Азат Жапарбек. «Табыт»

ңгеме)

Чоң атамдын узунча келген боз табыты бар эле. Аны качан, эмне үчүн жасатканын билбейм. Бир билгеним көптөн бери урунуп жүрчү. Өзү тыттын жыгачынан кынаптап жасалган тартайган оокат. Чоң атам аны дайыма жасап-түзөп, кырып-кыпчып таза кармаганы менен, негедир көзгө комсоо көрүнүп, жүрөктүн үшүн алат. Айрыкча үйдүн алдындагы табыт турган кепеге киргенде үрөйүм ого бетер учуп, чыкканча шашчумун.

Андан да жаманы, күн кур эмес, ал тургай бир күндө эки-үч жолудан ар кандай адамдар келип, чоң атамдын табытын сурап кетишкени болчу. Шаардын биз жашаган аймагында бир гана биздин үйдө табыт болсо керек. Алар келип короого кирээри менен эмнеге келгени кебетелеринен байкалчу. Адатта андай адамдар ашыкча кеп-сөзү жок, үңкүйүп кирип, үңкүйүп чыгып кетишер эле. Ал тургай анча-мынча көзү жашылданып калгандары да кыйла кездешчү. Кыскасы, алардын келиши менен биздин үйдү да кандайдыр бир кайгынын аптабы уруп өтчү.

Бара-бара келген-кеткендерди карап отуруп, шаар эли четинен түгөнүп бараткандай да сезилчү болду. «Мына бүгүн да бирөө өлүптүр» дечүмүн табытка келгендерди кайгылуу карап отуруп. «Деги элге эмне болду? Күнүгө бирөө, кээде экөө…» деп жаным кейичү.

Анткени менен бул көрүнүшкө чыдабай, жаны ачып жүргөн мен эле эмесмин. Өзүмдүн атам дагы табытты көргөн сайын кежигеси кер тартып, ачууланып кетмейи бар. Бирок, айла жок да, табыт өз атасыныкы болгон соң катуу айта албайт. Кээ-кээде гана чыдабай кеткенде күңкүлдөп сүйлөнүп алганы болбосо…

– Ой атам ай, деги сооп табууга башка нерсе калбай калды беле бул жалганда?.. – деп бурк этчү ал. Чоң атам болсо анын минткенин деги чымын чакканча көрчү эмес. Өз оокатын кылдыратып отуруп шашылбай гана жооп берип койчу.

– Эмне болмок эле, балам? Килейген короонун эч ким баспаган жеринде турат, тыпыйып.

– Ооба, аны батырбай атканыбыз жок деңизчи. Бирок, ушу…

– Ии, эмне ушу?

– Түрү суук болуп атпайбы ата! Эртең эле сен да өлөсүң дегенсип турат го аның!

Чоң атам мында деле кебелчү эмес. Мурутунан гана жылмайып алып баягы айта жүргөн сөзүн таштап койчу.

– Коркпо балам, зыяны жок. Өлүмдү эстей жүргөндүн зыяны тийбейт. Анын үстүнө ушул аймакта көзгө басар табыт да ушул болуп жатпайбы…

Адатта кеп ушуну менен ада болчу. Атам кызаңдап ачууланып турса да, айла жок карманып басып кетээр эле. Чоң атам болсо анысын көрбөгөндөй, кудум эч нерсе болбогондой мемиреп отуруп ишин кыла берчү.

Элдин керегине жарган соң боз ала чаң болуп, кээ бир жаандуу күндөрү шалтактаган баткак болуп келген табытын таптаза кылып жууп, жарылып кетпесин деп бапестеп көлөкөдө кургатып, анан кайра ордуна койчу. Кээде, калпыс урунуп коюшабы, же жөн эле эскирип бараткан жерлерин жаңылап коюшум керек дейби, айтор, бөкчөңдөп жүрүп кычык-кучуктан, короонун кырларынан, түркүктүн түптөрүнөн бир-эки карыш зым таап келип, аттишин алып бекитип калчу. Андайда улам бир туткасын тартып көрүп, тактайларын каккылап көрүп бир далай отурчу да, качан баары чыкыйып бекемделди дегенде гана короонун күн да тийбеген, суу да өтпөгөн жерине кынаптап, кырдап койор эле. Ооба, кайра эле кимдир бирөө сурап кетмейин бул табыт ошондой обочо жерде бөтөнчө буюмдай кастарланып турчу.

Анткени менен атам да ошол бойдон жөн кала албайт. Бир күнү ал шашпай отуруп, түшүндүрүп көрмөй болду.

– Атаке, табыттын бизде болгону жакшы эмес го дейм. Үйдө бала-бакыра бар дегендей, – деди ал. Бирок чоң атам ага деле муюган жок.

– Жакшыбы, жаманбы аны өзүң бил, балам. А адам баласы сен кааласаң да, каалабасаң да бир күнү бул жарыктыктан кете берет. Элдин керегине жарап турган оокатты жаман деп айта албайм. Мен эртең өлүп калсам эмне кыласың? Эки тактайды чүргөй салып узатаман жаткызып, алпарып көмүп таштайсыңбы?!

Кызыгы, атам шашылбай, кечке жүйөөлөшө турган болуп келгенде чоң атамдын ачуусу келип, кызаңдап сүйлөтпөй салаар эле. А эгер атамдын ачууланып турганын көрсө, ал кайра шашпай гана сүйлөп отуруп, жинин какчу. Мына ушундай ыкмасы менен далайга баласына моюн бербей, табытын кастарлап урунуп жүрдү.

