Падышалардын аттары же Ахалтекин аргымагы – Кыргызстанда

Бардыгыбыздын көңүлүбүз Ысык-Көлдө өтүп жаткан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен байланып турган кез. Бул окуя 25 жылдык эгемендик жылдардагы эң эсте каларлык күндөргө кирип, тарыхта калары турган иш. Кыргыз эли бул күндөрү таш карыткан байыркы эл катары, өзүнүн доорлордон келаткан улуу дөөлөтүн, нарк-насилин, өнөрүн, салт-санаасын, дегеле дүйнөлүк маданиятка кошуп жаткан салымын толук ачып бере алды десек аша чаппайбыз. Ошол эле учурда Көчмөндөр оюну бизге коңшулаш же алыскы чет өлкөлөрдө жашаган тарых-тамыры бир элдердин да суктанарлык маданиятын да көрсөттү. Алардын бири II Бүткүл дүйнөлүк “Көчмөндөр оюнунун” алкагында, тили, дили бир эзелки үзөңгүлөш журт, түркмөн калкынын – өздөрүнүн 5000 жылдык тарыхы бар, көөнө тарыхка “падышалардын аттары” же “бүткүл дүйнөдөгү аттардын атасы” катары кирген Ахалтекин аргымактарын алып келишип, жигиттерин айтпайлы, кызыл гүлдөй чабандес кыздары ат жалында ойноп, өнөр көрсөтүшү болду.

Алардын ат оюндары, адамдын тилин билгенсиген аргымактарынын музыканын коштоосунда бийлеп бериши учурда Интернеттеги социалдык тармактардан түшпөй, кызуу талкууларды, суктанган пикирлерди жаратууда. Анда эмесе дал ушул “Асман аты” ахалтекин аргымактарынын тарыхта калган туяк издерине үңүлүп көрөлү.

 

Өзүбүз тууралуу эки ооз сөз

Кыргызда “ат адамдын канаты”,- деп айтылат. Бул сөздүн СССР мезгилинде, айрыкча кыргыз турмушуна айыл чарба техникалары күргүштөп кирип келгенде ээрден ооп түшүп калган күндөрүн да көрдүк. Анын натыйжасында акыркы жүз жылдыкта, жер тандабай жүгүргөн, күндөп-түндөп чапсаң чаалыкпаган, коного чапсаң 80-100-120 чакырым жерлерден чыгып келип жүргөн нукура кыргыз жылкысынан айрылып калдык. Бир жагынан буга өзүбүз да күнөөлүүбүз. Түркмөндөргө окшоп, тээ мезгилдин катмарларынан кулак жаңырткан дүбүртү угулуп турган, даңк-даңазасы бүгүнкү күндөргө чейин айтылып келген, легендарлуу Байтиктин Кер кашкасы, Бекболоттун Нарбашы, Кыдырдын Тайкашкасы өңдүү (баарын атап отурбайын) тунук тулпарлардын тукумун сактай албай калдык.

Ушул эле эгемендик жылдары дүйнөгө таанымал ипполог (жылкы тукумун иликтөөчү) Жаклин Рипард келип, кадимки кыргыз атын сыйпалап, таппай калганда башыбызды бир муштадык. Ал азыркы айыл-ападагы “кыргыз аты” делген аттарыбызга “болгону кыргыз аты тибиндеги” аттар деген баа берип, кийинки мезгилде Памир чөлкөмүнөн издеп кетти окшойт.

Бирок шүгүрчүлүк. Ушул эле II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда 80 чакырым аралыкка чабылган аттардан “Ак-Кула” аттуу кыргыз күлүгү биринчи орунду алды. Сүрөтүнөн нукура кыргыз аты окшоп турат. Демейки ат чабыштарда эң алыскы аралык 25 чакырым болсо, бул жолу “Көчмөндөр оюнунда” аралык 80 чакырым болгону ат чабыштагы байыркы салтыбызга үндөшүп жатпайбы. Ушул жол менен жүрүп отурсак кыргыз атын калыптандырып алаарыбызга үмүт чоң.

