Азамат БОЛГОНБАЕВ: “Элден алып, элге тил менен жеткиребиз”

Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп
өтөм дүйнөдөн.
Толкундап бийик
үн менен,
Топтошуп алып сүйлөгөн,- деп акын Байдылда Сарногоев айткандай журтубуздун агы менен карасын тамчыдай төгүлгөн аруу тилеги менен жашырбай айтып келе жаткан төкмө акын Азамат БОЛГОНБАЕВ көөдөнү жарылып “Жаңы Агымга” маек куруп берди.

— Азамат мырза, “алыстан көрсөң миң киши, жанына келсең бир киши” демекчи, барга барпаңдап көппөгөн сиздей кичи пейил адам гана эл сүймөнчүгүнө айланса керек. Бул сиздердин устаттан шакиртке калган мурас болуп жүрбөсүн?! Себеби төкмө акындар баарыңыздар жөнөкөйлүктү тумар кылып келгендейсиздер?

— Бул эми жалпы акындарга тиешелүү элдик оозеки чыгармачылыкты, жалпы салттуу музыканы алып жүргөн инсандардын баарында жөнөкөйлүктүн жыты уруп турат. Жан дүйнөсүндө накта кыргыздын мүнөзү канча бийиктикке чыккан сайын элдин көкүрөгүнөн, көөдөнүнөн алыстаган эмес. Албетте мага да ошол устаттарымдын мурас катары калтырып кеткени. Менин карана турган күзгүм да ошол устаттарым. Бизден да терең, кенен ырдаган улуу инсандардын жолун улап биз да эл арасында, журттан алыстабай салтты улап келебиз.

Төкмө акындарды жалпы журт жандуу энциклопедия деп коюшат. Чындыгында көөдөндү бөксөртпөй, сөздүн гүлүн кайдан алып, кантип толтурасыздар?

— Төкмө акындык өнөр бул кыргыз маданиятынын туу чокусунда турат десем жаңылышпайм. Себеби биздин руханий байлыгыбыздын, басып өткөн жолубуздун, жамандык-жакшылыгыбыздын баары ушул акындардын чыгармачылыгында электен эленип элге жеткирилип келген. Ошондуктан кыргыз искусствосунун төрүндө турган төкмө акындык өнөрдү аркалап жүргөн инсандар дагы сейрек жаралат экен. Тарых тастыктап келген Токтогул атабыздын заманы, андан бери Калык, Алыкулдун заманы, андан бери келсек мына кечээ күнкү Эстебес, Ашыраалы аталарыбыз. Ал эми бул өнөрдү аркалагандар эгемендүүлүк доорунда деле сейрек чыгып жатат. Негизинен төкмөчүлүк сейрек жаралчу өнөр. Өзүңүз айткандай акындардын ой жүгүртүүсү кенен болуусу абзел. Кандай гана өзөктүү маселе болбосун өзүнүн чыгармачылык тажрыйбасы, өмүр өрнөгү аркылуу адабий чыгармага чейин сүңгүп кирип, өз ой жүгүртүүбүз менен окуп, кабыл алсак керек. Сиздин сурооңуздун өзөгү эл. Эл деген казына, эл деген түгөнбөгөн байлык. Биз элден алып, элге беребиз. Болгону акындардын тили менен жеткиребиз десем болот.

Өзгөчө өсүп келе жаткан жаштардын үлгүсү, карап түздөнөөр күзгүсү бул —маданият болуп эсептелинет эмеспи. Бирок ошол көрөңгө туура эмес болуп жаткандай… Себеби ошол маданияттагы чыгармачылык маани-мазмуну жок супсактай сезилет…

— Чындыгында сиз айткандай сапатсыз нерселер абдан көбөйүп жатат. Сапат деген кайсыл тармак болбосун биринчи орунда турушу керек. Эмнегедир биздин мамлекетте көрөрмандар, угармандар сапатка жакшы көңүл бурбай жатат, ошондуктан эл сапатты талап кылыш керек. Мамлекетибиздин идеологиясына, жаштардын жүрүм-турумуна кемтик кетирип жаткан жагдайлар жок эмес. Эми мунун баары убакыттын өтүшү менен өз калыбына келет деген ойдомун. Баардык нерселердин чаржайыт болуп, ар ким өзүнүн билгенин кылып, ээнбаштык болуп жатканы биздин туруктуу бир структурага түшө албай жатканыбыздан. Кудай буйурса мезгил алмашып бул нерсенин баарын тактап, калыпка салаар убакыт алыс эмес .

— Төкмө акындык өнөрдүн куржунунда кайнап, даамын татып жүргөнүңүзгө бир топ эле жыл болду. Айтайын дегеним Чүй облусу орусташып кеткен. Тили орусча чыгып, мектепти орусча бүткөн чүйлүктөрдүн арасынан кантип сиздей актаңдай акын чыкты деп таң калгандар жок эмес. Артка кайрылып алгачкы айтышыңыз жана эң биринчи байгеңиз жөнүндө айтып өтпөйсүзбү?

