Байзаковдун жааларын баары билишет

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө Чолпон-Атадагы ат майданын аралай жаа жана камчы сатып жүргөн кол өнөрчү, уста жергиликтүү Жаркынбай айылынын тургуну Баттал Байзаковду жолуктурдук. Устачылыктан сырткары 2 гектар жерде балык чарбасында карп, сазан жана форель балыктарын өстүрөт.

– Жаа, камчыларыңыздын баалары канчадан?

– Жалаң мүйүз менен иштейм. 2014-жылы өткөн биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 3 жаа саткам, 1200 доллардан 1000 долларга чейин. Быйыл гунндар алды 1000 долларга. Дагы бирин казак жигити алды 1200 долларга. 10 камчы саттым 100 доллардан.

– Баалары өтө кымбат эмеспи, кимдер сатып алышат?

– Казакстандан президент НурсултанНазарбаевге деп алып кетишкен. Чеченстандын Президентине азыр деле буюртма берип алып турушат. Көбүнчө арабдар алышат. Мен өзүм буюртма менен иштейм. Мурда бир айда бир жаа даярдасам, азыр экини жасоого жетишип калдым. Менде баасы боюнча келишпөөчүлүк деген болбойт. Интернет аркылуу да байланыш бар. Алгач баасын сүйлөшүп алабыз. Бул жаалар нукура таза мүйүздөрдөн жасалат.

– Материалдарды кайдан аласыз?

– Элден, мергенчилерден сатып алам.

– Устачылыкты кимден үйрөндүңүз?

– 1983-жылы аскерде кызмат өтөп келгенден кийин Чуйков атындагы сүрөт окуу жайына тапшырдым. Мурдатан кызыгып жүргөндүктөн ушул жагына ооп кеттим. 8 жылда жаа тартып, жасаганды үйрөндүм.

– Өзүңүз да мелдештерге катышасызбы?

– Уулум Байзаков Азамат экөөбүз катышып эле келгенбиз. Бир аз түшүнбөстүктөр болуп быйыл катышпай калдык.

– Жаа менен канча аралыкка чейин атса болот?

– 200 метрге чейин траектория менен барат. 5-100 метрге түз эле атабыз. Кырчын жайлоосунда уулум 85 метрге атып бутанын дал ортосуна (ондукка) тийди. Элдер кол чабышты. Кээ бирлери чыгып акча беришти.

– Маегиңизге рахмат.

Асан Жунусов, «Эркин Тоо», 13.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.