“Атамдай акыны болсо башкалар төбөсүнө көтөрмөк…”

nurgul_kojomberdievaКыргыз поэзиясына кызыккан киши Турар Кожомбердиевдин акындык дараметине, улуулугуна суктанбай койбос. Ал эми анын чыгармачылыгын аздектеген кызы Нүргүл Кожомбердиева төмөнкүлөрдү айтып берди.

– Турар Кожомбердиев деген ысым кыргызга сыймык, акын атанын кызы болуу жоопкерчилиги кандай экен?

– Сыймыктануу менен кошо өтө зор жоопкерчиликти сезип, татыктуу болгонго аракет кылам. Жаш кезде көп деле билинбеген чыгар, а бирок жыл өткөн сайын бул жоопкерчиликтин салмагы артып барат.

– Бала кезде атаңыздын мээрими, сизге көңүл буруусу кандай эле?

– Абдан жароокер, адамгерчиликтүү, ошол эле кезде өтө «строгий» адам эле. Бардык нерсеге көңүл бурчу: мектепке кандай кийинип баратасың, эртең менен тамактанып жатасыңбы же жокпу, ким менен достошуп жүргөнүңдү да, сабакка даярганга чейин баарын билип турчу. Сабактан келээр убактымды да белгилеп коё турган, а эгер кечиксең катуу урушчу. Мага ал чоң аскер генералындай сезилер эле. Азыркыга чейин бир дагы ага түспөлдөш, окшоштугу бар адамды кездештирген жокмун. Анткени атам бою менен да, ою менен да башкалардан кыйла айырмаланып турган адам эле. Ошол эле маалда ички дүйнөсү баланыкындай таза, тунук, а жүрөгү өтө назик эле. Кышында экөөбүздүн талашканыбыз менин баш кийимим болчу. Ал “кий” дейт, мен баш тартам. Тартышып олтуруп акыры баш кийимимди кийгизип чыгарчу. Бирок мен үйдөн узаарым менен эле топумду чечип сумкама катчумун. Көрсө, атамдын ошондогу мага кылган камкордугу кайталангыс экен.

– Турар аганын ырлары ушунчалык элестүү, анан чечкиндүү ойлор менен камтылган. Турмушта да ал киши ырларына окшош болсо керек эле ээ. Мисалы Турар Кожомбердиевдин балбандыгын, улутка деген сүйүүсүн, анан тоолуктардай ачык айрым болгонун замандаш акын-жазуучулар көп айтышат.

– Кызыктуу окуя көрсө дароо күндөлүгүнө жазып коёр эле. Ырларынын көбү жашоо-турмуштан алынып, ошол эле учурда философиялык ойлорду камтыган акылман саптардан турат. Атамдын ырлары өзүндөй: кыргыз элин, жерин чексиз сүйгөн, ар бир ташын, гүлүн, көчмөндөр жашоосун, тоолорун, жылкыларын дүйнөгө даңктап «МЕН КЫРГЫЗМЫН, Мен тоодо төрөлгөм! Кыргызым эң мыкты! Кыргыздардын баары мендей»! деп даңазалап турат. Бир минутасын да теке кетирбей, план түзүп алып жашачу. Оюндагыдай болбосо Арашанга, же эжелеринин үйүнө, же алардын дачасына кетип калчу.

Жаш кезинде ачык айрым болсо болгондур. Бирок ал менин эсимде абдан токтоо, өтө оор басырыктуу, тыкан жана калыстык менен тартипти өтө сүйгөн инсан катары калды. Адамдарды бир карап эле билип койчу, арамза, куу, митамдарды жанына жолотчу эмес. Бир нерсе жакпаса бетке айтканын көп көрдүм. Керек болсо улуу эжеси Уканды да туура эмес кылган иштерин бетине айтып урушуп салган учурлар болгон.

– Айрыкча акындардан кимдерди дос тутчу?