— Туура айтасыз, антип таң калгандар арбын. Бирок мен мектепке барганда эле комузум менен кошо барып, бала кезден эле өнөр дүйнөсүнө көксөөм күч эле. Ата-энем да мени колдоп, талантыма чоң түрткү бербесе мен бул өнөрдөн оолак болуп калмакмын. Айылда кароо сынактарда комуз чертип ырдап жүргөнүмдү уккан Абдылашым деген агайым мени Замирбек Үсөнбаев агайыбыз уюштурган фестивалга алып барды. Мен анда 7-класста элем, кантип ырдаганым эсимде деле жок. Болгону калыстардын элеси күнү бүгүнкүдөй эсимде. Себеби кыргыз маданиятынын бийик чокулары Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиевге окшогон каймактары отурган эле. Кийин мектепти аяктап, окуу жайга тапшырдым. “Айтыш” фонду ачылганда ошол жакка келип 2002-жылы жазында биринчи айтышка чыктым. Ошондо он сегиз жашка жаңыдан толгон кезим эле. Чү дегенде эле айтыштын ошол кездеги атамандары менен чыктым. Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Амантай Кутманалиев, Абдылда Нуралиев жана ыраматылык Майра жеңелерибиз тандоо туру жок эле айтышмай болушту. Калган үч акынды чүчкулак кармап тандады. Бирде бак чуркайт, бирде ат, бирде бап чуркайт деп коет го, багыман болуп ошондо менин атым чыгып калды. Мына ушинтип акындык өнөрүмдүн каалгасы ошол жылдары ачылды. Андан кийин “Талас таңшыйт” деген фестивалда айтышып, 3-орунду алып, диплом жана беш миң сом байге утуп алдым. Алгачкы байгем болгондуктан кадыры чоң болуп, беш миң сом беш миң доллардын салмагындай таасирдүү көрүнгөн.

— “Айтыш” коомдук фонду кыргыз маданияты үчүн ат көтөргүс зор эмгектерди жасап келет. Алдыда дагы кандай максат, тилектер бар?

— “Айтыш” коомдук фонду он беш жылдан бери кыргыз маданияты үчүн эбегейсиз чоң эмгектерди жасады деп мактана алам. Эл сүйүп, кадырлап жаткан акындардын чыгышына өбөлгө болду. 2001-жылы түптөлгөндөн бери ушул аралыкка чейин үч миллион доллардан ашык каражатты кыргыз маданияты үчүн сарптады. Бул каражаттын жарымы төкмөлөргө сарпталса, калганы кино тармагына жана калемгер адабий клубуна коротулду. Бүгүнкү күндө ар бир он күн сайын жаш акындарга сабактарды өткөрүп турабыз. Азыр илгеркидей ээрчитип жүрүп окуткан заман артта калды. Заман талабына ылайыктап көкүрөктөгү орошон ойлорду жаштарга айтып, оозеки баа жеткис байлык катары калтыруу максатында сабак беребиз. Быйыл он беш жылдык мааракени жана улуттук Көчмөндөр оюндарына карата эл аралык деңгээлде чоң айтыш өткөрөбүз деп турабыз.

— Төкмөнүн жубайы болуу деле татаал болсо керек. Айтайын дегеним жубайыңыздын да чыгармачылык чөйрөдөн экенин билгенибиз менен дүбүртү угулбайт го?

— Өнөр адамы менен турмуш куруу дагы өзүнчө түйшүк десем болот. Жөнөкөй эле мисалдарды айтсам, биздин кийимдер дайым таза, үтүктөлүү турушу керек. Себеби капилеттен эле той, концерттерге барыш керек болуп калат. Ошондуктан чыгармачыл инсандардын кадыры да, абройу да жубайына байланыштуу. Бул жагынан алып караганда кудайга шүгүр, кыраакы, иш билги келинчекке туш келгем. Азыр келинчегим үч баланы багып, тарбиялап үйдө. Өзү М.Абдраев атындагы музыкалык мектепти андан кийин консерваториянын комуз бөлүмүн бүтүргөн. Жакшы ырдайт, өнөр өлбөйт да, убагы келгенде ырдап элге кызмат кылчу мезгил алдыда.

— Акын катары бактылуулукту кандай сүрөттөп бересиз?

— Үй-бүлөм түгөл, эли-жерим тынч болсо мындан өткөн бакытты көксөгөн менен болобу? Анан да мен Төлөгөн Касымбековдун жанында жүрүп, кеп-кеңешин угуп, бүтүндөй кыргыз элинин түгөнгүс казынасына катарлаш басканым мен үчүн чоң бакыт. Улуу композитор Насыр Давлесовдун олуттуу ойлорун угуп калганыма ичиме батпай кубанам. Дегингиси мен жогоруда айтып өткөн чалкып жаткан океандай залкарлардын колунан кармап, саламдашып калганым мен үчүн айтып бүткүс бакыт. Акындар байлыкты эмес тагдырды бакыт деп эсептейт.

— Сиздер утуп алган байгени башкага өткөрүп берүүнү салтка айлантып алгандайсыздар.Тили кургап, жан дүйнөсүн арнап утуп алган байгени бирөөгө өткөрүп бериш кыйын эле болсо керек?

— Кыргызда эзелтеден улууга урмат, кичүүгө ызат менен мамиле кылуу салттуу көрүнүш. Биз ошол улуулардын учугун улап келебиз. Эгер тең чыгып калса жада калса бир күн улуу болсо да байгени ошого өткөрүп беребиз. Бир эле улууларга эмес жаңы чыгып жаткан акындарга дем берип байге өткөрүп берип койсоң мындан бетер шыктанып оргуган булактай эле төгүлүп-ташылып, такшалат. Кудайга шүгүр, бизде акындар арасында кынаптай түз сый-урмат бары мени кубандырат.

Чолпонай ЖАНЫШБЕКОВА, «Жаңы Агым», 22.06.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.