1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш жана кыргыз бай-манаптары

Сүрөттө “Ата Бейиттеги” 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшкө жана Улуу Үркүнгө арналган эстеликте көтөрүлүш жетекчилеринин элеси да чагылдырылган

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш очокторун архивдик жана фолклордук-санжыралык маалыматтарга негизденип иликтеген тарыхчы, доцент Рыскул Жолдошов өз макаласында кыргыздардын көтөрүлүшүндө көрүнүктүү орун ээлеген бийлер жана башка “эл жакшылары”, ошондой эле, өз элине чыккынчылык кылган айрым төбөлдөр тууралуу баяндайт.

Изилдөөдөгү өксүктөр

Кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуяларынын бири – 1916-жылы болуп өткөн “Улуу Үркүн” эсептелет. Орус баскынчыларынын оторчул колониялык саясатына каршы көтөрүлгөн кыргыз элинин көтөрүлүшү жана андан кийинки Улуу Үркүн жөнүндө бир катар илимий иликтөөлөр жүргүзүлгөн.

Көтөрүлүштүн катышуучулары тарабынан көптөгөн эскерүүлөр жазылган. Алардын көпчүлү Совет бийлигинин мезгилинде жазылгандыгы үчүн, советтик идеологияга жараша көтөрүлүштүн уюштуруучулары жана башчылары тууралуу эч сөз кылынбай, көтөрүлүш жалпы элдик болгон деген жалпылама жыйынтыктоолор менен чектелишет.

 

Жалпы элдик боштондук кыймыл жана аны жетектөө

Албетте, орус падышачылыгынын аёосуз эзүүсүнө кабылган жана жер-суусунан, жайыттарынан айрылган кыргыз эли, Биринчи дүйнөлүк согуштун кесепеттеринен келип чыккан оор абалга каршы массалык түрдө көтөрүлүшкө чыккан.

Ошондуктан көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчү эл болгондуктан 1916-жылдагы “Үркүн” – элдик боштондук кыймыл деп аталат.

Бирок, көтөрүлүш канчалык элдик болбосун анын чыгышын жана жүрүшүн уюштурган жана жетектеген инсандардын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Ошондуктан 1916-жылдагы көтөрүлүштө да элди жетектеген кыргыз инсандары болгон. Алар совет мезгилинде өз бааларын алмак түгүл, “эзүүчү бай-манап” деген шаблон менен жаманатты болушкан.

Көтөрүлүштүн жетекчилери совет мезгилинен кийин деле толук кандуу изилденбей, татыктуу бааларын алыша элек.

 

Көтөрүлүш өбөлгөлөрү жана шылтоосу

Падышылык Орусиянын өзүнө көз каранды болгон элдерге жүргүзгөн колониялык эзүүсү Биринчи дүйнөлүк согушка карай жогорку чегине жеткен. Мындай эзүүгө чыдабаган колониялык элдер, анын ичинде орустар “Орто Азия”деп атап алган, мурдагы Түркстан аймагындагы бардык калктар орустарга каршы нааразычылыктарын билдире башташкан.

Өзгөчө 1916-жылдын 25-июнунда жарыяланган Николай IIнин жергиликтүүлөрдү тылдагы жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө буйругу Түркстандагы калктын массалык каршы чыгууларына алып келген. Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстанды жердеген элдердин ичинде толкундоолор байкала баштаган.

Орусия империясынын мурдагы коргоо министри, генерал-губернатор А.Н.Куропаткиндин аскердик-тылдык кара жумушка Түркстандагы дыйкан калктарга карганда, көчмөн элдердин адамдары көбүрөөк пайызда чакырылсын деген чечими казактар менен кыргыздардын куралдуу көтөрүлүшкө чыгуусуна жол берген. Ошондуктан элдик толкун эң жогорку чегине жеткен аймак катары Түштүк Казакстан жана Кыргызстанды атасак болот.

 

Каркыра курултайы

Падышанын 1916-жылдын 25-июнундагы буйругуна жооп катары кыргыз менен казактын баш кишилери жер-жерлерде кеңеш курушуп, аскердик кара жумушка балдарын бербейбиз деп чыга баштаган. Андай чогулуштардын бири казак, кыргыз канатташ жашаган Каркыра жарманкесинен 15 чакырым жердеги “Каман-Карагай” деген жерге 10-июль күнү болгон.

Ал жерге Жаркен үйөзүнин Мерке, Чилик, Тору Айгыр, Сарытогой, Көңкөбүргө, Кожмамбет, Бөлөңгү болуштуктарынын казактары жана кыргыздар чогулуш өткөрүп, анда тылдагы жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө падышалык буйрукка баш ийбөө чечимин кабыл алышкан (7.-36-б.). Бул каршылашуу карапайым калктын колуна курал алып көтөрүлүшкө чыгуусуна алып келген.

Жалпы Түркстан аймагындагы элдердин ичинен курал менен баскынчылардын аскерлерине каршы ырааттуу чыккан жалгыз кыргыз-казактар болгондугу, аларда ошол мезгилдеги жоокерчилик менен эркиндикти сүйгөн көчмөнчүлүк рухтун сакталып тургандыгы менен түшүндүрүлөт.

Өзгөчө жалпы эл катышкан массалык куралдуу көтөрүлүш Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл жана Нарын дубандарында болуп өткөн.

 

“Эл жакшылары” эл менен болгон

Аталган аймактагы элдин нааразычылыктарын колдоп, көтөрүлүштү уюштурууга катышкан инсандар жөнүндө сөз кылсак, анда алардын көпчүлүгү жер-жерлердеги кадыр-барктуу, манап тукумдарынан чыккан адамдар болгон.

Мисалы, көтөрүлүштүн катышуучусу жана жетекчилеринин бири Б.Солтоноев орус администрациясына нааразы болгон көпчүлүк кедей адамдарга кошулуп, “бай-манаптардын көбү көтөрүлүш чыгарууга ыктыяр болду” деп жазат (4.-95-б.).

Боштондук кыймылдын катышуучуларынын эскерүүлөрүндө, көтөрүлүш башталар алдында Чүй, Ысык-Көл, Нарын аймактарындагы кыргыздардын жергиликтүү аттуу-баштуу адамдарынын арасында өз ара жашыруун сүйлөшүлөр болгондугу баяндалат.

Алардын көпчүлүгү ата-бабасынан бери эл башкарып келген атактуу манаптардын тукумдарынан болуп, эл арасындагы кадыр-барктуулардан эле.

 

Чүйдөгү жашыруун жыйын

Мындай жыйындардын бири тууралуу 1916-жылкы көтөрүлүштун катышуучусу, 1880-жылы туулган, Чүй районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун колхозчусу болгон Ырысаалы Солтонбеков эскерет.

Анын сөзүндө июнь айында Кочкор, Жумгал өрөөнүндөгү кыргыздардын эл башчылары орус өкүмөтүнө болгон элдик нааразычылыктарды талкуулоо үчүн чүйлүк манаптарга келип, жашыруун жыйын өткөргөндүктөрү баяндалат.

Алар Кочкордогу Азык болушунан: Сарыбай, Темирболот болушунан: Кара Осмонаалы, Токтосун. Абайылда болушунан: Карыпбай, Чаар Осмонаалы деген киши.

Жумгалдагы Курманкожо болушунан: Курман, Токтогон, Жумгал болушунан: Көкүмбайдын уулу Исмаил, Ибраим.

Кулжыгач болушунан: Эшимбеков, Зарбат Байзаков. Чаектен: Мырзабек.

