Дароот-Коргон

Дароот-Коргон. Сансыз жылдардын санаты төгүлүп, сапар карып, ат арып, сан-миң өмүрлөр кыйылган жер. Опол того оронгон бул жерде айтылбай калган өктөм тарыхтын ырын ырдап, күүсүн черткен бир гана элес: бир тарабы көчүп, маанайы өчүп калган карт сепил.

Бу алп тоолордун кучагында тээ эзелтеден эч кимге баш ийип, кулдук урбай; амал кылып ажал келсе алдынан кыя тосуп айбыкпай найза сунган, кылычы кындан түшпөй, журт уюткусу бузулбай көчүп-конгон бир ууч Кыпчак уруусу атадан балага, муундан-муунга калган зор өмүрдүн нарк-насилин төмөндөтпөй, урпагына шеек келтирбөө мыйзамын бек тутуп жашап турган. «Жерине жараша эли» деген эзелки эл сөзү бекер айтылган эмес белем. Бу чөлкөмдө таң агарып атканда аалам акактын суусуна жуунуп алгансып, көпкөк асман, тээ алда кайдан шаңкайган улуу тоолор дапдаана көрүнүп, чексиз кенендик, бейкуттук сезилээр эле. Анан түш ообой капылет шамал чыгып, добул уруп, көтөрүлгөн чаң нөшөрлөгөн жамгыр менен аяктап, ээ жаа бербеген Кызыл-Суу нугунан улам оодарылып, күпүлдөп жар кемирип агаар эле. А эл болсо, алп тоолордун колтугуна баш калкалап, күнүмдүк турмуштун лазатын татып, жай баракат жашап, анан бир туруп кадимки тоо карышкырларындай тынымсыз жортуп, чыгыштан Кашкар, батыштан Кара-Тегин менен жоолашып, капылет изин жашырып, коктудан-коктуга, тоодон-тоого ооп, сиңип кетээр эле. Бу бир ууч элге эч кандай үстүртөн келген өкүмдарлыктын, бийликтин кереги жок болчу…

Бирок, ушул кезде Кокон хандыгы улам кеңейип, Кудаяр хан экинчи ирет бийликке келип, Тыяктан Кара-Тегин вилайетин колго алып, өз бийлигин Чоң-Алай өрөөнүнө чейин жайылтуунун үстүндө кам көрүп жаткан. Кан жиберген «Кара тумшук бүркүт» Кул датка болжол менен 1864-жылы абал баардын алды менен миңге тете колдун коштоосунда эч каршылыксыз Дароот-Коргонго келип түштү.

Улуту тажик болгон Кул датка Кара-Тегин вилайетин Кокон хандыгына кошууда Кокондун, Маргалаңдын айланасында жашаган тажик урууларынын башын бириктирүүдө өзгөчө кызмат кылганы үчүн Кудаярхан өз колу менен «датка» деген наамды ыйгарган ишенимдүү адамы эле. Кебете-кешпирин караган адамга кадимки тапка келген бүркүттөй чамынып, кочкор тумшук мурдунун астында оозун жапкан коюу кара муруту ого бетер каардуу кылып көргөзчү. Ошондуктан аны «Кара бүркүт, кара тумшук» деп аташчу.

Ошол эле жылы Кул датка Дароот-Коргон суусунун чыгыш тарабына коргонуу сепилин курууну баштады. Айылдан-айылга кыдырып, элдин мал-мүлкүн тоноп, төөнүн сүтүн, эчкинин жүнүн жыйдырып, азылган топурактын үстүнө жыйналган малды мууздап, канга жууруп, эчкинин жүнүн, төөнүн сүтүн коштуруп кийиз жаптырып тапка келтиртти. Бул болсо Кул датканын ата-бабасынан алып калган сыры эле. Канга жуурулган топурак таштай катып, төөнүн сүтү ширелүү келип, жаанга жуулбас касиетке ээ.