– Достору өтө эле көп болчу. Жаш кезинде акындардын көбүн жайлоого алып барчу дешет. Акын досторунан: Асанбек Стамов, Төлөгөн Мамеев, Анатай Өмүрканов, Мелис Абакиров, Сүйөркул Тургунбаев, Асан Жакшылыков, Нурпаиз Жаркынбаев, Асанбек Иманбаев, Бекбай Алыкуловдор менен такай сүйлөшүп, көп жолугуп турушар эле. Акын достору атамдын көзү өтүп кеткени биз менен колун үзгөн жок, алардын баары Турар атама куран окутуп 30-январда жана анын туулган күнү 22-июнда келип турушат. Айрыкча Төлөгөн агай, Анатай агай, Мелис агайлар ар дайым колдоо көрсөтүп турушкананына абдан ыраазы болом. «Атаң өлсө да, аны көргөн өлбөсүн» дегендей анын достору мыкты достор экенин мезгил тастыктап келет.

– Өкүнгөн учурлары болду беле ?

– Өкүнгөн учурун деле көп көргөн жокмун. Эсимде калганы: бир жыйналышта Мар Байжиевди жана анын жаңы чыгармасын кескин сындаганда, аны жактай албай калдым деп, кейип келген. Ошондо жыйналыштын баары жалаң орусча өтчү экен. Ал кыргызча сүйлөп баштаганда, аны сүйлөтпөй коюшуптур. Сөзүн кыргызча даярдаганы үчүн эскертме да алган экен. Бул көрүнүшкө абдан нааразы болуп: “Эмнеге биз жыйналыштарды өз тилибизде өткөрө албайбыз? Жыйналышта 1-2 орус үчүн эмнеге баарыбыз орусча сүйлөшүбүз керек?! –деп, өкүнгөн. Өзү орусча мыкты билсе дагы өтө принципиалдуу болуп, жалаң гана кыргызча сүйлөчү. Орунсуз орусча сүйлөгөндөрдү өтө жактырбай, аларды «Обу жок тантыктар, мээси жок манкурттар» деп шылдыңдаар эле.

– Сизге качантан баштап, атамдын мурастарын улантып, баалап-барктап алышым керек деген ой келди ?

– Мындай ой менде 20 жылдан ашык жашап келет. Бирок, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, атамдын көзү өткөнүнө быйыл 28 жыл болду. Ал өмүрүнүн бештен төрт бөлүгүн Бишкекте өткөрсө дагы анын атынан алигиче көчө атала элек, музейи жок, эстелиги жок. Мамлекеттин Турар атама кылган «Өлгөн менен кошо көмгөн», же «Өлгөндүн өз шору» дегендей мамилеси да мени көп намыстантат. Турардай акыны болсо башка улуттар төбөсүнө көтөрмөк, бүт дүйнөгө мактанышмак. А бизде көрөалбастыктын айынан анын, атын да атагысы келбегендер, көмүскөдө калтырууга аракет кылгандар четтен чыгат. Аны көрүп мен муну жасашым керек, тигини жасашым керек деген пландарым күн санап көбөйөт. Бирок аларды ишке ашырууга акча каражат жок, же мени колдоп кеткен адам деги чыкпай койду. Ошол себептен жыл өткөн сайын мен өзүмө өтө нааразычылыгым күчөп, бук болуп көп ыйлачуумун. Эми жакшы интернет бар, ал аркылуу фейсбукта баракча ачып, атамдын ырларын, чыгармаларын, ал жөнүндө эскерүүлөрдү, сүрөттөрдү тынбай салып турам. Анын пайдасы мына: «Көлчүктөгү ай» китебине сонун сүрөттөрдү тарттырып, быйыл анын 75 жылдыгына карата 4 балдар китебин чыгардым.

– Атаңыздын айылдыктар менен мамилеси кандай эле ?

– Айылдыктарга абдан жакын эле. Айылга да көп барып турчу. Айылдагы орто мектеп эскиргенде, ал жөнүндө кат жазып жүгүрүп жүрүп жаңы мектеп салганга өз салымын кошкон.

– Үйдө чарбачыл беле ?

– Чарбачыл десем туура эмес болот го. Ал кара жумушка жана аялдын жумушуна түк аралашчу эмес. Бирок абдан мыкты организатор болчу. Бүт жумушту жасай турган адамдарды керек болгондо таап койчу.

