Куруттун түрлөрү

Курут – бул эзип ичсең суусундук, шорпого кошсоң катык, жесең тоюмдуу азык. Куруттун курамында белок, көмүртек, витаминдер, кальций, темир, калий жана башкалар бар. Андыктан көздүн көрүүсүн жакшыртып, жаш балдардын боюнун өсүшүн камсыздап, сөөктөрдү бекемдеп, иммунитетти көтөрөт. Мына ушундай касиетке ээ куруттун биз биле бербеген түрлөрү тууралуу сөз кылабыз.

“Өрүк курутка данектерин да кошом”

anar_bakirovaАнар Бакирова, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну, 62 жашта:

– Мен өрүк курут үчүн 10 килограмм сүзмөгө 10 килограмм өрүк кошом. Өрүктү жууп, данегин чыгарып, эт тарткычтан өткөрөм. Кээде чагылган данектерин курутка кошуп жиберген учурларым болот. Даярдалышына келсек, казанга сүзмө менен өрүктү бир салып, отту орточо жагып, кайнатып баштайм. Жыгач депкир менен тынбай аралаштырам. Качан депкирди сүзмөгө сайган кезде тик туруп калса, ошондо казанды оттон чыгарам. Анан муздатып, тоголоктоп күнгө жая бересиң. Кээ бирлер курутка зире кошуп да жасашат.

Күнгө кургатылып жаткан өрүк куруттар
Күнгө кургатылып жаткан өрүк куруттар

“Карагат курут, сабиз курут да пайда болду”

Майрамкан Жапалакова, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну, 56 жашта:

– Жаш балдарга ылайыктап курутка таякчаларды сайып чупа-чупска окшотуп жасагандарды көрүп, мен да жасадым. Курамына карагат, сабиз, чычырканак, малина, ачуу калемпир, жалбыз кошуп жасаса да болот. Жалбыз кошулганын “кыргыз диролу” дешерин уктум.

Мен өзүм жасаган карагат курут, кошкон май курутум абдан даамдуу болот. Карагат курут үчүн 2 килограмм сүзмөгө 200 грамм бөрү карагат жана татымына жараша туз кошулат. Карагаттын ордуна чычырканак мөмөсүн же сабизди эт тарткычтан өткөрүп кошсо да болот. Эгер сүзмөгө кызылчанын ширесинен кошсо, өңү кызгылтым болуп калат.

Калемпир, сабиз жана укроп кошулган курут
Калемпир, сабиз жана укроп кошулган курут

 

“Таш бака, кешью формасындагы куруттарды да сатам”

Алтынай Рустамова, Бишкек шаарынын тургуну, 47 жашта:

– Биз, курут жасап-саткандар мурун курутту тоголок, анан сүйрү кылып эле жасап келгенбиз. Эми ар кайсы жактан укканыбыз, көргөнүбүз боюнча жүрөкчө, таш бака, батон, кешью, ромбик формасында жасап жатабыз. Менден чөбөгө курутту көбүрөөк алышат. Чет элден келген туристтер кызыгып, ар бир түрүнөн жеп көрүп, сатып алып кетишет.

Чупа-чупска окшотуп жасалган курут
Чупа-чупска окшотуп жасалган курут

 

Канымжан Усупбекова, «Супер-инфо», №724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.