Сепил төрт чарчы келип, узуну сексен, туурасы алтымыш, бийиктиги алты метрди түзгөн, төрт бурчуна мунара тургузулуп, алардан атайын төрт тарапка мылтык атылчу тешикчелер коюлуп, түндүк тарабынан жалгыз дарбаза курулду.

 

Кыя чабылган кылыч

Мезгил закымдап, не бир тагдырлардын тамыры зыркырап жатты. Датканын камчысынан калган так жон сыздатып, кылыч кындан суурулуп кыя чабылар кез жакындап баратты. Жыл айланып, саратандын аптаптуу ысыгы жанга өтүп турган кези экен. Ошол күндөрдүн биринде катынпоз датканын нөөкөрлөрү Кара-Мык айылындагы айтылуу сулуулардын бирин датканын «ак никесине» алып барууга келишет. Бирок Артык бийдин аталаш тууганынын бир уулу ал кызды өзүнө нике кыйдырып, каршылык көрсөтөт. Кул датканын буйругу менен ал жигит күнөөкөр деп табылып, байланып келинет. Кеч бешимде Артык бий Дароот-Коргонго келип: «Жигитиме жан соога кыл, датка» — деп сурайт. Ошондо датка: «Оо, бекзада, сунулган колду суурулган кылыч кеспес. Сөз бир, шарт бир болсун. Таң агарып, Кара-Кыяга күн жабышканча кырк дилде алып келбесеңиз айып этпеңиз, ажалга даба табылбас. Газага саям (өлүмгө буйругум) деген шарт коет. Ошол жай саратандын кыска түнүндө Артык бий атын катуу теминип, Кара-Мыкты көздөй келатты. Көңүлүнө тонгон муз сай-сөөгүн сыздатып, башаламан чакчелекей ойлордун санаасында баратып улам Кул датканын оозун жапкан кара муруту, тээ алда кайдан карагансыган заардуу көздөрү көз алдына тартылып, «Сөз бир, шарт бир болсун… Газага саям» деген сөздөрү кулагына кайра-кайра жаңырып, «уу кызталак, бул эки сүйлөбөйт» деп, узаган сайын кылчайып Кара-Кыяны карап баратты. Тээ Кашкар тараптан күн кылт этип жарыгын чачканда бет маңдайынан тосо чыкчу бул Кара-Кыя эртең бир өмүрдүн бар же жок болуучу мезгил сагатын ченөө кызматын аткармак. Мезгил — өмүр, мезгил — өлүм. Өлүмгө татырлык күнөө кылса анда иш башка. Бирок бул жаза, адилет жаза болбой ата-текке, уруу намыска шек келтирип жатпайбы. Анан калса бул аймакта сөзүнүн өтүмдүүлүгү, кадыр-баркынын жогорулугу жагынан Артык бийге тең келээрлик эч ким жок эле. Уламышка айланып бараткан чоң атасы Тилек батыр жөнүндө айтылган кеп анын күчүнө күч, намысына намыс кошуп, көңүлдүү уу-дууга толуп баратты. Тилек баатырдын тушунда эч бир жоо бут арапка батынып кол салган эмес экен. Эл оозунда айтылган кепке караганда Тилек батыр 15 жаш курагында жайдак ат минип, кароол дөбөгө чыгып, Каратегин тараптан келаткан жоонун алдын тоскон дешет. Ошондо келаткан жоо ат башын тартып, аскер башы «тээ жайдак ат минген өспүрүмдүн атынын жалында шам күйүп, эки тарабынан эки жолборс коштоп турат. Кайтпасак болбос, кызыр колдогон жан экен» деп кайра тартышыптыр. Ошол Тилек эр жеткенде эки жагына бирдей кылыч шилтеген баатыр Тилек сологой деген атка конгон.