Суусамыр болушунан: Түркмөн, Биялы болуп, Чүйгө келишкен.

Булардын бардыгы ал кездеги ошол аймактын болуштары эле.

 

“Чаар Осмонаалы” ким?

Чүйдөгү жашыруун жыйынга катышкандардын арасындагы “Чаар Осмонаалы” дегени кыргыздын туңгуч тарыхчысы, өз мезгилиндеги илтеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү Осмонаалы Сыдыков (Кыдык уулу) болушу мүмкүн.

Себеби Осмонаалы молдону “Чаар Осмонаалы” деп да аташкан жана ал Кочкордогу Абайылда болуштугунда жашап, ал жердин болушу Карыпбай жана атасы Канат ажы менен аталаш тууган болгон.

 

Жашыруун жыйын Үмөтаалынын жээнинин Токмоктогу үйүндө өтөт

Кочкор, Жумгалдан келген журт башчылары Токмоктон орус администрациясы менен тыкыз иштешкен Дүр Сооронбаев жана Мамбетаалы Мураталиевге жолугушуп, алардын көрсөтмөсү боюнча түн ортосунда токмоктук Турдакун Алмасбековдун үйүндөгү жашыруун чогулушка келишкен.

Айтмакчы, Турдакун уйгур улутундагы өтө бай адам болуп, ал кадимки Ормон хандын уулу Үмөтаалынын жээни болот. (Анын атасы Алмасбек болсо Үмөтаалы Ормон хан уулунун бир тууган күйөө баласы экен. – Р.Ж.).

Турдакундун үйүнө чүйлүк манаптардан – Шабдандын Мөкүшү, Далбайдын Султаны, солто Сулайман ажы, Өтөгөндүн Мусасы, Чалдын Андашы, казактан Казен Кожомбердиев, Шамшыдан: Мамбетаалы, Маазымкожо, Сопубек, Турумбек, Дүр ж.б. келген (7. – 219-220-б.).

Окуяны айтуучу Ырысаалы өзү жумгалдык болуш Исмаил Көкүмбаевдин атын токуучу болуп, жыйынга катышкандыгын айтат.

Ал жашыруун жыйынды: “Исмаил — экөөбүз белгилүү жерге түн ортосунда келдик. Ар кайсы жерге кароол коюп коюптур (Токмоктогу полициялар билбесин деп). Эл чогулган. Мен оозгу үйдөн угуп олтурдум,” – деп сүрөттөйт (7.-220-б.).

 

Көтөрүлүш чыгаруу маселеси талкууга коюлду

Токмокко жашыруун чогулган манаптар падышалык орус өкмөтүнө болгон элдин нааразылыгы жөнүндө маселени талкуулашып, оруска каршы көтөрүлөбүзбү же кандай кылабыз? деген ойду ортого салышкан.

Жыйналган элге орусча сабаты бар Дүр менен Мамбетаалы орустардын күчтөрү жөнүндө маалымат беришип, мамлекеттик аскерге каршы чыгуу, элдин кырылышына алып келет деген пикирди колдошкон.

Жыйналышта орус администрациясына тилмеч болгон Мамбетаалы Мураталиевдин орустар тууралуу алардын көптүгү уйдун түгүндөй болсо, кыргыздар уйдун маңдайындагы кашкасында болуп кала тургандыгын айтып, андан кийин 1914-жылы тутанган герман-орус согушу жөнүндө сүйлөйт.

Мамбетаалы: “Алар Австрияны бүт талкалады” деп, орустар колдонгон куралдары тууралуу: «Беш атары көз жеткен жерди алып түшөт, пулемёту минутуна 76 ок чыгарат, адамды таарып кетет, аны жылдырып атат, маш казак-орустан ону гана кыргызды талкалайт. Мына менин билгеним ушул,” — деп айтат (4. – 220-б.).

Буларга каршы Шабдандын уулу Мөкүш баштаган бир тобу чыгып, алар “эл менен бирге көтөрүлүшкө чыгалы” деген пикирде турушат.

Жумгалдык манап Курман Лепесов Мөкүшкө кошулуп, аларды Чүйдү таштап, Кочкорго көчкүлө дейт.

Акыры жашыруун жыйынга чогулгандар бир чечимге келе албай, “тагдырдан көрдүк” деп, таң ата тарагандыктары эскерилет.

 

Жыйындан кийинки ар кыл үгүт

Бул жыйналыштан кийин элге барган нарындыктардан Курман Лепес уулу “чүйлүктөр менен акылдаштык, жалпы оруска каршы көтөрүлмөй болдук”, десе, Исмаил Көкүмбай уулу, кочкорлук болуштар Сарыбай, Токтосундар “оруска каршы чыкпай турган болдук” деген эки башка кабарды элге тарат.

Мындан көрүнүп тургандай, кыргыз бийлик башчыларында бирдиктүү көз караш көтөрүлүш чыкканга чейин болгон эмес.

 

Башка да жыйындар болгон

Бирок бул сыяктуу жыйындардын бир канчалары болгон.

Алсак, тарыхчы Белек Солтоноевдин кабарында ысык-көлдүк кыргыздардын болуштары 1-августтагы Каракол үйөзүнүн чогулушунан кийин жашыруун жыйналышып, көтөрүлүш жасоого сөздөрүн токтоткон. Анда кошуна аймактагы кыргыздар менен байланышып туруу маселеси чечилген.

Нарын, Кочкор, Жумгал өрөөнүндөгү эл менен байланыш үчүн тескейлик кыргыз Ысагалы (Сагалы Алматаев), ал эми күңгөйлүк саяктардан Талканбай (Тилегенов) болсо Чүй боюндагы кыргыздардан Шабдандын балдары аркалуу кабар алып турмак болот (4- 120-б.)

 

Падышалык аскердин жолуна бөгөт коюу пландары

Мындай жашыруун кеңештерде кыргыз жетекчилери келечекте боло турган көтөрүлүштүн долбоорун түзүшкөн.

Анда орустардын негизги аскердик күчү Алматы калаасы тарапта болгондуктан, Чүй, Ысык-Көл кыргыздары алматылык казактар менен байланышып, алар менен чогуу Алматыдан келчү орус аскерлеринин мизин кайтаралы дешкен.

Нарын кыргыздары толкуп, негизинен Фергана тарабынан келчү орус аскерлери өтө турган ашуу-белдерди көзөмөлдөмөк.

Кочкор, Жумгал жана Чүйдүн күн батышындагы кыргыздары Токмок, Бишкек шаарларын курчап, Олуя-Ата жолун тосмок жана Таластагы кыргыздар, аларга жамаатташ казактар менен бирге Ташкент тарабынан келчү орус аскердик күчтөрүнө каршы турууну пландашкан.

 

Тымызын маалымат алмашуу

Бул ойду ишке ашырыш үчүн жергиликтүү кыргыз манаптары бири-бири менен жашыруун байланышып турган.

Мисалы, Б.Солтоноев: “Чүйдөгү атактуу Шабдандын баласы Исамидин Нарынга Бугубай деген жигитин жашыруун жиберип, Касымаалыдан кабар алды”, – деп жазат (4.-95-б.).

Бул жердеги Мамбет уулу Касымаалы ажы – Нарындын күн батыш аймагындагы элди башкарган, атактуу Ниязбектин сегиз бегинин бири, Ормон хандын бир тууган иниси Шатендин тукуму болгон.

Мындай байланыштар Ысык-Көл, Нарын кыргыздарынын, ошондой эле казактардын жергиликтүү башчыларынын арасында да жүрүп турган.

