Тоо арасына жашынган көлдөр

Биз Көл десе эле Ысык-Көлдү элестетет экенбиз. А Кыргызстанда эки миңден ашык майда жана ири көлдөр бар. Аларды жакындан көргөнгө ашык болгон чет өлкөлүк туристтерди “Кыргызстандын тоодо жөө жүрүүчүлөр бирикмесинин” кызматкерлери тейлеп келет. “Жаратылышты жөө кыдырып көрүү өзүнчө эле ырахат. Тоо-ташты аралайсың, тике-тике ашууларды ашасың, жаанга, карга каласың. Ысыйсың, үшүйсүң…”- деп аталган бирикменин жетекчиси Марат Данилов бизге туристтерди өзү коштоп алып барган көлдөр боюнча маалымат берди. Анда Кыргызстанда жашап жатып өзүбүз билбеген көлдөр боюнча маалыматты гиддин оозунан уксак.

№ 1 Соң-Көл

Деңиз деңгээлинен — 3016 м бийик

Аянты – 27800 гектар

Узуну – 28 км.

Туурасы – 18 км.

Ак-Талаа, Нарын, Кочкор, Жумгалды алганда төрт тарабынан тең соңку болуп жайгашкандыктан соңку көл деп аталып жүрүп, Соң-Көл атка конгон экен. Ал жакта чоң-чоң төрттөн таш үч жерге коюлган. Жалпы он эки таш болот. Эл оозунда ал — “Манастын тай казандары” деп аталып келет. Бирок илимий так маалымат жок. Манас баатырдын доорунда ошол ташка тай казандарды асып эт бышырышкан делет. Аны ордунан жылдара албайсың, ар бир таш эки тоннага барабар. Ушундан улам Манас баатырдын доорундагы адамдар эпосто айтылгандай чын эле үлкөн-үлкөн болушкан окшойт деген ой келбей койбойт.

Кыргызстанга келген туристтер сөзсүз Соң-Көлгө келмейинче кетпейт. Бирок туристтер азыркыдай тынбай бара берсе, жакында көлдү бузуп алуу коркунучу бар. Себеби эл барган сайын чет-жакасы булганып, учурда көл тазалыкка абдан муктаж…

 

№2 Чатыр-Көл

Деңиз деңгээлинен — 3530 м бийик

Аянты – 15300 гектар

Узуну – 23 км.

Туурасы – 9,5 км.

Чатыр-Көлдүн суусу кышкысын катуу тоңгондо муздар жарылып өйдө көтөрүлүп, чатырга окшоп калат. Ошондон улам көлдүн аты келип чыккан делет. Ал жак Кытай менен чектеш болгондуктан каалаган учурда бара албайсың. Тийиштүү мекемеден алдын-ала уруксат алыш керек. Ал эми Таш-Рабат аркылуу барсаң, уруксат алуунун кереги жок. Таш-Рабат аркылуу өтүп, Ат-Башынын кырка тоолоруна чыгып, ашуудан карасаң Кытайдын бөлтөк тоолору, Фергана кырка тоолорунан өйдө көрсөң болот. Чатыр-Көл өзү дагы көз мончоктой болуп сонун көрүнөт. Ал жакка машине менен барыш керек. Саздак болгондуктан жакын барган кооптуу. Ал жерде жайлашкан чабандар дагы 5 км. аралыкты сакташат.

 

№ 3 КөлТөр

Деңиз деңгээлинен — 2733 м бийик

Аянты – 23 гектар

Узуну –650 м

Туурасы – 400 м

Бишкектен 75 км. алыстыкта Кегети коктусунда жайгашкан. 75 км. машине менен жүрүп андан ары жөө 7 км. басыш керек. Көл төр жакта жайгашкандыктан Көл-Төр деп атап коюшкан. Бизде негизи 2000 ашык көлдүн көбүнүн аты Көл-Төр деп аталат. Түшсө болот. Ал жакка тикелей чыккандыктан, адам чарчайт. Бирок ылдый түшкөндө ошол жактагы жайгашкан жылуу сууга чайынып алсаң, сергип каласың. Бул жерде балык өспөйт.

 

№4 Көл-Үкөк

Деңиз деңгээлинен — 3045 м бийик

Аянты – 153 гектар

Узуну – 2800 м

Туурасы – 700 м

Кочкордон ары 20 км. Кочкордун борборунан чыгып, бир күндө жөө жетсе болот. Аталышы эки тоонун ортосунда, үкөктүн ичиндеги көл дегенди билдирет. Көл-Үкөктүн суусу жер астынан сыгырылып чыгып атып, жанында дагы бир кичинекей көл пайда болгон. Ал Осмон-Көл деп аталат. Суусу туптунук, жүрөк формасында. Тереңдиги 5 метрге чейин жетет. Балыктар бар.

 

№5 Тешик-Көл

Деңиз деңгээлинен — 3515 м бийик

Аянты – 55 гектар

Узуну – 1400 м

Туурасы – 450 м

Эки көл жанаша кетет. Суу көлдөн ачык агып чыкпайт. Аты айтып тургандай, жердин алдынан тешилип чыгат. Көл Тоң районунун сырткы жайлоосунда жайгашкан. Машине менен барып, андан ары жөө басканда эки саатта жетесиң. Тешик-Көлгө жетпей, жер астынан чыккан жылуу суулар бар. Тагыраак айтканда бассейндер. Бирок учурда бассейндер жакшы каралбай турат.