Артык бийдин мындан башка да укканы бар эле. Бала кезинде атасы Курмушу менен Кашкардын Кыяк-Башы деген жерине барышып, жепирейген бир үйдүн ичинде сакал-муруту куудай аппак абышканы көргөнүн эстеди. Аны-муну, ата-текти сурап отурган абышка ордунан тура колдорунан өөп, чапандарынын этегине тооп кылып: «Оо, куш келипсиңер Тилек Кыпчактын перзенттери» — деп ээктерин кемшеңдетип көздөрүнө жаш кылгырып, мындай бир окуяны баяндаган:

– Бу, Сары-Таш, Кашкар тараптагы кыргыз атпайдын башына каран күн түшүп, калмактын кандуу кылычынын астында турган кез. Ушундай абал Тилек баатырдын кулагына жетип, көп кол менен келип, калмакты катуу кырып, элди канатына калкалап калат. Ошондо карыя атпай бүт чогулуп, баатырды ортого алып: «Тегиңиз ким, бурадар»—деп сурашса, «Кыпчак» деп жооп берет. Анда карыялар оо бурадар, сиз куп чакта келдиңиз (өз мезгилинде). Сиздин тегиңиз да, атыңыз да кыпчак болсун дешип, ак сакалдарынан ылдый бата тартышкан экен.

Бул түн терметип бараткан ошол Тилек баатырдын небереси Артык бий болчу. Тилек баатырдан төрт уул: Халыгул, Абдилла, Худаяр, Курмушу калган. Курмушудан Артык бий. Артык бий ошол ай-ааламга жылдыз толгондо Кара-Мыкка жетип, убада боюнча кырк дилдени алып кайтып келатканда Жар-Башынын талаасына жакындаганда, Сары-Таштан көтөрүлгөн күн Дароот-Коргондун Кара-Кыясын жаба берди. Бул мезгилде жаш кыздын койнунан жаңы козголгон Кул Датка нөкөрлөрүнө: «Карагыла! Күн кыяга жабыштыбы, Артык бий барбы» — дегенде, нөкөр «Күн кыяга жабышты. Жар Башынын боз талаасында эки шашылыш караан бар дегенче болбой: «Кеч болуп калган экен, күнөөкөрдү газага сайгыла» деп өлтүрүп жиберет. «Жолбун» бүркүттүн бул кылган жоругу Артык бийдин жүрөгүнө сайган канжардай тийип, катып Кара-Мыкка жетпей аттын башын Жекендиге буруп, Гайып бийдин алдына келет.

– Оо, бий аба, тиги жортуп келген жобун ит энеси өбө элек кыз алып, элдин мүлкүн талап… Не калды Гайып бизде? Не сый?.. Не урмат?.. Сөз ушул болду. Ошол күнү Гайып бий Кул датканын темир устасы Мамараимге киши жиберип жең ичинен алака түздү. Уста Мамараим Гайып бийдин кызматын кылган киши эле. Колунан көөрү төгүлгөн уста, сынган кылычтын жигин билгизбей улаган чебер болчу. Мындай жөндөмдүүлүктү көргөн Кул датка өзүнө уста кылып алган эле. Барган чабарманга уста Мамараим: «Байтеше тапка келгенде» деген жоопту айтты. Анткени коргондун дарбазасы жоон чынжырлар менен артылып жабылчу эле. Уста Мамараим байтешесин кайра-кайра согуп, эшик тартылган чынжырды чапканда эч майтарылбастан бөлө кесүүгө таптады. Байтеше тапка келгенде Артык бий, Гайып бий баш болгон жүздөй кыпчак үрүл-бүрүл караңгы талашта сепилди курчоого алышты. Чынжыр тарс үзүлүп, дарбаза ачылды. Кыпчактар сепилдин ичине кирип келишип, датканын желдеттерин каршылыксыз кармашты. Сепилдин ичине тигилген ак өргөөдө бейкапар отурган Кул датка бака-шакадан селт этип чочуп, керегеде илинген алтын саптуу кылычын кармап сыртка чуркады. Иштин жагдайын дароо түшүндү да, сепилдин чыгыш тарабындагы мунарага кире качты. Мунаранын астына өрт коюлду. Коюу кара түтүнгө кошулуп, Кул датка мунаранын үстүнөн баш бакты. Артык бий жакын келип: – Оо, кызталак! Жаман атка жал бүтсө… Кана, тапчы эми ажалга даба… Ташта кылычты, – дейт. Кул датка алтын сап кылычты Артык бийди көздөй шилтеди. Артык бий кача бергенде кылыч Байды жандап турган желдеттин чапанын тешип, курсагын жарып кетти.