 

Колдогу өп-чап куралдар

Орус баскынчыларына каршы турган жергиликтүү кыргыздар колдорунан келген эң жөнөкөй найзадан, союлга чейинки куралдарды даярдашып, эгерде кайсы бир жерде көтөрүлүш башталса калган аймактардагылар дагы аларды колдоо жөнүндө макулдашкандыктары, көтөрүлүш дээрлик бир мезгилде жапырт башталгандыгынан байкоого болот.

 

Көтөрүлүш окуяларынын жадыбалы

Падышалык архивдик документтердеги маалыматка карасак, кыргыз жериндеги куралдуу көтөрүлүш төмөнкүчө башталган:

6-августта Пишпек (Бишкек) үйөзүнүн Атаке болушундагы кеминдик кыргыздар менен ошол эле үйөздөгү Ботбай болушунун казактары жана кыргыздары көтөрүлөт.

7-августта Токмоктун айланасындагы кыргыздар жана Пишпек үйөзүндөгү Сарыбагыш болушунун кыргыздары козголот.

9-августта Каракече, Жумгал, Курманкожо, Кочкор, Абайылда жана Ысык-Көлдүн айрым болуштуктарында козголоң башталат.

10-августта Жамансарт, Түлөберди, Бакы, Талдыбулак болуштарындагы жана Олуя-Ата үйөзүндөгү Карабалта болушунун кыргыздарынын көтөрүлүшү башталат.

11-августта жалпы Ысык-Көл кыргыздары менен Пржевальск үйөзүндөгү Мариинск кыштагындагы дунгандар көтөрүлүшкөн (3.-131-135-б.).

Куралдуу көтөрүлүштүн бардык аймактарда дээрлик бир кылка башталышы, аны баштоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана уюштурган адамдардын болгондугун көргөзүп турат.

 

Көтөрүлүш очоктору

Массалык куралдуу көтөрүлүш Түндүк Кыргызстандын калк жыш жашаган өрөөндөрүн камтыган.

Бул аймактарга Чүй өрөөнүнүн күн чыгыш бөлүгү, Кемин өрөөнү, Ысык-Көлдүн күнгөй жана тескейи, Кочкор, Жумгал, Нарын жана Тогуз-Торо өрөөндөрү кирген жана бул өрөөндөр көтөрүлүштүн негизги очокторуна айланган.

 

Хан көтөрүү аркылуу лидерди тастыктоо

Көтөрүлүш башталганда ар бир уруктун кадыр-барктуу адамдары же болбосо мурунку болуш, бийлер өздөрүнө караштуу кишилерине башчы болуп жүрүшкөн.

Бирок орус аскерлери колдогон келгин орустардын ири топтору менен салгылашууда, ар бир өрөөндүн эли бирдиктүү кол башчы шайлашкан. Аларды кыргыздын эски каада-салтына ылайыктуу “хан” деп аташкан.

Белгилей турган нерсе, айрым адамдар аларды мамлекет башчысы болгон “хан” титулу менен чаташтырып алгандыктарын көрөбүз.

Чындыгында кыргыздын эски салттарында мамлекеттин башкаруучусу “хандан” башка да, убактылуу көп элди жетектеген ири кол башчыларды дагы “хан” деп атай беришкендиктерин элдик фолкьлор так билдирет.

Алсак “Манас” эпосунда кыргыздын ханы Манас кара кытайларга каршы “чоң казатка” аттанганда, жолду жакшы билген чоросу Алмамбетти ушул жүрүштөгү колго “хан” көтөрөт. Жүрүштө мамлекет башчысы хан Манасты Тазбайматтын “ондугуна” кошуп коюшат. Тазбаймат аны унутуп калып, аз жерден өлүмгө тартылбай калган эпизоддо, кыргыздар “хан” деп кол башчыларды дагы аташкандыктары жакшы көргөзүлгөн.

1916-жылдагы эл шайлаган “хандар” көтөрүлүштүн жетекчи кол башчылары болушкан.

Алар көтөрүлгөн элди башкарып туруу үчүн, белгилүү манаптардан шайлангандыгы белгилүү.

 

Калыс баага татый элек хандар

Эскере турган нерсе, 1916-жылдагы көтөрүлүштү изилдеген адабияттарда бул жетекчилер тууралуу толук кандуу маалыматтар али күнгө чейин изилдене элек.

Андай изилдөөлөрдө негизинен орус архивдеринде кеңири белгилүү болгон, кеминдеги элди жетектеген кыргыз манабы Шабдандын уулу Мөкүш жана Токмок шаарын камалоодо көтөрүлүшчүлөрдү башкарып, кийин орус бийлигине колго түшүп, өлүм жазасына тартылган Төрөгелди баатырдын бир тууган инисинин баласы Канаат Ыбыке уулу жөнүндө гана жазылып, калган көтөрүлүш башчылары тууралуу маалыматтар жокко эсе.

Ал эми көтөрүлүшкө катышуучулардын эскерүүлөрүндө, эл тарабынан шайланган бир канча көтөрүлүш жетекчилери болгонду эскерилет.

Көтөрүлүштө расмий “хан” көтөрүлгөн жетекчилердин жалпы саны жети болгон.

  1. Кеминде – Мөкүш Шабданов
  2. Кочкордун күн батышы жана Токмокто – Канат Ыбыке уулу
  3. Кочкордун күн чыгышында – Тезекбай Түлкү уулу
  4. Жумгалдын чыгышында – Көкүмбай Чыны уулу
  5. Нарындын түндүк аймагында – Байзак Мырза уулу
  6. Ысык-Көлдүн тескейинде – Баатыркан Ырайымбеков
  7. Ысык-Көлдүн күнгөйүндө – Баатыркан Ногоевдор көтөрүлүшкө хан шайланышкан.

Бул жердеги нарындык тынымсейит уругу менен сарыбагыш уруктары хан көтөргөн Байзак Мырза уулу, кочкордогу Тезекбай Түлү уулу жана жумгалдык Көкүмбай Чыны уулу жөнүндө изилдөө иштеринде эч бир маалымат берилбейт.

Булардан тышкары өз алдынча аймактардагы көтөрүлүштү жетектеген Нарындын батышында Касымаалы ажы Мамбетов жана Тогуз-Тородо Чолук Курманкожо уулу дагы изилдөөлөрдөн тышкары калышкан.

 

Мөкүштүн хандыгы

Көтөрүлүш башталгандан кийин Кеминдик кыргыздарды сарыбагыштын манаптары Шабдандын уулдары Мөкүш, Исамүдин, Кемел, Аман жана Султан Далбай уулу, Ысмайыл Далбай уулу, Белек Солтоноев, Жантайдын небереси Ыбрайым Төлө уулу, Боромбай Сазанов, Алагуш Жантаев ж.б. жетектешкен.

Алар көтөрүлүштүн жүрүшүндө кеңешип, өздөрүнө башчы кылып белгилүү манап Мөкүш Шабдан уулун 9-августа “хан” шайлашкан (4.-99-б.).

Чүй аймагындагы кыргыздардан азыркы Кемин, Чүй районундагы сарбагыштар көтөрүлүшкө активдүү аралашкан.

Солто уруусунун кыргыздарынан Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Ак-Суу жана Кара-Балта аймагындагы эл көтөрүлгөн.