Айтайын дегеним кыргыз аты сыртынан комсоо көрүнүп, бой-келбети көңүл тойгузбай турганы менен өтө чыдамдуу, чаалыкпас келет. Ал карапайым кыргыздын кудум өзүндөй басмырт. Бирок алыскы аралыкка чапканга мына ошолор жарайт.

 

Падышалардын же асман аттары

Жылкы баласына келгенде адамзат тарыхында ушунчалык суктануу менен сөз болгон, не бир кан төгүлгөн согуштардын себепчиси же токтотуучусу болуп келген, атагы жер силкинткен падышаларды суктантып, бир мингенге куштар кылган, ааламдагы аттардын атасы аталган, күнү бүгүн королдордун, президенттердин шилекейин агызып, мамлекеттер аралык сый мамиленин туу чокусу саналган, 5 миң жылдык тарыхты карыткан ушул түркмөндөрдүн Ахалтекин аргымагындай бай тарыхы бар бир дагы жылкы баласын атай албайсың. Атургай айрым мамлекеттер анын туягындай да тарыхы жоктугун эске алып койсок.

Жер карыткан түркмөн элинин адамзат маданиятына кошкон улуу салымы да ушул болду. Ахалтекин аргымагы тарыхка алгач Дабан аттары катары кирген. Улуу Кытайдын бичигине (байыркы кол жазмалар же аалам летописи) майда -чүйдө маселелер түшө бербейт. Андагы тарыхый булактарда азыркы Түркмөнстандын аймагы Дабан аталган (бүтүндөй Фергана же Паргана аймагы). 2004-жылы «Шинжан эл басмасынан» чыккан «Кытай жазмаларындагы кыргыздар» аталган китепте мындай маалыматтар бар. “…Дабанда катуу чуркаганда көкүрөгүндөгү кан тамыры жарылып кетип, шүүшүндөп кан аккан сайын талбай чуркаган асман аттары бар”,- деп айтылып, кытай императору ал ат үчүн адегенде ат башындай, андан кийин ошол аттын турган турушундай алтын сунуш кылганы, аягы согуш менен бүткөнү айтылат. (Аныгында эле ахалтекин аргымагынын кан тамырлары сыртка тээп, көөп тураарын белгилешет иппологдор).

Жер заманда ушул Дабандын (Фергана) Түркмөнстан менен Иранды бөлүп турган айтылуу Копет-Даг тоо кыркасынын Ахал аталган чөлүндө түркмөндөрдүн текин деген чоң уруусу жашаган. Бул аргымактардын “Ахалтекин” деп аталып калыш себеби да ушул эл-жердин атынан улам келип чыккан. Андан бери доорлор алмашты, кыргызча айтканда тоо, бузулуп коо болду. Бир гана аргымагын аялынан, баласынан жакшы көргөн (бул ат тууралуу китептерде ушинтип жазылат) карапайым түркмөн калкынын ахалтекин аргымагына бир тамчы бөтөн кан аралаштырбай, 5 миң жыл мурда кандай болсо, дал ошондой сактап келишкенине суктанбай, башыңды ийбей да кое албайсың.

Окумуштуулар байыркы Бактриянын (ага Түркмөнстандын азыркы аймагы да кирет) падышаларынын аттары ахалтекин аргымагы болгонун жазышат. Ага караганда Персиянын императору Мидий падышасынын кызына дал ушул аргымакты алуу үчүн үйлөнүптүр. Александр Македонскийдин легендарлуу Буцефалы да ушул аргымактан чыккан деген сөздөр бар. (Айтылуу саякатчы Марко Поло Буцефалдын тегин сүрүштүрүп, ушул аргымактан чыгарган). Александр Македонский Бактриянын ханынын кызы Роксананы алгандан кийин гана бул аттарга кең-кесири колу жетиптир.

