Спортту кыргызча “сүйлөтө” алабызбы?

Ошентип, Көчмөндөр оюндары соӊуна чыкты. Кыргызстандыктардын көңүлүн көкөлөтүп, чечекейин чеч кылган фестивалдан алган жакшы таасир жүрөгүбүздө дагы көпкө сакталат.

Эми эмне кемчиликтерди кетирдик, кандай өксүктөрүбүз бар – ушул маселелерди да ортого салып талкуулай турган күн келди. Бул баянымда мен спорт, улуттук оюндарды таасын чагылдырып, кыргызча жатык жана жетик тил менен элге жеткире алабызбы деген суроо тегерегинде ой чабыттагым бар.

Коомдук телерадиокорпорациясынын базасында Спорт каналынын ачылышы, аны менен кошо ЭлТР, НТС каналдары аркылуу Олимпиаданы, Дүйнө биринчилиги, Чемпиондор лигасы сыяктуу футбол боюнча ири эл аралык турнирлерди, Көчмөндөр оюндарын ж.б. маанилүү спорттук иш чараларды өз күчүбүз менен чагылдыра баштадык. Бул да болсо Кыргызстандын эгемен, өз алдынча мамлекет катары калыптанып калганынын күбөсү.

Ошону менен катар спорттук иш чаралардан талаптагыдай репортаж жасоого али чабал экенибиз айгине болууда. Албетте, эң кыймылдуу спорт оюндарын чагылдыруу жагынан биздин каналдардын техникалык, технологиялык мүмкүнчүлүктөрү азырынча чектелүү. Тажрыйбабыз да аз. Эми бул бара- бара чечиле турган иш.

Мен спорттук жана улуттук оюндарды КЫРГЫЗЧА алып баруу жагын кеп кылайын. Эл аралык ири спорт мелдештеринен репортаж берүү укугу КТРК менен НТС телеканалдарына таандык болгондуктан, жүз миңдеген күйөрмандар ушул эки каналдан гана көрүүгө аргасызбыз. Өз каналдарыбызга не жетсин, бирок тек төмөнкүдөй тантык сүйлөмдөрдү угууга мажбур болуп, итатайыбыз тутулуп келатабыз:

Дагы бир улак жаратканын көрүп турабыз

Дагы бир улакты тай казанга багыттаганын көрө алдык

Беш улак жарата алды

Кереметтүү соккуларды жараткан

Кереметтүү көрүнүштөр орун алып жатканын көрүп турасыздар

Эң бир кереметтүү улакчы

Улакка ээлик кылуу орун алууда

Ат чабыш орун алат

Топ дарбазадан орун алды

Кубаныч тартуулаганга мүмкүнчүлүк алганын байкай алдык

Кубаттуу өткөрүлүп берген топ

Бутка кирүү бар

Чалып жыгуу бар

Казакстанга каршы чоң каршылыкты жүргүзүшөт…

Бул мен жазып алган “кыргызча” сүйлөмдөрдүн азганактай гана тобу. Айла кеткенде телевизордун үнүн басып коюп, көргөн күндөр болду.

Бирок, мен алып баруучуларды же телеканалдарды күнөөлөгөндөн алысмын. Анткени, бул – баарыбыздын өксүгүбүз.

Кыргыз журналистикасында спорттук багыт быйыл гана башталып жаткан жок. Кыргызча спорт журналистикасына өткөн кылымдын 70 – 80- жылдарында из салынган. Анын башатында Тураш Каримбаев, Садырбек Чериков, Абдыманап Амиракулов сындуу кабарчылар турган. Алар өздөрү да спортко ынак болуу менен футболду, чуркоону, күрөштү, оор атлетиканы нукура кыргыз тилинде чагылдырууга күчүн үрөшкөн. Жаштардын “Ленинчил жаш” гезитинде спорт тиркемелерин чыгарышкан. Бул чыгаан журналисттер ЖАЗМА спорттук тилди калыптандырышкан. Ал кезде оозеки сүйлөмө, б.а., спорт мелдешин жарыша сөз менен баяндоо тажрыйбасы болгон эмес.

90- жылдары гезит атпайдын баары саясый темаларга “көмүлүп”, бир жагынан Кыргызстанда спорт да кризиске батып, спорт журналистикасы өнүкпөй туруп калды. Эске салайын: мен кыргызча спорт журналистикасы тууралу гана сөз кылып жатам.

Жаңы кылымдан тарта кыргыз журналистикасында спорт темасы бир аз жанданды. Заманга жараша сүйлөмө тил аркылуу тикелей репортаж берүүгө далалаттанган журналисттер пайда болду. Мисалы: Кабыл Макешов эл аралык мелдештерден “Азаттык” менен Би- би- сиге такай репортаж бере баштады. Жана, албетте, КТРК аркылуу спорт темасын кыргызча “сүйлөтүүгө” аттанып түшкөн Кубан Атабековдун репортаждары көпчүлүктүн кулагында калды.

Кубан спорттун бардык түрүн, улуттук (азыр көчмөндөр деп калдык) оюндарды кыргыз тилинде алып барууда. Бирок, бир катар сындардан кийин Кубан экрандан көрүнбөй калды. Акыйкаттык иретинде айтыш керек: спорттук мелдештерди кыргызча алып баруу тажрыйбасы жокко эсе болгондуктан, Кубан орус комментаторлордон үлгү алууга аргасыз болду. Орусча түшүнүктөрдү кыргызчалап, аны дагы нукура кыргызча кылуу далалатында кыргызча макал- ылакаптарды аралаштырып көрдү. Бирок спорттук берүүлөрү нукура кыргызча угулбай койду көрүнөт.