 

Баатыр Ыбрайым Төлө уулу – манаптын тукуму

Белгилей кетчү нерсе, көпчүлүк илимий изилдөөлөрдө Боом капчыгайында Ысык- Көлгө алып бара жаткан арабалардагы орус мылтыктарын ок-дарысы менен кошо колго түшүргөн Ыбрайым Төлө уулу кедей үй-бүлөдөн чыккан деп берилип жүрөт, чындыгында ал кадимки манап Жантайдын небереси.

Анын атасы Төлө ажы Шабдандын бир тууганы болгон.

 

Токмоктогу тирешүү

Токмоктун айланасындагы калк “шамшы эли” деп аталып, алар 10-августта көтөрүлүп, орус кыштактарындагы келгиндер менен салгылашкан.

Булардын башында Дүр Сооромбаев, Мамбетаалы Мураталиев, Муса Өтөгөнов, Андаш Чалов, Сопубек Шаменов, Маасымкожо Тоголоккожоев, Турумбек сыяктуу сарыбагыштын тынай уругунун манаптары турган.

Бирок көтөрүлүш башталган күнү манап Дүр Токмок шаарындагы орус администрациясында болуп, алардын колунда бармытада калган.

Ошондуктан ага баш ийген 500 түтүндөн ашык эл бейтараптыкты кармашкан.

Солто уруусунун манаптарынын көпчүлүгү орустарга каршы ачык күрөшкө чыгууга батына алган эмес. Анткени солто уруусу ээлеген жерлерде орус келгиндеринин айыл-кыштактары арбын болгондуктан, орустар кыргыздардын көбүн кырып жиберишкен.

Алардын арасынан Ысык-Ата, Кант аймагындагы багыш нурмамбет менен солто бөлөкбай уругунун манабы Сулайман Корчу уулу көтөрүлүшчүлөрдү жетектеп, орустарга каршы согушкан.

Ал көтөрүлгөн эл менен Сын-Таш тараптагы орус айылдарын талкалап, аягында Токмок шаарына чабуул коюп жаткан Канаттын көтөрүлүшчүлөрүнө кошулган.

Кыргыз манаптарынан башка Ак-Бешимдик кожолордун башчысы Маасымкожо Тоголоккожоев өзбек, уйгур, түрктөрдү жетектеп көтөрүлүшкө чыккан.

Чүйлүк кыргыздар 12-августта Кочкор-Жумгалдан келген Канаат Ыбыке уулунун көтөрүлүшчүлөрүнө биригишип, 13үнөн 22сине чейин Токмок, Покровка жана Бир-Кулактын (Ивановка) айланасындагы келгиндер менен салгылашкан.

Чүй-Токмоктун айланасындагы көтөрүлүшчүлөр кочкорлук Канаат Ыбыке уулуна баш ийишкен. Ал жерде шамшы, тынай, бурана, нурмамбет элдери Канаат Ыбыке уулун болжолу 20-21-августтарда хан көтөрүшкөндөн кийин, Токмок шаарын курчоого алышкан (4.-107-б.)

 

Кочкордогу тирешүү

9-август күнү Кочкор өрөөнүнүн күн чыгыш тарабындагы Жоон-Арык, Борукчу, Ниязбек болуштуктарындагы эл орустардын Столыпино кыштагына чабуул коюшкан.

Булардын башында Ниязбек болушунан Ормон хандын небереси Жапай Көкташ уулу, Тезекбай Түлкү уулу, Борукчу болуштугунан Ормон хандын чоң атасы Эсенгул баатырдын Базаркул деген баласынын тукумунан чыккан Рүстөм Садыров, манап Турдубай Жангелди уулу, Көчкөмбай Тагаев жана Жоон-Арык болуштугунан надырбек уругунун манаптары, бир туугандар Көбөгөн, Дөөткул Шыгаевдер, таздар уругунан Акмолдо Карасаев ж.б. турган.

Алардын арасында карапайым кедей үй-бүлөдөн Самак Төрөгелди уулу дагы жетекчилик иштерге катышкан. (7.-269- 275-б.; 5.-84-б.).

3 күндүк согуштан кийин падышалык оторчул бийликтин Нарын участогунун начальниги Хохалев аскердик топ менен селодон орус тургундарын алып качат.

Ошондон кийин, көтөрүлүшчүлөр 11-августта Столыпина селосун талкалашкан.

Эртеси 12-августа Кочкордун күн чыгыш аймагындагы Ниязбек, Борукчу жана Жоон-Арык үч болуштуктун эсенгул эли Ормон хандын бир тууган иниси Түлкүнүн уулу Тезекбай манапты хан шайлашкан (7.-269-273).

Бул көтөрүлгөн элди уюштурууда жана Тезекбайды жетекчиликке шайлоодо Ормон хандын чөбөрөсү Жапай Көкташ уулунун белгилүү манап катары таасири зор болгон.

Жетекчиликти колуна алган Тезекбай түтүнгө бирден кишини аскердикке жыйнай баштаган. Бирок орустардын жазалоочу аскер оряддары Кочкорго жакындап калды деген имиштердин тарашы менен ал иш аягына чыкпай калган (7.- 269-274-б.)

 

Кочкордогу жолбашчылар

9-августта башталган Кочкордун батыш тарабындагы Темирболот, Абайылда, Шамурза жана Кочкор болуштуктарындагы көтөрүлгөн элди сарыбагыштын черикчи уруктарынын манаптары жетектешкен.

Алардын башында турган Төрөгелди баатырдын бир тууганынын баласы Канаат Ыбыке уулу балдары Карыпбай, Ыскактар менен, Төрөгелди баатырдын небереси Суранчы Карасаев, Төрөгелди баатырдын бир тууганы Шерботонун небереси Муратаалы Элтоев, Төрөгелди баатырдын дагы бир иниси Шадыкандын небереси Токтосун Бектенов, кыргыз тарыхчысы Осмонаалы Сыдыковдун (Кыдыков) агасы Жаркымбай молдо Кыдыковдордун салымы чоң болгон. (5.-84-б.).

Алардын арасындагы азык уруусунун башында Кочкор болуштугунун болушу Сарыбай Дыйканбаев да болгон (6.-85-б.).

 

Канаат хан

Кочкордун батышындагы Темирболот, Шамурза, Абайылда жана Кочкор төрт болуштуктун эли Кочкордун Ийри-Суу деген жеринде жыйын өткөрүп, Канаатты көтөрүлүш башчылыгына хан кылып шайлашат.

Алар ал жерден жумгалдык Курман Лепесовдун уулу Ыскакты 100 адамы менен кошуп, Шамшы ашуусун ашып, Чүй бетине түшкөндө, чүйлүк сарбагыштар менен биригип, Токмок шаарын камоого алышкан.

Архивдик документтерде Чүйдөгү уруштарда Жумгалдан Мырзабек Дыйканбай уулу, Көкүмбай Чыны уулу жана Курман Лепес уулу баштаган эл башчылары Канаат хан менен бирге болгондугу берилет (7.-77-б.).

Ыбыкенин уулу Канаатты кочкор, жумгал кыргыздары чүйлүк кыргыздар менен бириккенде 21-22-августарда кайрадан “хан” шайлашкан (4.107- б.).

Көтөрүлүштөн кийин Канаат Верный шаарында камакта кыйналып өлтүрүлгөн.

Анын Ысак деген баласын орустардын жазалоочу аскер тобу бир топ кыргыз менен колго тушүрүп, Тоңдун Улахолундагы Ак-Терек деген жерде дарга тартышкан (5.-110-б.). Экинчи уулун 1918-жылы Токмоктун жанындагы Шор-Дөбөдө атып өлтүрүшкөн (5.-133-б.).

