туруп жабылган күндөн түңүл” деген сөз бар. Мунун мааниси көп күлгөн адамга өтө эле ишене берүү болбой турганын билдирет. Себеби маңдайда күлүп-жайнап турган адамдын койнунда котур ташы бар экенин аңдап билүү кыйын. Ушундан улам ата-бабаларыбыз “ыгы жок күлгөн адамга көп ишенбе” деп айтып коюшкан. Бул жүздөгөн жылдар аралыгында элдин баамынан келип чыккан сөз. Бирок күлүп сүйлөгөндүн бардыгы эле жаман дегенди билдирбейт. Болгону ыгы жок жерде жасалма сүйлөп, жасалма күлгөндөрдөн сак болуу керек экени эскертилет.

Ак чүч — адам ооруп калганда кыргыздар чүчкүрүп-бышкырып калыптыр деп коюшат. Ошондуктан чүчкүргөндө “ак чүч” деп айтылат. Бул “аман бол”, “кудай оору-сыркоодон сактасын”, “жамандык чүчкүрүгүң менен кошо чыгып кетсин” деген маанини түшүндүрөт. Ал эми тилдик грамматикалык жактан алганда “ак чүч” деген сөздүн түз маанисин чечмелөө кыйынга турат. Себеби бул сөз ондогон, керек болсо жүздөгөн жылдардан бери колдонулуп келиши ыктымал. Азыркы заманда “чүч” деген уңгу сөз эч бир жерде колдонулбайт. Анын түзмө-түз маанисин табуу үчүн сөздүн этимологиясын изилдеп чыгыш керек. Бирок ошентсе да бул сөздүн жалпы мааниси менен түшүнүгү элдин аң-сезимине калыптанып, кылымдар бою айтылып келет.

Ташка тийсин — бул сөз адам жөтөлгөндө айтылат. Эмне себептен жерге же дагы башка жакка эмес “ташка” тийсин деп айтылып калган? Себеби жөтөлүң ташка тийип талкалансын, кайып кетсин, ошол бойдон жоголсун дегенди түшүндүрөт.

Түш — түлкүнүн богу — адам жаман түш көрүп коркуп калса “түшүң түлкүнүн богу” деп коюшкан. Бул “коркпо, маани бербей эле кой. Ал түлкүнүн богундай эле нерсе да” деген мааниде айтылган. Негизи кыргыздар адам жакшы же жаман түш көргөндө аны жакшылыкка жоруп коюшкан. Ал эми “түлкүнүн богу деп” жаман түш көргөн адамды жоошутуу үчүн айтышкан. Эмне себептен түлкүгө карата айтылып калгандын да мааниси болсо керек. Мындай айрым сөздөрдүн этимологиясы изилдене элек. Ошондуктан так айтуу кыйын.

Көйнөгүңдү уй жегир — адам үшкүргөндө айтылчу сөз. Ыгы жок эле үшкүрүүнү кыргыздар туура эмес көрүшкөн. Себеби кайгы-муңу көп, абалдан чыгууга айла таппай калган адам гана үшкүргөн. Жай турмушта үшкүрүү бар нерсеге тобо кылбагандык, жамандыкты чакыруу деп эсептелген. Ошол себептен кагуу иретинде “көйнөгүңдү уй жегир” деп коюшкан. Бул сыртта жайылып турган кийимдерди уйлар жеп кеткен учурлар айылдарда көп эле кездешет, сөздүн мааниси ушуга байланыштырылып айтылышы ыктымал. Башка турмуштук окуяга да байланыштырылышы мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен анын алгачкы мааниси унутулуп, механикалык түрдө айтылып калгандыгы тууралуу божомол бар.

Көзүңө ак түшкүр — эч нерсе боло электе эле ыйлап жиберген адамдар бар. Мындай нерсе кыргыздар үчүн өөн учураган. Себеби ыйдын артынан ый келет дегенге катуу ишенишкен. Ошондуктан болбогон нерсеге көзүнө жаш ала берген адамды “ыйлаба, көзүңө ак түшкүр” деп кагып-силкишкен. Сөздүн түз мааниси көздүн “конок” деген оорусун түшүндүрөт. Ал көздүн карегин каптап адамды сокур кылып койгон. Болбогон нерсеге ыйлай берген адамды ушундай каргыш сөз менен коркутуп келишкен.

Аш болсун — кекирүү адамдын тойгонунан кабар берет. Бул учурда “аш болсун” деп айтылат. Токчулукту Кудай кут кылсын деген маанини түшүндүрөт.

Майга, сүткө — тамак жеп жаткан адам чакап-какап калса аны дагы жакшылыкка жоруп “май жегин, сүт ичкин” деген мааниде “майга, сүткө” деп айтып коюшкан.

Сүрөт Табылды Кадырбековдуку, «Sputnik – Кыргызстан», 16.06.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.