Ошондой эле Рим империясынын атканаларын көрктөгөн да ушул аргымактар болуптур. Дагы бир Рим императору Пробу бир күндө 150 чакырымды басып өтө алган ахалтекин аргымагын тартууга алганын таң калуу менен жаздырып, тарыхка калтырып кеткен. Персиянын падышасы Улуу Дарийдин, оо кийин кадимки Чыңгыз хандын да көңүлүн көккө учурган аттар да ахалтекин аргымактары болгон дешет жазма булактар.

Айтылуу Геродот “Мидиянын Нисея деген чөлүндө керемет аттарды багышат”, – деп жазат. Байыркы Нисея шаарынын урандылары азыркы Ашхабад шаарынын алдында калган. Ошол эле Македонскийдин жүрүшүн чагылдырган жазмаларда: “мындай аттар бир да өлкөдө жок, алар кызуу кандуу, курч, чыдамкай, өңү ак же ачык түстө, же болбосо таң нурундай шоокумдуу”,- деген жазуулар бар.

 

Биздин Манаста…

Кыргызда аттын асылын байыртан аргымак дешет. Бой-турпаты келишкен, сулуудай суйсалган, качсаң жеткирбеген, куусаң куткарбаган, оңой менен колго тийбеген малдын асылы. Көбүнчө бектер-хандар минчү. Биздин Манаста да Букардын ханы Темиркандын кызы Каныкей энебиздин, жер чалып жүрүп Букарга барып калган чуулу Чубакты Кара кашка аргымак минип майданга чакырып, бир сайып жүрөгүн түшүрүп, анан Көгалага камчы уруп артын карабай качкан Чубакеңди Таласты беттеп кууп баратканы айтылат:

Будур-будур бел келсе,
Эр Чубактын Көгала,
Букадай мойну бултулдайт.
Адырмакка келгенде,
Каныкейдин Кара кашка аргымак,
Ай кашкасы жылтылдайт.
Ээн талаага келгенде,
Жер айрылып закымдап,
Каныкейдин Кара кашка аргымак,
Көгала минген Чубакка,
Жетмек болду жакындап.
Чубак качат закымдап,
Каныкей барат такымдап…

Ошондо астынан Бакай, Манастар чыга калбаганда ай ким билет, ким билет…Бул эми улуу эпостогу аргымак тууралуу бир сүртүм.

 

Соңку тарыхта

Тегин жеринен дүйнөгө таанымал ипполог В.О.Витта кезегинде “ахалтекин породасы – бүткүл дүйнөлүк аттардын алтын фондусу, анда байыркы кандын тамчысы агып турат” деп белгилебесе керек. Теңдешсиз араб жылкысы да ушул породанын бир бутагы делет. Башканы коюп Россияны алсак, Дон тукумундагы аттардын же Орус аргымагынын атасы ушул порода болгонун тартынбай эле жазышат. Орус булактарында мындай айтылат:

  • Петр I Полтава согушунда ахалтекин породасындагы бээни минип согушкан.
  • Маршал Жуков ахалтекин аргымагын минип парад кабыл алган.
  • Хрущев Англия королуна ахалтекин аргымагын тартууга берген.
  • Президент Сапармурат Ниязов бул атты өзгөчө урматтап, Д. Мейджорго, Ф. Миттеранга, Б. Ельцинге, В. Путинге белекке берген.

Кызыгы совет мезгилинде башка аттарга салыштырмалуу башкы көңүл дал ушул Ахалтекин аргымагына бурулуптур. Аны бурууга аргасыз кылган да түркмөндөрдүн өздөрү болду. 1935-жылы түркмөн атчандары Ашхабад-Москва маршруту боюнча 300 чакырымдык Каракум чөлүн аттарына бир ууртам суу ичирбей, бир тал чөп бербей эки күндө басып өтүшкөн. Ошондон тарта бир гана Түркмөнстанда өстүрүлүп жаткан бул аргымактар Россия, Казакстан республикаларында атайын жылкы заводдордо өстүрүлө баштайт.