 

Жумгалдагы кырдаал

Жумгал өрөөнүндөгү калк дагы орус колонизаторлорунун запкысын көп тартышкандыктан нааразычылык күчтүү болгон.

Көтөрүлүштүн алдындагы кеңештерде жумгалдык болуштар: Жумгал болушунан Исмаил Көкүмбай уулу, Курманкожо болуштугунан Курман Лепесов, Токтогон, Кара-Кече (Кулжыгач) болушунан Зарбат Байзак уулу, Эшимбеков, Черикчи (Чаек) болуштугунан Мырзабек Дыйканбаев, Суусамыр болуштугунан Биялы Максымов жана Түркмөн Сарыпбек уулу ж.б. катышып көтөрүлүштү колдошкон.

Бирок алардын барлыгы эле көтөрүлүшкө катышкан эмес.

Өзгөчө Жумгалдын күн батыш тарабындагы чекир саяктын кулжыгач уругунун эли көтөрүлбөй, бейтарап турушкан.

Негизинен Жумгалдын чыгыш тарабындагы калк көтөрүлүшкө активдүү катышып, Белоцарское кыштагын баш кылып, Жумгалдагы бардык орустардын чарбаларын талкалашкан.

Жумгалдагы көтөрүлүш 9-августта башталып, 11-12- августтарда Жумгал, Кара-Кече болуштуктарынын эли белгилүү манап Медет датканын тукуму Көкүмбай Чыны уулун “хан” көтөрүшкөн (4.114-б.).

Көтөрүлүштүн жүрүшүндө, орустардын жазалоочу аскер топтору келе жатат деген кабардын тарашы менен бир катар манаптар көтөрүлүштөн баш тартып, орустар менен байланышка аракет кыла башташкан. Алардын арасында Курман Лепес уулу жана Зарбат Байзак уулдары болушкан.

 

Ички Теңир-Тоодогу кырдаал

1916-жылы азыркы Нарын району жайгашкан аймакта Он-Арча, Ажы, Субан, Шатен, Шаркыратма деп аталган болуштуктар болгон.

Булардын Он-Арча жана Шаркыратма болуштуктарында тынымсейит уругу, Ажы, Субан, Шатен болуштуктарында болсо сарыбагыш уруусунун өкүлдөрү жашашкан.

Көтөрүлүштүн алдында эле, Ажы болушу Мамбетжандын демилгеси менен Он-Арча болушунан Байзак жана Субан болушу Эсенгул Кара-Үңкүрдө жолугушуп, бирге көтөрүлүп, Нарын чебин басып алууну болжошот.

Көтөрүлүш мында 12-августта башталат.

 

Нарындагы көтөрүлүш жетекчилери

Нарын аймагындагы көтөрүлгөн элди дагы манап тукумунан чыккан жетекчилер башкарышкан.

Ажы болуштугунда Ормон хандын бир тууган иниси Ажынын небереси Карачтын үч уулу Ногойбай, Мамбетжан жана Деркембай Карачевдер көтөрүлгөн элди жетектешкен (5.-84-б.). Булардын ичинен Мамбетжан болуш болгон.

Субан болушунда дагы элди Ормон хандын бир тууган агасы Субандын Мусаке деген уулунун тукуму башкарган. Ал жерде болуш Мусакенин Байгазы баатыр деген уулунун баласы Эсенгул болгон. Аны менен анын атасы Мусакенин Койкелди деген инисинин уулу (Койкелдин) элди баштап чыгышкан (5.-84-б.).

9-августта Нарын участогунун начальниги Хохалев Кочкордогу көтөрүлүштү угуп, Нарындан 50 солдат менен чыгат. Жолдо Кара-Үңкүргө 16 солдатты таштап кетет.

12-августта Ажы жана Субан болушунун көтөрүлүшчүлөрү Оттук деген жерден солдаттар менен бетешип, атыш башталат. Солдаттар менен Мамбетжан болуш баштаган 4 киши атышып, калган эл качып кетет.

Солдаттар атышып жаткан 4 кыргызды курчоого алганда, үчөө качып, Мамбетжан болуш атышып жатып колго түшөт (7.-267-б.).

Эртеси, 13-августта Ак-Мойнок бекетине бекинип алган солдаттарга каршы, Он-Арча болуштугундагы тынымсейиттер, Байзак баатырдын жетекчилиги астында кол салышат.

 

Байзактын хан көтөрүлүшү

Байзак Мырза уулу тынымсейиттин аян бутагынан чыккан белгилүү манап болгон. Бекеттин батыш тарабынан сарбагыш ажы, субандар чабуул коюшат. Натыйжада эки тараптан тең адамдар өлүмгө учурайт. Орустардан 13 киши өлгөн. Согуш маалында Мамбетжан Бекеттен качып чыгат.

Түн ичинде солдаттар качып Нарынга кетишет (7.-261-268-б.).

14-августта Кочкордон, көпчүлүгү Борукчу жана Жоон-Арык болуштугунан 300гө жакын мергенчи адамдар Ак-Мойнокко келишет.

Ушул күнү ак боз бээ союшуп, тынымсейит, сарыбагыштар Мырза уулу Байзак баатырды хан көтөрүшөт жана орус баскынчыларына каршы бирге күрөшө тургандыгына ант беришет (7.-264-б.).

15-август түнү көтөрүлгөн эл Нарынды басып алмакка кол салышат. Бирок чептеги аскерлердин соккусунан таңга жуук Ак-Мойнокко качууга аргасыз болушат.

16-августта Нарындын батыш тарабындагы Жан-Булак посёлкасын басып алууга аракет кыла башташат. Ошол мезгилде Көк-Арт ашуусу тарабынан келген жазалоочу аскер тобун, чоро саягынын башчысы Касымбек Баатаев баштап келе жаткандыгын угушуп Ак-Мойнок тарапка чегинишет (7.-264-б.).

 

Чыккынчылык кылгандар

Нарындагы көтөрүлүштүн башында кыргыз манаптары турганы менен, алардын арасында кыргыздарга чыккынчылык кылып, орус солдаттарына жардам бергендери болгондугун көтөрүлүштүн катышуучулары эскеришет.

Мисалы Нарындагы Куйбышев колхозунун мүчөсү Жунуш Борсунбаев көтөрүлүш мезгилинде Он-Арча болушу Садыр Кулматов чыккынчылык кылып качып кеткендигин, ал эми Чоро манабы Касымбек Баатай уулу участковой Какулов (Хохалев) менен байланышып, көтөрүлүштү басуу үчүн, болуш уулу Султангазыны Көк-Арт аркалуу Анжиянга солдат алып келүүгө жибергендигин эскерет (7.-261-262-б.).

 

Касымаалы ажы Мамбет уулу

Нарын чебинин батыш тарабындагы Куланак аймагындагы көтөрүлгөн элди болуш Касымаалы ажы жетектеген. Ал өрөөндөгү белгилүү манап болуп, теги боюнча Ормон хандын Шатен деген инисинин небереси Мамбеттин уулу болгон.

Көтөрүлүш жеңилгенден кийин Касымаалы Мамбет уулун орус бийлиги Нарын түрмөсүнө камап, аны баласы Орунаалы жана жигиттери Чоткара Барманов, Бопунаалы, Момунаалы менен кошо Нарында дарга тартышкан (7.-119-б.).

