Олжобай Шакир, жазуучу: “Роман жазуунун өзү мен үчүн ырахат болду”

Жакында Олжобай Шакирдин “Куюн доор” романы жарыкка чыкты. Бет ачары уюштурулуп, китеп окурман журтуна жөнөдү. Автордон жаңы романы тууралуу учкай кеп жана алгачкы пикирлерди сурадык.

Олжобай, “Куюн доор” аттуу жаңы китебиң кут болсун! Андагы тарыхый булактарды кайдан алгандыгың тууралуу айтсаң?

– Тарыхый булактын 2-3 вариантын издештирдим. Интернеттин заманы архивдик варианттарды кароого мүмкүнчүлүк ачып берди. Казак ханы Кененсары боюнча материал топтогондо орус булактарынан да, казактардан да карадым, анан, албетте, автордук миф да болушу керек, акырында тыянак чыгарууну ошол логикага алып келдим. Кененсарыны орустар 10 жыл кармап, Ормонду да тукурган. Орус падышачылыгынын түпкү максаты түрк мусулман калкы өзүнчө мамлекет куруп кетпесин деген чочулоосу болгон. Эң биринчиден, алар территорияга, жаратылыш байлыктарына кызыгын артышкан. Мусулманга мусулманды курал кылган, татарлардан тыңчы жалдаган. Контекстте бүгүнкү геосаясий абал маселеси турат. Жылып кирип, кийин керек болсо бай-манаптардын өздөрүнүн малын тооруган. Ак падыша бийлигине чейин кыргыздардын бай- манаптары малай жумшаган эмес. Орустарды көргөн бай- манаптар арасында да малай, кул жумшоо өнөкөтү аралашкан. Ошону менен катар кыргыздын алабармандыгын ачып берүүгө аракет кылдым. Алсак, Үркүн окуясында Токмок чебин талкалайбыз дегенде, кыргыздын мүнөзү так эле азыркы 7-апрель, 24-марттагыдай болгон экен. Андан кийин эмне болобуз дебегенин, “эрдиги бар, эси жоктугун” көрсөттүм. Бүгүн Россияга барса деле кыргыздар тоносо, Үркүндө Кытайга барганда деле жандан чыккан баласын, койнундагы аялын сатып жиберишкен. Үркүнгө качып баратканда, эмчектеги балдарын калтырып качып кеткен учурлары кездешкен. Булар тууралуу башка улут өкүлдөрү айтса, бизге орой угулат, ошондуктан биз, кыргыздар, өзүбүздүн кемчилигибизди өзүбүз айта жүрүшүбүз керек.

Арасында казакча тексттер да аралашып кеткен экен…

– Дүйнөлүк адабият практикасында мындай мисалдар бар, алсак Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романында айрым тексттер французча берилип жатпайбы. Мен деле кээ бир диалогдорду казакча эле бергеним жакшы болор дедим.

Роман жазууда кандай кыйынчылыктар кездешти?

– Чыгармачылыкты кыйынчылык десек, туура болбой калат го, анда элдин баары жазуу ишин жыйыштырып койбойт беле. Тескерисинче, чыгарма жазуунун өзү рахат, бул учурда мен транска кирип иштедим. Чыгармачылыгымда “ана жазам-мына жазам” деп чыгынбай, калем кармабай жүрө берген учурларым бар. Мында эси-дартым образдарда, чыгармада болду. Күбүрөнүп-шыбыранып жыргап жүрө бересиң. Эч жакка жумушка чыкпай, китепке байланып иштедим. Бул мага мотивация болду. Мурунку муундагы аксакал жазуучулардын мындай чыгарма жазууга саясий эрки жеткен эмес. Болбосо башкалар деле жазмак да. Ошондон улам муну эмки муун, биз, жазышыбыз керек деген ойдо болдум. Үркүндүн азабын тарткан эски кишилерди издеп, алардын артында калган балдары, неберелеринен сурап чыктым. Чоң энемдерден мен да Үркүндүн азап-тозогун угуп калгам. Согушка чейинки ачкачылык тууралуу оозеки айтылып, бирок жазма адабиятта образ болуп түзүлгөн эмес. Салижан аке кыргыздар согушту, эмгекке үндөгөн чыгармаларды, анан сүйүү темасы тууралуу эле жазды деп айтып калчу эмес беле. Айткандай эле, эл арасында оозеки айтылып жүргөн менен, согушка чейинки турмуш образ болуп түзүлүп, жазылган эмес. Большевиктик бийлик зордук менен орноп, бай-манаптарды кулакка тартуу менен коштолгон да.

Китепти таратуу жагын автор өзү колго алышы керекпи?

