Эрлан Жумагазиев, жаш акын: «Билем бүгүн менден качкан досторум, Билем эртең бейитимде жаш төгөт»

Акын деген алты ооз сөздү курап койбостон турмуш чындыгын чагылдырат эмеспи. Аны сыңары көкүрөгүнө көөнөрбөс ырларды камтыган акын Эрлан Жумагазиев менен болгон маек.

– Акын акын болуш үчүн сөзсүз эле бирөөнө ашык болуш керекпи же ыр жазууга башка нерселер да түрткү бере алабы?

– Жүрөктө сүйүү болбосо, ырдын жаралуусу да кыйын. Жаралса да ал — жасалма. Бул жердеги айтайын деген маселе сүйүү — ириде чыгармачылык жолун сүйүү. Ансыз акындын атылып чыгышы кыйын.

Ошондой эле башка нерселерди да, (айталы, жаратылышты, Мекенди, эне- атаны деген сыяктуу) сүйө билүү кажет. Экинчиден, сезим кылдарын толгогон нерселерди сен катардагы инсандардан башкача көрө бил. Керек болсо, ошол көз менен көргөнүңдүн купуя сырларын да туя бил. Акындын сыры ушунда.

Эми сурооңо түз жооп берсем, балким, жек көрүүдөн улам да жаркын саптар жаралып калышы мүмкүн. Андыктан, сөзсүз эле кыз сүйүш керек деген ойлорго көп кошула бербейт элем.

– Адам жан дүйнөсүн уга жүрүш керек эмеспи. Сиздин жан дүйнөңүз сизден көбүнчө эмнени талап кылат?

Тыңшасам жан дүйнөмдүн жаңырыгын,
Негедир түтөп турат каңырыгым.
Жүрөгүм алдас урат тыбырчылап,
Чегине жеткен сымал жарылуунун!

Негизинен, жан дүйнөм кымгуут жашоодон, көр түйшүктүн көйгөйүнөн тажайт. «Чыгармачыл дүйнөгө баш- отуң менен кир, жаз, изден, ойлон, толгон! Бул өмүр утурумдук экенин эсиңден чыгарба!» — деген кеңеш берет кээде. Тилекке каршы, мен жашап аткан коом жан дүйнөмө муюганга жол бербей келет.

– Өмүрүңүздүн бүтөөрүнө 3 күн калганын билсеңиз эмне кылмак элеңиз?

– (Күлүп) Керээз- мурасымды айтып калмакмын дебеймби! Албетте, бул тамаша. Ириде, ибадатымды көбөйтмөкмүн. Анан, ар кай жерде чачылып жаткан чыгармаларымды бир жерге топтомокмун!

Жалкоолуктун айынан жазгандарым ар кай жерде калып кетип атат. Топтоп койгонго мойнум жар бербейт. Анан, көкүрөктө бышып жүргөн темалар арбын. Ошолорду күндөп- түндөп болсо да, кагазга түшүрүп калмакмын!

– Ошол нерселерди азыр баштоого мүмкүнбү?

– Мүмкүн эле, атаганат, көр түйшүктүн көйгөйү алаксытып кетип атпайбы! Мен жалаң гана чыгармачылык менен алектенип отуруп алсам, үй- бүлөөмө нанды ким таап берет деген маселе кыйнап коёт!

Бир жолу ырааматылык залкар акын Эрнис Турсунов маектешип отуруп, сөз арасында: «Ачка курсактан идея чыкпайт. Ток курсак ыксыратып, уйкуга жетелейт. Курсагың орто тоют болгондо гана жакшы идея жаралат», — деди эле. Анын сыңарындай алганың, балдарың кезээрип отурса, кайдагы чыгармачылыкка баш- отуң менен киришмей!

– Жүзүңдө жарык болуш үчүн жүрөгүнөң жарык жанып туруш керек эмеспи. Ал эми сиз жарыкты кайдан аласыз?

– Жүрөккө бейпилдик тартуулап, жүзүмө жарык берген, өмүрүмө каниет, шүгүрчүлүк, сабыр берген да Кудайга болгон ишенимим. Анан, албетте, мени бүлөп, сүрөп турган жакшы адамдардын деми! Экинчи жарыкты ошолордун кебинен, кеңешинен алам. Үчүнчү жарыкты окуган китептеримден алам.