 

№6 АлаКөл

Деңиз деңгээлинен — 3522 м бийик

Аянты – 134 гектар

Узуну – 2600 м

Туурасы – 500 м

Караколдо жайгашкан. Көл үстү тоңуп, жайында кайра эрий баштаганда күнгө чагылышкандыктанбы, ала-була көрүнүшкө ээ болуп калат. Ошондуктан ушундай аталып калыптыр. Суусу муздак, балык жок. Көл аска-зоонун арасында болгондуктан, барууга адам төрт күнүн сарптайт. Каракол капчыгайынан чыгып, көлдүн жанына жетпей бир күн түнөшөт. Анан экинчи түн көлгө жатышат. Үчүнчү түн белди ашып, Алтын-Арашан деген коктуга түнөп, эртеси кайра Караколго түшүшөт. Ал жакка ат дагы өтө албайт. Туристтер өздөрүнүн жүгүн өздөрү көтөрүп чыгышат. Ылдый түшкөндө абдан чарчайсың. Ал жакта да жер алдынан чыккан жылуу суу бар, чайынгандан бир саат өтпөй тоого чыкканыңды, төрт күн жөө жүргөнүңдү унутуп каласың.

 

№7 КөлСуу

Деңиз деңгээлинен – 3505 м бийик

Аянты – 540 гектар

Узуну – 11 км

Туурасы – 0,45 км

Көл-Суу Какшаал тоо кыркаларында жайгашкан. Ат-Башы районунун Торугартынан 60 км. чакырым алыстыкта. Көл эки тике асканын ортосундагы жайгашкандыктан жээк жок. Башында эле бир аз болбосо… Кайык менен аягына чейин барса болот. Ал эми машине менен барып караган кишиге башындагы 3 км. эле жери көрүнөт. Акыркы алты жылдан бери бул жерге туристтер тынымсыз каттап, популярдуу болуп жатат. Эки жылдан бери эл дагы боз үйлөрүн тигип, туристтерди кабыл алганга өтүштү. Аталышы башында Кел-Суу болуп, бара-бара Көл-Суу атыгып калган.

 

№8 Көл-Көгүр

Деңиз деңгээлинен – 2470 м бийик

Аянты – 17 гектар

Узуну – 660 м

Чоң Кеминдин Көк-Ойрок деген жайлоосунда жайгашкан. Суу көгүш тартып тургандыктан ушундай аталып калган. Бирок жергиликтүү эл аны да Көл-Төр деп аташат. Көл токойдун арасында болгондуктан жапайы жаныбарларды көп кезиктиресиң. Эликтер оттоп жүргөнүн көрүп, карышкырдын улуганын уксаң болот. Балык өсөт. Көлдөн ары ашуу менен Ысык-Көлдүн Тамчысына өтүп кетсе болот.

 

№9 Мерцбахер

Деңиз деңгээлинен – 3304 м бийик

Аянты – 450 гектар

Узуну – 6 км

Туурасы – 1 км

Туурасы – 330 км

Бул уникалдуу көлдү немец географы Готфрида Мерцбахер 1903-жылы австриялык команда менен экспедицияга келип байкаган. Ал киши Тянь-Шань тоолорун Европага маалымат кылып жеткирген алгачкы адам болгондуктан көл анын ысымына коюлуп калган. Көлдүн суусу толуп турган кезде көлдүн бетине муз калкып, айсберг болуп көлдүн бети көрүнбөй калат. Барганга шарты катаал болгондуктан ал жакка мыкты даярдыктагы альпинисттер эле барбаса, жөнөкөй туристтер бара алышпайт.

 

№10 Торпок-Көл

Деңиз деңгээлинен – 2400 м бийик

Аянты – 1,60 гектар

Узуну – 280 м

Туурасы – 120 м

Ак-Талаа районунун борбору Баетовдон 20 чакырым алыстыкта жайгашкан, Орто-Сырт жайлоосуна баратканда ак чаптардын арасында. Жергиликтүү эл Кара-Көл деп да аташат.

 

№11 Кош-Көл

Деңиз деңгээлинен – 3150 м бийик

Эки көлдүн аянты биригип – 3,5 гектар

Талас областында жайгашкан, Үйүр-Марал коктусу менен жогору көтөрүлүп Чийим-Таш ашуусунун алдында. Чийим-Таш ашуусу аркылуу Сары-Челек көлүнө ашса болот.

 

№12 Кара-Камыш

Деңиз деңгээлинен – 1800 м бийик

Аянты – 48 гектар

Узуну – 1300 м

Туурасы – 520 м

Жала-Абад областынын Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жергиликтүү эл көлдү Кара-Суу же Кара-Камыш деп аташат. Кара-Камыш көлүнөн Көтөрмө бели аркылуу Сары-Челекке ашса болот.

 

№13 Сары-Челек

Деңиз деңгээлинен – 1878 м бийик

Аянты – 515 гектар

Узуну – 7,5 км.

Туурасы – 2,3 км.

Коруктун ичиндеги кооз көл. Элдин көбү Сары-Челекке барышат дагы, бир жерден көрүп алып эле кайра артка кайтышат. А бирок Сары-Челек көлүнүн айланасында эл көп биле бербеген дагы алты көл бар: Ийри-Көл, Чөйчөк-Көл, Арам-Көл, Туюк-Көл, Кыла-Көл жана Бакалы-Көл. Сары-Челек тоонун далдоо жеринде болгондуктан, күзүндө деле түшсө болот. Суусу жагымдуу, жумшак. Сары-Челекте жана аталган алты көлдө тең балык бар.

Даярдаган Эльмира Мадиева, «Де-факто», 29.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.