– Бир бизнесмен бала келишим менен китептеримди дүңүнөн сатып алып, кайра элге сатып жатат. Алар окурмандарга жеткирип беришүүдө. Учур адабиятында биз базарды таппай жатпайбызбы. Окурмандар Россия, Баткен, Жалал-Абад, Оштон кантип китеп алабыз деп сурап жатышат. Түштүк тарапка жеткириш кыйын экен. Ушундай жагдайда мага бейтааныш эле бала чалып, китепти окурманга жеткирүү боюнча кол сунуп калды. Китептин нускасы 1000 даана, сатылышына жараша дагы жарыкка чыгарып туралы деп айтып атат. Былтыр “Эски тегирмендин орду” аттуу китебимди чыгарбадым беле. Эки жылдан бери үйдө отурганымда мени “Эски тегирмен…” жана “Афоризмдер жыйнагы” бакты да. Мен эки жылдан бери жалаң адабият менен жан багып келатам. Биз, акын-жазуучулар, өкмөткө догубузду арта турган заман кетти. Жаратмандар жазганыбызды бирөөгө колко кылбай, эл окуй турган эмгек жазышыбыз керек. Мен адабий чөйрөдө жана башка жактарда дагы бул китебимден уялбайм. Ошого жараша китебимди да бирөөгө бекер кармата бербейм. Мындай мамилеге өзүбүздү өзүбүз үйрөтүшүбүз керек. Бизде китеп рыногу болбосо дагы, адабий аудитория болсун. Биз баарыбыз совет мезгилиндеги классик жазуучулардын позасына кирип алган экенбиз, мен китеп сатуу үчүн жаралган эмесмин деп. Биз интеллектуалдык товарды саткандан такыр уялбашыбыз керек. Дегинкисин жаңы муун, жаңы тектеги акын-жазуучулар келиши керек.

 

ulan_turdalievУлан Турдалиев, адабиятчы: “Тарыхтын ачуу чындыгын бурмалабай берүүгө аракет кылган”

– Олжобай Шакирдин “Куюн доор” романы кийинки кезде чыккан мыкты чыгарма катары окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынат деп ойлойм. Анткени автор тарыхты терең окуп чыккандан кийин, андагы ачуу чындыкты бурмалабай, адилеттикти берүүгө аракет кылган. Буга чейинки тарыхый чыгармаларда же тарыхый окуяларды чагылдырган чыгармаларда кандайдыр бир деңгээлде эл аралык, алсак кыргыз-казак, кыргыз-орус мамилелерине доо кетет деген түшүнүк менен, айрым маселенин аныгына жетпей, жымсалдап гана өтүп кетишкен. Тарых барактарын ачсак, ачуу чындык сүттүн бетине каймак калкып чыккандай эле чыгып калат. Олжобай ошол эле учурда тарыхый ачуу чындыктын капканын гана ачып бербестен, кыргыз элинин башына оор мүшкүл түшүп турганда кыргыз эли сөз, биримдик, ынтымак менен кыйын кырдаалдан чыгып кеткен мисалдарын келтирген. Ошондой эле орустардын келиши, кыргыздардын Кытайга качышы, Кытайда жашаганы, репрессия мезгили, Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы турмушу чагылдырылган. Муну адамдардын жан дүйнөсүн ачып берген психологиялык роман катары кабыл алсак болот. Ошол кездеги элдин чыныгы турмушун, ар бир деталь, ар бир текстинде автор сонун нерселерди символдоштуруу менен ачып бере алган.

Бул чыгармадан менин дагы байкаганым–тарыхтагы уруш-талашты эле чагылдырбастан, казак-кыргыз мамилесиндеги кыргыздын сөзгө болгон аяр мамилесин, сөздү барктап-баалай билгени тууралуу да айтып атат. Орустар келгенден кийин кыргыздар сөз өнөрүнө маани бербей, баалабай, майдаланып баратканын да таамай келтире алган. Чыгармада кыргыздын жада калса өлүмдү да бийик койгону тууралуу сөз болот. Эгер Ажар аттуу каарман тирүү калып калса, орус баскынчыларынын курмандыгы болмок же Кытайга баратканда ашууда өлмөк. Ошол себептен ал аскадан бала-чакасы менен боюн таштап жатат. Бүгүнкү кыйчалыш мезгилде улуу кыргыз эли майдаланып кеткенин бир эпизод менен ачып бере алган. Шабдан дагы, анын уулу Мөкүш дагы көрпенде экенин, кыйын кездерде ал дагы кара жанынын камын көрөөрүн, бул адам факторундагы көнүмүш нерсе экенин көрсөтөт.

Көркөм чыгармаларда тарыхый каармандарды өтө көкөлөтүп жиберген учурлар бар. Олжобай Шакир андай кылбай, болгонун болгондой берип жатат. Чыгармада бир эпизод, көрүнүш кездешет. Көк жал карышкыр башына каран күн түшүп калганда түлкүнүн ийнине кире качкан жери. Бүгүнкү турмушта дагы ушундай болуп, күч келгенде адамдар бири-бирин сатып кетип аткан учурлары да кездешет.

Акырында айтаарым бул эмгекти тарыхый чыгарма деп эле жазып салбай, аны дагы көркөмдөш керек болчу.