Кул датканы Дароот-Коргон суусуна алып келгенде ай көтөрүлүп, түн ортосу болуп калган эле. Суу жээгине келгенде Кул датка Артык бийге бурулуп: «Руксаат этиңиз бий, акыркы жолу даарат алып алайын» деп кайрылат. Ошондо Артык бий датканы ээгинен көтөрүп: Ха, ит десе, шейит болгуң бар экен да, шарыят урган шерменде! Сендейге кыпчактын кылычын булгоого да болбос! Чап! Өзүнүн кылычы менен кыя чаап сал!—деп буйруганда чабылган кылыч сол мүрдөн кирип, өпкөнү тең бөлүп, ичеги-карындан өтүп, жамбаш сөөгүнө такала түштү. Кылыч кайра суурулган жок. Алтын сап айдын жарыгына жаркылдап турду. Кыпчактар сепилге кайра келбестен Жекендини көздөй тартышат. Эки күн өтпөй Гайып бий өзүн «датка» деп жар салды да, сепилди ээледи. Кудаяр хан өз бийлигин орнотуу үчүн Дароот-Коргонго Абдырахман аптабачыны баш кылып аскер жиберди.

 

Кутулбас кун

Оо, бир кезде атасы Мусулманкул аталыктын азаптуу өлүмүн көргөн Абдырахман өлүмдөн качып, баш калкалаар жер издеп, ушу алп тоолордун койнуна келген эле. Атадан калган жалгыз перзентти асырап өстүргөн да, алдына ат тартып, үстүнө тон кийгизип, жоо-жарагын камдаган да ушул эл эле. Кийин эр жетип, күчүнө толуп турган кезинде Кудаяр хан: «Кайсы күнү тоонун жапайы кыпчактарын ээрчитип чаап кирет» деген түпөйүл ойго кетип, тез издетип таптырып, атасынын кегин унутсун деп өзүнө жакын адам кылып алган. Эми минтип кандуу кылыч көтөрүп, өз кудугуна түкүрмөккө, бирден кармап башын алмакка бармакчы. Абдрахман адегенде бул жүрүштөн баш тартмакка далалат кылды. Бирок, Кудаяр хандын катуу кысымынан соң барууга аргасыз экенин айтып, Маргалаң кыпчактарынын төмөнкүдөй мазмундагы каты менен тымызын чабарман жиберди: «Чоң Алай кыпчактарына кабар кылгыла! Мен Мусулманкул аталыктын перзенти Абдрахман өз туугандарыма каршы аргасыздан чабуулга барам. Тамашанын белин ашып, Дүңгүрөктүн ичине салам. Жолду өзүм баштайм. Капчыгайдын эки башын бууп, үстүртөн таш камдагыла. Мен капчыгайдан өтө качкан соң, жолду бууп, ташбараңга алгыла. Тирүү калчулар болбосун! Абдрахман».

Бул кат Маргалаң кыпчактарынын чабарманы аркылуу Дароот-Коргонго жетти да, Гайып датканын колуна тийди. Гайып датка тез аранын ичинде капчыгайдын эки тарабына бештен он мерген отургузуп, Дүңгүрөктүн кырын ташка толтуртту.

Мына кагылыша кала тургансыган бет маңдай эки тоо. Тар капчыгайдын таманында жалгыз аяк жол. Таштан ташка жулунуп, суунун жаңырыгы бир калыпта дүңгүрөп, авазга чыгып турду. Балким, «Дүңгүрөк» деп аталышынын негизи ушудур.