Нарындагы камактагы кыргыздарды дарга тартуу жөнүндө орус документтеринде мындай деп жазылат:

“Главари бунта Касымаалы Мамбетов, волостной правитель Орунаалы Касымалиев, Чоткара Барманов, Бопунаалы и Момунаалы приговорены к смертной казни через повешение, (исполнено 14.10.1916 г.), приговора на основании статьи 1308 военного судебного устава, согласно приказа ВВ 1914 года №464. Приговор представляется на основании статьи 1420, утверждается начальником гарнизона, имеет силу и приводится в исполнение.” («ЦГА» Кыргызстана дело №32 “О ликвидации беспорядков в Нарынском участке”).

 

Тогуз-Тородогу көтөрүлүш аракеттери

Тогуз-Торо өрөөнүндөгү элди жергиликтүү саяк уруусунун манабы Чолук Курманкожо уулу жетектеген.

Ал Тогуз-Торо аймагындагы Казарман жана Атайкадагы орус өкмөтүнө тиешелүү мекемелерге кол салган.

Ага Жумгалдан манап Көкүмбайдын уулу Исмаил 1000ге жакын киши менен Анжияндан Көк-Арт аркылуу келе жаткан жазалоочу аскерлерди тосуу үчүн жардамга келген.

Жумгалдыктар менен бириккен Чолук орус аскерлерин Нарын дарыясынын кечмелигинен тосуп атышкан жана жеңилгенден кийин эли менен качууга аргасыз болгон (70-222-б.).

 

Көл кылаасындагы көтөрүлүш

Ысык-Көлдүн айланасындагы элдин массалык түрдө куралдуу көтөрүлүшү 11-августка туура келген.

Бирок Көлдүн күңгөйүндөгү орус айылдарына жанаша жашаган кыргыздардын айрым топтору андан бир аз мурун эле козголоң кыла баштаган.

Алсак, 9-август күнү кечинде Чоң-Ак-Суудагы орустардын Григорьевка кыштагына кыргыздар чабуул койгон.

Эртеси бул кыймыл ири Преображенское кыштагына чейин тараган (6.-18-б.).

Күңгөйдөгү шыкмамат саяктары орустардын Григорьевка, Долинка, Курск, Ново-Самсоновка, Баженов кыштактарын талкалашып, көлдүн башындагы бугу уруусунун эли менен биригип, орустардын калк жашаган ири пункту Преображенское селосун камоого алышкан.

Бугу уруусунун калкы көлдүн чыгышындагы орустардын Ново-Вознесенское, Николаевское, Жергес, Михайловское кыштактары менен Пржевальск шаарына чабуулдарды уюштурушкан.

Алар ошондой эле көлдүн түндүк-чыгыш тарабындагы Сазановка, Алексеевка кыштактары менен Преображенское селосуна дагы кол салышкан. Бул куралдуу көтөрүлүштүн башында бакачы саяктарынын ири манабы Кангелди Ырысменде уулу баласы Осмонкожо Кангелдиев менен, Талканбай Тилегенов, Бердибай Керексизов, Ишенбек Жайнаков, Маткерим Супаев, Курткамерген болуштугунан Максүт Солтобаев сыяктуу манаптар турушкан.

 

Баатыркан Ногой уулунун хан шайланышы

Ал эми бугу уруусунун элдерин белгилүү манаптар Баатыркан Ногоев, Байказак Мамбетов, Кадырбай Түнкатаровдор жетектеп жүрүшкөн. Алар көтөрүлүштүн жалпы жетекчилигине түптүк бай жана манап Баатыркан Ногоевди шайлашкан (7.-346-б.; 6.-36-б.).

Баатыркан Ногой уулу бугу уруусундагы белек тукумунун салмаке бутагынан чыккан Ногой баатырдын уулу болгон.

Түптүн Арал деген жеринде өткөн көлдүк кыргыздардын жыйынын Пржевальский шаарынын тургуну Рахимов Иззафар мындайча эскерет:

“…Шаршемби күнү, август айы эле, үч миңге жакын кыргыз Аралга чогулушту, анын ичинде мен да бар элем. Ак бээ союшуп, анын канына колдорун малышып, көтөрүлүшкө чыгып орустарды жок кылабыз деп ант беришип, дуба окушту” (7.-347-б.).

 

Кыдыр Байсары уулунун жоругу

Бугудагы арык-тукум уругун башкарган, ошол кездеги орус администрациясына кадыр-барктуу Кыдыр Байсары уулу кыргыздардын падышалык бийликке карай куралдуу көтөрүлүшүнө каршы чыккан.

Үркүндө Пржевальский шаарында жашап, орустар тарабында турган Сулайманов Фатих деген татардын эскерүүсүндө, көтөрүлүштүн алдында болуш Кыдыр Байсары уулу Пржевальск үйөздинин башкаруучусу Ивановго келип, “кыргыздар көтөрүлүш чыгарууга уюшуп жатышат, алардын жетекчилерин камаш керек дегенине Иванов ишенбей эч чара көргөн жок”, – деп баяндайт (7.-346-б.)

Ал эми көтөрүлүштүн катышуучусу Белек Солтоноев: “11-августта Кыдыр Байсары уулу урушка катышпастан бир болуш эли менен Кытайга көчүп кеткен”, – деп жазат (4.-121-б.).

 

Көлдүн тескейинде

Көтөрүлүш Ысык-Көлдүн тескей тарабында дагы өтө курч мүнөздө болуп өткөн. Бул аймактагы эл саяктын каба, алакөз, бугунун кыдык, арык-тукум, белек, бапа, желдең ж.б. уруктарынан куралып, орустардын Кольцовка, Гоголевка, Барскоон, Покровка сыяктуу ири кыштактарына жана бир нече майда айылдарыны кол салышкан.

Аларга Мариинск кыштагындагы дунгандар кошулуп Пржевальск шаарына чабуул коюшкан.

Аларды саяктардын Баатыркан Ырайымбеков, Мамыткан Жантаев, Сагалы Алматаев, Сагын Ниязбеков жана бугулардын Кендирбай, Берикбай Солтонкуловдор, Кулбарак Матаев, Абдылда Сарин, Нурманбет Чекиров сыяктуу манаптары жетектешкен.

Бул согуштарда 15-августта Каракол шаарына чабуул уюштурушкан Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү саяк, кыдык, желдең, бапа уруктарынын 5миңге жакын адамдары Ырдыкта чогулуп, каба саягынын манабы Баатыркан Ырайымбек уулун “хан” шайлаган (4.121-б.).

 

Хандар – тектүүлөрдөн шайланган

Бул фактылар “хандыкка” шайланган көтөрүлүштүн көпчүлүк жетекчилери тектүү манаптардын тукумдары болуп, алар эл арасында кадыр-барктуу болгондугун белгилешет.

Буга чейин 1916-жылдагы элдик көтөрүлүш башкаруучусуз, баш-аламан мүнөздө болуп өткөн деген пикирдин негизсиздигин далилдешет.

Жер-жерлердеги көтөрүлүштүн жетекчилери тууралуу, окуянын катышуучуларынын көпчүлүгү эскеришет. Ал маалыматтар жазылган мезгилде бай-манаптарды колдон келишинче каралап турган советтик саясатка карабастан, элдик жетекчилердин кандайдыр ордун аныкташкандыктары байкалып турат. Алардын айрымдарында гана жетекчи инсандарды атайлап жамандашкандыгы көрүнөт.

Ошону менен катар эле, көтөрүлүштү аёосуз баскан орус бийлигинин өкүлдөрү боштондук көтөрүлүштүн бир катар жетекчилери болгондун өздөрү дагы айтышып, бул жетекчилерди жазалоо максатында аты-жөндөрүн мамлекеттик кагаздарга атайын тизмелеп жазышкан.

