Айбек Байымбетов: «Кытайлар — акылман, иштерман, мекенчил калк»

Кыргыз жаштарынын көбү Европага, Америкага агылып, батыш жашоосуна тартылып жаткан учурда биздин каарманыбыз Айбек Байымбетов чыгыш маданиятын изилдөөнү тандап алган. Ал бардык тоскоолдуктарга көз жумуп, Кытайга өз алдынча кеткен. Улуу кытай элинин философиясын өздөштүрүп, руханий-маданий алака түзүүнү, тажрыйба алмашууну максат кылган. Саякатчы жигитибиз Кытайдын биз билбеген тараптарын ачып берди.

– Кытайга өз алдынча кетүүгө эмне түрткү болду?

– Чыгыш маданиятына башынан эле кызыгып жүрчүмүн. Кыргызстанда магистратураны бүткөндөн кийин тез аранын ичинде Кытайга кетүүнү чечтим. Негедир кытай тилин өздөштүрүүнү кааладым. Эч кандай программага же университетке тапшырган жокмун. Мага ушундай жол кызыктуу болду. Бир четинен авантюрист саякатчы катары белгисиздиктин өзү мага кызык сезилди. Болгону бул жактан Кытайды жакшы билген таанышым менен акылдаштым. Ал кайсы шаарга барууну айтып берди. Түндүк Кытайдын Иньчуань шаарына сапар алдым. Бул менин жеке руханий-маданий талабымдан келип чыккан муктаждык болду. Өзгөчө иероглифтик система да кызыктырды. Ал кандай иштейт, кандайча чечмеленет, алардын бөлүнүшүн, жолдорун үйрөнүп-билгим келди.

– Түндүк Кытайдагы жашооңуз кандайча башталды?

– Иньчуанда университеттин базасында чет элдиктер үчүн кытай тилин үйрөтүү борборуна тапшырдым. Бир жыл болушунча аракеттенип, кытай тилин үйрөндүм. Ошол эле учурда Кытайдын ичинде саякаттоону да таштаган жокмун. Элдин маданияты, жашоодогу баалуулуктары менен таанышып, көптөгөн жерлерин көрдүм. Кытай да менталитет жагынан түндүк жана түштүккө бөлүнөт. Ар бир провинциянын өзүнүн диалекттери бар. Кээде кытайлыктар бир эл болуп турушса да бири-бирин түшүнбөй калган учурлар кездешет. Бирок ошонун баарын бирдиктүү адабий тилге бириктирип коюшкан. Аны “путунхуа” же “байхуа” деп коюшат. Мамлекеттик тил болуп эсептелет. Чет элдиктер да мына ушул тилди үйрөнүшөт. Андан кийин ушундай эле жол менен Түштүк Кытайга кеттим.

– Тажрыйба топтоп алгандан кийин ал жакта бир аз жеңилирээк болгондур?

– Түштүк аймактын Гуанчжоу деген шаарын тандап алдым. Бул Кытайдагы эң чоң шаарлардын бири. Экономикасы өнүккөн шаар. Бизге техника, эмеректер, кийим-кечек көбүнчө ушул шаардан келет. Интернеттен ар кандай форумдар аркылуу издеп, Түштүк Кытай технологиялык университетине токтолдум. Бул жактан да кытай тилин үйрөтүү борборуна тапшырдым. Бир жарым жылдан ашыгыраак окудум. Кытай тилин мыкты өздөштүрдүм деп айта албайм, бирок өз алдымча баарлашууга, билим алууга жеткендей деңгээлде үйрөнө алдым. Кытай тили оор болгондуктан дүйнөлүк тилдерден кадыресе айырмаланат. Ошондуктан жакшы деңгээлде өздөштүрүү үчүн беш жылдай окуш керек. Бул шаар Кытайдын кайнап аткан очогу болуп саналат. Өнүккөн, заманбап, жаңы Кытай мына ушул түштүк аймакта жайгашкан деп айтса болот. Климаты субтропикалык, флорасы, фаунасы да өзгөчө. Окуп бүткөндөн кийин Шеньчжень шаарында бир жылдай иштедим. Ал жерде электрондук товарлардын баары чыгарылат, бизде сатылып жаткан уюлдук телефондор дал ушул шаарда өндүрүлөт.