Белгиленген мөөнөттө Абдрахман беш жүз сарбазды жанына алды да, эки күн жол жүрүп, Тамашаны ашып, Дүңгүрөктүн ичине кирди. Жол баштаар аптабачы колду токтотту да, мындан ары жолду карап келүүгө алдыга кетти. Тосмодон өтүп, колун өйдө көтөрдү да, «баштагыла» деп ишарат кылды. Мөндүрдөй жааган таштар беш жүз өмүрдү заматта жалмады. Бирин-экин качкандарын мергендин огу тосту.

Абдрахман Аптабачы атынын башын кайрадан Коконго бурду.

Ошентип, бул иштин жарасы улам ырбап баратты. Айласы кеткен Кокон ханы Каратегин бектери «Кул датканын куну куулбай калды» деп көкүтүп жатты. Маргалаңдын, Кокондун айланасындагы тажик бектерине да ушул эле соболду койду.

Кеч күздүн удургуган кара шамалы кошо Фергана тараптан чыккан кошуун тоо ашып, Текеликтин ичи менен келип, Дароот-Коргондун үстүнөн агылып түштү да, күн чыгыш Кашкар багытын тосту. Экинчи топ Каратегин тараптан чыкты да, Жерге-Тал, Сар-Талаа, Кичи-Кара-Мыкты басып, күн батыш улуу Кара-Мыкты тосту. Жоону Гайып датка менен Артык бий жүзгө жетпеген кол менен тосту. Көп колго туруштук бере албаган кыпчактар улам батышты көздөй чегинип отуруп, Жекендинин талаасына келгенде эки тараптын кысымында калды.

Артык бий боз тобурчагын оңго бурду да, тоскон жоого жеткирбей Балыктынын белин ашып, Текелик тоосун жамынды. Гайып датка Памирди көздөдү да, аттын башын солго буруп, сууга калды. Кеч күздө тартылып калса да, Кызыл-Суу кечүү берген жок. Чарчаган аттар суунун агымына карай кайрадан оңго чыкты. Утурлап чапкан кол Гайып датка баш болгон ондой адамдын башын жээкке жетээр менен чаап жиберишти. Баштар сууга кулады. Алардын арасында Гайып датканын бир тууганы менен өз перзентинин да башы бар эле. Агып бараткан баштардын артынан «Карма, карма», дешип суу жээгинде чаап жүрүштү. Кудаяр хандын алдында кун куулду деп алып барылуучу баш суунун тереңине карай агып, акыры чөгүп кетти.

Кун куулуп бүттүбү! Эгерде бүтсө эмне менен далилдемек? «Же баш, же аш бербесе, бул эмне деген эл» дешип чурулдап кала беришти. Чындыгында бул элге үстүртөн келген эч кандай бийликтин, өкүмдардын кереги жок эле…

Сакы Садыков

Р.S. Окумуштуулар Дароот-Коргон сепилин «Кокон хандыгынын тушунда Чоң-Алай өрөөнүндө 1821-жылы курулган. Ал тоолуу Алай аймагынын хандык бийликтин аскердик-акимдик таяныч түйүнү болгон (КР тарыхы. Энц. Сөздүк. Ф., 1990, 338-бет).» деп далилдешет. Бирок мунун канчалык чындыгы бар экени белгисиз. Мен бул баянды Тилек Баатырдын төрт уулунун бири Калыгулдун чөбөрөсү Кара-Мык айылынын тургуну Абсатар уулу Тойчубек абанын оозунан 1991-жылы жазып алдым. Тойчубек аба бул баянды Абдилланын небереси Анапиянын оозунан угуптур. Анапия Дароот-Коргон чебин алууга катышкан. Азыр Артык бийдин, Гайып бийдин, Мамараим устанын урпактары бар.

“Эркин тоо”, 10.05.2016-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Дароот-Коргон

  • 17.07.2018 at 01:50
    Permalink

    Ошол мезгилде Дароот-Коргондо бир эле кыпчактар жашаган эмес. Найман Тейит уруулары андан алда канча мурда отурукташкан.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.