– Поэзия- сиз үчүң?

– Эс алуу. Көөдөндөгү бугумду да, ыйымды да, кубаныч- сүйүнүчүмдү да бөлүшө турчу жан курбум!

– Көбүнчө кайгылуу ырларды жазасыз. Шаңдуу ыр жазыш үчүн жашоо образыңызды өзгөртүш керекпи же аң сезимиңиздиби?

Көөдөнүмдү кайгы- муң чалып,
Көкүрөктөн ыза турса агып!
Күйүт- кайгы тегеректесе,
Күлөм кантип шаңдуу ырсайып! — дедим эле бир кезде.

Анын сыңарындай жашоом жалаң кайгы- касырет менен коштолуп жүрсө, кайдагы шаңдуу ыр! Ырым шаңдуу болуш үчүн, ириде, жашоом жандуу болушу керек го! Аң- сезимим жакшы эле шаңдуу жаз дейт. Кашайып, калемим азап- кайгымды көбүрөөк козгоп туруп алып атпайбы!

 

* * *

Удургуган сезимимди кубаттай,
Ук жер жүзү! Ук бүт аалам! Ук атпай!
Кырдан кырга көчүргүлө… Сүйүнчүү!!!
Кыздуу болдум бүгүн кечте чырактай!

Көөдөнүмө бугуп алган муӊумду,
Көтөр көккө! Сапыр шамал! Куюн куу!
Кыйсыпыр ой ыраак качкын… Анткени,
Кыздуу болдум… Тун наристем… Тунум бу…

Зардап чеккен күндөр күбүп күлкүмү,
Зарлап күткөм, какшап күткөм күн-түнү!
Орундадыӊ канча жылдык көксөөмдү,
Оо, Жараткан, мунуӊа да миӊ шүгүр!

 

КАБЫР ЫР

Билем бүгүн менден качкан досторум,
Билем эртең бейитимде жаш төгөт.
Бизди бөлгөн күндөр акыр топтолуп,
Бизди көмгөн күнгө чейин апкелет!

Эки көздөн төгүлөр жаш… Ысык жаш,
Ээх, ал кезде же жасалма, же чындап!
Муздак демди ошол көз жаш ысытпас,
Муңга айланып кеткен үчүн эсил жан!

Жомоктошор кабырымдын башында,
Жоругумду көзүм тирүү кездеги.
Эстебестир (эске алышпайт азыр да)
Эсил күндөн далай зардап чекккеним!

«Кандай адам болчу?» – деген суроого,
«Жакшы болчу!» – дешер анда көптөрү.
Айталбастыр оо ошондо, бирөө да,
Акыйкатты таппай жүрүп өткөнүм!

 

ЖОКТОО

Көр түйшүгү тажатканда калаанын,
Көңүл дегдеп туулган жерге барамын!
Кучак жайып, тосуп алат айылым:
«- Кутулгун, — деп, — туткунунан санаанын!»

Кабар-дайным сурачудай жүгүрүп,
Каршы алдымдан тосот жолдор түрүлүп!
«- Балаң келди, сүйүнчү!» — деп жаткансыйт,
Бак- дарактын бутактары ийилип!

Тазартчудай ичте буккан абаны,
Так маңдайдан согот муздак шамалы.
Сезимдеги борсук жытты кетирип,
Сергитсем деп жаткан сыңар а дагы!

Жан дүйнөнү курчап турган чеп сыяк,
Жаагын жанат суулар сайда кеп курап.
Кой кайтарчу кокту-колот, саз тарап,
«Койчуман уул келген экен» деп турат!

Күндүз Күнгө, түндөсү Айга кошуна,
Күтөт уулун калкагар тоо, чоку да!
«- Саман жүздүү уулум, кандай алың?» — деп,
Салам айтат аңыз, шалбаа озуна!

Турмуш кургур сөөгүн мүлжүп, кажыган,
Туулган жерим күтөт уулун саз ыраң.
Кучак жайып тосуп албайт бир гана,
Курган апам, суу айлантып башыман!

Тоссо дагы туулган жерим, турагым,
Тоспойт жалгыз маңдайымдан сылаарым!
«- Бейишин бер, оо, Жараткан!» — деп тилеп,
Бейитинде куран окуп турамын!

Даярдаган: Рыскүл Изатова, Каганат, 13.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.