Ал тургай падыша бийлиги кулатылгандан кийин дагы, т.а. 1917-1918-жылдарда айрым орус оторчулары Кытайдан бозгундан кайра келген кыргыздардын арасынан көтөрүлүш башчыларын атайылап издеп таап өлтүрүшкөн.

Демек, 1916-жылдагы элдик толкундоолордо, ар-кайсы аймактарда элдин башында жетекчи инсандар турган жана алардын дээрлик бардыгы кыргыздын кадыр-барктуу манап тукумдарынын өкүлдөрү болгон.

 

Көтөрүлүш – жетекчилиги болгону менен баалуу

1916-жылкы көтөрүлүшьө жетекчиликтин болушу жана элдин уюштурулушу кыргыз элинде курал-жарактардын дээрлик жок болгондугуна карабастан, аларды орустардын жазалоочулары тарабынан боло турган массалык кыргындардан куткарып калган.

Жогорудагы маалыматтардан 1916-жылдагы көтөрүлүштүн жетекчилери негизинен кыргыз манаптары болгондугун көрдүк.

Көтөрүлүштү уюштурууда жана элди жазалоочу аскер топторунан куткарууда алардын ролу өтө чоң болгон. Бирок муну менен манаптардын бардыгы көтөрүлүштү колдоп чыккан деп айтууга болбойт.

 

“Эл жакшылары” кандай топторго жиктелген?

1916-жылдагы көтөрүлүш мезгилиндеги кыргыз манаптарынын иш-аракеттерин негизинен үч топко бөлүп кароого болот.

1-топко көтөрүлгөн элдин башында туруп, көтөрүлүштү уюштурууга активдүү катышкан, элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн патриот манаптар кирет. Алар жөнүндө жогоруда кыскача маалыматтар берилди.

2-топту көтөрүлүш маалында бейтараптыкты кармап, орустар менен согушпай, ал эми орустардын жазалоочу аскер отряддары келгенде, алар менен ымала түзүүгө аракеттенишкен манаптар түзөт.

Мындай манаптарга мисалга алсак, Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугун башкарган Кыдыр Байсары уулу көтөрүлүш башталганда ага аралашпастан, чакан калайыгы менен Кытайга ашып кеткен (3. 123-б.).

Ошондой эле, Токмок шаарында орустарда барымтада калган Дүр Сооронбаев өзүнө караштуу элди орустарга каршы чыкпоого үндөгөн.

Ушундай эле көрүнүш солто манабы Чолпонкул Тынаалы уулу тарабынан жүргүзүлгөн.

Нарында Эсенгул Байгазиев, Жумгалда Түркмөн Сарыпбек уулу, Биялы Максым уулу, Мырзабек Дыйканбаев ушул багыттагы саясатты колдонушкан.

3-топтогу манаптар өздөрүнүнүн жеке кызыкчылыктарын жогору коюшуп, өз элине каршы чыгып, оторчул орус бийлигине кызмат кылышкан.

Алар орустардын жазалоочу аскердик бөлүктөрүн тамак-аш менен камсыздап, аларга жол көрсөткүчтүк кызмат өтөп, качкан кыргыздарды кармоого көмөктөшкөн.

Андан тышкары мындай адамдар орус жазалоочуларынан качкан кыргыздарды талап-тоношкон.

Мындай манаптарга Куланактык саяк манабы Калпа Келдибек уулу кирет. Ал Көк-Арт ашуусун ашып келген орус жазалоочу отрядына тамак ашка союш берип, отун-суусун камсыздап, үй тигип берген (4. -119-б.). Ал көтөрүлүшкө каршы турган. Бирок кийин элден корккондугунан гана ачыкка чыга алган эмес (7.-305-311-б.).

Ушундай эле кызматты Ак-Талаалык чоро саягынын башчылары Касымбек Баатаев жана Кудайберген Ырайымбековдор да аткарышкан. Мында Баатаев Касымбек өзгөчөлөнүп, орустардын Нарындагы администрациясы менен макулдашып, көтөрүлүштү басуу үчүн Ферганадан аскер чакырууга уулу Султангазыны жиберген жана уулу экөө аларга жол көрсөтүүчү болуп кызмат кылышкан (70-262;313-б.).

Ат-Башыда Казы Чокоев бир нече мөөнөттө болуш болуп, орус бийлиги менен мамилеси жакшы болгон. Ал жакшы иштегендиги үчүн орус өкмөтүнүн күмүш медалы менен сыйланган (ЦИА Каз.Респ., ф. Семиреченского обл. Правления, отд.11, ст. 2, №16924; лл. 108-108 об.).

Ошондуктан Казы эл козголгон мезгилде Ат-Башыдагы өзүнө караштуу элди көтөрүлүшө чыгарган эмес. Ал Нарын администрациясы менен макулдашып алып, көтөрүлүшкө катышкандарды тоноткон (4.-113-б.).

Куланактык манап Касымаалы эли менен Кытайга кирип кеткенде, Казынын жардамы менен орус аскери Касымаалыны алдап колго түшүрүп, даргага тарткан (4.-119-б.;7.-313-б.).

Булардын арасынан өзгөчөлөнгөн, жумгалдык Курман Лепес уулу болгон. Ал көтөрүлүштүн алдында элди ачык эле көтөрүлүшкө чакырган (7.-220-221-б.). Орус жазалоочу аскерлери жакындагандан баштап, Курман балдары менен чогуу көтөрүлгөн элге кошулуп жүргөндүгүнө карабастан, кулжыгач уругунун баштыгы Мырзабек Дыйканбай уулу менен тымызын сүйлөшүп алып, көтөрүлүшчүлөрдүн ал-жайын Бишкектеги орус төбөлдөрүнө алдыртан билдирип турган (4.- 116-б.).

Ал эми орус аскерлери келгенден тартып, Курман Лепес уулу аларга кызмат өтөгөн. Качкан кыргыздарды табууга көмөктөшкөн.

Курмандын Ысак деген уулу көтөрүлүштүн белгилүү башчыларынын бири Канаат хан Ыбыке уулун колго түшүрүүгө катышкан. Көтөрүлүштөн жеңилген кыргыздарды талап- тоноого Курман Лепесов менен Касымбек Баатаевдар аралашат (4.- 111-б.).

Жумгалдагы Кара-Кече болуштугундагы Байзак манаптын балдары дагы көтөрүлгөн элге каршы туруп, оторчул орус бийлигине кызмат кылышкан.

Чүй бетиндеги солто манаптарынан козголгон элге каршы турган Ырысбек Осмонбек уулу, Сарбагыш Мыктыбек уулу, Айылчы Татыбек уулу, Бектай Чолпонкул уулу, Алымбек Дыйканбай уулу, Жантай Кененсары уулу жана белгилүү манап Өзбек Бошкой уулунун балдары падышалык орус бийлиги тарапта болушкан (4.- 118-б.).

Алар жөнүндө эскерүүлөрдө Канай элинен манап Байтиков Баба, болуш Өзүбеков Ашыр, күнтуу элинен манап Кызалаков Сарымсак, болуш Жанжигитов Сыдыгалы Байтик-Павловский орустарынын побу Биларосов жана бай Шепилов Михаилдер менен сүйлөшүп, көтөрүлгөн эл кырылып калды деп элди коркутуп Күнтуу, Канай элдериндеги көтөрүлүштү баскандыгы айтылат (7.-210-б.).