Кээде чоң атамдын табытын жууп-тазалап, сырдап отурганын көрүп «Чоң атамда жүрөк деген калбай калган го?» – деп ойлончумун. Дайыма өлгөн адамдар жаткан, дайыма мүрзөгө барып келип турган нерсени ушунча убакыт кармалап, сыйпалап отурганы мени укмуш таң калтырар эле.

Ошентип, убакыт өтүп жатты. Жаз өтүп, жай келди. Жай кетип, күзгө ордун таштады. Дүпүйгөн бактардын саргарган жалбырактары кудум акыркы ирет күнгө какталып, акыркы ирет жарык дүйнөнү көрүп калгысы келгендей бутактарына бекем жабышып, өлүмдөн бир аз мөөнөт тилегендей дирилдей жандалбас кылат. Ошондой күндөрдүн биринде атам сырттан кызуу болуп келди. Негедир ачууланып, туталанып алган. Түз эле табытка барып калдырата сүйрөдү да, отун керткен тушка барды. Ал жерде чоң атам дайыма кайрап, кол тийсе шылып түшчүдөй жалаңдатып койчу балта дөңгөчкө чабылып турчу. Шадылуу колу менен ошону бир силкип жулуп алып, табытты ары-бери койгулап балжа-булжа кылып таштады.

Мен болсо бир чети ичимден кымыңдап, бир чети эми эмне болор экен дегендей үрпөйүп берээкте карап турам. Чоң атам адатынча аттын ээр-токумун кармалап, бирдемесин жамап-жазгап далисте отурган. Капилет карса-курсту угуп тура келген экен. Бирок, ал убакта баары кеч болуп калган. Таш-талканы чыккан табытты буту менен нары шилеп аткан атамды бир карады да:

– О атаңды, арам сийдик!.. – деп алып кайра басып кетти.

Башка эч нерсе деген жок. Кайра барганында эмне болгонун, кандай абалда калганын билген жокмун. Ошол билбей калганыма да шүгүр…

Ошентсе да табытка келгендердин изи көпкө сууган жок. Баягыдай эле үңкүйүп, маанайы жок келген адамдар биздин “Табыт жок” дегенибизди укканда ого бетер баштары салбырап, ого бетер түнөрүп кайра тартып жатышты.

Алардын андай абалы чоң атамды да кыйла кыжалат кылар эле. Атама ачуусу келип туталанып отуруп, өз бөлмөсүнө кирип жок болчу.

Ошондон көп өтпөй сакалы куудай агарып, жашы кыйлага барып калган чоң атамды да оору басты. Ушуга чейин баландай жерим ооруду, түкүндөй жерим сыздады дебей, тыным албай кыймылдап тың жүрчү жарыктык, бир заматта шайы кетип, төшөк тартып жатып калды. Акыры жедеп алып кетип, дааратканага да чыга албай калганда кайтып бутуна турбасын түшүнгөн атам «Көзү барда көрүп кеткиле” деп тууган-туушканга кабар айттырды.

Туура эле болжогон экен. Алыс-жакын тууган чогулуп, эми учурашып үлгүрүп калган күнү бул жалган менен кош айтышты.

Эсимде, коңур күздүн салкын тарткан кечке маалы болчу. Эртең түшкө жуук сөөктү акыркы жайына узатабыз деп турушкан. Камбылсынган атам эртең жуп жөнөйбүз дегенде дүрбөп калбайлы деп инисин чакырып, табыт керек экенин билдирди.

Ошентип табыт издемей башталды. Жашыраак агаларыбыз бирде тигил жакка чуркап, бирде бул жакка чуркап жок издеп калышты. Унаасы барлар унаасы менен кетти. Телефону барлар телефон чалып жатышты. Түн бир оокум болгонго чейин табыты бар болушу мүмкүн деген кишинин баарынын эшиги кагылды. Бирок бирөө да жолдуу келген жок. Баары тең колун куушуруп, эмне кыларын билбей кайтып жатты. Ичимен “Эмне чоң атама окшогон жандар калбай калганбы? Же бул түрү суук немеге күн түшөөрүн баары унутканбы?” деп ойлоп жаттым. Таң атканча издешти, же бир майнап чыксачы.
Кудай ургурдуку, килейген шаарда табыт жок деген эмне?!.

Качан таң агарып, эл туруп калганда эшиктин алдына кимдир бирөө машинеси менен пайда болуп:

– Эй, бир-экөөң бери келчи, – деп калды. Барсак машинасынын артында тактайлары жешилип, зым-зуму үзүлгөн, ийреңдеген эски мыктары саргарып дат баскан шалдыраган табыт жатыптыр. Түндөн бери карайлап таппай, айлабыз кетип турган жаныбыз ушуга да шүгүр деп, жеңилдеп калдык.

Ошону менен а бу дегиче күн көтөрүлүп, жаназа окулду. Артынан эле казганактаган эл менен сөөктү табытка салып, мүрзөнү карай бет алдык. Чынында буга чейин бул жолдон далай өткөм. Бирок ушул убакка чейин мынчалык эски, мынчалык тарпы чыккан табыт көргөн эмесмин. Кайч-куйч этип шалактаган, бир аз тереңирээк арыктан аттай койсо ортосунан чорт сынып кетчүдөй болгон араң жан неме элдин ийнинде эптеп эле кетип бараткансыйт. Буга чейин табытына чаң жугузбай, ар бир мыгын, ар бир зымын этият караган чоң атам мына азыр эски табыттан тура калып:

– Ай, балам! Балка-салка алып келе калчы. Мобуну оңдоп таштайын, – деп ийчүдөй болуп бараттым.Атам болсо ого бетер башын жерге салып, баягысын эстеп, беймаза болуп бараткандай.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.