 

Назарбек Байжигитов, журналист: “Олжобайды Ильяс Есенберлинге окшоштурдум”

– Бул роман жатык, адабий тил менен жазылган. Тарыхый, архаикалык сөздөр пайдаланылган. Автордун жазуучулук дарамети бар экени көрүндү. Кийинки кездери бизде казак-кыргыз мамилесин чагылдырган чыгармалар жокко эсе эле, бул жагынан китеп жакшы салым болуп калат деп ишенем. Мен казактын баласымын, роман кыргызстандык казактар үчүн баалуу чыгарма деп эсептейм. Тезек төрө – казактын белгилүү адамдарынын бири, айтылуу окумуштуу Чокан Валихановдун кайнатасы. Ал кыргыздарды тууганым деп эсептеген. Ал убактагы эл башкарган кишилер күнүмдүк турмушту ойлобой, биздин замандагы атка минерлерден жогору тургандыгы бул чыгармада байкалат. Алар казак-кыргыздын биримдиги, келечеги тууралуу ойлогон.

Тезек төрөнүн сүйлөгөн сөздөрү китепте казакча берилген экен, мен аны текшерип бердим. Казак кейипкерлердин сөздөрү өз тилинде берилгени туура деп эсептейм. “Казактын сөздөрү да кыргызга жакын, түшүнүктүү турбайбы” деген сезим пайда болуп, кыргыз-казактын түбү бир, бир тууган экендигин айгинелей түшөт. Жазуучу ошол кездеги уруу аралык маселелерди, казак, кыргыз, кокон жана орус карым-катнаштарын реалдуу чагылдырууга далалат кылган.

Романда акыркы казак ханы Кенесары (казактар ушинтип атайт) тууралуу да сөз болот. Кыргыз элинде Кенесары баскынчы катары караган пикир арбын. Олжобай Шакир Кенесарыны оң позициядан караптыр. Китепти окуган адамда “Кененсарынын максаты кыргыз бий-манаптарына бурмаланып жеткирилген. Ал ушул ушактын курмандыгы болду” деген ой жаралат. Мен билгенден автор биринчилерден болуп ушул пикирди айтып жатат.

Совет мезгилинде казактын Ильяс Есенберлин деген мыкты жазуучусу “Көчмөндүүлөр” деген үч томдук роман жазган. Ал СССРге аты чыккан чоң жазуучу эле. Калеминин арымына карап, мен Олжобай Шакирди Ильяс Есенберлинге окшоттум.

 

kyyas_moldokasymovКыяс Молдокасымов, тарыхчы: “Тарыхый роман жазуу жагынан такшала элек”

-Олжобай Шакирдин “Куюн доор” романынын Кененсарыга байланыштуу бөлүгү тууралуу айтсам, мунун башка романдардан бир аз айырмачылыгы бар экен, роман баяндама иретинде, Кененсарыны коргогондой мааниде жазылган. Кененсарыны орустарга каршы согуштарга кыргыздарды үндөп келди эле, кыргыздарга келгенде, көп бүлүк салбай, орустар менен кармашсам дедим эле деген арманын жазуучу өз тили менен чагылдырган. Тезек төрөнү кыргыздын каарманына жакындаштырып, башкача өңүттө бергендиги көрүнүп турат. Бул роман негизинен Төлөгөн Касымбеков ж.б. жазуучулардын стилинде эмес, баяндама иретинде жазылыптыр. Каармандардын өз ара сүйлөшүүлөрү баяндоо иретинде берилет. Ал эми Акбар Рыскулов “Атакенин Акболот ” тарыхый романында каармандарды бири-бири менен кайым айтыштырып, сүйлөштүрүп, башкача стилде жазган.

Жазуучу Олжобай Шакир башынан баштап кийинки жылдарга чейинки мезгилди көбүнчө өзүнүн элегинен өткөргөн. Тарыхты түшүнгөн адистерге, тарыхты жакшы билген окурмандарга бул чыгарма жеңил кабыл алынат. Автор 3-4 жыл аралыгында аракет кылган, изденген, айрым учурларда тактоо иретинде бизге, тарыхчыларга, кайрылган учурлары болгон. Бул көркөм адабият же жеңилдетилген публицистикалык стилде жазылган көркөм чыгарма катары тарыхты түшүнүүгө жардам берет. Ошол эле 1916-жыл болобу, же репрессия, же Казакстандагы ачарчылык жылдары кыргыздарга келип баш калкалаганы болобу, эки элдин ортосундагы мамилесине данакер катары кызмат кылат.

Чыгармада Кененсарыны бир аз актагандай, башкача өңүттө жазганы кыргыз окурмандары тарабынан башкачараак кабыл алынышы мүмкүн. Орус тыңчылары келип, Кененсары менен кыргыздарды чабыштырууга өзгөчө роль ойногонун ачып берүүгө аракет кылган. Тарыхый булактарда орус тыңчылары мынчалык деңгээлде аракет кылганы тууралуу маалымат жок.

Олжобай Шакир– аңгеменин устаты, жакшы жетилип бараткан жазуучу . Ал эми тарыхый романга келгенде ал али такшала элек, арышын жаңы гана баштады деп айтууга болот. Жалпысынан автордун бул чыгармасын окурмандар кызыгып окуйт деген ишеним бар.

Айгүл Бакеева, “Политклиника”

 

Олжбай Шакирдин “Куюн доор” романын сатып алуу жолу бул жерде.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.