Булардан башка Сарынбай жана Төлөмүш дегендер Чүйдүн Туюк деген жеринде жашынып жаткан элди алдап алып барып, Бел-Булакта 160га жакын качкын кыргыздарды катын-балдары менен көп солдатка кырдырып жиберген (7.-215-б.).

Мындай окуялар көп эле болгон.

 

Чыккынчылар оторчулар тарабынан сыйлыкка арзыган

Көтөрүлгөн элдин арасында жүрүп, аларга каршы чыккан жана аларды кырып-жоюуда орус баскынчыларына кызмат кылган, саткын кыргыз манаптарын орус бийлиги көз жаздымда калтырган эмес.

Көтөрүлүш аёосуз басылгандан кийин, т.а. 1916-жылдын 3-ноябрында полковник В.П.Колоссовский, кыргыздарды кырууда орустарга жардам көрсөткөн 10 кыргыз манабын сыйлыкка көрсөтөн.

Архивдик документтеги алардын тизмеси:

  1. Казы Чокин — Эсенгул болуштугу, Ат-Башы участогу – Владимир тасмасындагы чоң күмүш медаль;
  2. Касен Каныбеков — Кара-Булак болуштугу, Токмок участ. – Анна тасмасындагы чоң күмүш медаль;
  3. Иткара Ырысбеков — о.э. – Станислав тасмасындагы кичи күмүш медаль;
  4. Осмон Данаев — о.э. – 2-даражадагы сый халат;
  5. Исхак Курманов — Курманкожо бол., (Жумгал), Токмокск. участ. – Милициянын хорунжий чини, эгер ал болбосо Владимир тасмасындагы таза күмүш медаль;
  6. Түмөнбай — Он-Арча бол., (Нарын) – 2-даражадагы сый халат;
  7. Байсерин — Ат-Башы участ. – 2-даражадагы сый халат;
  8. Курман Лепесов — Курманкожо бол., (Жумгал), Токмокск. участ. – Владимир тасмасындагы чоң күмүш медаль;
  9. Султангазы Касымбеков (Касымбек Баатаевдин уулу) — Чоро бол., Ат-Башы участ. – Моюнга салуучу Владимир тасмасындагы чоң күмүш медаль;
  10. Зарбат Байзаков (Байзактын уулу) — Кара-Кече бол., (Жумгал) – Моюнга салуучу Анен тасмасындагы чоң күмүш медаль.

(ЦИА Каз. Респ., ф. Семиреченского обл. Правления, отд. 11,ст. 2, №169244 лл. 108-108 об. Тизмени түзүүчү: полк. В.П.Колоссовский).

 

Чыккынчыбы же кеменгерби?

Кийинки мезгилдерде мындай кишилерди өзүнүн адамдарын же айылын сактап калган кеменгер киши катары сүрөттөөгө болгон аракеттер байкалат.

Жамаатташ жашаган элдин башына караңгы күн түшүп, кырылып жаткандыгына карабастан, өзүнүн керт башын же бир ууч ага тууганын сактап калуу үчүн, азап чеккен элге каршы болуп, аларды душманга салып берүү же алардын эсебинен туйтунуу анчалык деле кеменгерликке жатпаса керек.

Мындай көрүнүштү чыккынчылыктан башка эмне деп айтмакчыбыз.

 

Көтөрүлүш жетекчилери – мекен сүйөөр эл уулдары

Кыргыз манаптарынын ич ара бөлүнгөндүгүнө карабастан, 1916- жылдагы көтөрүлүштүн жетекчилери алардын арасынан чыккан, элдин эркиндигин өз жанынан да жогору койгон, мекенчил инсандардан түзүлгөн.

Көтөрүлүш жеңилгенден кийин, алардын тагдырлары да ар түрдүүчө аяктаган.

Жогоруда айтылгандай Канаат хан Ыбыке уулу колго түшүрүлүп, Алматыда камакта көз жумган.

Анын бир баласы дарга тартылып, экинчи уулу атып өлтүрүлгөн.

Канаат менен Кочкордо бирге эл башында жүргөн Сарыбай менен Токтосун дагы камалышкан.

Касымаалы Мамбет уулу урук-тууганы менен Кытайга качып барганы менен, ал жактан Казы Чоко уулунун адамдарынын чакыруусу менен кайтып келгенде колго түшкөн. Андан кийин аны бир уулу жана жигиттери менен кошо Нарында дарга тартышкан.

Чолук Курманкожоевди дагы Нарын шаарында атышкан.

Тоңдук Сагалы Алматаевди 11 киши менен кошо суракка Тамга кыштагына айдап келишип, үйдү бекитип коюшуп, терезеден аткылап өлтүрүшкөн (4.-131-б.). Аларды качууга аракет кылгандыгы үчүн аттык деп акты түзүшкөн.

Ал эми, Мөкүш, Исамидин, Аман, Кемел Шабдановдор, Көкүмбай, Баатыркан, Көбөгөн, Дөөткул, Ногойбай, Мамбетжан сыяктуу көптөгөн көтөрүлүш башчылары Кытай жергесине качып барып, ачарчылык, жокчулуктун азабын тартышып, падыша бийлиги кулагандан кийин гана өз мекенине кайтып келишкен.

Оторчул орустар кайтып келген мурдагы качкындардын арасындагы айрым бир жетекчилерди, падышачылык өкмөт кулагандыгына карабастан, Кыргызстанга кайтып келгенден кийин дагы издеп таап, өлтүргөн.

Мисалы, 1918-жылы Кытайдан ата мекенине келишкен, кочкорлук көтөрүлүштүн башчылары Жапай Көкташ уулун, Тезекбай Түлкү уулун, Ак-Бешимдик Маасымкожо Тоголоккожоевди, Шамшылык Турумбекти оторчул орустар Токмоктун Шор-Дөбөсүндө атып өлтүрүшкөн (4.-133-б.).

Ушул эле жылы орус бийликтери менен дурус мамиле түзүүгө болгон аракеттерине карабастан, Дүр Сооронбаев жана Калпа Келдибековдор дагы Шор-Дөбөдө атылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн 1916-жылкы кыргыз элинин боштондук күрөшүнүн жетекчилери бүгүнкү күнгө чейин татыктуу бааларын ала элек.

Алардын ар бирин кыргыздын мекенчил жарандары жатка билиш керек.

Алардын иштери Ата-Мекенди сүйүүнүн чексиз үлгүсү катары кызмат кылат.

 

Колдонулган адабият:

  1. Абдрахманов Ж. Восстание киргизов в 1916году. – Фр., 1932.
  2. Восстание 1916 года в Кыргызстане. Документы и материалы. – Фр., 1937.
  3. Восстание 1916 года в Кыргызстане (Сборник документов). // Рукопис. фонд НАН КР. – Инв. № 136. – т.3.
  4. Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. – Б., 1993. – 2-китеп.
  5. Усенбаев К. Восстание 1916 года в Киргизстане. – Фр., 1967.
  6. Шейшеканов Т. Көлдөгү көтөрүлүш. – Б., 2003.
  7. 1916-жылкы Кыргызстандагы көтөрүлүш / Котор. Т.Абдылдаев, Түз. П.Ш.Казыбаев. – Б.: Кыргызстан, 1996. – 400 б.

Рыскул Жолдошов, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти,
тарых илимдеринин кандидаты,
“Азаттык”, 28.09.2016-ж.

(Буга чейинки жарыяланган варианттын шилтемеси: http://www.bizdin.kg/static/media/pdf/1916-zhyldagy-kotorulushtun-zhetekchileri-zhana-kyrgyz-manaptarynyn-ordu.pdf )

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.