Кандай болгон күндө да, спортту кыргызча “сүйлөтүү” аракети үчүн деле биз Кубанга алкыш айтышыбыз абзел. Аттиӊ, анын артынан спорт мелдештерин алып барууга шымаланып келгенбалдарыбыздын кыргызча спорттук тили кандай экенин макала башындагы мисалдардан көрдүк.

Мен бул жигердүү жигиттерди да кызылдай сындоодон алысмын. Анткени, алар да жайдак жерге келип отурушту. Кубан Атабековдон башка ала турган тажрыйба, үйрөтө турган устат жок. Анын үстүнө угушумда кичинекей акыга иштеп жатышат. Ошого кайыл болуп, күнү- түнү уйкудан калып, Риодон алынын жетишинче репортаж берип келгендерине да ыракмат.

Бирок, менимче, кыргыз тили жарды, үнү кубатсыз, добушу басыӊкы, спорттун ыргагы менен теӊ жарыша жатык сүйлөй албаган алып баруучулар мындан ары экранга чыкпашы керек!

Спортту кыргызча шатырата “сүйлөтө” алган балдар- кыздар жок дейсиӊерби? Четтен чыгат. Андайлар күн сайын кечкисин тойканаларда тойлорду алып барып жүрүшөт. Бир кечте 400дөн 1,5 миӊ долларга чейин тапкан азаматтар телеканалдардын жарыбаган акысына келе коймок беле!

Мына ошол эле КТРКнын Спорт каналында снукерди – бул кыргыз эзели көрбөгөн британдык элиттик – төрөлөр оюнун кыпкыргызча “сүйлөтүп” жаткан Шайырбек Маматокторов бар турбайбы! Дегеле өтө чеберчиликти, акылды, башка жөндөмдөрдү талап кылган бул төрө оюндун Спорт каналынан чыгарылышы, аны Шайырбек сындуу өзү да ойноп, сырын билип, аны кыргыз журтуна жетик тил менен жеткире алган азаматтардын чыгышы кубантты, чоӊ үмүт туудурду. Мисалы, ошол эле ат оюндарын жылкы баласынын жалы менен чоӊоюп, сырын мыкты билген Кемел Ашыралиев деген ишмер агабыз шыдыр да, жетик да алып бармак.

Спорт каналы жумурай журтка кеӊири тарап баратканын эске алуу менен, мамлекет жана өкмөт бул каналды финансылык, техникалык жана кадрдык жактан бекемдөөгө көӊүл бурат деп күтөлү. Бюджетти бекитип жатканда Спорт каналынын өзүнө тике каражат бөлүшсө, арты кайырлуу болорунан шек санабайм. Бара- бара Спорт каналы өзүн өзү багып кетерин бөркүмдөй эле көрөм.

Ошону менен катар эл ичиндеги пикирлерди эске алуу менен КТРК, анын Спорт каналы кастинг (сынак) аркылуу алып баруучуларды тандайт деген да үмүт бар. “Манас” баш болгон оозеки чыгармаларды жараткан калың журт ичинен кантип төкмө алып баруучулар чыкпасын? Сөз жок чыгат.

Эми жогоруда келтирген тантык сүйлөмдөрдү кантип туура айтса болоруна токтоло кетейин.

Дагы бир улак жаратканын көрүп турабыз – улакты дагы бир жолу тайказанга таштаганын көрдүк.

Кереметтүү көрүнүштөр орун алып жатканын көрүп турасыздар – керемет оюндарга ортоктош болуп жатасыздар

Эң бир кереметтүү улакчы – эң бир шамдагай, карылуу улакчы

Улакка ээлик кылуу орун алууда – улакты батырак эңип алууга аракеттенишүүдө

Улакты карамаганы алды – улакты такымына басты

Ат чабыш орун алат – күлүктөр чабылат, ат чабыш болот

Топ дарбазадан орун алды – дарбазага гол (топ) кирди

Кубаныч тартуулаганга мүмкүнчүлүк алганын байкай алдык – күйөрмандарынын төбөсүн көккө жеткиргенин, черин жазганын көрдүк

Бутка кирүү бар – шак буттан алды

Чалып жыгуу бар – чалып жыкты

Алтын медалды багындырды – алтын медалды жеӊди, олжосуна басты

Гол жаратты – гол киргизди

Алтын медалды жеӊе алды – алтын медалды жеӊди

Оюн кереметтүү деңгээлде жүрүп жатат – оюн курч (айыгышкан) мүнөздө өтүп жатат.

“Манасты” окусак, башка классиктерибиздин көркөм чыгармаларын окусак, аларда спортту кыргызча “сүйлөтүүгө”, керек болсо “ырдатууга” кудуреттүү не деген гана сөздөр жок! Шамдагай, чапчаӊ, карылуу, алыбеттүү, кыраандар, эрендер, бали, ап баракелде, жигит болбосоң коё кал, жигиттин пири Шаймерден колдой көр …

Бул бери эле чети.

Султан Жумагулов, журналист, “Азаттык”, 10.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.