Таш кордо – кыргыз элинин байыркы тамагы

Мергенчинин тамагы деп аталышынын себеби, илгери мергенчилер атып алган кийигинин этин талаада таштуу ысык чуңкурга думбалап же чокко, ташка кактап жешкен. Бул тамак кандай даярдаларын он жылдан бери таш кордо даярдап келе жаткан Саткыналы Жусупбеков айтып берет.

ТАШ ЧУҢКУР

Жер 1 метрдей тереңдикте казылып, таманына, капталдарына ылайдын же цемент аралашманын жардамы менен кыш кыналып коюлат. Кыштын ордуна таш койсо да болот. Кыш дагы, таш дагы от жакканда ысып, ысыкты көп убакытка чейин сактайт.

 tash-chunkur

 

ДУМБАЛАМА ТАШ КОРДО

Керектелүүчү азыктар:

Бир козунун эти (жиликтенет)
Пияз – 0,5 килограмм
Сарымсак – 2 баш
Татымына жараша туз, татымалдар
2 литр суу

Даярдоо ыкмасы:

  1. Кой эти бир аз катуураак болгондуктан таш кордо козунун этинен даярдалат (3 айдан 1 жашка чейинки козулар). Жиликтер сөөгүнө чейин тилинет, анткени маринад жакшы сиңет.

koy-eti

  1. Маринаддоо үчүн сууга туз, татымалдар, майда тууралган пияз, сарымсак кошулуп, этке текши сүйкөлөт да, муздак жерде 8 саатка чейин турат.

tk1

  1. Таш чуңкурга толтура отун салып, күйгүзөбүз. Отун бир саат ичинде күйүп, чок пайда болот. Кара жыгач, алма, өрүктүн отуну көпкө күйөт жана чогу көпкө муздабайт.

tk2

  1. Маринаддалган эт атайын илмектери бар темирлерге илинип, таш чуңкурга салынат.

tk3

  1. Алгач жыгачтан жасалган капкак, анан таар, андан кийин жылуулук чыгып кетпеш үчүн топурак менен жабылат.

tk4

Устукан тартылганга чейин боор менен куйругунан закуска даярдасаңыз болот.

tk5

Бышуу убактысы жайында 40 мүнөт, кышкысын 1 саат 15 мүнөт.

tk6

 

КАКТАМА ТАШ КОРДО

kaktama_tk

Керектелүүчү азыктар:

Эт – 5 килограмм
Уксус (9%) – 12 аш кашык
Сарымсак – 1 баш (майда тууралат)
Пияз – 5-6 баш
Лавр жалбырагы – 3-4 даана
Татымына жараша туз, татымалдар

 

Даярдоо ыкмасы:

  1. Алгач эт сөөктөрүнөн шылынып, жалпак-жалпак тилинет.
  2. Уксус, лавр жалбырагы, туз, татымалдар, майда тууралган пияз, сарымсак кошулган аралашма менен этти маринаддап, 2 саатка тыныктырып коюңуз.
  3. Чуңкур таштагы отун күйүп чогу калганда эт ташка жабыштырылат. 30 мүнөттө даяр болот. Таш чуңкурдун ордуна казан колдонсоңуз деле болот. Экөөнүн тең ооздору бекем жабылууга тийиш.

Таш кордону ар түрдүү жашылчалар, көк чөптөр менен кооздоп конокко узата бериңиз.

 

Жерди бир аз казып алып от жагып, үстүнө жалпак таштарды тизип да таш кордо жасоого болот.

kaktama_tk2

Сүйүн Кулматова, «Супер-инфо», №717 29-июль-02-август, 2016-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.