Айла жок экен, Ахалтекин аргымактары өзүнүн баягы эле асылдыгын көрсөтүп, дүйнөлүк олимпиадаларда СССРдин атын дүңгүрөтүп чыгарып турду. “Араб” аттуу аргымак 2 м 12 см бийиктиктен секирип дүйнөлүк рекорд койсо, анын тукуму Абсент (атасы Араб, энеси Баккара) 1964-жылы Токио, андан кийинки Мехико Олимпиадаларда чемпион болду. Азыр Казакстандын Луговский жылкы заводунун алдында бул легендарлуу аргымактын эстелиги турат.

Ошондой эле бул аргымактар койгон дүйнөлүк рекорддор эмгиче кайталана элек, Мисалы: 1000 м – 1 мин 03,5 с, 2000 м – 2 мин. 11,5 с, 2400 м – 2 мин 42с.

 

Касиети

Бул аргымактар кылымдардан бери аңыз болуп келаткан касиетин толук сактап калган. Анын ээсине абдан берилгендиги, башка адамды өзүнө көп анча жолотпосу, ээсин эч качан жолдо-белде калтырбай тургандыгы тууралуу толуп жаткан мисалдар айтылат. Бул аргымакка тиешелүү эң башкы касиет эч качан семирбей, ичи сыртына май албай, дайыма тапталган аттай шымдактай болуп турушу. Ошондой эле айбандардын падышасы арстан өз күчүн билгендей, аттардын падышасы Ахалтекин аргымагы өз күчүн жакшы билгендиктен, өтө сыймыктуу, намыскөй келишип, өзүнө сый мамилени талап кылышат. Камчы чаап же орой мамиле жасаганды эч качан кечирбейт, тиштеп, тээп, чапчып салышы мүмкүн дешет түркмөндөр. Анан калса бул асылга камчы деле чаппаса керек.

Ахалтекин аргымагы чөлдө өскөнүнө карабай, мээ кайнаткан ысыкты, аяздуу суукту бирдей көтөрөт. Көп күндөр суу ичпей да жүрө алышат. Бул аттар өтө курч, учкаяк келишет. Ошол эле учурда алыскы жуукту да ылгабай жүгүрөт. Жүнү тайкы келип, жогоруда айткандай кан тамыры сыртка чыгып турат.

Ахалтекин аргымагы өңү боюнча да айырмаланып, көргөндүн көз-кумарын кандырат. Көбүнчө бир түстө болушат. (Чымкый сары, ак боз, кум түстүү, капкара). “Изобелла” аталган алтын же күмүш сымак өтө сейрек түс – дүйнөдө ушул Ахалтекин аргымагынын гана ырыскысына бүтсө керек. Негизи улуу тарыхы бар Ахалтекин аргымагы тууралуу айта берсе сөз бүтпөс…

Учурда бул аргымак Түркмөн элинин, дүйнөлүк маданияттын сыймыгы. Ал Түркмөнстандын гербин көрктөп турат. Ошондой эле Түрмөнстандын, Беларусь Республикасынын акча бирдигине киргизилген. Дүйнөлүк почта маркаларынын да бетинен түшпөйт.

Белгилүү болгондой Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ахалтекин аргымагынын анык күйөрманы. Бул өлкөдө алабай тукумундагы иттери, Ахалтекин аргымагы мамлекет тарабынан корголот. Сыртка чыгарылбайт. Жыл сайын президенттин байгесине ат чабыштар уюштурулуп, ал өлкөдөгү маанилүү окуя катары каралат… Аргасыздан бизде да өзүбүздүн маданий мурастарыбызга (тайгандарга, алгыр куштарыбызга, аттарыбызга) ушундай мамиле болсо деп кетесиң….

Сөзүмдүн аягында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна түркмөндөрүн Ахалтекин аргымагынын келиши, чоң маданий окуялардан болуп калгандыгын кошумчалай кетейин.

Темирбек Алымбеков, «Кабар», 08.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.