Кыргыз жупкасы турса, кытай куксисин жебейли

“Апам өз колу менен камыр жайып, очокко бышырып жупка даярдачу. Андан кийин аны чоң чарага майдалап туурап, үстүнө сүттөн кошуп, бир аз шекер татытып туруп баарыбызга бөлүп берип тойгузуп коёр эле. Ошол даамды алиге чейин унуталбай жүрөм” дейт бүгүнкү каарманыбыз Кенже Асанова

Ооба, бүгүнкү күнү ошол энелерибиз мээримин төгүп жасаган тамактар унутулуп, кытайдын, орустун жасалма азыгын жеп жүрөбүз. Бирок, буга ким күнөөлүү? Албетте өздү баалай билбеген өзүбүз. Бирок, Кудайга шүгүр, учурда аз да болсо ары баалуу, ары пайдалуу улуттук даамдарыбызды көтөрүп чыгып, эл арасына, ал тургай дүйнөгө чыгаргысы келген адамдарыбыз пайда боло баштады. Мына кечээ эле шорону Шоро кылган Табылды Эгембердиевге суктанып, таң калып отурчу элек, эми бүгүн дагы бир жаңылыктын, дагы бир жакшы жөрөлгөнүн башы башталып отурат. Эмесе сөздү көп узарта бербей, так ушул жупканы “Жупка” кылган каарманга көңүл бурсак…

 

Апамдан калган өнөр

Бала чагыбызда апам курсагыбызды жупка менен эле тойгузуп койчу. Үй-бүлөдө 15 бир тууган болгондон кийин, баарынын курсагын тойгузуш кыйын болсо керек. Бир чарага толтуруп жасап берет. Баарыбыз жеп алабыз. Эртең менен жесең, кечке чейин ток жүрөсүң. Компаниянын атын “Нуска&К” деп атагынымдын себеби да ошондон. Апамдын аты Нуска эле. Баштапкы ойду апаман алдым десем да болот.

Негизи, жупка жасап чыгарсамбы деген идея 2000-жылдардан бери бар болчу. Анда студент кезим, жатаканада жашачумун. Ошол кезде кытайдын кукси деген тез татымдары чыгып аткан. Эми студентсиң да, бирде ток, бирде ач дегендей. Анан ошол куксиден көп эле жеген учурлар болду. Апам деле жасаган жупкасынан бир баштык толтуруп салып турчу, бирок бат эле түгөнчү. Кээде кытайдын зыян куксисин жегиче, өзүбүздүн жупканы ушу сыяктуу кылып чыгарып койсо болбойбу деп ойлоп койчумун.

kenje

 

Башында 10 даана менен баштагам

Оболу жупканы өз балдарыма жасап берип көрдүм. Балдарым жакшы жеди. Тамшанып бат эле түгөттү. Бул эмне деп кызыгып сурап да калышты. Ичимен “Менин балдарым жегенди элдин балдары неге жебесин?” деп ойлонуп калдым. Анан ошол ой менен жупканын алгачкы үлгүсүн чыгардым. Алгач апам жасагандай кылып эле камырын колго жука жайып, мешке бышырып алдым. Базардан 10 желим идиш сатып келип, аларга салыштырып, жаныбыздагы дүкөнгө коюп койдум. Элдер кызыгып алып жеп көрүштү. Эл кандай кабыл алып жатканын байкап көрүп, алардын ойлорун, кеңештерин уктум. Ар ким ар кыл сунушун айтты. Майы аз, тузу көп, же камыры калың дешти. Ошентип изденип жүрүп, 2015-жылы расмий жупка жасаган ишкана ачтык.

 

Күнүнө 500-1000 даана жупка

Башында камырын колго жайып жүрдүк. Кийин өндүрүш көбөйгөндө атайы жабдууларды алып келдик. Азыр баарын, жайганын да, бышырганын да техника жасап калды. Учурда ишканада 30га чукул жумушчу иштейт. Күнүнө болжол менен талапка жараша 500-1000 даана жупка чыгат. Келечекте өнүм көбөйсө, жумушчу да көбөйөт деп турабыз.

Мурда ар бир кардарга жупка эмне экенин айтып, ар бирине жекече таанытып турчумун. Антпесең бул эмне кытайдын тамагыбы, же түрктөрдүкүбү деп сурашат. Азыр жакшы, элдер билип, унутулуп калган кыргыздын нукура азыгы экенин түшүнүп калды. Кээде адамдар чалып: «Ушундай таза тамак чыгарып жатканыңа рахмат» деп ыраазычылык айтып калса, сүйүнүп калам.

 

Чет өлкөгө чыга баштады

Биринчи Бишкекке ачсамбы дегем. Бирок шаарга ишкана ачуунун машакаты абдан көп экен. Анын үстүнө Таластан да өнүм чыксын, Таластын да аты чыксын деп Таласка ачтым. Ишкананы ачууда бир тууган байкем Дуулатбектин да эмгеги зор. Анткени ал менин идеямды колдоп, ишти экөөлөп баштаганбыз. Ал өнүмдүн чыгышын көзөмөлдөсө, мен сатылышын, дүкөндөр менен сүйлөшүүнү колго алгам. Азыр жупканы шаардагы ири супермаркеттерден, дүкөндөрдөн тапса болот. Акыркы кезде Орусияга да чыга баштады.