– Кытай элинин маданияты эмнеге негизделген?

– Кытай маданиятын өтө терең, көп кырдуу деп айтса болот. Биз кыргызстандыктар Кытайды бир көз караш менен көрүп көнүп калганбыз. Чындыгында Кытай көп кырдуу мамлекет. Дүйнөгө өзүнчө көрк, кызыктуу боек берген өлкө деп айтсак болот, маданияты өзүнө тартып турат. Кытай эли акылман, философиясы терең, байыркы улуу эл. Кыргыздар да улуу элбиз дегенибиз менен биз көчмөндүн көз карашын, философиясын жаратканбыз. Ал эми кытайлар отурукташкан цивилизациянын философиясын жараткан. Мындайча айтканда, дүйнөдө көчмөндөр менен отурукташкан элдердин акылмандуулугун түрк тилдүү мамлекеттер жана кытай эли сактап келет. Бул эки эл бири-бири менен руханий-маданий алака түзгөнү, тажрыйба алмашканы кантип кызыктуу болбосун?!

– Байыркы Кытайдын философиясы кандай?

– Кытай диний мамлекет болуп саналбайт. Булар Конфуцийдин жазып кеткен эрежелери боюнча жашашат. Эң башкы баалуулугу ата-энени сыйлоо болуп саналат. Мекенге болгон берилүүсү күчтүү. Ошол эле учурда байлыкка болгон умтулуу да күч экени байкалат. Менимче кээде ошол нерсе бардыгын басып койгондой сезилет. Бул менин жеке байкоом.

– Кытай эли сизди эмнеси менен таң калтырды?

– Окууга кеткенге чейин эле Кытайга барып-келип жүрдүм. Ошондуктан бир нерсеге катуу таң калуу болгон жок. Күнүмдүк турмуштан айта турган болсок, алардын тамактануу маданияты бөлөк. Кээде туруп көңүлүңдү айнытып кое турган нерселерди жасап коюшат. Адам менен мамиле курууда маселени бетке айтышпайт. Кыйытып отуруп жеткиришет. Кийинүү маданияты да эстетикалык жактан өтө деле ойлонуштурулган эмес. Кытай эли көп эмеспи, ошондуктан мындай-тигиндей деп айтыш бир четинен туура болсо, бир четинен туура эместир. Саны көп элдин, ошого жараша маселеси да көп болот.

– Ашканасына кантип көндүңүз?

– Түндүк Кытайда көбүнчө камыр тамактарды жешет. Түштүк Кытайда күрүч, жашылча-жемиштерди көп пайдаланышат. Кытайлар кыймылдагандын баарын жейт деп өздөрү деле тамашалап айтып коюшат. Негизи эле Кытайдын ашканасына биз анчалык ооп кете албайбыз. Ошондуктан нейтралдуу тамактарды жеп жүрдүм. Башында барганда көпчүлүк студенттер тамак-аштан кыйналышат. Нан жок, эт даамдуу эмес. Уйгур, дуңган, түрк ашканаларынан тамактанууга туура келет.

– Кытайда жашоо сиз үчүн кымбатка турган жокпу?

– Кытайда баалар биздикинен олуттуу айырмаланат деп айта албайм. Мисалы, 80 сомго көп түрдүү болбосо да, тое тамактанса болот. Курулуштар каттуу өнүккөндүктөн, имараттар көп. Барып жашайм десең, көйгөй болбойт. Тандооңо жараша турак жайлардын баалары айырмаланып турат.

– Кытайда мыйзам бузгандар катуу жазаланарын билебиз. Ушул жагынан корккон жоксузбу?

– Бизде бир эле максат — бул маданият менен таанышуу, тажрыйба алмашуу. Студенттер жөн гана барып, окуп-үйрөнүп келишет. Бирок мыйзам бузсаң, жазасын аларыңда шек жок. Мисалы, 50 граммдан ашык баңгизат менен кармалсаң, ошол жакта өлөсүң деген кеп. Кытайда минтип тартипти катуу кармабаса болбойт.

Элвира АКИМОВА, «Де-факто», 26.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.