– Ырдан башка дагы эмнелерге кызыкчу ?

– Китеп окуганды, шахмат ойногонду жакшы көрөр эле. Спорт, саясат, искусство, тарых, маданият тармагында кандай жаңылыктар болсо баарын билгенге кызыкчу жана өтө көп окуучу. Кроссворддорду бир заматта чечип коюп ага абдан кубанар эле.Кыяк менен же мандолини менен ырдаганды абдан жакшы көрчү. Үнү да сонун эле. Жапар Чабалдаев аткарган ырларды ага опокшош кылып ырдаса таң калаар элек. Ал көпчүлүк кыргыздардай эле боорсок, кымыз, эт, бозону жана жаңы демделген чайды абдан жакшы көрөөр эле. Ал кездин жыты буркураган, даамы аңкыган Индия чайын кыпкызыл кылып иччү. Бир ирет атайын олтуруп апам экөөбүз атам канча жолу чай демдетер экен деп санасак, туура 16 жолу демдетип ичти. Эртеси жакын досу келип, чай ичкени арбып жыйырма жолу ысык чай демдегенбиз. Андан улам “кечке эле жумшай берет” деп атама оройлугумду көргөзгөнүмө азыр уялам. «Эмне деп жооп бербей, жөн эле “ооу” же “ооба” деп жооп берсең боло» деп таарынып калса, бетинен өөп кечирим сурасам тез эле жазылып кетээр эле. Азыркы акылым болгондо атама бир да ирет сөз кайрыбайт элем.

– Турар акындын көп ырлары обондуу ырларга айланып, эл ичинде ырдалып жүрөт эмеспи?

– Албетте, ар бир обондуу ырын жатка билем. Уулума дагы үйрөткөм. Экөөбүз олтуруп алып үйдү жаңыртып ырдайбыз. Мага “Күн чыгышым” деген ыры өзгөчө жагат.

Фейсбуктагы «Алп акын Турар Кожомбердиев» тайпасы жөнүндө

2014-жылдын декабрында акын Алтынай Темировага жолугуп, атама арналган тайпа ачууну кеңешип, атын да биргеликте койдук. Ошондон бери тайпага 4,5миңден ашык киши катталды. Бул жерде акындын өмүр баяны, ырлары, поэмалары, котормолору, обондуу ырлары, эскерүүлөр жайгашкан. Тайпада конкурс уюштуруп балдар сүрөтчүсүн издеп, көркөм сүрөт академиясынын мугалими Динара Исраилованы тандадым. Ал атамдын «Көлчүктөгү ай» балдар китеп жыйнагынан 60 ырга 60 сүрөт тартып берди. Тайпага жарыялап олтуруп, атамдын мурастары «Кыл чокулар» жана «Ыр Булак» китептерин басууга даярдап койдум.

Эки жыл мурун интернетте кызык окуя болду. Бир жолу атамдын ырларын окуп таасирленген Москвада жашаган Тынычбек Анарбаев деген киши мага, «ушул сүрөт туурабы?» деп, таптакыр башка инсандын сүрөтү коюлган «Сүйүктүү обондор альбому» деген жыйнагын фейсбук аркылуу жибериптир. Сүрөттөгү атам эмес экенин билгенден кийин, интернеттен анын сүрөттүн такыр таппай койгонун айтты. Турар Кожомбердиев деп, издөө салса, ошол киши чыгыптыр. Таарынган менен атамдын сүрөттөрү чын эле интернетте жок экенин көрүп абдан өкүндүм. Муну менен эмнени айткым келди: маалымат жана техника өнүгүп жаткан кезде атактуу, залкар адамдардын сүрөтүн, чыгармаларын дүйнөлүк маалымат тармагы интернетке жайгаштырганга алардын мураскерлеринин иш аракетти өтө зарыл экен.

Мына эми азыр интернеттеги «Google» издөө сайтына кирип атамдын атын жазсаң, анын жайнаган сүрөттөрү чыкканда сүйүнүп калам.

Маектешкен: Айнагүл БАЗАРБАЕВА, “ОБОН” гезити, 04.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.