 

100 пайыз адал, 100 пайыз таза

Баасы 40 сом болгондон кийин, кытай тез татымдарынан бир аз кымбатыраак. Ошондуктан арзан тамактар менен кантип атаандашасыз деп сурагандар болот. Жупканын курамында эч бир консервант, боёк жок. 100 пайыз адал, 100 пайыз таза тамак. Андыктан тамактын сапатына карап, ден-соолугуна кам көрөм деген адам өзү тандап алса керек. Мен деле арзан кылып чыгарып койсом болот. Мисалы, жасалма сары май кошуп, арзан сүзмө алып эптеп-септеп жасап койсом деле болот. Бирок мен адамдарга таза тамак сунуштагым келет. Дүйнө Кыргызстанды таза тамактын өлкөсү деп билсе дейм. Алдыда дүйнөгө чыга турган да пландар бар.

 

Жупкадан түрдүү тамактар жасалат

Мында ачыткы жок болгондон кийин ашказанга тез сиңет. Ооруканда жаткандарга, 6 айдан ашкан балага, жаңы төрөгөн аялга деп көп алышат. Негизи жупкадан тамактын түрүн жасаса болот. Аны элдер биле беришпейт. Мисалы:

Кытырак – тегерек жупканы алып эки бетине коюу сүттөн сыйпап жесе кытыраган таттуу жупка болот.

Жупкабургер – Ошол эле жупкага салат чөбүн, бир эки кесим колбаса, жумуртка, бир эки тилим помидор тизип, майонез, кетчуптан бираз кошуп үстү-үстүнө коюп гамбургер кылып жесе болот.

Оромо салат – Ал эми чоң жупкалар катуу болуп атпайбы, аны бир сыйра кайнак сууга сала койсо жумшара түшөт. Анан лаваш катары колдонсо да болот. Жумшарган жупкага майонез сыйпап, сабиз, бадыраң, дагы башка жер-жемиштерди майда туурап, бетине жайып тоголоктоп туруп, кыя-кыя кесип койсо салат болуп калат.

Чак-чак – Дагы бир түрү, жупканы майдалап сындырып балга же коюу сүткө аралаштырып койсо чак-чак катары да кетет. Ал эми карыларга өтө майдалап туруп бал аралаштырып берсе ден-соолугуна пайдалуу болуп, тасмалдын да көркүн ачат.

Учурда баардык талаптарга жооп берген биздин гана ишкана бар. Бизди туураган ишканалар да чыкты. Бирок алардын сапаты кандай экенин айта албайм. Ар бир нерсенин өз убагы болот дегендей, убагы келгенде, ишибиз бир нукка түшүп калганда, өндүрүштү кеңейтип, Кыргызстандын бардык аймактарына ачсакпы деп турабыз. Азыр жупканын 3 эле түрү чыгып жатпайбы, ал убакта ар кандай түрлөрү чыгып калат. Мисалы эт, пияз дагы башка азыктар кошулган тез татым болот. Бирок ал үчүн көп суммадагы каражат керектелет, албетте. Ошондуктан азыр аз пайыздагы узак мөөнөткө берилчү кредитке муктаж болуп турам.

 

Өкмөт өнүктүрөйүн дебейт

Биздин бийликтегилер өнүгөйүн деген адамга колдоо кылгандын ордуна, кайра этектен тарта бергени кейитет. Мисалы, ушул өндүрүмдү патенттен өткөрүү үчүн барсаң, тигини ал, муну ал, мынча сом төлө деп бюрократиялык процесстер ишти ого эле кыйындатат. Эптеп тырмалаңдап баш көтөрүп келе жатсаң башыңан басат. Мисалы, казактар көрө элек муну. Көрсө, шап эле илип кетип: «Биздин нукура тамак, Казакстанда чыккан» дешет. Анткени казактар жаңы нерсени жерде калтырбайт. Кыргыздын оюусу, боз үйү, көк бөрүсү да талашта турбайбы. Ошентип муну да бир күнү алдырып жиберишибиз мүмкүн.

 

Орозодо адамды ток кармайт

Жупканы өзгөчө ооз жапканда жесе, суусатпай, ток кармайт. Шартка жараша орозо кармабай калдым. Бирок биздин азык менен ооз ачып, ооз бекитип жаткандарды карап, бир аз болсо да сооп болуп жатат деп калам. Өзүм да кайрымдуулук иштери менен көп алектенем, балдар үйүнө ай сайын соопчулукка деп бекер жупка таратып турабыз. Андан сырткары, айрым мектептер менен сүйлөшүп койгонбуз. Аларга да өзүбүздүн колдон чыккан азыктардан берип, ыраазычылыгын алганга аракет кылабыз.

«Саресеп», 24.06.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.